Абдыжапар Жакыпов: Салый апа

  • 25.11.2020
  • 3332

АҢГЕМЕ

Эри Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жесирлерге арналат.

Салый апа бүгүн демейдегисиндей кечки тамак жасоого кам көргөн жок. Уюн бададан келээр замат саады да, токол тамга жанаша салынган стандарттуу чатырланган үйдүн эшигин ачты. Көптөн бери киши кирбегендиктенби, кандайдыр салкындык, көңүлдү ээнсиреткен кусалык бар. Жасалгалуу мебелдердин жылтыраган бетине чаң отуруп, бозоруп калган.

Салый апа төркү бөлмөдөгү шифоньерден сыйга кийүүчү көйнөгүн, маасы-галошун, костюмун алып кийди. Анан жогорку текчесиндеги ирээттүү жыйылган кездемелердин астынан кичинекей түйүнчөктү алып чыкты. Түйүнүн чечип, андагы акчаларды терезенин жарыгына келип шашпай санады да, бир бөлүгүн костюмунун ички чөнтөгүнө салып, төөнөгүч менен оозун бекемдеп койду. «Ал деле бир туугансып, эжем деп чакырып жатат да. Бөтөн кишиге барктап чай бербей калсын. Жаңы үйүң кут болсун деп, муну колума кармап барайын. Бир боор эмеспи, сүйүнүп жанагы далкылдаган келиндин алдында мактанып калсын» – деп ойлоду ал.

Кеч күз болгондуктан аш-той бергендер көп. Адатта жакшы санаалаш дегендер кечки мейманга чакырылат. Ал конокко бара турган үйдүн ээси Бекиш менен эки ата өткөн тууган. Салый апа жука пальтосун кийип, бурчта турган күзгүнүн алдына келди да, жоолугун оңдоду, өмүрүндө түйшүктү көп тарткандыгын далилдеген бырыштуу жүзүн туурук алаканы менен сылап койду. Көзүнө бадалактап, айтарга сөз таппай турган Бекиш элестеп кетти. «Элден алсам, жулсам дегенде маркум атасы – байкем Бийкелдинин эле өзү. Мен деле жетим-жесир болуп, балдар окууда, үйдө-сыртта болду, кудай сактасын, муну алып койчу деп бир ашмүшкө чайга жараган эмес…»

Эзелки таарынычтын угуту кайрадан көкүрөктө көбүрүп-жабырып чыкты. Жанагы түпкүргө бекемдеп каткан акчасын жана бир ирет чыгарды да, туура экиге бөлүп, жан чөнтөктөрүнө салды.

Салый апа дарбазасын бекитип, баруучу тарабына бет алганда көз байланып калган. Бекиштин үйү көчөнүн четинде. Салый апа өзү ушул айылдык болгондуктан, бүт төркүнү ошол тегеректе. Дарбазанын мамысынын кылда чокусунда орнотулган чоң электрочырак кире бериштен тартып короонун бүт булуң-бурчуна жарыгын төгөт. Каз-катар коюлган самоорлордун ооздорунан чыккан жалын тынч абада кернейден ашып күйүп, түнкү жарыкта алыстан күмүш шамды эске салат. Колдоруна балта кармап, тарсылдата отун жарган боз уландар, чара-чайнек алып тызылдаган келин-кыздар той узатуу түйшүгүн жандантып, а түгүл шаңга бөлөп, чакырылган меймандардын чайга олтурганын баяндайт.

– Эжем эмне кечикти деп жол карап, азыр жаңы кирдим эле. Келиңиз, бул жакка өтүңүз?.. – Бекиш дарбазанын босогосун жаңы аттаган Салый апаны байкай коюп демейдегисиндей бакылдады. – Ушул үйдү салып жатканда чакыртып келтире албай койдум эле, эми бүткөндө келип көрүп, чай ичип, бата берип кетсин деп эле кабар айттырганбыз. Шаардагы уулуңузга телефон чалсам: «Колум бошобойт ко», – деп күңк-мыңк этет. Аларга кызмат болсо эле болду. Жакшылык… агайын-тууган дегендин кереги жок…

– Келет, кагылайын, келет! Зарыл жумушу болуп калган го! Болбосо, өзүң деле көрүп-билип жүрөсүң, ушул таякелеринин бирөөнүн сөзүн эки кылган жери барбы?! Жакшылыктын эрте-кечи жок эмеспи, келип калышаар?!

– Эжемден үйдүн көрүндүгүн өзүм алам! – ичкериден жаңы эле башбаккан толмоч, жоолугунун учун чекесине байланган келиндин оозунан адеп чыккан сөз ушу болду.

– Келе эже, көрүндүк!?

– Берейин, кагылайын, берейин! Ботом, адегенде үйгө кирип, керегесин көрөлүчү.

Бекиш менен жанагы толмоч келин Салый апаны колтуктай үйгө алып кирип кетишти. Алар жаңы акталып, сырынын жыты кете элек чакан бөлмөлөрдү кобурап-жобурап кыдырып чыгышты да, меймандар олтурган төркү тарапка бет алышты.

– Жаңы конушуңар кут болсун, ушул үйдү салган силер, бала-бакыраңар, агайын-тууганыңар менен аман-эсен болуп, убайын көргүлө! – Салый апа демейде тойдо, бата берген жерде айта жүргөн, көкүрөккө жат болуп калган сөздөрүн шуруга тизгендей быдырата айтты да, колун оң чөнтөгүнө салып, сууруп чыккан акчасын келиндин колуна карматты. – Бул менин көрүндүгүм. Жакениң келип калса, тойдун кошумчасынын жайы башка!

Бекиштин чечекейи чеч, бак-бак сүйлөп Салый апаны меймандардын үстүнө алып кетти. Салый апа орундарынан туруп, жол бошоткон коноктор менен сый учурашып, төргө өттү. Кеңири бөлмөнүн эшик төрүнө чейин салынган дасторкон нанга, таттууга мол, табак-табакка үйүлгөн түркүн жер-жемишке али кол тие элек. Дасторкондун бир четинде жогортон төмөн улуулашып олтурган эркектер, төрдө жаңыдан байбичеликке баш койгон бирин-экин аял, удаалаш этек-жеңдерин кымырынган келиндер орун алган.

Салый апага ысык чай беришти. Ал боорсоктон ооз тийип, чайдан ууртады да олтургандарга көз чаптырды. Көпчүлүгү өзүнүн айылдаштары, көрүп билип жүргөн агайын-туугандары, абысын-жеңелери. Ырас, бирин-экөөнү тааный алган жок. «Башка айылдан келген го» – деп божомолдоду.

Эркектер колхоздогу, газетадагы жаңылыктар жөнүндө кеп салып олтурушту. Аялдар болсо анда-санда эки-экиден быж-быж шыбырап сүйлөгөн болушат. Аманчылык сурашып, ден соолуктарын айтышат. Күткөн коноктору түгөл келген көрүнөт, колуна эки-үч бөтөлкө кармап эшиктен Бекиш көрүндү. Борк-борк кайнаган самоорлор улам бири алмаштырылып, тойго келгендер өздөрүнүн жакшы каалоолорун, тилектерин айтып жатышты. Улам жаңыланып тост көтөрүлүп, той кызый берди, сөз арбый берди.

Салый апанын ден соолугу али жакшы. Ошондуктан сый жарашкан конокто арактан да алып коёт. Биринчи тосту калтырбай ичип жиберген менен кийинкилерин ооз тийип арбыткан жок.

– Ичип-жеп отурсаңар, меймандар?! – Бекиш жаңы куюлган ысык чайдан Салый апага сунуп: – Сиз бирдеме деп конокторду алдырып жибербейсизби?

Салый апа алдында турган стаканды колуна алып үй ээсине, бала-бакырасына узак өмүр, чың ден соолук тилек айтып, бардыгына ичип жиберүүсүн өтүндү.

– Өзүңүздөн башталсын!

– Жок, кагылайын, атайын киши жиберип чакыртканынан эле тууганчылыкты кыя албастан келип олтурам. Өзүңүздөр билесиздер, жумушум бар.

– Оолда, жарыктык ай. Иш, тиричилик, бирин-экин тыйын табам деп жүрүп, шашпай дидаарлашып чай да иче албайт экенбиз да. Оокат, дүнүйө табылат, бир тууганчылыкчы?.. Сиз өмүр бою эле иштеп келе жатасыз, жукканы барбы? Ушу тирүүлүктө сыйдан артык эмне бар?! – Бекиштин сөзү жаңыдан тамылжып келаткан конокторго жага бербей, ээ-жаа коштоп кетишти.

Меймандар эми кысылышпай, кең-кесири олтуруп калышты. Салый апа өзүнө жанаша олтурган жеңесинин ал-ахыбалын, үй-бүлөсүнүн эсендигин сурады.

– Шаардагы тун уулуң келип турабы? – деди ал сөз кезегинде.

– Өгүнү эле келип, үйдүн ичиндеги эмеректерди эшикке чыгарып, жайып, үйдү актап берип кетти Нукен.

– Ушу Нукеним, Нукеним эле дейсиң. Ошол келиниң мага жакпайт. Кандай көрсөң андай көр. Ботом, кенжең аскерден келгенче бир кызын эрмекке сага берсе эмне болот эле. Ээн үйдө каңкайтпай…

– Азыркылар «шаарда окутабыз» дешип шарты ушундай турбайбы.

– Шаар, шаар…Ушул эле айылда чоңоюп өскөн балдар… маңдайга жазганы болор. Чилистен кылганын көрөрбүз…

– Заман ошол болду, кандай кылабыз жеңе. Балдарды чоңойтуп, жетилттик. Эми өз акылдары өзүндө. Аман жүрүшсө болду.

Салый апага жеңесинин бул сөзү оор тийди. Түпкүрүндө уул-келинине таарыныч артты. Айтса, айтпаса төгүнбү. Бир кызын беришсе, жанына эрмек болуп, бир айылдуу кишидей олтурбайт беле. Мектеп болсо бул жерде деле бар, үйгө жакын. Бир ирмемде чуудадай болуп самсаалаган ойлор жүрөгүн жууруп өттү.

Ал бул кечте меймандан кеч кайтты. Жумушуна – интернатка барган жок. Үйүнө келээр замат белендеп салынуу турган төшөгүнө чечинбестен баш коюп, ошол бойдон мелтиреп уйкуга кетти…

*      *      *

Мектеп директорунун кабинетиндеги тынчтыкты эшикти шарт ачып удаалаш кирген Салый апа менен интернаттын башчысынын дабышы бузду.

– Жок, айланайындар, мени иштен бошоткула. Антпесеңер болбойт. Жалаң ушул интернат деп жүрүп жамандык, жакшылыктын баарынан калдым. Бир күн калса мунун айткан сөзү бул! Бошоткула иштен!

– Түшүнсөм кудай урсун. Деги эмне болуп кетти? Эмне үчүн? Апа, сиз мындай олтуруп, бир аз эс алыңызчы. Ачууңузду келтирбей. Сиз, Керимович, болгон ишти ирээти менен айтып мага түшүндүрө аласызбы?

– Кечээ кечинде Салый апа интернатка келбегенден тарбиячы Жумагул таң аткыча ошол жерде болууга туура келди. Милдетин алгандан кийин ишиңизди так аткарбайсызбы десем, мында жетелеп келип олтурат. Башка адам табылбай кала тургансып…

– Табылса ошону дайындап алгыла! Жанагы тентек балдардын арасында канча күн чыдаарын көрөм. Мен мендигимен жүргөм. Койчу эми, окуу жылы аяктаганча иштейин деп. Болду, жетет, бошоткула!

– Эмесе кеп мындай, эже. Иштен бошотуу маселесин көрө жатаарбыз. Бирок сиздики туура эмес. Интернатта жашаган балдарды түнкүсүн кароосуз калтырууга болбойт. Аны жакшы билесиз. Ал эми тиричилик, жамандык-жакшылык жөнүндө болсо, биз да адамбыз да, бир ооз айтсаңыз бир айласын табат элек ко. Экинчи зарыл жумушуңуз чыгып калса интернат башчысына же мага билдирип коюп жүрүңүз. Сиз бошсуз. Кете берсеңиз болот. Экинчи мындай болбосун. Ал эми Керимович, сиз менен сүйлөшө турган бир аз иш бар.

Салый апанын ачуусун директордун токтоолугу жеңди. «Ка-ап, келбей эле койбой, балээ басканда…» ал ыңгайсыздана эшикти жаап, өзүнө күнөө жүктөй үйүнө баратты.

*      *      *

Чоң үйдүн жанындагы сөңгөгү кулач жеткис кара жыгачтын жалбырагы чатырын көчөдөн көрүнтпөй чүмкөп жаап, эртели-кеч жорткон сылык желге дир-дир алакан чабат, төгүлө тийген күн нуруна магдырай бирде көк жашыл, кээде күмүш сымал жалт-жалт кулпунуп, көлөкөлөгөн куштардын мекенине айланат. Каникул күндөрү неберелери, жээндери келип Салый апанын үйү базар. Жай күнү узун. Салый апага сааттын кереги жок. Ал таң менен тең ойгонуп, балдар кызуу уйкуда жатканда көк чайнек менен алек. Кастарлап, жалгыз өзүнө дасторкон жайып, чекесинен тер акканча камкаймак кошулган чай ичмейинче ыраазы болбойт. Анан божурап-жожурап бата тилейт да, жалгыз уюн айдап бадага кошот.

Салый апа уй күтпөй деле койсо болмок. Ал жөнүндө тун уулу экөөнүн ортосунда да анча-мынча таарыныч да болгон. Анын оюнча, Салый апа малы жок эле үйдү бекитип коюп шаарга барса… жанагы бириникине бири чакырмайынча башбакпаган асман мелжиген үйдө жашаса... Бирок азыркы жаштар кайдан билсин. Үйдөн мал чыгып турган ырыскы. «Үрүп чыгаар ити жок, айдап чыгаар малы жок» – деп илгеркилер эмне үчүн айткан. Капырай, уй да болсо кирип-чыгып турганы жакшы. Анын сүтү, төлү эмне. Же чөп жулуп берип жатпаса. Эртең менен бадага кошуп жиберсе барат экен, келет экен. Ботом, баякыныкы деген сөз деле жакшы эмеспи, – деп ал болбой койгон.

Эртең менен мал айдап, айыл аралап амандык сурашуу, кечинде уй тоскону барып эл ичинде болгон жаңылыктарды угуу – тынчы жок Салый апа үчүн эмне экенин уулу түшүнөбү?!.

*      *      *

Жашыл кымкап жамынган бөксө адырмак тоолорду аралай бирде өр тарта, бирде төмөндөп кеткен жол алыстан макмал бетинде калган шапалактын изине окшош. Кызыл-тазыл жоолук салынып, созолоно үн чыгарып ырдап бараткан кыз-келиндерди ташыган машиналарды өзөн бойлой жорткон сылык жел кош тарабын коштоп, адам жүзүн аймалайт. Убай-чубай артына буруксутуп боз чаң калтыра бараткан машинадагылардын бет алган тарабы Көкүл-Саз. Чөбү бышып жетилгенде үзөңгүгө оролгон бул жер саздуу. машина, трактор тыгылып жүрө албайт. Ошондуктан бул мезгилде колхоздо кары-жаш дебей жапатырмак келишип, чөбүн чаап жыйнап кетишет. Жыл сайын ушундай.

Учуктай булуту жок асман көпкөк болуп, күн нуру мемиреп жагымдуу эле. Жаштардын шаңк-шуңк үндөрү, обологон обондору теребелди ого бетер шаңга бөлөп, кооздук боёгун коюулантат. Саамай сылаган жел Салый апанын көңүлүнүн түпкүрүнөн эбакы эски ырын эске салат. Уу-дууда башкаларга угулбаганы менен ичинен кыңылдап ырдап барат. Машиналар мерчемдүү жерине келип токтошту. Селкинин шаңк күлкүсү, бозойдун сырдуу сөзү, теңтуштун куйкум тамашасы, карынын сабырдуу нуска кеби – айры тырмооктордун, тиги дөшүдө чаңк-чаңк чыңалып жаткан чалгылардын добушуна жуурулушуп төп.

– Алтын жеңем, аттап босогону үйдөн чыксам сыркоолоп калам дечү элең, ден соолугуң жакшыбы? – арык чырай шыңга жигит кара тору толук келиндин колун кармап тамаша узатат.

Эркектер каркырадай каз-катар тизилип чалгы менен чөп чаап жүрүшөт, чалгы бир калыпта шарт-шарт шилтенип, айдарым желге үлпүлдөп мелт-калт толкуган чөбү эңшерилип заматта сол-сол боо таштап барат. Аялзаттары мына ушул сол-сол чабылган чөптөрдү чөмөлөөнүн аракетинде. Салый апа өзүнө курбалдаш эки-үч аял менен бир солду тестелеп баратат. Көптөн бери кара жумуш жасабагандыктанбы, бат эле билеги ооруйт, айрысына илген чөбү улам кемип барат. «Жаның менен кара жерге кир. Жанды ардактаган сайын абалы ушул экен го?! Болбосо мындай жумушту буюм ордуна көрчү белем». Ал ого бетер албууттана арданат да, чекесинен терин сүртө айрысын чөпкө ныгыра матырат.

– Ой, болгула, күн ысып кетмек болду! – Салый апа катарлаш иштеген келиндердин да жанын койбой сүрөйт. «Ай ушу кемпирдики өттү, карыганда орден ала тургансып» деген күңк-мыңк сөздөрдү укса да укмаксан. Түш маалы болуп, бардыгы эс алууга олтурушту. Салый апа чөмөлөнүн үстүндө, чөптүн жытын искеп жатты. Көкүрөк толтура дем алып, көөдөндөгү кусалыктын дартына эм тапкандай көшүлүп көз кыры тээ алыста. Ырас, ал кезде курсак тойбой, кийим жыртык болчу. Бирок өмүр дайыма бир нугунда өтөт деп, карылык эч качан эске келбеген бейкапар жаштыгы ушул жерде калбадыбы? Береги ак кырчоодой ийри-буйру болуп жаткан арыкка суу келип, ушул саздын жогор жагына эгин айдашчу. Кызыл ашык тарс кесилип, кыламыктап тоңгон сууну жыңайлак кечип ал сугарган жер ошол эле. «Берекеңден айланайын куттуу жер! – деп койду ичинен. Бир заматта кыйындыктар унутулуп, эсине кыпкызыл болуп куурулган ысык бадырактар түшүп, ууртуна ширелүү даам келип, шилекейин жутту.

Салый апа Ак-Кырчоонун арыгынын жээгинде олтурду. Азыр анда баягыдай суу акпайт. Анын жогору жагында бетон каналы бар, мелт-калтсуу толтура. Салый апа шамал үйлөп эрдөөнүнө жеткире топурак топтоп салган теги арыкты жээктей басты. Качандыр бир кезде чүйгөсү тулгадай болгон балбаалаган чийлер көп урунуп сөңгөгү гана калган шыпыргыга окшоп дүмүрлөрү молоюп жылаңач. Карегине эзелки агып кеткен көк кашка суу, анын жээгинде жүз чайып олтурган өзү менен теңтуш курбусу Зуура тартылды. Адырдын аргымак желине аралаш кулагына Зууранын тоо булагындай тунук күлкүсү, мукам обону угулуп жатты…

Ал бул күнү күнгө тотуккан жүзү албырып, кубанычтуу кайтты.

*      *      *

Жер бетинен кар кетип, мемиреген күн нуру магдыратып бой талыкшытып, балчык тоборсуп, теребел көк жыттанып, кой көк тиштеп, алчанын сабактары ак көбүктөнүп, гүлгө оронуп турган жаз эле. Бул мезгилде айылдыктардын түйшүгү өзгөчө арбын. Таң аткандан кеч күүгүмгө чейин короолорунун ичин тазалап, бирдеме тигип, бирдеме эгип жандары тынбайт. Короодогу оокатын иретке келтирүү менен алек болгон Салый апа азыр интернатка барганда балдардан мурун өзү кулайт. Көп жылдардан бери окуучулар ага үйүр болуп калгандыктанбы, улуулар кичүүлөрүнө баш-көз болуп, ээнбаштыкка жол беришпейт, ыйбаа кылышат. Жаз таңы эрте. Салый апа бүгүн таң заардан туруп, жерди күрөк менен сайып бошотту да, кынаптап тегиздеп, анан электен өткөрчүдөй топурагын майдалап кирди. Көгөрүп сабак салып өнүп кеткен пияздарды эски каптан бирден алып, ирети менен катар-катар кылып тигип кирди.

– Жакшысыздарбы?

Иш ортосунда ой учугу жана калган Салый апа селт эте башын көтөрүп, мандайында турган Күлүйпаны көрдү. Бир көчөдө жашашат.

– Ии, кел! Бир аз пияз калган экен ыргытып жибергенден көрөк деп, тигип койдум. Азыр бүтөм. Чай ичели.

Салый апа кенжеси аскерге кеткенден бери жалгыздыктан аябай коркот. Киши жок болсо үйгө тура албай коңултактайт.Эртели-кечте кимдир бирөө үйгө кирип калса берерге тамагын таппай, акидей асылып жатып, чайга калтырат. Анын бул сырын билген абысын-ажындары Салый апанын чайы кайнаган кезде дайын.

– Жок, ыракмат, чайга күтө албайм. Апа, менин келгеним, – келин бир аз кысталгандай: – аялдардын жаңы көйнөгү жүргөн болсо…

– Куда келдиби?
– Жо-ок. Тиги төмөнкү айылдагы таэжебиз каза болуптур. Ошого…

– Кайсы таэжең?

– Зуурачы. Жанагынын энесинин сиңдиси.

Күлүйпа күйөөсүнүн аты кайнагасынын атына уйкаш болгондуктан, аны «жанагы» деп чакырчу.

– Мурда күнү кайтыш болгон экен же эрте айттырышпайт. Бүгүн коюлат деп түндө киши келиптир.

– Ыя?!

Салый апанын кулагы дүңгүрөп, мээсине балка менен чапкандай башы айланып, бир кан тамырын жулуп алгандай эңгирей түштү. Күлүйпа дагы бирдемелерди сүйлөп жатты, бирок ал тигинин кулагына жеткен жок.

– Качан жөнөгөнү жатасыңар? – адеп оозуна келген сөз ушу болду.

– Азыр, «жанагы» колхоздон машина сураптыр, ошого кетти эле, келип калчу убагы болду. Барып, топурак салып келебиз деп айылдын аксакалдары да көчөдө турат.

Салый апа сөз аягына жете укпады. Аттап-буттап топурак болгон колун чала-була сууга чайкай, үйгө бет алды.

*      *      *

Айыл ортосунда бутактары жаңыдан күчүктөнүп, балбаалаган бийик талдарга оронгон чакан үйдөн окчун жерге машина токтоду. Дарбаза кеңири ачылып опур-топур кишилер, короонун ортосунда тигилген боз үй. Машинадагылар жерге түшүшүп, этек-жеңин кагып силккен болушуп, анан чогуу ошол тарапка бет алышты. Адегенде эркектер жоктоп өкүргөн үн чыгарышты. Дарбазага жакындаганда уу-дууга аялдар кошулду. Боз үйдүн капталында тестиер эки-үч бала жана тумагын көзүнө баса кийген узун пальточон бир адам өкүрүп жатты. Каңылжаары ачышып, каңырыгы түтөп, эстеп келаткан эки ооз кошогунун баш аягын таппай көзүнүн жашы он талаа болгон Салый апа тигинин Зууранын уулу экенин жазбай тааныды. Аялдар боз үйдүн ичине өтүштү. Жаратканга миң наалат айтып, адамдын сай-сөөгүн сыздаткан үн бул Зууранын кызыныкы. Эркектер бир аз жоктошкондон кийин бири-бирине сабыр айтышып, өкүрүк үнү басаңдаган сайын Салый апанын өпкөсү улам казандай болуп, эки ийининен солкулдайт. Салый апа өз кошогун айтып жатты. Сөз аягы окшошпосо да сөөк тосулган чыгданга такай олтуруп курбусу Зуура менен түбөлүккө кош айтышып, басмырт мукам үнү менен экөөнүн өткөн өмүрүн айтып жатты. Ал сүйүүгө жаралган Зууранын сулуулугун айтты. Анын жүрөк ачкычын азамат жигит Абдыгул тапкандыгын айтты. Алардын бактылуу турмушка жеткендигин айтты. Азамат эрдин казатка кеткендигин айтты.

Эл башына мүшкүл иш түшкөндө түрүнүп суу кечкен, керилип кетмен чапкан Зуура менен Салый апанын өмүрүнүн далай күндөрү өтмө катар оролошуп жанаша өткөн. «Дагы эмне шумдук кабар келээр экен» – деп тунжурап анданы өчкөн кемпир-кесектин, келиндердин көңүлүн Зуура шатыра-шатман шайыр мүнөзү менен көтөрүүчү. Ыргалган эгинге орок салганда өзүнө тийиштүү жерлерди эңшерилтип бүтүрүп жиберип, башкаларга жардам берип, иштин да, жаштын да көркү болуучу. Салый апанын кошогунда мына ушулар жөнүндө тегиз айтылды.

Зуура Абдыгулду өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин күттү. Курбу келиндеринин көпчүлүгү кара кагаз алып, бет тытып, кара кийип олтурганда демейдеги өкүм мүнөзү качып, көңүл жубатып сөз айтуудан алыстап, өзүн ошолордун алдында кандайдыр күнөөлүүдөй сезүүчү. Абдыгулдан үч жылдан бери кат-кабар албаса да, бактысы колдо тургансып, ушул аалам башында турган алаамат бүтсө эле баягысындай жадырап-жайнап кирип келүүчүдөй, согуш бүткөнчө телегейи тегиз жүрдү. Абдыгул аскерге жөнөөрдө уулу Алымбек бир жарым жашта, кызы курсакта калган. Согуш бүтүп, эл-жерге тынчтык келди. Бирок ошол бойдон Абдыгулдан дарек билинген жок, кайрылып босогосун аттабады.

Зуура өмүрүнүн акыркы жылдарын азап менен өткөрдү. Кеселге кесел уланып, уул-келининин ыркы келишпей, ажырашып кетиши ого бетер анын шайын оодарып салды. Салый апа мына ушулар жөнүндө кошуп ыйлады.

Күн түштөн ооду. Кабар айттырган кишилер толук келип бүткөн көрүнөт, ызы-чуу өкүрүк, кошок басылып, сөөк чыгарууга кам көрүү башталды. Мындай жерде адамдын өткөн өмүрү кайра баштан бирден саналып айтылат. Айрыкча, аялзаттары эбиреп-жебиреп, маркумдун ата-жотосуна, төркүн-төсүнө чейин чечмелеп билмейинче, жашоо турмушун айтмайынча алымсынбайт.

– Бечаранын көзү барында тирикарактуу кийим-кечеси деле болгон эмес го. Баары эле жаңы экен, – деди нооча кемпир боз үйдүн ичинде керегеге илинген көйнөктөрдү карап.

– Анан кантсин байкуш! Уулу жанагинтип олтурса, ишинин да орду жок дейт ко?! – жанындагы тепкедей кемпир тигиге жантая шыпшынды.

Бул сөз Салый апанын жүрөгүнө канжар менен сайгандай ачуу тийди. Бирдеме айтайын деп оозун эптеп, анан өңү кубарып аптыгып туруп калды.

– Сөөктүн жайы алигиче дайын эмес дейт ко? – бул кабар отургандардын арасына кургак камышка койгон өрттөй тарады.

– Көр казгандарга деп кечөөтөн бери тынбай эле арак ташышса, анан кантип даяр болсун! – алиги тепкедей кемпир ээрдин шалп эттирди. Салый апа ордунан ыргып туруп эшикке бет алды.

– Алымбек кайда жүрөт?

– Тиги үйдө. Үтүр акем менен акылдашып отурат ко? – жаш келин короонун бурчундагы токол тамды көрсөттү.

– Акылдашкан кишиси адал эмгектен качып, өмүр бою калп айтып, алып-сатарлык менен жан багып келаткан Үтүр болсо, жеткен экенбиз да!

Шарт ачылган эшиктин босогосунда турган Салый апаны көргөн Алымбек:

– Келиңиз, аяш апа! – деп шаша-буша ордунан козголду.

– Аа, Салыйсыңбы? кел! – Үтүр үнүн жасап салабаттуу сүйлөдү.– Сен деле бөлөк-бөтөн киши эмессиң! Абдыгул, Зуура менен чогуу жүрүп, чогуу өсүп дегендей, көзүн көрүп калдың. Мен Алымбекке Зуураны Абдыгул өлгөндөй кылып коёлу деп жатам. Жогорку айылдын, төмөнкү айылдын аксакалдарына мүчө бербесек болбойт. Анан табак сайын эки бөтөлкөдөн арак алдыр. Азыркынын шарты ушундай болуп калбадыбы!? Антпесек…

– Тирүүсүндө жыргатпаган, эми кадырлайын деп жаткан турбайсыңбы?...-  Салый апанын мууну калчылдап, сабыры качты. – Баланын баары сендей болсо… Уялсаң боло… Же сенин атаң арактан өлдү беле? Каргыш алган арак эмес эле жоо бетинде, эл четинде эле курман болгон! Энеңдин арбагы эмне дейт. Ошол байкуш ушул сен деп жүрүп бүт күлгүндөй өмүрүнөн айрылганын билесиңби?

Сырттан дагы эки-үч адам кирди.

– Алымбек ко бала, мындай жаманчылык башынан өтө элек. А силерге эмне болду. Зарлык, Касым! Силерди деле өз баласынан артык көрбөй, талаадан таап келген бир ууч данды ботко кылып чогуу берчү эле го. Көрү казылбай, казаны асылбай калгандай бул байкуш эч кимге деле жамандык кылган жок эле го? – Салый апа арттан киргендерди арылдап беттен ала айкыра сүйлөдү да, эчкирип-эчкирип жиберди.

*      *      *

…Бул жолу Зуура Салый апа үчүн экинчи жолу өлдү. Ушул күнү ал үйүнө кеч кайтты. Эртеден бери күйүп-бышып туталанып жүргөндүктөнбү, башы чыдатпай ооруп, эки чыны карандай чай ичти да, ошол бойдон чечинбестен төшөккө кулады.

* * *

Салый апа менен интернат башчысы кайрадан директордун алдында олтурушту.

– Ну, что ж! – деди директор чалкалай. – Каалабаса кандай кылабыз? Зордомок белек. Арызыңызды жазып келиңиз. Эртең районого барам. Такташып, акчаңызды кошо ала келем.

…Эки-үч күн эмне кылаарын билбей, алапайын таппай жүрдү. «Ачууңуз тарагандыр, тараса ишиңизге киришиңиз!» – деп киши жиберип, чакыртабы деп, канткен менен ою мектеп тарапта, эч ким көрүнбөйт. Дарбазадан чыгып эки жакты караган болуп, кабар иликтейт. Салый апа ошол ачуусу менен эски үйүнүн ичи-тышын мизилдете актап да жиберди. «Байкуш абышкам өз колу менен салды эле» – деп терезе, каалгаларын да бүт сырдап салды. Мектеп тараптан эч кабар болгон жок. Жаңы үйдүн жаңыланып акталышы, көчөнүн ажарын ача түштү.

Бир жумадан кийин Салый апа жумушунан чын эле биротоло түңүлдү. Чебелектеп чый-пыйы чыкты. Абысындарына уулум түшүмө кирди, неберелерим сагынган окшойт деген шылтоо менен шаарга жөнөп кетти.

*      *      *

Чар эткен коңгуроодон улам, квартиранын эшигин ачууга бейкапар ойноп олтурган секелек эки кыз биринен бири озуна удаа жөнөштү.

– Чоң энем келди! Чоң энем келди! – деп жарыя салышты алар ичкериге баш баккан атасына сүйүнчүлөй.

Төрдө олтурган Салый апа менен уулу сыпайы учурашып, жай сурашты. Жакшылык айылдагы тууган-туушкандарынын, теңтуш-жоролорунун ахыбалын бир ооздон сурап өттү.

– Айылда дагы кандай жанылыктар бар?

– Эч деле жаңылык жок. Бардыгы баягы өзүң көргөндөй.

– Апамды кызматынан түшүрүп коюшуптур! – деди ашканадан чыга келген келини сөз аягына жеткирбей.

– Эмне кызматтан? – деди уулу кеп учугун түшүнбөй.

– Интернаттан! – келини борс-борс күлдү.

– Кайсы интернаттан? Эмне үчүн?

– Ботом жанагы жаңы директор. Жакшы жигит экен деп жүрсө…Өгүнү баягы Зуура каза болуп, ошого барып ишке жетишпей калбадымбы. Ачуум менен бошот десем: «арызыңызды жаз» – дейт. Жазып бердим.

Арызданам деп келген уулунун мыйыгынан жылмайып, келининин каткырып турганын көрүп Салый апанын супсуну сууй түштү.

– Бошоном деп жатсаңыз бошоткон да. Койчу апа, ошол жумушту, жолдош аскерден келгенче чогуу эле мында туралычы. Биздин эмнебиз жетпей жатты эле.

– Малчы! – Салый апанын айласы кетип калды.

– Эртең айыл тарапка командировкага барам. Жалгыз уйдун айласы табылаар. Үйдү болсо бекитип койсо турат. Азыр ууру жок ко. – Тамагың даяр болсо алып кел, – деп келинчегине карады.

Эне-баланын сөзү ушуну менен бүттү.

Салый апа бул кечте неберелеринин чулдураган таттуу сөзүн угуп, сагынычы жазылып, түн жарымында уктады.

Түшүндө ал Ак-Кырчоонун көк кашка суусун, учу-кыйырына көз жетпей сеңселип жаткан буудайды аралай баскан күйөөсү экөөнү көрдү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз