Манастын жетинчи урпагы артист болгон

  • 23.02.2021
  • 3921

Түштүк тарапта чайканалардын биринде Манас жөнүндө сөз болуп калат. Отургандар Манастын тарыхта болгон болбогонун кеп кылат. Ангыча бирөөсү:

– Манастын урпактары калганбы? – десе Шекербек Шеркулов ууртаган чайын коё коюп:

– Калбаганда эмне... – дейт Таластан келген Шекербек олуттуу да, ишенимдүү да үн чыгарып. – Мына мен... Манаска алты ата менен кошулам.

– Кантип?! – дейт чочуган бир карыя.

– Мына санап берейин... – Манжасын жайган Шекербек: – Жакып, Жакыптан Манас, Манастан Семетей, Семетейден Сейтек, Сейтектен Култай, Култайдан Куулек, Куулектен Шеркул, Шеркулдан Шекербек... – дейт оозу-мурду кыйшайбай.

Чайканада отургандардын баары карапайым карыялар болгондуктан бир даары ишенгенсип, бири-бирин тиктеп отуруп калса, арыдан ала допучан бирөөсү:

– Мүмкин Маркис ям, Ленин ям сенге олты отадан кошулатдур? – деген экен шектүү карап.

Тамаша көрүнгөнү менен бул да тарых

50-жылдарда ашкере "патриот" интеллигенттер "Манас" эпосу элдик экенинен шектенип, аны эпос катары сактап калуу жолун Манас баатырды эптеп "коммунист" кылуудан көрүшөт. Ошентип партиялык бир кызматкер Манасты партиянын мүчөсү кылууну Саякбайдан өтө талап кыла суранганда, кайран манасчы эки санын мыжыгылап, айласы алты кетип:

Көзү күйгөн чок эле,
Сөзү тийген ок эле.
Атаңдын гөрү эр Манас
Ошондо партияда жок эле, – деген экен. 

Балбандын балбан сөзү

Акын жана драматург Кубанычбек Маликов жаш кезинде ишке да, ашка да билегин түрүнгөн шымаланма болгон дешет. Билгендердин айтымында, ал киши бир козунун этин бир жеп кеткен учурлар далай болуптур. Анын мындай аппетитин бир жолу көргөн кадимки Кожомкул балбан:

– Бул баланын ата-энеси аманбы? – деген экен.  

Эл шайырлардын кызыл көзү

Төкмө ырчы Токтонаалы Шабданбаев аксакал барган жеринен түлкүнүн терисин көрүп калса эле көзү кызарып: "Атаңдын оозун урайындыкы, ичик тиктирейин десем бир өңүрүнө жетпей калды эле; жакасына жетпей калды эле, кантейин... сатпайт белеңер?" дей бергенин эл шайырлар тобундагы артисттердин баары билчү экен.

Райкан Шүкүрбеков баш болгон топ артистер да эл аралап концерт коюп жүрүп, бир үйдө конокто болуп калышат. Ошол жерден дубалда куйругу жок түлкүнүн териси илинип турганын көргөн Райкан ошондо:

– Йе, кайран Током, мынабу түлкүнү чала сермеп калган өңдөнөт! – деген экен.

Мырзаян ТӨЛӨМҮШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз