Ашым Жакыпбеков: Адабий тарыхка акыйкат кеп калсын

  • 16.01.2021
  • 6026

Редакциядан: Котормочу А.Жакыпбековдун чыгармачылык өнөрканасына кошо турган бул интервьюну өз кезегинде Чолпон Жолдошева уюштурган экен. Ал өз мезгилинде өтө популярдуу гезит – «Кыргызстан маданиятына» жарыяланган (18-август, 1993-ж.) Арийне, адабият илиминде бул урунттуу жагдай айтматов изилдөө илимине чымындай үйүлгөн адабиятчылардын, илимпоздордун көңүл сыртында келатыр. Ошол олуттуу маселени окурман эсине салып коюуну эп көрдүк.

(Алым Токтомушевдин жеке архивинен)

А.Жакыпбеков кыргыз окурмандарына кадыресе таанымал жазуучу. Бирок Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларын кыргызчалатканы көпчүлүккө анчалык дайын эместей. Сөз ошол тууралуу болсун. Алгачкы котормолору – Ч.Айтматовдун атактуу «Гүлсараты» менен «Ак кемеси», анан «Эрте келген турналар». Бул повесттер кыргыз тилинде өзүнчө жыйнак болуп 1978-жылы чыккан. Кийин Ч.Айтматовдун «Делбирим» деген жыйнагы чыкты. Ага А.Жакыпбеков которгон ошол «Делбирим», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Ботокөз булак», «Кызыл алма» повесттери жана «Фудзиямада – кадыр түн» драмасы кирген. «Делбирим» жыйнагына кирген чыгармалардын «кыргызча котормосу...» деген сөзү бар, бирок ким которгону (А.Жакыпбеков) мында да көрсөтүлгөн эмес.

Ч.Айтматовдун үч томдук чыгармалар жыйнагына (Фрунзе, 1982 – 1983) кирген котормолорго да А.Жакыпбековдун аты аталган эмес. Бул үч томдукка Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы да кирген, аны да А.Жакыпбеков которгон, бирок анда да котормочу көрсөтүлбөйт. 1988-жылы «Адабият» басмасы Ч.Айтматовдун экинчи романы «Кыяматты» өзүнчө китеп кылып чыгарды. Мына ушул китептин этегинде гана «Которгондор Ашым Жакыпбеков (I, II бөлүм), Аман Токтогулов (III бөлүм) деген көрсөтмө жүрөт. Бу роман текстинин этегине берилгенинде кандай сыр бар?

Чыңгыз Айтматовдун табериктей чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирүү үчүн Ашым Жакыпбеков жыйырма жыл чамасында эмгектенип келатат. Анын атын атактуу жазуучунун көлөкөсүндө көмүскө калтырбай, таланттуу котормолоруна тиешелүү баа берип, чыгармачылык тажрыйбасын изилдөөгө мезгил алда качан жетпедиби.

Чолпон Жолдошева: Кыргыз окурмандарына сиз Ч.Айтматовдун орусча жазылган чыгармаларынын кыргызча туруктуу котормочусу катары белгилүүсүз. 60-жылдардын ортосунан кийин Ч.Айтматовдун түздөн-түз орусча жазып келаткан чыгармаларынын бардыгын дээрлик сиз которуп келатасыз. Ошондуктан табийгы суроо туулат: – Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы менен болгон байланышыңыз кандайча башталган? Деги өзүңүздүн котормочулук ишиңиздин башаты кайдан?

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ: Чыңгыз Айтматов мага чыгармачылыгы менен гана эмес, айылдаштыгы, агалык ымаласы менен да жакын. Мен дагы атактуу жазуучубуз туулган Шекер айылынан болом. Ч.Айтматов чыгармаларынын драматургиясын, философиясын, темалык проблемасын өз башында бышырардан мурда, менин байкоомдо, турмуштук түрткүсүн турмуш чындыгынын фактысынан, кээде конкрет кишилерден же окуялардан алат. Ошол үчүн чыгармаларынын көбүндө мен өзүбүздүн эле Шекердин кишилеринин кейп-кебетесин, сүйлөө ыгын, атүгүл диалекттик өзгөчөлүгүн, же болбосо мен өзүм бала чагымда көргөн-уккан окуялардын илебин көрүп-угуп, туюп турамын.

Ч.Айтматовдун алгачкы чыгармалары «Жамийла», «Бетме-бет», «Саманчынын жолу» ж.б. өз колунан кыргызча чыгып, жалпы кыргыз турмушунун чындыгын чагылдырып, ошону менен бирге, балким, анча сезиле бербеген, бирок мага белгилүү Шекер турмушунун чындыгы, анын ызгаары да, жылуулугу да айрыкча байкалган. 60-жылдардын ортосунда «Гүлсарат» орус тилинде чыкты. Бүт Союз окурмандары кызыгып окуду, бирок орус тилин билбеген кыргыз окурмандарынын катмарына жетпей турду. Эсиңиздедир, ошол жылдарда «Советтик Кыргызстан» гезитинин эки-үч санына, «Танабайдын келиши» деген ат менен беле, үзүндү жарыяланды. Баарыбыз үзүлө түшүп окудук. Анда автор ошол эле чыгарманы жаңыдан, башкача жагынан баштаптыр. Анысы таң калыштуу эмес: жазуучу бир чыгармасын эки тилде эки жолу жазганда толкундоонун жетеги күчтүү болот, жаңы багытка алып кетиши ыктымал. Ага биз таң калган жокпуз, бүт Союзда дүң болуп жаткан чыгарманын кыргызча эртерээк чыгышын гана күттүк. Атүгүл жазуучулар арасында колу тийбесе бизге бербейби, которуп салат элек деген кызыгыштуу сөздөр да болду.

Ошондой күндөрдүн биринде Чыңгыз ага мени чакырып калды:

– Кыргызча кайра жазып чыгууга колум тийбей жатыры. Бирок окурмандар өз учурунда окуп калышса жакшы болор эле. Кыргызга жеткирүү жагын сен өз колуңа албайсыңбы, – деди.

Мен өзүм да бүйрүм кызып жүргөм. Экинчиден, аганын сөзү буйрук. Макул болдум. Анда Чыке дагы айтты:

– Өзүң билесиң, – деп, – Гүлсары аттын тагдырын, Керимбек агасынын ж. б. шекерликтердин тагдыр-мүнөздөрүн кеп кылып калды, алардын мүнөздөрүндөгү, же кейп-кебетелериндеги же дагы бир окуялардын майда илинчектери түрткү болгонун айтып отурду. Анан мындай деп кошумчалады: "Котормочулук да өзүнчө чыгармачылык, андыктан сен, биринчиден, кысынбай эркин котор, керек жерин сүйлөшүп тургунуң, экинчиден, аны биз макулдашылган дейбизби, орусча айтканда «авторизованный» деп беребиз. Сенин котормочулук укугуң сакталат..."

Мен бу сөздөрүн магнитофонго жазып алган эмесмин, бирок мааниси дал ушундай болуучу, кай бир сөздөр өзгөрсө өзгөргөндүр, маңызы ушундай.

Кийин эле мен аталбас болуп калдым. Оболу ал кишиден ыйбаа кылып, унчукпай жүрдүм. Бирок Чыкең аны билмек турсун, ойлонбоптур. Көрсө, быякта алдыртан жыбылжып, жууркан астындагы сасык жыттай саясат жүргүзгөндөр бар экен. Баары эле Ч.Айтматовду аарылардай айлана-тегерек учуп жабалактап, кошоматты кош айтып жүрүшкөндөр. Бул «арамдык» айрыкча Ч.Айтматовдун үч томдугу кыргызча жарык көргөндө ачык билинди.

Кеңешбек Асаналиев деген атактуу окумуштуубуз, адабиятчысынчыбыз бар эмеспи. Өзү жакшы киши го. Үч томдуктун редколлегиясы түзүлгөн, анда төрт-беш киши барбыз. Баш редактору К.Асаналиев болгон. Үч томдуктун ар бир китебинин титул бетине түкүнчө чыгармаларды кыргызчага которгон деп, менин аты-жөнүм жазылган. Чыңгыз Айтматовдун ансыз да бийик наамын «коргогон» К.Асаналиев басмага барып, менин дайнымды таптакыр жоготуптур.

Мен кечигип билип калдым, китеп басууга түшүп кетиптир. Куру кошомат менен башка бирөөнүн адабий тагдырына доо кетирүү деген ошондой болгон. Болбосо Ч.Айтматовдун мен которгон чыгармаларынын дээрлик бардыгы оболу «Ала-Тоо» журналына басылып турду. Анда автор өзү айткандай болуп, этегинде «автор менен макулдашылган» котормо деген жазуу бар. Китеп чыкканда эле «күзөтчү» жаздырбай коёт. Котормо да иш, анын да мээнет акысы болот. Ал тууралуу кээ бирөөлөр ушактагандай мен Чыкеге эч сөз тийгизе албаймын. Анткени алиги үч томдук чыгып жатканда дагы да болсо, Чыкең өзү чакырып алып, кайсы чыгармалары менин котормомдо чыкканын тизмелеп жазып, кол коюп берген кагазы азыр да басманын планбух. архивинде жатат. Ал болбосо мага кантип төлөмөк.

Сиз сөзүңүздүн башында бул интервью котормочулук өнөрканаңы изилдөө боюнча жетилген иштин башы дегендей айтпадыңызбы. Ушундан-улам ойго келет: академияданбы, университеттенби, жаш илимпоздор сурап калган учурлары болду Ч.Айтматовдун тили боюнча илимий иш жазуу керектигин айтышып. Мен айттым: жазуучунун өзү кыргызча жазгандары бештен белгилүү, ал эми котормо жагын, б.а., котормонун тили тууралуу кимдики деп изилдейсиңер, аны тарых чечсин, шашсаңар К.Асаналиевден сурап алгыла.

Жыйырма жылдай чыгармачылык өмүр сарп болду. Ага мен кейибейм. Ч.Айтматовдун чыгармаларын которуу мага чыгармачылык көп байлык берди. Болгондо же котормодо айтылбаса, же өз чыгармаларың жазылбай токтоп калса, ич күйөт. Буларды айтпай эле жүргөм, бирок адабият тарыхында, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун улуу иштериндеги менин кичинекей үлүшүм көз жаздымда калса адилеттик болбос.

– Сиздин оюңузда котормолоруңуздун кайсыларын эң мыкты деп эсептейсиз?

– Мен мурда деле которуп келгем. М.Ю.Лермонтовдун «Биздин замандын уулу» деген романын которгом, ал басмадан эки жолу чыкты. Начар болсо антишпейт эле го дейм. С.Цвейгдин «Бейтааныш аялдын каты» деген ат менен бир топ аңгемелерин бир жыйнак кылып которгом. Ал котормо элге аябай тез тарап кетти. Кийин басма кайра чыгаралы дегенде өзүм бирин таппай калдым. А.П.Чеховдун, А.М.Горькийдин пьесаларын которгом, алар театрларга коюлуп өттү. Ал эми Ч.Айтматовдун чыгармаларын которууга келгенде, «Гүлсарат» менен «Ак кемени» ырдап-жыргап эле котордум. Жана айтпадымбы, Ч.Айтматов айылдын колоритин укмуш берет, баягы эле тааныш кишилердин арасында, баягы эле тааныш окуялардын ичинде жүргөндөй болосуң. Ошондо да мени аябай кыйнаган, бирок эң мыкты чыккан котормо «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» сезилет.

Баштай албай кыйналып 1,5–2 айдай жүрдүм. Тартып турат, бирок кол барбайт. Жүрөксүнгөндөн эмес, өтө эле аялуу. Бир баштап натура стилге түшүп алсаң, анан оңдоо кыйын, кайра баштап которгуң келбей көңүл кайт болуп калышы мүмкүн. Экинчиден, мурдагы чыгармаларында сүрөттөлгөн турмуш өзүбүздүн кыргыздыкы болсо, бу жолу алыскы бир нивхи деген деңиз элинин турмуш-тагдырына багышталган. Ырас, алыс-жуук эки элдин ыйман, максат, келечек, жашоо үчүн күрөш проблемалары акыр түбү барып жалпы адамзаттын баарыга тең проблемасына – өмүр жана өлүм, жакшылык жана жамандык өңдүү түпкүлүктүү маселелерге такалат. Мени кыйнаган жана ишке киришүүгө шаштырып дегдеткени – повесттин бөтөнчө трагедиялуу лиризми, прозанын татаал формасы менен поэзиянын жүрөк тызылдаткан ритмикасы – ушул сапаттарын кыргызча бузбай жеткирүү болду...

Анан которууга отуруп калдым. Автор повестин декабрь-январь – эки айдын ичинде жазып бүткөн экен. Менин котормом да ошондой эле илеп тарткан бир дем менен бүттү. Өзүм да ыраазы болуп калдым. Ушул котормомду жакшы көрөм дегеним – алигидей кыйнаганы жана шыр кеткени.

– Сиздин көз карашыңызда котормонун мыкты болушун, оригиналына төп келишин талап кылган принциптер кайсылар? Ошол принциптердин ичинен сизге эң башкылары кайсылар?

– Менимче, көркөм котормо – чыгарманы жараткан автор менен башка тилде тең сүйлөшүү, көлөкөсүндө эмес үзөңгүлөш жүрүү. Котормонун түрлөрү көп: илимий-техникалык адабияттын котормосу өзүнчө, өкмөттүн катып калган официал протокол тилинин котормосу бир башка, ал эми көркөм адабияттын котормосу назилинде нукура көркөм чыгармачылык. Ырас мында ар түр «сорттор» чыгып кетпедиби: сөз кууп которгон жармачтык бар, арбын, бирок ал чыгармачылык эмес, эптеп жан бакмай. Оригиналдын көркөмдүк тереңдигин тайыздатып, карапайым окурмандарына ылайыктайм деп жупунулантып, жүдөтүп жибермей котормолор да бар. Бул жол оригинал алдында, автор алдында чыккынчылык. Илгери улуу М.Ауэзов Л.Толстойдун «Согуш жана тынчтык» романын кыргызча которуп чыккан С.Бектурсуновдун эрдигин мактап жатып айтканы бар эмеспи: «Толстойду элдин деңгээлине түшүрүп жибериш жарабайт, кайра элди Толстойдун деңгээлине умтулгудай кылып аракеттенүү керек» – деп. Адилет сөз. Эркин котормо бар, мисал алыс эмес, Алыкул Осмоновдун «Жолборс терисин жамынган баатыры» (Ш. Руставели). Бул – оригиналдан теманы, мазмунду, сюжет, образдарды алып, жаңы чыгарма жазып чыгуу деген кеп. Бул улуу эмгек.

Ал эми менин жөнүм өзүмчө. Чыңгыз Айтматов баарынан мурда кыргыз жазуучусу, нукура кыргыздын топурагынан жаралган. Чыңгыз Айтматов прозадагы акын, философиялык ойлоосу да кыргыз кеменгерлеринин ыгында, дүйнөлүк адабияттын, маданияттын тунук асылзаттарын баарыбыздан мурун өздөштүрүп, кыргызчылыгы менен жуурулуштуруп жиберген. Мен кыргыз жазуучусунун жазганын гана кыргыз окурмандарына төкпөй-чачпай жеткирүүнүн аракетинде болдум.

«Гүлсаратты» которуп жаткандагы ырахат алганым эсимде. Биздин Шекерде биз бала кезде (анда Чыке 14–15терде болсо, мен 7–8дерде болом) Октору, Акбайпак, Гүлсары деген күлүк аттар болгон. Чоңдор талашып, барктап минип, аягында (согуш учурунда жана кийинки жылдары) кошко салынып, жоор болуп, жүгөрү огороддорго «уруулукка» кирип, кемпир-кесектердин таягын жеп жүрүп күндөрү бүткөн. Гүлсары тууралуу Раймалы, Султанмурат деген айыл ырчыларыбыз ыр чыгарып, жоролордо ырдап жүрүшчү. Жана да Танабай – Керимбек деген карыя өттү биздин айылдан. Чыкенин агалары болчу. Өмүрү бүт жылкы менен өттү. Ошол катаал жылдардагы бир окуяны Чыке өзү айтып берди эле: башкарма Чыңгызды Керимбек акесине жумшаптыр, баланча атты берсин, мен минем дептир. Чыкең акесине барса укурук менен жонго салып кууп чыгыптыр... Ушинетип чыгарманын образдык системасына, мазмундук азыгына түрткү болгон майда-чүйдө турмуштук деталдар көз алдыда турган соң ал чыгарманы которуу өзүнчө ыр ырдагандай ырахат, ошону менен бирге автордун көркөмдүк ченем сезими өтө ничке, өтө бийик болуп турса, аны бузуп албайын деген сактык дайыма жаныңда отурат.

– Котормочулук эң оболу чыгарманын атын которгондон башталса керек. Ар качан эле оригиналдын аты сөзмө-сөз которулбасын көрүп жүрөбүз. Бу жагдайдагы сиздин тажрыйбаңызды билсек. Анан дагы, чыгарманын атын которуу болобу же башка учурундабы, сиз автор менен кандай иштештиңиз?

– Жанаракта айтпадымбы, чыгармаларын которууда Ч.Айтматов мага толук эркиндик берген. Бирок эркиндик деген теңирден тетири басуу эмес да. Ч.Айтматов өзү ара-чолодо иштин жүрүшүн сурап туруучу, кээде айрыкча 50 жылдыгына арналып чыга турган китептеринин мөөнөтү кысып келатканда шаштырып турду. Көбүнесе авторго мен өзүм кайрылчумун. Андай учур көп болду. «Ак кемеде» «Тянь-Шань» деген түпкүлүгүндө кыргыздын эле «Теңир Тоо» деген сөзү экенин, анын кытайча которулуп, илимий-тарыхый колдонууга кирип кеткендиги тууралуу, айрыкча «Кыяматтагы» Исус Машаяктын (Христос) философиясына байланыштуу татаал түшүнүктөрдү чечмелөөдө, кээ бир түшүнүксүз, кыргыз эмес орустар түшүндүрүп бере албай койгон сөздөрдүн мааниси тууралуу ж.у.с. көп учурларда акылдашып-макулдашып турдум. Бир кызыгы, Ч.Айтматов кыргыз фольклорунун мотивдерин пайдаланып калганда орус жана андан аркы окурмандарга түшүнүктүү болсун деп, кыргызга эзелтен белгилүү жагдайларды түшүндүрүп жиберген учурлары да жолугат. Ал жерлердин кыргыз окурманына ашыкча болор деп кыскартуу тууралуу макулдашып алып жүрдүм. Алигиде өзү айткан «авторизованный» котормо деген, менимче, ушул.

Ал эми чыгармаларынын аттарын которууда эң оболу автордун өзүнөн сурачумун. Мисалга: мен «Жаныбарым, Гүлсары» деп барсам, «Гүлсарат» деп эле кой – деди. Туура, так, кыска, эл оозундагыдай.

Мен «Кызыл жоолук мөлмөлүм» деп барсам, «Делбирим» деп атап берди. Муну кээ бир жазуучулар жактырбады, «жинди» деген көз деп. Сүйүүнүн өртүнө түшкөн киши жинди-делбе болуп кетпегенде кантчү эле. «Эрте келген турналарды» бир топтор «эрте жаздагы» дебейсиңби дешти, бирок түп маанисин карайлычы, кеп турналар тууралуу эмес, эрте жетилген балдар жөнүндө болуп жатат. Аттиң, ушул атты учурунда автор менен макулдашпай калган экем, ал киши кийин «эрте учкан турналар» дебедиби. Эң туура! Китеп чыгып кеткен. Балким, кийинки бир чыгышында оңдоп койсо болот. Баарынан кыйнаганы «Плаха» болду. Же сурап алышка автор алыста. Гезит-журналдарда ар ким ар кандай которду: «Жаңырык», «Баталга» дешип. Бирок бу сөздөр жөн гана урунган буюмдун аты. А чыгармада болсо дүйнөнүн аңтар-теңтер болгону тууралуу сөз жүрүп жатат. Акыры мен «Акыр заман» деп токтодум. Автор келип калган экен. Айтсам, жалпысынан макул болуп, дагы ойлонолучу деди, чучугун жеген сөзмөр Т.Касымбеков менен бир сүйлөшүп калганда ал: «Кыямат» деген атты сунуш кылды. Көңүлгө уюй түштү. Автор да жактырды. Автор менен иштешүүдө мына ушундай карым-катнашсыз ийгилик болмокпу.

– Өзүңүз жыргап которгон «Гүлсарат» кыргыз окурмандарына жазылганынан он эки жыл өткөндө араң жетти. Ч.Айтматовдун кээ бир башка повесттери да кыргыз тилинде кечигип чыгып турду. Ушул жагдайга өзүңүздү кыргыз окурмандарынын алдында күнөөкөр сезбейсизби? Караңызчы, Ч.Айтматовдун кээ бир чыгармалары чет өлкөлүк окурмандар окугандан кийин кыргызга араң жетип жатты.

– Жыйырма жылга чамалаш өмүрүмдү «сайып» коюп, өз чыгармачылыгымды таштап коюп, Ч.Айтматовдун чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирүүнүн аракетинде болгонум үчүн мен өзүмдү күнөөлөй албаймын. «Күнөөкөр» – автор өзү. Эсиңиздедир. «Гүлсарат», «Ак кеме, «Бото көз булак», «Эрте келген турналар» орусча чыккандан кийин баарыбыз эле автор бул чыгармаларын качан кыргызча жазып берер экен деп ак эткенден так эттик. Автор да өзү айткандай, чыгынып отурууга, кыргызча жазып чыгууга камынып бир топ жыл жүрүп калды. Убакыт ошентип өтүп кетти. Акыры, биринчиден, колу тийбестигине көзү жеткенде, экинчиден, котороюн десе эле жаңы чыгарма жазылып кетерин билип, антейин десе ойго келип турган жаңы чыгармалар жазылбай өлөрүн түшүнүп, анан гана кыргызча которууну башка бирөөгө ишенип берүүгө аргасыз болгон. Мында таң калар эчтеме жок, жазуучунун тагдыры.

Эгер Ч.Айтматов орусча жазгандарын өзү кыргызча кайра жазып чыкса, ал орусча оригиналынан алдаганча өзгөчөлөнүп турса, орусчасынан да мыкты жазып коёрунда шек жок, – анда кыргызчасын кайрадан орусча котором деп, дагы жаңы чыгарма жазып жиберсе, эмне болмок, өмүр бою айланкөчөк болуп бир чыгарманын тегирмен ташында тегерене бермекпи?! Жазуучунун, айрыкча Ч.Айтматовдун фантазиясында жүгөн жок... Демек, баары жөндүү, түшүнүктүү. Ошентип, Ч.Айтматов чыгармаларын кыргызча которууну башка бирөөгө ишенип берүүнү чечкенден кийинки жазган роман, повесттери, айырмасы эки-үч жыл болбосо, көп кечикпей эле кыргызча чыгып жатты.

– Дагы бир, акыркы суроо: «Кыяматтан» кийин Ч.Айтматовдун чыгармаларын которууну койдуңуз. Эмне себеп, көңүлүңүз калдыбы, чарчадыңызбы же дагы башка себеппи?

– Чыкеден көңүл калды деш кесирлик болор, андай эмес. Ошол кишинин тапшыруусу менен мен 1985-жылдан баштап «Манас» эпосу боюнча карасөздөгү чыгарма жазууга отуруп калгам. Ал өтө оор жумуш болду. Даярданыш эле эки жылдай убакты алды. Анан кызып иштеп калганда «Кыямат» чыкты. Ыраматылык Аман Токтогулов мыкты акын, мыкты котормочу эле. Р.Гамзатовдун «Менин Дагстаным» деген чыгармасын эле которгонун карагылачы. Менин оюмда, «Кыяматты» ошол Аман которот деген ишенимде болчумун, ал тууралуу экөөбүз учкай сүйлөшкөнбүз. Бирок эмне болгонун билбейм, бир күнү Жазуучулар союзуна кирип калсам, бир секретарь туш-тушка телефон чалып, «Кыяматты» көрүнгөн котормочуларга бөлүштүрүп жатыптыр. Ошондой да болчу беле. «Кыямат» чоңдордун доклады бекен, ар-ар ким бөлүп-бөлүп алып, бир түндө тытмалап которо койгудай. Көрсө, Амандын да бир зарыл иштер менен колу бошобой жаткан экен. Анан экөөбүз макулдаштык, ал жумушун үздү, мен «Манасты» токтото турууну ойлодум, анткени бул иш көп жылга созулмак. Ошентип, «Кыяматты» алдык да, бел чечпей отуруп эки айдын ичинде бүтүрүп бердик. Андан бери Ч.Айтматов деле бүткөн чоң чыгарма бере элек. Бергени «Чынгыс хандын ак булуту», аны Аман которду. Чыңгыз Айтматовдун эмки келер чоң чыгармасына да котормочу табылар. Мен болсом, айтпадымбы, ал киши өзү тапшырган «Манасты» бүткөм, бир жарым жыл болду, алигиче чыга турган жылчыгы көрүнбөйт. Заманыбыз жуң-жандардын ширисиндей куурулбадыбы. Бирок ага карабай менин алдымда «Семетей» турат. Ошол жооптуу иштин убарасындамын.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз