Александр Грин: Селсаяк жана түрмө башчысы

  • 29.09.2023
  • 4572

АҢГЕМЕ

“Бул дүйнөдө чындык жок. Бир дагы талант өзүнүн татыктуу баасын ала албайт. Андай болгон соң, жогорку билим алуунун, атак-даңкка умтулуунун, сөзсүз эле ак ниет болуунун, тыкан, так жүрүүүнүн, анан да Олимпте жазгандан уялбагыдай сулуу кол жазманын не кереги бар? Мунун бардыгы, болбогон нерселер”.

“Н”— түрмөсүнүн башчысы дал ушинтип ойлончу – мындай борбордон окчун жерде жайгашкан кичинекей шаарчада ал маанилүү кылмышкерлерди кармай турган чоң түрмө жетекчиси болуу бактысына эч качан жете албайт эле. Түрмөнүн кырк камерасы толгон учур бир да жолу болгон эмес. Адатта, бир учурда анда онго жетпеген кылмышкерлер олтурчу; бирок алардын арасында атактуулары жок болчу. Равашоль, мыкаачы-Жек, Картуш жана Ринальдо Ринальди сыяктуу аброю чоң кылмышкерлерди бул жерден көрө албайсың, жалаң эле чөнтөкчүлөр менен майда жүлүк уурулар анан селсаяктар болор эле.

Ушул себептүү жасалма бриллианттай жаркыраган атактуу аты-жөнүн жерип, жек көргөн түрмө башчысы Пинкертон (Нат Пинкертон – америкалык жашыруун агент, 20-кылымдагы ар кандай авторлор жазган популярдуу детективтүү аңгемелердин каарманы) дайыма өз тагдырына нааразы болуп жүрчү.

Жаз келди. Миңдеген атак-даңкты сүйгөн, Наполеон болууну эңсеп, бирок кыялына жетпей калган адамдардын армиясы ушул кезде жер сайышып жөөк жасоо же болбосо гүлзарлардын ордун даярдоо менен алек болушат. Бул алардын маңдайына жазылган тагдырлары: алардын башка бактылуу кесиптештери чек ара тилкелеринде мамыларды орнотуп жүрүшкөндө, булар жашылча же пион тигип жүрүшкө мажбур.

Бул жолу да Пинкертон ушул ишти жасамак болгон: ал түрмөнүн кичинекей бакчасын аралап, кайсыл жерге эмне отургузушту жана кантип отургузушту болжоп жүрдү. Бакча менен түрмөнүн ортосундагы жыш тигилген ичке, тегизделген жашыл чырпыктар сырткы бийик дубалды бойлой өсчү. Дубалдын жанында чайкалма олтургуч турган; Пинкертон ага барып олтурду да, түнкү иштери менен алышып жүрүп чарчаган неме, күн чубактап магдыраган мышык кебетеленип көзү илинип кетти. Күн нурунан ысыган дубалдан ысык илеп уруп, күнканада жаткансып, башчы чылпылдап тердеп чыкты.

Аңгыча күзөтчү жанына кыржыйган, бүтүн жеринен жыртыгы көп кемселчен арс чычкан кебетеленген бирөөнү ээрчитип келди. Анын жүлжүйгөн кичинекей ойлуу көздөрү бир жерде токтобой ойноктойт; жаак эттери шимирилип, бозоргон кыска сөөктүү жүзүнөн бардык эле селсаяктарга мүнөздүү философиялык көз караштын сүртүмдөрү байкалат.

– Жер сайганды билесиңби? – деп сурады андан Пинкертон. – Деги сен бакчада иштеп көрдүң беле?

– Смит сиз бара бериңиз, мен өзүм бул жерде болом.

Күзөтчү кетти; башчы суроосун кайталады.

 – Мени иштей аласыңбы деп жатасызбы? – деп сылык суроо менен жооп бере баштады жыртык кийимчен, – боорду эзесиз да. Мен герцогиня Жоанна Фиоритуранын керемет бакчасында, лорд Альвейттин укмуштуу гүл бакчасында, Ницца Кумахердин атагы алыска кеткен оранжереясында иштегем жана мен...

 – Жалган айтып жаткандайсың, – деп анын сөзүн бөлдү Пинкертон, ал оозун чоң ачып эстеп оңдонуп олтурду. – Бирок эмне десең да, мына бул эки гүлзардын ордун көрдүңбү? Ошонун топурагын сайып, гүл тиккенге ылайыктап оңдоп чыгасың.

 – А мындан оңой эч нерсе жок, – деди селсаяк – Кам санабаңыз. Бир жолу саякаттап жүрүп, албетте, жөө болчумун. Белграддан Герцеговинага бара жатып тикенек басып жаткан жолдун жээгин көрктөндүрүп койгум келди. Эски сынык күрөк таап алдым. Анан эмне кылдым дебейсизби? Кечке чейин бир жарым мил жерге жаратылышта өскөн жапайы гүлдөрдү көчүрүп келип, жолдун четин татынакай гүлзарга айлантып салдым!

— Ушунча да калп айтасыңбы? Мынча калп айткандан эмне табасың?

Жооп берерден мурда ал кетменди бир-эки жолу шилтеп, топуракты бошотту да, анан эс алып турган бедизчи кебетеленип кетмендин сабына жөлөнүп туруп калды.

 – Бул калп эмес, – деди ал таарынгансып. – Оо Кудай! Кандай керемет жаз! Эварестин тоолору менен өрөөндөрүндөгү бир окуя эсиме түшүп жатат. Буркулдаган чаңда жылаңаяк баскан кандай сонун. Дыйкандар кээде тамак ичип кет деп дасторкондоруна чакырып калышат. Асмандагы жайнаган жылдыздарды карап, астрономиядан алган сабагыңды кайталап, үймөк чөптүн үстүндө чалкаңдан жатып алып уктасаң, өзгөчө бир ырахат. Жыпар жыт каңшаарды жарат. Айланаңда түркүн гүлдөр жерге ыргалышат. Тим эле балды кечип жүргөндөйсүң. Анан да көлдүн көркүн айтпа. Кайырмагым бар эле. Таң калыштуу учурлар болчу. Бир жолу узуну жыйырма эки фунт болгон карп кармап алдым. Анын эмнеси бар экен дебейсизби? Аны сойгондо ичинен күмүш шакек чыкты...

— Бул жолу кудайды карабай калп айттың! – деп кыйкырып жиберди Пинкертон. Жыйырма эки фунттук карп болбойт – жалган!

 – Ишенбесеңиз өз эркиңиз, бирок мен аны жегем.

Унчукпай калышты. Күнөөкөр бир аз жерди казымыш болду.

– Деңиз окунуна мындан артык жем болбойт, – деди да, ал коңторулган топурактан араң жан куртту сууруп алып; курттун топурагын күбүп бир алаканынан бир алаканына салды. – Көңүлүңүздү буруңуз. Эгерде муну бир нече майда бөлүкчөлөргө бөлүп, анан эки-үч бөлүгүн илмекке илип койсо, ал жулунбайт. Бул сыналган ыкма. А түк эч нерсе билбеген кемпайлар бирден илишет да, балыктарга жедирип жиберип тим болушат.

– Болбогон сөз, – деди Пинкертон – Курттун башын ылдый каратып, бир нече жеринен тепчип койсо кайда жулунмак эле.

– Башын өйдө каратыппы?!

– Жок, ылдый каратып.

– Бирок ойлоп көрүңүзчү...

– Эй, шайтан алгыр! Мен сага айтып жатпаймынбы: башын ылдый кылыш керек!

Күнөөкөр башчыны жаман көзү менен карап койду, бирок кеп талашкан жок. Бирок ал ызалана түшкөн эле, кетменди улам шилтеп, өз алдынча катуу кобурай берди:

– ...бардык эле илмектерге андай кылган болбойт. Балык деген курттун башын жегенди жакшы көрөт. Ооба, илмек жөнүндө билгени мышыктан ашпаган апендилер толуп жүрүшөт. Бирок бул жерде...

Ал кайрадан эс алып алуу үчүн токтоп, Пинкертонду карап ишенимдүү жана кызуулануу менен сүйлөй баштады:

 – А Сиз билесизби, кайырмактын калкымасы жүз жолу тартса, ошонун онунда эле балык түшөт, анткени ал курттун куйругунан илгенден улам жулуп кеткен жокпу?! Башы оңой менен жулунбайт. Бир жолу калкыма таптакыр эле кыймылдаган жок, бир аз гана титирегенсип кетти. Мен дароо тартыш керектигин түшүндүм. А эмне үчүн андай болду? Себеби ал курттун башын чайнап жаткан. Ал ортодо...

Ал бир ыргак менен, ырдап жаткансып жорго сөздөр менен сүйлөп жатты. Күн баштагыдан да ысып чыкты. Пинкертондун буттарынан өткөн жагымдуу жылуулук бүт денесин аралап, көздөрүнө чейин жетип магдыратып барат; айланасы жапжашыл болгон терең көлдөрдүн шоокуму кулагына угулгансыйт, чала жумулган көздөрүнө көгөргөн көлдүн үстүндө майда толкундарга чайпалган кайырмактын калкымасы даана көрүнүп барып жок болду. Анан көздөрү таптакыр жумулду. Уйку мына ушуну эле күтүп турган: Пинкертон уктап калды.

– Бул адамды ушунчалык кыжаалат кылат, – деп уктап жаткан башчыны абайлай карап, колдорун этияттык менен жаңдап ыргагын бузбай сөзүн улантты селсаяк, – илмекке туура эмес илинген жем адамды ушунчалык кыжаалат кылат дейсиң, ошондуктан мен дайыма курттун башын өйдө каратып илиш керек деп чечкем. Аябай тыкаттык менен. Бирок башын сөзсүз өйдө каратуу зарыл.

Ал сөзүн токтотуп, Пинкертондун жанына барып үңүлө карады да, анын жанында жаткан папирос салган кутучасынан бир папиросту алды. Аны күйгүзүп, өпкөсүнө толтура соруп, түтүнүн чалкалай түшүп асманга үйлөдү, көздөрү ойноктоп тегерегин изилдей карап, токтолбой сүйлөгөнүн улантты: “Жок, жок – сөзсүз башын өйдө каратыш керек. Ылдый караткан жарабайт. Бул чоң жаңылыштык”.

Ал тамекисин тартып бүтүп ыргытты, аны өзүнө азгырып чакырып жаткансыган, бурчта тоголонуп жаткан акиташ салынып келип бошоп, туш келди чачылып жаткан бош челектерге шашылбай барып, аларды биринин үстүнө бирин коюп дубалга секирип чыкты. – “Ылдый кылган болбойт, – деп кобурап бара жатты ал, – бул жаңылыштык. Балык сөзсүз жулуп жеп кетет. Сөзсүз, башын өйдө кылыш керек!”

Ал жерге секирип түшүп, жеңил ойлуу балыкчылар менен макул болбой, талашын уланткан боюнча көздөн кайым болду.

1924

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз