Гүлзат Бектемирова: Кыргыздын шору – «эл эмне дейт»?

  • 01.03.2021
  • 2885

Гүлзат Бектемирова 1993-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында туулган. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Кийин Австриянын Вена шаарында Handelsakademie экономикалык колледжин аяктаган. Гүлзат менен чет жерде эмгектенген мекендештерибиздин тагдыры жөнүндө учкай маек.

КИРИ ЖУУЛУП, КИНДИК КАНЫ ТАМГАН ЖЕРИ

- Мен Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой деген айылда төрөлгөм. Ата-энем ошол эле айылда мал чарбачылык менен алектенишет. Кичинемде эки үйдүн ортосунда жүрүп чоңойдум. Өйдөкү көчөдө өз ата-энем, ылдыйкы көчөдө чоң энем турчу. Чоң энемдин жини кармаган күнү өйдөкү үйгө качып, жини тараганда ага кол кабыш кылып ылдыйкы үйгө келип калчумун. Ошентип жүрүп айылдагы Түркмөн атындагы орто мектепти аяктадым. Окуу бүтүп жатканда кайда барам, эмне окууну окуйм деп көп деле ойлонгон эмесмин негедир. Ата-энем “дарыгер бол” - дешти. Мен “актриса болом!”- дедим. «Актриса болчу болсоң, үйдөн чыгып кет!” - деп апам дароо шарт койду. Ары талаштык, бери талаштык, акырында ата-энемдин ою да оңунан чыккан жок, менин оюм дагы оңунан чыккан жок. Талаштын жыйынтыгында ата-энем менин кийимдеримди  “кытайдын чаар баштыгына” салып берип, шаарга жөнөтүп жиберишкен. Туугандарымдын ар бири ар кайсы кесипти айтып отуруп, акыры КУУнун журналистика факультетине тапшыргам. Студент болуп жүргөн кездимде “Кыргызстан Обондору” радиосунда журналист болуп эмгектенип калдым. Анан төрт жылдык окууму аяктап, диплом колго тийген соң, аны мамамдын “сандыгына” салып берип, өзүм Европаны көздөй жөнөп кеткем.

БӨЛӨК ЭЛ, БӨТӨН ЖЕРДИН ТИРЛИГИ

- Студент кезимде Германияга барып окусам деген тилегим бар эле. Кыргызстандан окуу жайды аяктаган соң ушул ой негедир кайра пайда болду. Европада окуганга шартыбыз жок болгондуктан “Ау Пайр” (бала багуучу) деген программа менен келүүнү туура көрдүм. Мен үчүн Европага эң жөнөкөй жол ушул болгон. Төрт жыл мурун Вена шаарындагы жергиликтүү үй бүлө менен жогоруда айтылган программа аркылуу келишим түзүп, анын негизинде Австрияга келгем. Эки жыл ал үй бүлөдө жашап, иштеп, экономикалык колледждин кечки бөлүмүнө тапшырып окудум. Аябай жакшы үй-бүлөгө туш келгендиктен мага жакшы жардам беришти. Ага жараша мен дагы жакшы иштеп бердим. Европада ушундай. Кандай жумуш болбосун, жоопкерчилик менен мамиле кылсаң, анан гана жыйынтык болот. Кылган мамилеңе ылайык жооп аласың.

Айрым дос-туугандар “Кыргызстанга кайтып кел, чет жерде жүрүп эмнени таптың?” деп калышат. Андай учурларда жер кыдырып, тил үйрөнгөнүмдү бетиме кармайм. Чындыгында чет жерде жүрүп көп нерсе жоготуп, көп нерсе таптым десем болот. Тапканым Европанын көп жерлерин кыдырдым. Анын арты менен алардын тарыхын, маданиятын аз болсо да үйрөндүм. Билим алдым. Чет жерде жүргөндө өзүңө тың, өзгөчө документтерге так болуш керек. Бул жерде документиңдин бир эле жери ката болсо, анда өтө чоң көйгөй. Андыктан төрт жыл ичинде Австрияда ары урунуп, бери урунуп жүрүп өзүмө жана өзүмө керектүү нерселерге, документ иштерине тың болуп чыга келдим... Ал ортодо көп нерсе жоготтум. Жаштыгымды, күчүмдү, энергиямды короттум, окуп, билим ала турган учурумду көбүрөк кара жумушка жумшадым. Бул жерде мен кaбылган оор кырдаалда бирде стресс, бирде депрессия болуп нервимди кетирдим. Көз караштарыбыз келишпегенинен улам же убактым аздыгынан улам, шартым жоктугунан баштагыдай мамиле күтө албай дос-туугандан алыстай түштүм.

МИГРАЦИЯДАН ЭМНЕ ТАПТЫК, ЭМНЕ ЖОГОТТУК?

- Мен Венага жаңы келгенде эле негедир кыргыз аялдары менен австриялык аялдардын жашоосун, дүйнө таанымын салыштырып баштагам. Кыргыз айымдарынын басымдуу бөлүгү эшикке чыгып эркек, үйгө кирип аял. Көпчүлүгү көр оокаттан колдору бошобой, өздөрүнүн аял экенин деле унутуп калышат эмеспи. Кайын журтка кызмат кылып, кайнененин кагуусуна кабылып, ага карабай аларга урмат-сыйын көрсөтүп жашайт. Ага кошумча үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар четтен чыгат. Аз келгенсип Кыргызстанда жашоо оңой эмес. Жумуш жок. Жумуш болсо деле маяна жарытаарлык эмес. Көп учурда биздин эл “Эл эмне дейт?” деген түшүнүк менен жашайт. Эл көзүнө жашайт. Баарынын башында эле биринчи кезекте “элдей болуп үй салып, элдей болуп машина алып, элдей болуп той өткөрсөм” деген максат. Мындай максатты жаман, же туура эмес дегендин өзү калпыстык, бирок ошонун айынан көпчүлүк аялдар үй-бүлө, бала-чакасын таштап, мигрант болуп чет жерге чыгып кетти.

Чет жерде кыргыз аялдарынын кандай жумуштарда иштээри, кандай күн көрүп жашаары баарыбызга эле маалым. Миграция айынан көп адамдардын, айрыкча аялдардын үй-бүлөсү бузулду, көп балдар толук кандуу тарбия албай ар кимдин колунда чоңоюп жатат. Иштеп, акча таап, үй салып, бирок денсоолугунан ажырап, өлкөгө кайткан аялдар толтура. А Европанын аялдары такыр башкача. Булар өздөрүн сыйлап, өздөрүн аябай жакшы көрүп жашайт. Көп убактыларын билим алууга, жер кыдырууга жумшайт. Ар бир баласына чоң жоопкерчилик менен мамиле кылат. Бизге окшоп “уул жакшы, уул мураскор же кыз конок, кыз бирөөнүн бүлөсү” деп бөлбөйт. Балдарынан сырткары жолдошу экөөнүн ортосундагы жеке мамилеге да өтө жакшы көңүл бурат...

А мамлекет тарабынан ар бир балага кам көрүлөт, дээрлик ар бир үй-бүлө мамлекеттин өз көзөмөлүндө, мамлекет балдардын жакшы өсүшүнө, үй-бүлөнүн бүтүн сакталышына көмөкчү. Ал эми үй ичиндеги оокатты аял, эркек дебей жасай беришет. Жогоруда айтылгандай биз түйшүкчүл келебиз. Жеңибизди түрүнүп эмне жумуш болбосун жасап жөнөйбүз. Бул жактын адамдары бизди, биздин жашоо шартты жакшы билет да. Балким ошон үчүн деле жумушка чакырабы деп ойлойм. Мындан улам бир окуя эсимде. Мен австриялык үй-бүлөдө жашап жүргөндө, алардын төртүнчү баласы жарык дүйнөгө келген. Бир күнү ал үй-бүлөнүн кожоюну келип, “сыртта аялымдын оор баштыгы турат, ошону көтөрүп келчи, аялым жаңы төрөдү, ал оор көтөрсө бели ооруйт”,- деп мага кайрылды. Мен дагы анча-мынча жерден жемимди жедирчүлөрдөн эмесмин. Дароо эле “сенин аялың жаңы төрөсө, мен келечекте төрөшүм керек. А сен эркексиң, төрөбөйсүң, өзүң алып келип берчи ээ”, - деп басып кеттим. Жообума таң калган ал киши кыргыз кыз-келиндери ар бир ишти жасай берерин айтып, сен кайдан келгенсиң деп күлүп калды. Бирок ага карабастан айрым учурда алардын “оту менен кирип, күлү менен чыкканга” туура келди. Себеби менин негизги виза, окуу, акча деген маселелерим алардан көз каранды болчу.

БИЛИМСИЗ МИГРАНТТЫН ОЮ БЫТ-ЧЫТ

- Жогоруда кеп кылган БУУнун тынчтыкты куруу Фонду тарабынан уюшулган "Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" тууралуу иш-чараны интернет барактарынан окугам. Бул албетте, жакшы иш-чара, аялдар үчүн чоң көмөк, аялдар үчүн жеңилдик, жардам, бирок бул миграцияда жүргөн кыз-келиндердин көйгөйүн толугу менен чечпейт. Анткени өз мамлекетине, өз өлкөсүнө керек эмес жаран, бирөөлөргө деле керек эмес. Ушуну эске алыш керек. Мен деле кыргыздын жаштары чет өлкөгө жалаң билим алуу үчүн чыкса, саякаттап чыкса, жер тааныганы, эл тааныганы чыкса деп кыялданам. Бирок учурда өлкөдөгү кырдаал буга жооп бербейт. Өзүңүз айтып өткөндөй, мигранттарга мамлекетибиз жетиштүү көңүл бура элек. Жана жакынкы жылдары бул маселе бийлик тарабынан көзөмөлгө алынарынан күмөнүм бар. Демек, мамлекет өз элине кам көрө албагандан кийин, миграция агымын азайта албагандан кийин, жумуш орундар менен камсыздай албагандан кийин, эч дебесе билимдүү, өз укугун билген жаштарды тарбиялашы зарыл. Мектептеги билим берүүгө көңүл буруусу зарыл. Өтө орой угулушу мүмкүн деңизчи, бирок балдарды мектеп жашынан эле  миграцияга даярдашыбыз керек болуп калды окшойт. Бул дегеним, мектептен “укук таануу” сабагы кенен окутулуп, кайсыл өлкөдө мигранттардын укугу жана милдети кандай каралганы толук үйрөтүлүүсү зарыл.

Аны менен бирге англис, орус, немис жана башка керектүү чет тилдерин жакшы өздөштүрүүгө мектеп курагында эле мыкты шарттар түзүлүшү керек. Ар кандай спорттун түрү, сууга сүзүү, теннис, футбол, баскетбол өңдүү ийримдерди ачып, балдарын дени сак болуусуна көмөк көрсөтүлүүсү керек. Анткени өз укугун толук билген, тил билген, денсоолугуна кам көрө алган адамга чет жерде жашоо бир аз жеңил, мүмкүнчүлүктөр кенен деп ойлойм. Биздин эл чет жакка чыкканда жөнөкөй эле нерселерден чалынып, жөнөкөй эле нерселерден адашат. Мисалы: көпчүлүгү тил билбейт. Укуктарын билсе деле, жооп айта албайт. Көпчүлүгү өздөрүнө тиешелүү документтерге так эмес. Көбү документтерин мыйзамдуу жасаганга акчаларын аяшат же аны жасаш үчүн ары-бери чуркагандан эринет. Андай мигрант эмне болот? Кара жумушта бейрасмий иштейт. Акыры акчасын алдатат. Кагаздары туура эмес болгондуктан, тиешелүү органдарга кайрылып, арыздана албайт. Ошентип же жумуштан, же акчадан, же документтен жок жолдо калат.

 Мындан сырткары элге үй-бүлөдөгү атанын ордун, милдетин, эненин ордун, милдетин түшүндүрүшүбүз керек. Мыйзам жолу менен дагы, жалпак тил менен дагы. Анткени 18 жаштагы кызын чет жерге жиберип, бирок “Кайдасың? Эмне жумуш кылып, кантип акча таап атасың?” деп сурабаган ата-энелер бар. Балдарын акча тапкыч катары гана кабылдаган ата-энелер бар. Балдарын туура көзөмөл жасаганды билбеген, “Кайда журөсүң?, Канча акча таптын?, Акча кана?” деп урушканын туура көзөмөл деп түшүнгөн ата-энелер бар. Ошондон улам үй-бүлө институтунун негиздерин түп-тамыры менен өзгөртүүбүз керек ко деп ойлойм.

Маектешкен О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз