Турмушка туткасыӊар тукум улаар

  • 04.03.2021
  • 2765

Христиандардын кудайы, тагыраагы - анын баласы Христти алардын аӊыз-жомогу боюнча кыздыгын албай туруп Жараткан өзү MARIAнын боюна болтурган делет эмеспи. Дегеле Адам ата-Обо эне тарыхынан баштап адамзаттын жашоо булагы да, жана аны жылаан-шайтандын азгырыгына алданып, тыюу салынган жемишти эркегине жедирип ийип башка жолго бузуп, бейиштен куудурган да аялзат экени асыресе дүйнөлүк дин эсептелген христианчылыкта такай айтылып да, жазылып да келет.

Бул өздөрүн адамзаттагы эӊ даанышман аалымдар деп, баарыбызга акыл-насаат айтып жүргөндөрдүн кара өзгөйлүгүбү же түркөйлүгүбү – азыр да түшүнүксүз. Ошон үчүн, адамзаттын эӊ жаркын жана асыл жарымы аялзатка арнаган ыр түрмөгүмү аялзат инсаниятты туура жолдон адаштырган жана алар эркектин кабыргасынан жаралган деп кемсинтип жар салган христиан окуусуна тийиштүү ыр саптарым менен баштоону туура көрдүм.

Саламым менен Калык Ибраимов

AVE MARIA

Кызганып кыздыгыӊды Иосиф ынтыгыӊдан,
Жараткан кыз боюӊа болтурганы – машаягың.
Эгенин куткаруучу уулу туулуп, дүӊ болгону –
андан бери эки миӊ жыл мезгил өттү баш-аягы.

Христке чокунгандар кудайдын энеси деп -
сыйынат чиркөөлөрдө, монастыр, Нотр-Дамда.
Сыздаса орган, скрипка - хорлордун коштоосунда,
чыдабай көздөрүнө жаш алышат олтургандар.

Сага арналды сандаган живопись-иконалар.
Сүйүштү көптөр сени ашыгыӊдай көздөнүшүп.
Ал арада Кудайдын колуктусу – монашкалар:
эрсирешет монастырда – рыцарлар көздөн учуп...

Оо Мадонна, Матрона, Аве Мария – Умай эне!
Чиркөөлөрдө – жашыӊ агып, үн-сөзсүз эчкиресиӊ.
А бирок шордуулардын ый-арманын, кыйналганын –
Иисус кулунуӊа качан эми кан какшап жеткиресиӊ?!..

АЯЛЗАТ

Турмушка туткасыӊар тукум улаар.
А бирок татаал болду тагдырыӊар.
Тарыхта – чабыштарда олжолонуп,
ат жалында магдырап канды кумар...

Камалдыӊар капаста-гаремдерде,
кор болдуӊар евнух, султандарга.
Көздөн учуп кулдардын ысык койну,
буулуктуӊар буюгуп вулкандардай.

Азыр дагы асырап адамзатты,
тутка болуп турасыӊ урпак улап.
Ким аялга көрсөтсө көп азапты –
андайларды Көк урат, турпак урат...

КАЙДАСЫӉАР?

Пулу бардын кулу бар бул жашоого
башын ийген пайгамбар, Кызырыӊ да.
Зарыӊ айтып шон үчүн, оо шордуулар –
байкуш болуп кур бекер ызырынба.

Андан көрө көз салгын сутенёрдой –
жерге-сууга тийгизбей партиясын.
Плебисцит, плебей силер үчүн –
сунгандарга суу кечпес хартиясын.

Сасып бүттү саясат, бийликтериӊ.
Алар азыр – абийирсиз шуркуялар.
Ар-намысты оо баштан туу тутушкан,
кайдасыӊар Курманжан, Уркуялар... 

ЖАШ СУЛУУ

Көздөрүӊдүн оту чачырайт,
200дөн ашык вольт болуп.
Оо жаш сулуу, сүйсөӊ – ачык айт,
а мен калгам эбак токтолуп...

Жаз гүлүндөй назик күлүӊдөп,
Сынагансып сырдуу карасаӊ.
Оо карагым, каным дүрүлдөп,
ток ургандай күйүп баратам.

Мен эмесмин сага симулянт –
Казанова, шылуун Дон-Жуан.
Оо жаш сулуу, сүйсөӊ чыныӊы айт,
а болбосо – сенден кол жубам...

ЖАН КУМАР

Чачтарыӊ – мажүрүм тал.
Бетиӊде – ажырым кал.
Жүрөгүм толкуп-ташат,
оргуштап 10-вал.

Мен билем укпасыӊды,
Сен эмне – нимфасыӊбы?
Жараткан жасап койгон,
нур кылып турпатыӊды.

Көз салчы – көрүнөйүн.
Көл болчу – чөмүлөйүн.
Өлсөм да өзүӊ менен
бир көргө көмүлөйүн.

НИМФЕТКА-КОНФЕТКАЛАР

Теӊтуштарын теӊине албас кокеткалар.
Сүлк-сүлк этип бийлешет дискотека-аянттарда.
Тар болуп кушеткалар, чыдатпай ышкы-кумар,
бар күчүн чыгарышат аяктарга...

Психоз-шамандардай дуулдап шоктонушат.
Аларда жок эч кандай – комплекс.
Көргөндө кай бир жандар “шок” болушат:
анткени алар – ажайып комплект.

Эси-көөнүн бүт ээлеп эрос-секс,
Эзилишет бүлкүлдөп – жан жерлери.
Акселерант-абийирсиз ал селкилер –
акчасы көп аӊгилердин – ангелдери.

Оо шайкелеӊ шар мүнөз нимфеткалар,
теӊтуштарын теӊсинбей какшаткандар.
Силерди күсөйт дайым мажнундардай,
махабатка мас болгон какбаш чалдар...

СЕКРЕТАРША-ФЕЯЛАР

Секретарша-секелек кыз, жаш айымдар –
Атка минер акчалууга телингендер.
Алар куунайт кучагында боссторунун,
жолой албайт аларга – көрүнгөндөр.

Тоос куштай жасанып олтурушса –
кенен кеӊсе, кабылдама, офистерде.
Алардын бир көз-караш жылмайганы –
эӊ болбоду дегенде – отуз теӊге.

Ачып коюп төштөрүн, балтырларын,
шаракташат ар кечте шефтер менен.
Шарап ичип, шапар тээп алар азыр –
Фея болуп алышкан лөктөр менен...

ЭРКЕКТАНА

Таарынтсаң аялыңды -
аны эмес, өз башыңды
азапка салаарыңды...
Тагдырың талкаланып,
талаада калаарыңды –
эстей жүр, эркектана.

Алтындай ал аялың,
ачуусу  кайнаганда,
ажаанга айланаарын.
Балдарың байкуш болуп,
бакытың байланаарын –
биле жүр, эркектана.

Аялды ыйлатканың,
жазуудан  жаза тайып -
жашооңу кыйратканың.
Андыктан ак никелүү
жарыңды, эркектана,
эч качан ыйлатпагын.

Оо, эргул эркектана,
обу жок эркек гана
аялга асылаарын.
Катынга катуу болсоң,
кадемиң катылаарын
кулакка иле жүргүн.

Оо эркек, ошондуктан,
кутуртпай сени дайым
буурадай буйлалаган.
Жаныңда болуу керек,
жароокер бир аялзат,
эч качан ыйлабаган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз