Аял десе жантыгынан жата калган эркектин көбү аялзатын жек көрөт

  • 07.03.2021
  • 3733

Франсуа де Ларошфуконун накыл ойлорунан

Жарык дүйнөдө карылыктын карылыктай үлгүсүн көрсөткөн карылар эң эле аз.

*       *       *

Акылсыздыгың улам карыган сайын оркоюп турат.

*       *       *

Бирөөгө кылган марттыгың үчүн мартабаң көкөлөгөнү – барып-келип тартууңдун баасынан ашып түшөт. 

*       *       * 

Баатырдын башкалардан айырмасы – атак-даңкы эле.

*       *       *

Бирөөгө жамандык кылганыбыздан да, ашкере жакшылык кылганыбыз опурталдуу.

*       *       *

Ачылган абийрин жабыш үчүн куулук-шумдукка барган шумпайга караганда, болгонун болгондой моюнга алгандын айыбы кечиримдүү.

*       *       *

Чындыкты жашыргандарга таарынгандын кажети жок. Себеби баарыбыз эле чындыкты жашырабыз.

*       *       *

Баарынан акылдуу көрүнгүсү келген кишиден өткөн байкуш жок.

*       *       *

Көпчүлүктүн жаагы жап болуп турган жерде топ жарып сүйлөш кыйын.

*       *       *

Кээде көз жашыбызды төгүп атып, ага башкалар менен өзүбүз да ишенип алабыз.

*       *       *

Өзүбүздүкүнөн да өзгөлөрдүн ишине эс-акыл менен караганга кыйынбыз.

*       *       *

Эгерде коом бири-бирин мурундан сүйрөп жүрбөгөндө, адам сыягынан айрылып калмак.

*       *       *

Биздин булчуң этибизден да мээбиз жалкоо.

*       *       *

Коколой баштуулар көп, көзкарандысыз адамдар аз.

*       *       *

Эгерде күнөө бир эле жакта болсо, пендечилик чыр-чатактар узакка созулмак эмес.

*       *       *

Бирөөгө туура кеңеш бергенибиз менен аны аткаруунун туура жүрүм-турум жолун көргөзө албайбыз.

*       *       *

Жанталашкан түр көрсөтүп, башкаларды ишке шаштырмай айдатма жалкоолордун гана колунан келет.

*       *       *

Сөөлөттүү көрүнөм деп сөөлөтүнөн айрылгандар толтура.

*       *       *

Айрымдардын кемчилиги өздөрүнө куп жарашат. А нарктуу көрүнгүсү келгендерди карап отурсаң, кемчонтойдон айырмасы жок.

*       *       *

Өзүмчүлдөр баарынын тилин табат. Бардык ролду катырат. Ал эмес эч кызыкчылык көздөбөгөн дидары таптаза инсандын ролун дагы.

*       *       *

Каражанды карч уруп иштесең, жан кайгыны билбейсиң. Мээнеткечтер ошон үчүн бактылуу.

*       *       *

Аял десе жантыгынан жата калган эркектин көбү аялзатын жек көрөт.  

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз