Мухтар Магауин: Аял махабаты

  • 03.01.2021
  • 5841

АҢГЕМЕ

Мухтар Магауин (Мукануулу) – Казакстандын эл жазуучусу, тарых изилдөөчү, публицист, филология илимдеринин доктору. 1940-жылы Семей облусунун Аягөз ооданынын Баршатас (Шүбартау) айылында туулган. 1962-жылы Алма-Ата шаарынан  Казак мамлекеттик университетин (азыркы аль-Фараби атындагы КазМУ), 1965-жылы аспирантураны бүтүргөн. Ошол жылы «Қазақ әдебиеті» газетасынын сын бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштаган. 1967-1971-жылдары «Жазушы» басмасында баш редактор орунбасары болгон. Кийин Казак ССР ИАнын М.Ауэзов атындагы Адабият жана көркөм өнөр институтунда ага илимий кызматкер катары эмгектенген. 1973-жылы совет таануучу Эдуард Олворс редактор болгон «Советтик Борбордук Азиядагы улут маселеси» деген китепке макаласын киргизип, андагы ойлору үчүн «улутчул» аталып, кыйла убакыт иштен четтетилген.

Москвада М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда казак фольклору жана казак адабиятынын тарыхы боюнча дарс окуган. 1983-1984-жылдары эркин чыгармачылык менен жүрүп, 1984-1986-жылдары «Жазушы» басмасында баш редактор болуп иштеди. Кайра бир жылдай эркин чыгармачылык менен алектенип, 1988-жылдан «Жұлдыз» журналынын баш редактору, Казакстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп көп жыл иштеп, кийин саясый жагдайлардан улам Чехиянын Прага, Карловы Вары шаарларында, АКШда жашады жана көбүнчө чыгармачылык менен алпурушту.

Биринчи аңгемеси 1964-жылы «Кешқұрым» деген ат менен «Жұлдыз» журналына басылган. «Қобыз сарыны» деген илимий монографиясы 1968-жылы жарыяланган. «Көкмұнар», «Бір атаның балалары», «Аласапыран» (тарыхый роман-дилогия, 1980-1982), «Шақан Шері» (роман), «Мен» (өмүрбаяндык роман-хамса), «Құмырсқа-қырғын» (аңгемелер), «Ұлтсыздану ұраны» (макалалар) ж.б. китептери чыккан. 2002-жылы он үч томдук чыгармалар жыйнагы жарык көргөн.  

Чехияда анын «Жармак» («Жарты») романы басылды, Чынгыз хан жана анын доору тууралуу төрт томдук даректүү тарыхый романын жазып бүтүрүп, айрым томдору жарык көрдү.

Мухтар Магауин жана Абдыкерим Муратов

*     *     *

Ооба... чын сүйө ала турган бул – аял гана.
(Г.Д.Мопассан «Отургуч токуучу аял»)

- Кудай ай, биздин көрүшпөгөнүбүзгө да он чакты жылдан ашып кетиптир да!

- Ошону айтсаң, Батимаш, ал кезде биз кыз элек… - Беш бээнин сабасындай толук,  эткээл келген кара тору аял Батима өзүнүн бир кезде кыз болгонуна чын эле бир аз таңыркай аңырая карап калды да, диванда чалкалай жаткан бойдон сагынып көрүшкөн досу Зияны кучагына кысты.

«Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат» деген ушул экен да, азыркы турпатыбыз мына – бул, - деп койду.

- Сени айтканым жок, - деди аздан соң Зияга күлө карап, - боюң өсүп, бети-башың арыктап, денең толуксуганы менен, ошол бышып турган мүчөң ошол бойдон, али кыздан да арыкчырайсың. Мектептин жогорку класстарында окуган кезде өзүбүздү бой жеткен кыздардай саначу элек, көрсө, анда бала бойдон турбайбызбы. Чыныгы доорду сүргөн учурубуз студенттик жылдар тура. Бир калаада окуп калганыбызды айтпайсыңбы... Сени менен бирге ушул Алма-Атага келбегениме алиге дейре өкүнөм.

- Анда Бакеңе кездешпейт элең го, - деди Зия тамашалай.

- Ошондой экен го. Бирок Бакең болбосо – Сакең болот эле го?

- Ким дейсиң?

- Сакең... Айтор, бирөө дегеним да.

Бир аз сүйлөшпөй калган соң:

- Эми мунун баары тамаша да, - деп койду Батима актана.

Мектепте он жыл бою бирге окуп, кулун-тайдай бирге ойноп, бирге өскөн курбулар эми минтип он эки жыл өткөн соң кездешип, ушул аз гана убакыт ичинде ушунча өзгөргөндөрүнө ичтен таң калышып, бири-биринен көздөрүн үзө албай кыйла тиктешип отурду. Кечээ эле саамай чачтары желге желбиреген кыздар эле да, экөө тең. Азыр мына эми…

Кучакташып, күлүп-жыргашып, бир аз сагынычын тараткан соң эки аял үй, турмуш, тиричилик жайын сурашып алды. Экөө жайма-жай отуруп, коюу демделген чайды шашпай ичип алган соң кептери улам кызуусуна өттү. Жадашкыдай эмес.

- Зия, - деди бир кезде Батима капылеттен, көптөн бери дилинде өйүп жүргөн суроосу эсине түшүп, - сен эмнеге күйөөң менен ажырашып кеттиң? Канча сурасам да каттарыңдан эч нерсе биле албадым. Аныгын айтып берчи ушул жолу?

Зиянын жүзүнөн күлкү заматта тарады да, ал турушу ойлуулукка, олуттуулукка орун бошотту.

- Мүнөзүбүз келишпеди, - деди көзүн бир чекиттен албаган тейде. – Келише албадык.

- Дагы эле баягы сөзүң. Сени түшүнбөдүм. Билишимче, ал кыйла атактуу адам болсо да, жибектей созулган жумшак, улууну ага, кичүүнү ини деп турган мээримдүү жана камкор жан эле. Мен эле эмес, билгендердин баары ошондой дешчү. Ал эми сен тээ бала кезиңден ага аябай берилген элең. Турмушуңар да жаман болгон жок. Ошондой болсо да келише албадык дейсиң. Неге?

- Келишпедик, - деди Зия Батима айткан сөздөрдү эске албагандай кыймылсыз отуруп.

- Той алдындагы каттарың менде сакталуу турат, не деп жаздың эле ошондо?! «Өмүр шеригим болор адамды кездештирдим! Бактымды таптым!» деп…

- Батима, - деди Зия жалынгандай. – Мени дагы да азапка салгың келип отурабы? Сенден канча жолу өтүндүм – ушуну сурабай эле койчу деп...

Сагынып кездешкен курбусунан ушундай көңүл калар сөз чыгышын күтпөгөн Батима умсуна түштү.

- Өзгөргөн экенбиз ээ... – Кейигендей үн катты. – Сыр жашырбас элек мурдалары... Бирок менин анык белерим – сен аны али унуткан жоксуң. Унута албайсың...

- Кимди? - Зия селт этип Батиманын оозуна карады.

- Кимди болчу эле? Арыстанды да. Аны жамандаган бир да адамды көрбөдүм. Өзү да кудай берген жигит ко, жылдызы жанып турат. Бул – башталганы гана, али жаш, отуздун ичинен жаңы ооду. Доктор… профессор! Не керек, Зия, бакытыңды башына тептиң!

- Бактымды... – Зия оор күрсүнүп алды. – Бактымды чын эле башка тептим го...

- Кудай маңдайыңа жазган тагдырлашың эмес беле ошол Арыстан!

- Туу, Батимаш-ай, дагы да Арыстаныңды айтканыңды койбодуңбу! – Зия денеси чыйрыккандай, кучакташкан колун жазып, Батимадан оолакташып отурду. – Сенин бешенеңе жазылганы Арыстан эле дейсиңби. Эми айтайын.

Анда угуп тур, ал ким экенин…

Мен өмүрүмдө андай адамды көргөн эмесмин. Ал эч кимге да окшошпойт. Толкун сымал, кара, калың чачтарын желкесине карай тарап коёт. Чачтары айдалысына чейин жетет, арты көтөрүлүп, күдүрөйүп турат, анысы өзүнө ушунчалык бир жарашып калат. Ал сулуу эмес эле, бирок сымбаттуу болчу. Буттарын салмак менен таштап, жай, ойлонуп келе жатканда элдин баары суктангансып карап калчу.

Анын көзү… Сен ошондой көздү көрдүң беле? Тынып аккан, терең кара суулар бар го, ошого окшош эле, башка окшоштук таба албайм. Күлбөгөн, жүрүшү бир калыпта, сыр алдырбай, селт этпей бирдей турганы турган. Мен кээде Короленконун сокур музыкантынын көзүнө окшотор элем. Биздин кыздардын бири анын көзү өлгөн адамдын көзүндөй деп койчу.

Ырас, кээде көздөрүнөн жылт эткен от көрүнүп калчу. Анысы айрыкча кубанган кездерде болор эле. Анткени менен кайра мурдагы кейпине кайра эле түшүп калчу. Анын көзү неге ошондой деп көп ойлойм, же бактысыздыгынанбы, же ар дайым ойлуу жүргөндөнбү, билбейм...

Ал консерваторияда окуй турган.

Институтубуздагы өздүк-көркөм чыгармачылык ийриминин башчысы төшөк тартып жатып калып, анын ордуна убактылуу келиптир бир жолу.

«Аты Төлөгөн экен, Жибегин издеп жүргөн көрүнөт»,- деп күлүп калышты кыздар биринчи келгенде.

Ал композитор эле.

Жүрөк толкутар сыйкырдуу обондору ооздон-оозго өтүп жаңы тарай баштаган кези. Атагы чыкпаган, бирок обондорун уккан, өзүн билген адамдардын баары эле анын келечегинен чоң үмүт кылчу.

Жүрүш-турушу, сүйлөгөн сөзү менен Төлөгөн кыздардын баарын өзүнө имере тартып алды. Алгачкы күнү эле калжаңдагандар, бир нерселерди былжырай бергендер жайына түштү. Орунсуз сүйлөп албайлы деп, кеп-сөзүбүздү түздөп калдык. Бардык кыздар эле Жибек болгусу келет Төлөгөндүн алдында. Мен да аны жакшы көрө баштадым. Бирок менде аялдын, али жашоону билбей турган, али лаззаттын даамы татып көрбөгөн аялдын баёо дүйнөсү бар эле. Кезектеги репетициядан тараган соң кыздардын баары башын бириктире калып бир нерселерди шыбырай калып жатканда мен сөздөрүнө анчалык аралашпай, ар нерселерди кыялданып, өзүм менен өзүм болуп отура берер элем. Төлөгөндүн көзү мага алгачкы күнү эле түшкөндөй болду. Мен аны билбегендей, билсем да байкабагандай болуп койдум. 

Өзүң билесиң, менин бир аз үнүм бар. Бирок бизде жакшы ырчы кыздар көп эле. Кээ бирлери радиодон да ырдап чыккан. Айтайын дегеним, Төлөгөн башкалардан көрө мага көбүрөк көңүл салды. Мен ырдап атканда оозумду карап турчу. Кийинирээк муну биздин кыздардын баары эле байкап калыптыр. Ошон үчүн мен Төлөгөнгө ыңгайсыздык жаратпасын деп, анын ырларына анчалык кызыкпагандай болуп койдум, а башка кыздар үйдө анын ырларын ооздорунан түшүрбөйт, өз обондоруңду кайра өзүң жазгандан артык азап жок деп Төлөгөн өз ырларын ырдатпайт эле, бирок кээде байкоостон кыңылдап кошулуп кеткенимди өзүм да билбей калам.

Бир күнү Төлөгөн жаңы эле чыгарган обонун үйрөттү. Обон баарыбызга жакты, а мен болсо анын сөзү менен обонунун ыргактары ушунчалык бап келип турганына кайыл элем. Жигит сүйгөнүнө ашыктык сезимин билдирген бул ырды угуп жатып, кызганыч деген сезимдин даамын алгачкы жолу таттым. «Менимче, Төлөгөн бул обонду сүйгөн кызына арнаган болуу керек» деп ойлодум. Төлөгөн: «Ушул ырды сиз аткарбайсызбы» деп кайрылганда кубангандан эмне кыларымды билбей калдым. Өзүмдүн шертимди унутуп да калыпмын. Ошол кезде мен абдан бактылуу экем, Батимаш! Бирок адам бакыт кушунун колуңа келип конгонун билбей, учуп кеткенин билип калат дейт ко, мен да бак конгонун билбептирмин.

Кийинки репетицияда Төлөгөндүн ырын жеке өзүм аткардым. Сөзү менен обонуна ушунчалык берилип кеткен экемин, ырдап жатып эч нерсени билген да, көргөн да жокмун. Тек соңку кайрыгында гана Төлөгөнгө көзүм түштү. Мага кадала карап турган экен. Жүзүнөн ушунчалык бир ырахаттануу, канааттануу сезилет.

Ошол күнү киного чакырды.

Кайтып келе жатканда узагыраак жүрүп калдык. Ажайып бир түн эле эми. Балбалактап аппак кар жаап турган. Жер да аппак, көк да аппак – ай-ааламдын баары аппак. Анда-санда үстүн байкоостон басып калган карга өз боюн көтөрө албай дарактардын сынган бутактарынын доошу угулат. Экөөбүз кандайча ушундай жакын болуп кеткенибизди билбей да калдым. Кол кармашкан бойдон ак карды жамынып жаткан көчөлөр менен жаңы жааган карды малтап көпкө жүрдүк. Сүйлөшпөй эле жүрө бердик, жүрө бердик. Жаап турган кирсиз таза кар менен шаардын чырактары чагылышып, асман саамалдай жарык. Төбөнү карасаң балбалактап келе жаткан ундай аппак чоң-чоң кар бүртүкчөлөрү көрүнөт.

Бир убак Төлөгөнгө эркелегим келип кетти.

«Карап тур, деймин, «сенге» өтүп алганымды өзүм да аңдабай, - мен азыр тээтигил түшүп келе жаткан карды кармап алам!»

«Кайсынысын?» - дейт Төлөгөн. Жаап аткан кар бүртүкчөлөрүнө болсо сан жетпейт. Кайсынысын кармап каларымды өзүм да билбейм, бирок: «Мына муну» - деймин көккө колумду созуп. Ушинтемин да алаканымды жайып турам. Менин колума асмандан кардын бир бүртүкчөсү түшүп калса, балага окшоп барпалаңдап экөөбүз тең кубанабыз.

«Кийимиңди кара, аппак», - деди бир кезде Төлөгөн мага тигилип. Карасам пальтом аппак карга басылып калыптыр. Төлөгөндүн үстү-башы да ошондой.

«Үшүгөн жоксуңбу?»

«Жок»,- деймин.

Төлөгөн менин бир жеримди оорутуп албайын деп үстүмдөгү карды акырын сыйпалай күбүдү. Ошондо анын колунун жылуулугун бүткүл денем менен сездим. Мен да анын жонундагы карды түшүрдүм. Ушинтип турганыбызда капыс эле Төлөгөн мени катуу кучактап алды да…

Зия ошол учурду башынан азыр гана өткөрүп аткандай эриндери дилдиреп, көзү жайнап бир азга тыным алды:

- Батима, - деди курбусунун ийнине колун коюп, – алгач өбүшкөнүң эсиңдеби, эң алгачкысы?

- Ким менен? Бекең мененби?

- Жалпы эле дегеним да... Бекең менен болсо да...

- Ой, андан бери канча жыл өттү, кайсыл бир кызыктар эсте калды дейсиң?

- Эмне, Бекеңе чейин да бирөөң бар беле?

- Бекеңе төртүнчү курста кезиктим. Ага чейин кайсыл кыз соо жүрөр эле. Антип-минтип жолун таап, колуна киргизди го Бекең да. Ошол жаш жигит кезинде да азыркысынан да эби-сыны жок эле го шордуу. Өзүн анча жактыра бергеним жок, ырасы, бирок, эми бирөө менен баш кошуу керек эле да акыры... Азыркы кезде махабат дегениңдин өзү... Козу көрпөш менен Баян сулуунун заманы өтүп кеткен да. Бирок бара-бара Бекеңди кантип жакшы көрүп кеткенимди өзүм да билбейм. Эми ошол малтабарымды эч кимге алмаштырбасмын.

- Балдарың да...

- Ээ, кимде бала жок дейсиң. Аларды койчу. Бекең менин жүрөгүмдү балдары менен эмес, өзүнүн айтканымдан чыкпагандыгы менен багынтып алды го. Дагы эле ошондой: тур десем – турат, бас десем – басат. Сүрөтүн көрдүң го. Азыркыдай кенебес болбосо да, жигит чагында да эч нерсени капарына алчу эмес. А сенин Төлөгөнүң просто молодец экен. Кызды биринчи эле киного чакырган күнү өөп алуу деген…

- Бул биздин соңку өбүшүүбүз эле, - деди Зия аңгемесин кайра улап, -  алгачкы жана акыркы... Анын деми оттой ысык эле, ал эми эриндери... мени өрттөп жибере жаздады. Муундарым бошошуп, эрип бара жаттым. Ошондо Төлөгөндүн өзү кыса кучактап турбаган болсо кулап кетмек белем, ким билет. Кийин, Арыстан менен бирге жүргөн кездеримде мындай лаззаттын даамын да таткан жокмун. Бирок өзүмдү өзүм алдап, аны сүйөмүн деп жүрө бердим. Кээде чын эле ошондой көрүнчү. Арыстан ал кезде аспирант эле, а Төлөгөн…

Төлөгөн дагы өпмөкчү болгондо шарт эсимди жыйдым. Өзүмө аны ушунчалык жакындатып алганымды тез аңдадым. «Маскара-ай, таанышпай жатып… акындар, өнөр адамдары баары жүргүч келишет дейт, мен мунун алгачкы кызы эмесмин, ошол көп кыздын бириндей кылып мени да таштап кетет». Башыма дароо келген ой ушул болду. Ошондо мен бир күтүлбөгөн кадамга бардым – Төлөгөндү өзүмдөн түртүп ийип, андан бошонуп чыктым...

Ошондон баштап менде бир өзгөрүү башталды, мен аны азырга чейин түшүнбөй келем. Төлөгөн мага күн сайын келет. Келет да, кетет. Мен ага чыкпаймын, неге чыкпаганымды да айтпаймын. «Убактым жок» деймин, ушул менин жалгыз шылтоом. А Төлөгөн кезерип келип, туруп-туруп кеткен соң бөлмөмдө төшөгүмө жатып ойлоймун: «Жана чык дегенде чыксам го, азыр баягындагыдай кол кармашып жүрөт элек, балким дагы да…» Ошол учурдун кайра кайталанышын тилеймин, жан дилим менен ошол учурдун келишин күтөмүн. Бирок эмнеге экенин билбейм, өзүмдүн тилегиме, сезимиме каршы аракет кыла берем. Ырас, кээде ага чыгар элем. Киного же театрга барабыз. Бирок сыртта узак калбайм. Төлөгөндү өзүмө жакындатпайм, а түгүл колумду кармаганга да болбой койдум. Көөдөндөгү сөздөрдү эмес, башка эле бир нерселерди айта берчү болдум сүйлөшө кеткенде. Ал сөздөр биздин кебибизге такыр эле коошпой турчу.

Төлөгөн болсо мени менен сырдашканы, чер жазыша сүйлөшкөнү келчү да. Өз кыял-максатын, ичинде толуп-ташкан ойлорун айтчу.

«Консерваторияны бүтүрөм, - дечү ал, - андан кийин сен да мединститутту бүтүрөсүң…»

Эч нерсени түшүнбөгөндөй мен анын сөзүн башка тарапка буруп кетем:

«…Ошондон кийин мен өз айылыма кайтам, ал эми сиздер атак, даңк алуу үчүн Алма-Атада кала бересиздер…»

«…Атактын да, даңктын да кереги жок, - дейт ал менин сөздү буруп кеткенимди байкаган соң муңайып, - чын маанисинде кундуу чыгармаларды жазсам болгону; а мен көп жазам, жана тек жакшыларын гана. Концерттер, симфониялар да, опера да, балет да… азыркылардын баары үйрөнүү гана. Көп иш, өтө көп иш бүткөрөр элем, тек… сен мени менен бирге болсоң…»

Ал кыялкеч эле. Кээде романтикага берилип, кыялына азгырылып чексиз дүйнөгө сүңгүп кетчү. «Мен мыктымын, - дечү. – Баарынан мен күчтүүмүн. Али сен көрөсүң го, баарынан озуп кетем». «Мактанчаак!» - деймин мен ичимден. Кээде ал өнөр жолунун кыйындыгын айтып калат. Туруп эле «Эй, ушул менден эч нерсе деле чыкпайт ко» деп да коёт. Учурдагы музыка тууралуу ойлорун айтып, кээде сөзүн алыс жактарга таштап, мага таптакыр бейтааныш кайдагы бир композиторлор жөнүндө баяндап кетет. Мунун баары мен үчүн такыр кызыксыз, ичимди бышырып жиберер нерселер эле. Ал негизи ары жагынан сөзгө сараң болгону менен, бир чечилсе узакка тынбай сүйлөй берер эле. Арийне, мындай учурда менин оюм башка жакка ооп кетет.

Төлөгөндүн мени сүйө турганына көзүм анык жетти. Мен чексиз бактылуу элем. Бирок ага ыраазы болбодум. Төлөгөндү дагы да кыйнай түшкүм келди – бул мен үчүн кызык эле. Ошол кезде анын кандай абалда жүргөнүн ойлосомчу… Өзүмдүн анын алдында үстөмдүгүмдү сезгенден кийин менин тентектигим чегинен чыкты. Консерватория студенттеринин жатаканасы алыс. Шаардын чет жагында, «Аттуу аскер» көчөсүндө, азыр башкача аталса керек. Мен Төлөгөндү узагыраак кармоого тырышамын. Муну атайын ошентем. Унаа токтоп калып, далай жолу жөө кетип жүрдү. Ошентип кеч кайткан бир күнү жатаканага жакындаган жерде эки-үч бузуку жабылып, болгон кийимин чечип алып кетишиптир. Өзүн аябай токмоктошуптур. Айтор аман калган. Ошол мени менен байланыштырган жол канчалык кымбатка түшкөнүн кийин билдим. Ал тоголок жетим эле, атасы да, апасы да, тууган-туушкандары да жок, эч ким каражат жагынан жардам берчү эмес. Анан калса, ал кезде жагдай азыркыдай эмес. Акча таап кийим алганча ай бою жолдош балдарынын биринин эски пальтосу менен костюмун кийип жүрүптүр.

Ошол убакыт ичинде мага бирби, экиби жолу гана келди. Уялган болуу керек, жакындабады. Бар болгону: «Бир чоң дүйнө баштадым, бүтүрүп таштайын деп, шарт келбей, созулуп барат, убакыт да жетишпей жатат» деди.

Арыстан менен ошол Төлөгөн келбей жүргөн убакта тааныштым. Бул экөө дүйнөнүн эки уюлу сыяктуу эле. Бирине бири кайнаса каны кошулбас адамдардан боло турган. Төлөгөн көркөм өнөргө сыйынса, Арыстан адабият, музыка дегендердин баарын эриккендин эрмеги деп санайт эле.

«Мурда го, – дейт эле ал, – биздин элибизде Толстой да болду, Тургенев да, Пушкин да, Чайковский да болду. Бирок Орусия артта калган мамлекет эле. 1905-жылы жапондордон кандай жеңилгенибизди тарыхтан окудуң. Орус армиясы менен флотун Толстой сактап кала албады, таза маскара эле болдук. Азыр эми илгерки сенек кылым менен техниканын жардамы аркасында Советтер Союзу дүйнө жүзүндөгү эң кубаттуу, эң алдыңкы катардагы державага айланып отурат».

Мага Арыстандын чечкиндүүлүгү жакчу. Бирөөнүн сөзүн оозунан жулуп алып, өзүнүн пикирин тарс айтчу. Кыз көңүлүн да эмне менен алышты билер эле. Канткен менен аны «сизден» бериге өткөрбөдүм. Мен Төлөгөндө кызганыч сезимин туудургум келди. Ансыз да өмүр сүрө аларымды билсин дедим. Бир жекшемби күнгө экөөнү тең бирдейине чакырдым жолугушууга. Өмүрү кечигип басып жүрө турган Төлөгөн негедир бул жолу эрте келди. Арыстан биз эшик алдына чыккан кезде келип жетти. Мен эми кези келди, экөөнү тааныштырайын деп тургам. Арыстан мындай кылдыра койбоду.

«Кечириңиз, – деди ал Төлөгөнгө карап өктөм үн менен, – бул киши биз менен бармак эле». Ошондой деди да, мени колтуктап алып басып кетти. Төлөгөнгө ызаам кайнады. «Неге ал да ушинтип эле алып кетпейт?»

Бул оюнум менен ишти жаман жакка буруп салганымды кийин билдим. Бир ай бою Төлөгөн көрүнбөй кетти. «Чоң дүйнөсүн» аяктай албай жаткан болсо керек» деген ой менен өзүм издеп барбадым. Акыры бир күн андан кат алдым.

Зия дивандан турду да, жатак бөлмөсүнө барып, бир көк конверт алып келип, курбусунун колуна карматты. Батима оозу ачык конверттин ичинен эскирип саргайыңкы тарткан төрт бүктөлүү кагазды алып, бүктөөсүн жаза баштады. Арасында бир нече жеринен сынган фото да бар экен.

- Ушулбу?

Бул – Зиянын өз сүрөтү болуп чыкты. Ошол жылдардагы сүрөт. Калың чыккан кызгалдактардын ортосунда турат, чачына да, көкүрөгүнө да гүл кыстарылган, колунда да гүл. Саал ийилип, жүзүн күлкү чайган. Өзү да гүлгө окшош. 

Батима сүрөткө карап калган эле.

– Бул – өмүр жолу кызыл гүлгө толо сыяктуу көрүнгөн кездеги сүрөтүм, – деди Зия угулар-угулбас.

– Койсоңчу, кайгы түбүнө бата бербей, бетиңди бырыш басып калган жок, жашсың, сулуусуң. Тек дениң соо болсун, он гүлүңдүн бири ачыла элек, дагы жигиттин гүлдөрүнө жолугарсың.

- Билбеймин, - деди кабактарынын арасы түйүлүп, ойлонуп калган Зия, – ушул күйөөмдөн кетемин дебеймин, бирок ал күндөргө кайтуу кайда. Эми мен үчүн эң таттуу мүнөттөр – өткөндү кыялданган сааттарым гана болмок. Макул эми, окуй гой. Бирок ичиңен оку,  мен болсо сени ээрчип турам – бул каттын ар бир үтүрүнө дейре жатка билем.

«Зия!

Саламатсыңбы.

Ушул сөздөн соң чекит койдум. Анткени эми сенин менин суроомо жооп бербешиңди жакшы билем. Мен кетип жатам.

Катуу кылдың го, сага эми эмне айтайын. Адам өз колун өзү кесе алабы. Сага оор сөз айткыдай менде ал да, дарман да жок. Абайдын баарыбыз биле турган бир өлөңүндө канчалык тереңдик, канчалык сыр бар экенин ушул азыр гана жүрөгүм менен сезгендеймин. 

Дүйнөдө сендей мага жар табылбас,
Сага жар менден артык табылса да.
Ашык шордуу саргайса да, сагынса да,
Жар тайып жакшы сөздөн жаңылса да,
Чыдайт ал ыраазы болуп жар ишине,
Кордук менен мазагына табынса да.

Мен адамдын эң асыл, эң назик сезимдерин музыка гана толук жеткирип бере алат ко деп ойлойт элем. Арийне, сөз кудуретин билем, айткандай. Ал мына бул сөз. Ушул сөз…

Чыдайт ал ыраазы болуп жар ишине...

Мен да ошондой чыдадым. Бактылуу элем, ошол кезде өзүң менен. Сенин үнүңдү угуп туруунун өзү эле мага канчалык кубаныч алып келер эле. Мен шордуу шылдыңдарыңды көрүп да, сезип да жүрөм, болбой эле ошол учурдагы да үнүңдү уккум келе берет. Бирок арга барбы... Ушундай болууга тийиш чыгар. Мен мындан ары Алма-Атада кала албаймын.

Ушул соңку айлардын ичинде кубаныч издедим – таппадым. Маңдайымдан сылай турган бир адам жок. Сени ошол кайгы-кубанычымды тең бөлүшөт ко дедим эле. Сен болсо мен кыйынчылык көрүп жүргөндө көккө көтөрүүнүн ордуна жерге тебеледиң.

Соңку ишиң өзгөчө жанга батып кетти. Ушундай болуп тааныштыгыбызды аяктайбыз деп эч ойлогон эмес элем.

Сени биринчи эле көргөндө издегенимди, эңсегенимди таптым го дегем. Баягы ыр, обон сага арналган эле. Өз ырымды сенин үнүң менен угуп жатканда төбөм көккө жеткендей болгон. Мен эмес, ушул ырды сен өзүң чыгарып, мага арнап айтып тургандай көрүндүң. Ошондо мен бир заматта бакыт кушундай асмана көкөлөп жүрдүм...

Бирок…көкүрөгүмдөн түртүп таштадың го... колуңдун изи дагы эле көөдөнүмдө так болуп турат. Канткен менен сага капа болууга акым бар беле... Кечир. Азыр ойлоп отурсам ошол кезде ченемсиз бир бейбаштык жасаган экем. Мени кечир... Балким мени менен макул эмес чыгарсың. Антсе да сен өтө эле катаалдык кылдың. Мүнөзүң катуу экен. Эмне болгон кызсың?! Мен сени жарым дер элем, жаным дер элем. А сен болсо... сен болсо, ташбоор экенсиң. Обон да, музыка кайрыктары да, менин жүрөгүмдү жарып чыккан ыр да сенин дилиңди жибитпеди.

Бирок…сезимиң чын эле ушунчалык алдамчы болгон беле?! Сен канчалык жүзүңдү үйрүп турсаң да ички бир үн мага тынымсыз шыбырап турар эле.  «Сен ага жагасыңал сени сүйөт» деп. Мен ушуга катуу ишендим. Сенин көзүңдөн, кээ бир кыймылдарыңдан мага деген жылуу сезимиң кадимкидей көрүнүп турар эле. Же мага ошондой болуп алдамчы сезим гана көрүндү беле? Ошондой го, болбосо сен башкача болуп кетмек белең?

Катуу кеттиң. Кордодуң. Кантейин... Бирок алдамчы сезим кургур көзү көрүп турганга али ишенбейт экен, «Зия сени сүйөт» деп ынандырат. Дал бүгүн ошого ишене албай калдым, ырас, буга чейин ишенип келгем. Алдандым да, алдандым. Жат бирөөнүн кучагында кете бердиң...

Кош, аман бол. Сенин чексиз бактылуу болушуңду каалаймын, менин колумдан башка эмне келмек эле. Кош, аман бол, жаным. Ак тилегим менен бактыңдың ашып-таша берүүсүн каалайм.

Ашыкча кеткендерим болсо, кечирерсиң, баарыбыз тең пендебиз го, каталык жасаган болушубуз мүмкүн да.

Төлөгөн.

15.V951».

Батима катты окуп болгондон кийин Зия аңгемесин андан ары улады.

Менин адегенде эле башыма «ал эми кайда кетет экен, неге кетет» деген ой келди. Бир нерсе болуп аттым өзүнчө эле. Башым кеңгиреп, айланып атат. Трамвай аялдамасына жүгүрдүм. Турам, турам. Трамвай жок. Эми такси кармайын дедим, такси өлгүрү да табылсачы, мындайда. Алар өтүп атат, өтүп атат, өтүп атат – баары бош эмес, кишиси бар. Акыры бирөө токтоду. Жол бою шофёрду шаштырып бардым. Мунусу да бир кенебес экен, эчтеме менен иши жок, кибирегенден кибирей берди. «Мындан ылдам жүрүүгө тыюу салынган, - дейт кебелбей, - авария жасашыбыз ыктымал».

Консерваториянын жатаканасы кайда экенин болжолдогонум менен, Төлөгөндүн кайсыл бөлмөдө турарын билбейт элем. Ошон үчүн кирип-чыгып аткандардан суроого туура келди.

«Төлөгөн деген жигитти тааныйсызбы, – деп сурадым кутусуна салынган флейтасын кучактап, тык-тык басып келе жаткан сулуу кыздан, – кайсыл бөлмөдө турат?»

«Төлөгөн…Ал азыр бул жерде жашабайт ко!»

«Кайда азыр?»

«Мм-м, ушу жакында аны...а-а, неме… батирге чыккан болуу керек… аныгын билбеймин. Жетинчи бөлмөгө барсаңыз, бирге окуган балдары ошол жерде жатат».

Бир коңкойгон кара жигит чыкты.

«А… Төлөгөн кимиңиз эле?» – деди ал суроомо жооп берүүнүн ордуна.

«Жөн гана…таанышым болот».

«Өтө өкүнүчтүү, – деди ал оозун колунун сырты менен тосо, эсинеп, - кечиктиңиз. Төлөгөн кече кетип калды».

Жонумдан кырк аяк жорголоп кеткендей болду. Тигил коңкойгон жигиттен андан кийин не дегенин укканым да жок, үйгө кантип келгенимди да билбейм.

Эртеси кайра бардым. Кайда кеткенин билип, жок дегенде кат жазайын дедим. Жеткенде эмнелерди жазарымды да ойлоп койдум. «Төлөгөн,– деймин, – өзүңдөн башка менин эч кимим жок. Менин каалаган адамым – сенсиң, сен канасың». Эркелеп, назданып жазгым келди. «Төлөш, кандай чыдабас жигитсиң, менин копол тамашамды да көтөрө албаганың эмнең? Аябай эле кызганчаак экенсиң ээ? Сенин алдыңда турчу ал ким? Дүйнөдөгү бардык-бардык жигитке сени алмаштырбасмын?!» Ушул ой менен кайгымды унутуп, бар аз болсо да бакыттын кучагында балкып алдым.

Эшикти каксам кечээги коңкойгон мурун кара жигит дагы чыкты.

«А, – деди ал, – алды-артыңызга карабай жөнөп кеттиңиз эле, кайтып келдиңизби?»

«Төлөгөн качан кетти?» – деп сурадым.

«Мурдагы күнү», – деди ал жай гана.

Ошол учурда менде бир күмөнсүнүү пайда болду. «Жок, Төлөгөн кеткен жок, окуусун таштап кайда бармак эле. Анын бүт максаты композитор болуу эмес беле. Тамашалап жазса керек. Азыр өз бөлмөсүндө отурган чыгар. Мени бир сынап көрөйүн деген болуш керек».

«Кечээ кетти дедиңиз эле го!»

Коңкобай бир аз аңырайып карап турду да:

«А, - деди дагы, мыйыгынан күлө, – мен ал сөздү айткандан бери дагы бир күн өтүп кетпедиби?».

Аркамды ызгар каарып бара жатты. «Акылымдан адашкан чыгармын, - деп ойлодум. – Кетти деп айтпадыбы, демек, кеткен…»

Анткени менен, дагы дале үмүттүн шооласы күйөт.

«Кетсе, кайда кетти?» – дедим.

«Кабарым жок. – Коңкобай муздай катып жооп узатты. Кайда бет алганын мен эмес, өзү да билбейт. Новосибирск жактагы бир казак кыштакта туугандырым турат дегенин эстеп калдым. Ой, ал ушундай бир туюк эле, эч кимге да сырын ачып салбайт».

«Өтө жакшы жигит эле, - деди менин аяк-башымда сыдыра карап алып, - бирок  жеткен намыскөй болчу, өз айтканынан башкага көнчү эмес. Кийинки күндөрдө аябай эле ачуулуу да болуп кетти. Стипендияга жетпей калды. Кыш бою кандай күн көргөнүн билбейм, айтор, ар жекшемби сайын ар кимдин кара жумушун кылып акча таап жүрдү окшойт».

«Талантсыз жигит эмес эле, – деди бир аздан соң мага кадала караган бойдон. – Тек жазгандары… мындай да эми… ии-ии… ыйлагың келет. Акыл, кеңеш иретинде достук сын да айтып көрдүк. Адам бир оолугуп алса, кайра артка кайтыш кыйын го, көктү чапчып, жерге түштү... укпады. Акыры ошонусу түбүнө жетти».

«Ушунча сурап келипсиз, - деди ал кайра, – жердешиңиз беле?»

«Жок, – дедим, – жигитим!»

«Жигитиңиз болсо, ал тууралуу эч нерсе билбегениңиз кызык экен!»

Аздан соң:

«Бүгүн кеч сонун болуп турат, - деди мага карап, – кино көргүңүз келбейби?»

Ырахмат айтып кетип калуудан башка эч нерсе калган жок бул жерде ушул учурда.

Мен ошентип жоготтум Төлөгөндү. Жоголгон нерсе табылып калышы да мүмкүн да, аны мен табам го деп үмүт кылып жүрдүм. «Алма-Атага айтор бир келер, ошондо мага кантип эле жолукпай кетсин». Ошондон кийин көчөдө да жан-жагыма карап жүрчү болдум. «Мүмкүн кездешип калабыз». Кездешпеди. Бир жолу китепканага бара жатканда автобус аялдамасындагы элдин ичинен ары карап турган бирөө көзүмө ушунчалык жылуу учурады. «Төлөгөн!» деп ойлодум. Кыйкырып жиберейин деп араң кармандым. Жүрөгүм дүк-дүк согуп, кан басымым көтөрүлдү. Жакындап келип карасам, баягы коңкойгон жигит экен.

Ошентип бир жыл өттү... Эки жыл өттү... Азап болуп үчүнчү жылды да узаттым. Ошол үч жыл бою Арыстан менин артымдан калбады. Айткандай мен ага бир да жолу сыр берген эмесмин. Эми мага такыр келбеңиз, мен башканыкымын деп далай жолу айттым. Кеп жебес экен. Көбүнчө сөздү башка жакка оодарып жиберет же менин айтканымды тамашага чалып ийет. Өзүнүн жолдоштору лабораторияда бирге иштеген кыздар тууралуу айтып баштап, ага-буга өтүп, анан түз эле киного сүйрөйт. Канча деген менен мен дале пендемин го, аз-аздан жибий баштадым. Төлөгөн сага жок эми, аны унут эми деп өзүмдү өзүм көндүрүүгө аракет кылдым. Бирок мунум үчүн Төлөгөн мени катуу жазалады. Өзү жок болсо да, ырлары артымдан калбайт. Ара-чородо радиодон да берип калышат. Анын ырларын жаштар да оозунан түшүрбөйт. Кечелерде да, тойлордо да, жыйындарда да... Төлөгөндүн өзүмө арнаган обонун эстегенде эмне болуп кеткенимди да биле албай туруп калам. Кар жааса үйдө отурмай жок. Жылуу кийинип алып сыртка чыгам да, баягында Төлөгөн экөөбүз жүргөн жерлерге барып жалгыз өзүм жүрө берем. Ошол армандуу түнгө окшош далай түндөрдү өткөрдүм, бирок жанымда Төлөгөн болгон жок. Далай жолу ал кезде Төлөгөнгө эркелегеним эсиме түшүп, асмандан чубалып келе жаткан кар бүртүкчөлөрүнө алаканымды тосуп турдум, бирок мени эч ким кучактап өппөдү...

Акыры мен мединститутту бүтүп, бул эле Жамбыл облусуна жумушка кеттим. Убакыт өткөн сайын Төлөгөндү кездештирем деген оюм өчүп, акыры такыр үзүлдү. Бактымды чын эле колдон учуруп жибергениме эми чындап көзүм жетти. Адам деген неге болсо да көнөт экен – көндүм. Көнбөгөнгө айла барбы?..

Арыстан мага ар жекшемби сайын автобус менен келип кетет. Акыры мен Төлөгөндү унуттум деп өзүмдү өзүм биротоло ишендирдим. Аз убакытка унуткандай да болдум. Эми Арыстандын кучагына куладым. Той таркар-таркабай жатып эле Арыстан кандидаттық диссертациясын коргоду да, Новосибирскиге которулдук.

Арадан төрт-беш жыл өттү. Көйөөгө чыкканда алгачкы айларда Төлөгөндү кайра ойлоп жүрдүм да, акырындап кайра унуттум. Эми чындап унуттум. Арыстан жаш болсо да, кадыры зор, зоболосу бийик. Башына бак-мансап конуп жүргөн аалым аксакалдар да аны жогору баалайт. Жаш деп алпештейт, келечеги кең деп сыйлайт. Муну мен да мактаймын. Тек аралашып жүргөн, дос-жар саналган адамдарын баары да Арыстанга окшоштор. Булардын көпчүлүгү дүйнө кызыгынан бейкапар, эсеп машиналарынан башка эч нерсеге шыгы жок, өз ишине берилген фанат жандар.    

Башкалар үчүн бактылуу сыяктуу элек Арыстан экөөбүз. Эл кандай жашаса, биз да ошондой жашап аттык. Мен ага адал жар болуп бердим. Бир арманым бала көрүү эле, тагдыр башыма аны жазбаптыр. Менин бул кайгымды Арыстан ойлоп да койбогондой. Төлөгөн сыяктуу эле анын да мен түшүнбөгөн бир мүнөзү бар эле. Кызыгы, кыйла жыл бир жашап, бир үйдө түтүн булатып отурсак да, эрди-катындай сырдашып сүйлөшө албайбыз. Дене-боюнда бир дүлөй күч бар сыңары, адамды эзип, жанчып турат. Чынымда айтсам, мен андан коркор элем. Адегенде не болгондо да, экөөбүз өтө жакшы турдук. Идиш-аяк кылдыраган жок. Ошентип жүргөнүбүздө эле бир күнү…

Сен жиндикананы көргөнсүңбү? Шаардын чет жагында жашаган ооруларыма бара жатып жанынын өтүп калдым. Дүйнөдө мындай шумдук болот деп ойлогон эмес экемин. Сырткы жыгач тосмолорун уратып таштап, анын ордуна эми кирпич дубал урмак болуп жаткан окшойт. Короо бийик темир менен курчалыптыр. Ары жагында адамга караганда жаныбарларга көбүрөк окшош үстү-башы ала-була кишилер жүрөт. Бирөөлөрү отурат, бирөөлөрү жылаңачтанып алып, ачык жерде күнгө кактанып жатат. Көбү туш келгендей ыржалактап өздөрү менен өздөрү. Эки-үчөө мени көрө калып качанкы бир эски  частушкаларды ырдап кирди. Мен коркуп кеттим. Ал жакка жакындабай, айланып өтө турган жакка салдым. Бирок кайра эле байкабай алардын жанына барып калыпмын. Тез-тез басып жанынан өтүп кетүүгө тырыштым. Капыс эле мага бирөөнүн кадала тиктеп турганы көзүмө урунду. Жалт бурулуп карадым, карадым да үстү-башында соо жери жок, тамтыгы чыккан, чачтары уйпаланган, үрпөйгөн бирөө тосмого сүйөнүп кыймылсыз катып турганын көрдүм. Анын эки көзү мени теше тиктейт. Мен аны жалт караганда ал ошол замат колу менен бетин басты да, терс бурулуп кетти.

Эс-учумду билбей үйгө келдим да, диванга куладым. Бул – Төлөгөн эле. Ооба, ошол эле! Бирок көргөн көзүмө ишенбедим, аныгын билейин деп үч-төрт күндөн кийин дагы бардым. Башкы дарыгер – картаң киши – менин Төлөгөнгө келгенимди билген соң үндөбөй бир аз турду да:  

«Ал кимиң болот?» – деп сурады. Кимим демек элем, «Жөн эле таанышым» – дедим.

«Э, анда, башка, – деди. – Өзүнүн тууган-уругу жок жигит эле дейм да. Ушундан алты-жети жыл мурда бир алыс туугандарымын деп бирөө алып келип тапшырган. Чөп чаап жүргөндө талаада уктап калган экен дейт. Ошондон Ай чыкканда ойгонуптур... Алгач кыйкырып ырдап тынч алган эмес экен, кийин болсо такыр сүйлөбөй турган болуптур. Ошол бизге келген жылдан бери бир да жолу тентектик кылбады. Үндөбөйт. Кээде тек гана колун эрбеңдетип, менимче, батыш классиктеринин чыгармалары болуу керек, алда кандай бейтааныш обондорду ышкырып кетет жана бир баштаса, кудай сактасын, жакын арада токтотпойт. Биздин иш өзгөчөлүгүбүздү билерсиз, бирок ага күчүбүздү көп колдоно бербейбиз. Ооруй электе өтө акылдуу жигит болсо керек... Эми, кечиресиз, сиз кечиктиңиз, ал бүгүн таңга жуук бу дүйнөдөн өтүп кетти».

Мен теңселип, жыгылганы калганда дарыгер кармап калды. «Минтип жүргөнчө өлгөнү жакшы болду, – деди ал, – андыктан сүйүнүшүңүз керек».

«Капа болбоңуз, – деди дарыгер дагы мени кайраттанткысы келип, – бул жалган дүйнөгө кимдер келип, кимдер кетпеген, бир күнү болбосо, бир күнү баарыбыз ушулбуз. Бирок байкуш соңку үч күн ичинде катуу азаптанды. Кимдир-бирөөнүн атын чакырып, бир нерселерди сүйлөнүп күбүрөп атты. Көптөн бери унутуп калган эски адатын кайра баштап, ыңылдап бир нерселерди кандайдыр бир обонго сала берди».

«Бирок, – деди дарегер аздан кийин, – таанышыңызды соңку ирет көрүп калгыңыз келсе шашылыңыз, али сөөгүн көмө электир».

Мен же өлүү эмес, же тирүү эмес, дарыгердин артынан жүрдүм.

Ал созулуп, тынч гана жатыптыр. Ошол баягы менин Төлөгөнүм, мага тааныш адам. Бирок түсү баягы эмес. Мен жакын барып, көкүрөгүндөгү айкаштырылып койгон колун кармоодон корктум. Ошентсем эле ал шарт туруп «Сенсиң мени өлтүргөн!» деп ийе тургандай сезилди.

Мен анан, Төлөгөндүн сөөгүн алып, бүт ырымдарын жасап, өз колубуз менен коёбуз дегенге дарманым жетти. Үйгө келген соң Арыстан экөөбүздүн ортобузда чоң жаңжал чыкты. Мен өз айткандарымды кылдым. Төлөгөндү жерге бергендин эртеси эле өзүмө ушунчалык бактысыздык алып келген калааны да, Арыстанды да таштап, Алма-Атага баргым келди.

Кара жамынган бөлмөнү оор тынчтык басты. Эки аял бири-бирине жакындаша, кыймылсыз, үнсүз отурат. Тек гана дубал боорундагы жыгач тыштуу чоң сааттын бир калыпта, эч нерседен бейкапар соккон үнү гана угулат.      

- Сөөгүнө барганда алдым жанагы сүрөттү, - деди бир аздан соң Зия тынчтыкты бузгусу келбегендей, сыбыр кыла, - төш чөнтөгүнөн чыгыптыр. Менимче, кезинде биздин кыздардын биринен калып кетсе керек. Өзүм жат бирөөнүн кучагында жаткан кездеримдин баарында тең сүрөтүм Төлөгөндүн жүрөк тушунда жүрүптүр. Мен арам денемди сатып, алдамчы сезимге жетеленип жүргөнүмдө анын ошол жансыз сүрөттөн башка сүйөнөр эч нерсеси, таянар таянычы болгон эмес экен... Ал эми азыр болсо көңүл жубатууга да анын сүрөтү менде жок. Болгону бир барак кагаздагы каты менен обону…

- Обону?! – деди Батима суроодон да айбыккандай токтоло калып. – Ал кандай обон?..

Зия сааттын жебеси жылган сайын андан чыккан үнгө кулагын бир аз түрүп турду да, Батимага студент кезинен бери жакшы тааныш бир обонду назик үн менен жай баштап, кайырмасына келгенде ары карай уланта албай өксүп-өксүп ыйлап жиберди...  

Казакчадан которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз