Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» XI

  • 09.03.2021
  • 3970

НАГАРА

Тарта билет сурнайды,
НАГАРАНЫ урганды…
Анда, ал бала – сурнайчы,
Барабанчы турбайбы.

Эне тилдин адиси
Эргеш агай жашасын!
Таап берди ал бизге
Барабандын ѳз атын.
Мындан ары сен дагы –
Нагара деп жазасың.

КАДУУ

Үңүрѳйүп колоттор
Күн эңкейип кечтеди.
Ээн тартты заматта
Тоонун эңиш беттери.
Демек, анда кулжалар
КАДУУНУ артып кеткени.

КЕРИМСЕЛ

Саратандын маалында
Ысык шамал – КЕРИМСЕЛ
Кѳлѳкѳнү издетип,
Кара терге чѳмүлтѳр.

ДАҢГЫТ

Карышкыр тийип койлорго,
Канчабызды дарбытты.
Кармашсын деп бошоттук
Канчык эмес, ДАҢГЫТТЫ.
Алы жетпей, акыры –
Ал кашабаң кан жутту.

ТОРБО

Алыс жолду арытса,
Ач деген го болжолу
Ат башына илиптир
Арпа салган – ТОРБОНУ.

Кара терге чѳмүлүп,
Карды малтап келаттык.
Касиети арпанын –
Оңой эле бел аштык.

МИСМИЛДИРИК

Жаңы консок жакага,
Жаныбызда жоо барбы?
Кой жоголуп, издетип,
Эсибизди оодарды.

Араладык аябай
Карагай, тал, жылгынды…
Жетели деп артынан,
Коё бердик чылбырды.

Камчыбызды сүйрѳтүп,
Кечте кайттык кур жалак.
Жемеге алат деп турсак,
Чоң атабыз жылмаят:
- Кѳрүнбѳсѳ – карааны,
Угулбаса – кабары,
МИСМИЛДИРИК анда эле
Болду дей бер аягы.
Кайгырбайлы кур бекер,
Калган мал жок атадан.
Байлык деген табылар,
Болсо болду баш аман.

БАКЫЛ

Кебек бербей чычканга,
Бир тыйынын санаган
Жан кѳрсѳңѳр, эгерде
Анда БАКЫЛ – ал адам.

Эл андайды абалтан
Битир, зыкым, сараң дейт.
Жайнап бышса алчасы,
Жалгыз талын араң жейт.

ДЕЛДЕШ

Үч жашында кулжаны
Мергенчилер ДЕЛДЕШ дейт.
Күлүктүгү мынчалык,
Куугун кууса – чендетпейт.
Ѳмүрү ѳтѳт аскада,
Талааны эңсеп – жер кеспейт.

ТИЛАЗАР

Жайып койгон тезекти
Тийбе десең – кулатар…
Укпай, моюн толгогон
Андай балдар – ТИЛАЗАР.

Оёндордун адаты –
Ойноп келип, эс алат.
Эжекесин тажатып,
Эртесинде «эки» алат.

БЕГИЗ

Эне тилден кездешет
Жалкы маани, эгиз кеп.
Айтса болот, мисалы,
Текши, түз же, тегиз деп.
Ким талашса – жүйѳѳлүү
Шибегени БЕГИЗ деп.

Бул ѳңдѳнгѳн сѳздѳрдүн
Кѳп экенин билемин.
Алар бири-бирине
Болот тура – синоним.

Эсте:
Мива – жемишти,
Сузгу менен чѳмүчтү.
Унаа менен кѳлүктү,
Эчки менен чебичти,
Жолдош менен шерикти,
Носорогду – керикти,
Кѳгүлтүрдү – кѳгүштү
Анан дагы, албетте,
Шибегени – бегизди.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз