Үрүниса Маматова: Ааламдык акын болуп ал!

  • 15.03.2021
  • 3665

Манас Алымбаев деген акын бар экенин жар салып Данияр Исанов, анан, «Чаңгетке» чаап барып (оңой жол эмес) акынды таап алып ырларын жарыялаганы бир сонун болгон эле! Бул ушул тууган тууган боло албай, дос дос боло албай ынтымак каат болуп, киши кадырын киши билбей, жакшы сөздөн жаман сөзү көп жаат-жаат жаакташкан Фейсбукта жакшылыктын жарыгы, достуктун үлгүсү болду.

Мындайды мен өмүрүмдө көргөн да, уккан да эмесмин. Талантты таануу, баалоо ушунчалык болор! Даниярга Кудай ыраазыдыр. Калмуратты күйүп-күйүп эскерип, күйүтүн эмне  менен басарын, анын өчүн кайдан, кимден алаарын билбей буулуккан Данияр күчүн Манастан чыгарып «өчүн» алгандай түшүнөм. Калмуратын колунан алдырып, Манасын кантип издебейт?! Кадыры ыры менен өткөн барктуу Манас, жоктоору, издээри бар бактылуу Манас! Даниярдагы адамдык аруулукка, улуулукка, айкөлдүккө таазим этип, көп өтпөй Манас акындын өзү менен Фейсбуктан жолугуп, ыр ырахатын бөлүшүп, бүгүн минтип, поэзия айдыңында ыртуугандык ынак мамиледе болуп отурганыбыз андан да сонун!

Жарыялаган ырларындагы үтүр, чекитке кийлигишкен комментарийлерди жазып жүргөнүмдөн улам болсо керек, Мессенжерден: «Эже, поэмаларым бар, пикириңизди уксам...» - деди. Али ийине жете элегин айтып, азырынча эч кимге көрсөтпөй окуумду өтүндү. Макулдаштык. Жиберди. Поэма «Көз, Эне жана Күн» деп аталат экен. Мен окуп, кубанып, Манасты издеп тапкан Даниярга, Манаска ыр берген Кудайга ыраазы болуп бүтө албай тургуча Махабат Алымбекова баракчаман алып чыгып, зиректер Фейсбукту дүңгүрөтүп ийишиптир. Эми менин пикир айтуум деле зарыл эместей жагдайга туш болдук.

Оор ойду, оор тагдырды көркөм чагылдырып, окурманга жеңил жеткиргенге жетишкен, талантына сабаты айкалышкан айкашка акынга аз гана айтаарым бар, муну мен айтпасам, эч ким айтпайт. Поэмада көптөргө таандык, элге билинбей сиңип кеткен, эч ким эре-төрө албаган, айрыкча, Фейсбуктагы пост, комментарийлерде көп кездешкен, оозеки сүйлөшүүгө, жазуу иштерге кирип кадыресе жайланышып алган, терс энергияны камтыган сөздөр, сөз айкаштары, сүйлөмдөр, ыр саптары. Ушуну мен дагы кечирээк байкап кыйладан бери кыжаалат болуп жүрсөм, минтип, Манастын периштеси айттырмак болду. Поэмада мындай куплет бар:

Көсөм болуп көр оокат талашабыз,
Көз тойбогон дүйнөгө тамашабыз.
Көздөрүбүз фонардай жанган менен
Көкүрөгү көр болуп баратабыз.

Кудай сакта! Сен дагы, мен дагыбы, Манас?! Ырас, «Бирдики миңге, миңдики түмөнгө», ошондо да бүткөн бойду дүркүрөткөн жаман сөздү минтип жалпылоого болбойт! Бул бир гана Манаска тиешелүү эмес, көбү ушинтип кайпактатып, кайманалатып наалышат. Муну көзү бар, көкүрөгү сокурлардын өздөрүн эле өзгөчө белгилеп, жылтырап туруп көрбөгөн көздөрүн челейте сайып айтуу керек. Өзүңдү, бүт баарыбызды кошпой эле, сыпайыкерчилик менен («биз деле сендейбиз, катуу тийсе, капа болбо» дегенсип) аларды сылап-сыйпабай эле айта бер. «Жакшы сөз, жаман сөздүн кулагы бар», - дечү эле менин апам. Ооба, кулагы бар, ооздон чыгары менен жетип келет. Ой дагы ошондой. Айрыкча, өзүңкү өзүңө октой тийет. Алик акын: «Жакшы акын, жаман акын болбойт, ал – акын же акын эмес», -  деген болчу. Сен акынсың, бул – касиет. Ар бир сөздү абайла.

Уйкаш, альтерация ойду көркөмдөйт, киши жакшы кийим кийгендей, алар керек, а зарыл болгондо курмандыкка чалууга болот. Бул – уйкаш менен альтерациянын артынан түшүп алба дегеним.   

Виртуалдык байланыштан ушул сыяктуу бир-эки бирдеме айтып алып кандай кабыл алаарын ойлоп: «Көпкөлөң, кепжебес көкжинди болбогой эле...» - деп турсам, аш-паш дегиче, бир табак аш жегиче, бир чыны чай ичкиче поэманын оңдолгон вариантын жиберди. Пикирлешүү, түшүнүшүү, кишинин айтканды укканы, ага сөзүңдүн жукканы, аны менен оюңдун бир жерден чыкканы бир жакшы да.

Жараткан жаны менен бирге жууруган таланты канчалык зор болсо, түйшүгү ошончолук майда, эзме экенин билип, ошого көнүп маш болуп алган акынга, ак тилек арнадым: Манас, чыгармачылык узак сапарда «чапканың сайын көз чыгып», ар бир чыгармаң «чыракка май тамызып», талантың менен эмгегиңдин үзүрүн көргөн ааламдык акын болуп ал. Биринчи өмүрүң тибеттикче болсун, экинчи өмүрүң түбөлүк.

Ашыкча мактасам, акым бар.

КӨЗ, ЭНЕ жана КҮН

Жез табагы жолсуз да жолдуу болчу,
Жолдун жээги көнүмүш орду болчу.
Тыйын салган шыңгырак ырыскысын
Тыңшап күткөн бир азиз шордуу болчу.

Аңгычакты айгайлап аламан топ
Аңбы, дөңбү, атаңбы?... караган жок.
Капкараңгы дүйнөдөн кайсы жакка
Качууну эч ким айтканга жараган жок...

«Өрт чыкты!» - деп бакырып четтен киши,
Өмгөктөтпөй тээп өтүп жеткен киши,
«Көрбөгөн соң күйгөнү жеңил беле,
Көздүүлөрдүн болгончо тепсендиси...»

Колтугунан болбоду таяган жан,
Колун сунуп азизди аяган жан.
Тапырашып тээп өтүп кетишкендир,
Таппай калды сыйпалап таягын да.

Таянууга шай келбей билегине,
Талыкшыды жалындын илебине.
Аптап тааныш окшоду азыр ага
Апасынын кагылган жүрөгүнө...

«Оттон ысык аптабы Күндүн», - дечү.
«Күн бар үчүн жашоо бар, билгин», - дечү.
«Жүрөгүндө катылуу Күн илеби
Адамдарды Күн сымал сүйгүн», - дечү.

Айтканындай апасы Күндү сүйдү,
Манжалары магдырап гүлдү сүйдү.
Кайсы маал жагаарын айтуу кыйын,
Айырмалай албады күндү-түндү.

Алыс-жакын, эрте-кечти чектей албай,
Айланкөчөк дүйнөдөн четтей албай
Айласыздан агылды эл нугунда,
Апакесин анчейин эстей албай.

Кээде тайып таягы чалынганда,
Жардам берсе назик кол кагынганга,
Ошол колду сыйпалап жыттаар эле,
Окшоштуруп апасы табылгандай!...

Адаты жок бирөөнүн сөзүн бөлүү,
Жашынан жат корунуу, өзүн бөлүү...
Эс тарткандан берки бир тилеги эле
Энесинин жамалын, көзүн көрүү!

Бир түшүнүк балдардан жетээр эле:
«Менин апам эң сулуу», - дешээр эле.
Сулуулукту болжолдоп, энесинен
Элеп-желеп Күн табын сезээр эле.

Алай-дүлөй бороондо буюгуудан
Бир жылуулук көзөгөн туюгунан
«Менин апам Күнгө окшош болсо керек», -
Деп ойлоочу ички бир туюмунан.

*     *     *

Курган азиз төрөлсө бу жарыкка,
Дүйнө ушундай туруптур мунарыкта.
Акыл кана күн-түндү аңдабаса,
Аалам агат ал үчүн бир калыпта.

Убадасын унутуп башты айланткан,
Уулун көргөн күнү эле таштай каткан.
«Биздин тукум таза эле, сен күнөөлүү», -
Деп атасы бүлөсүн таштай качкан.

Укпагандай энеси эчтемени,
Уулун аман чоңойтуу – беттегени.
Андан бери убакыт суудай акты,
Ата сөрөй буларды эстебеди...

Баш калкалап батирди күнүмдүккө,
Топук  кылып жашашты тирүүлүккө.
«Жаман, - дечү энеси үшкүрүнүп, -
Жаны туруп айланган тирүү өлүккө!...»

...Байкуш эне сыр бербей басып жүрүп,
Бар түйшүгүн ичине катып жүрүп
Кеткен экен күйүтү ичке түшүп,
«Балам, балам, балам», - деп жашып жүрүп...

Эң жакыны бир түнү жатка айланды -
Таңга жуук энесин таппай калды.
Көктө Күндүн мээрими төгүлүүдө,
Жерде Күндүн жүрөгү какпай калды...

*     *     *

...Өрт алоосу жакындап эмнегедир,
Ой келди ага айдарым жел менен бир:
«Күн өзү – От, а энем Күнгө окшосо,
Булар мага жөн жерден келбегендир...

Ачпасам да Ааламга тереземди,
Азыр көрөм Күн жүзүн энекемдин.
Тирүүлүктүн бактысы ушул көзбү?
Көзүнөн өп, энеке, көлөкөңдүн...» 

...Көздүүлөрдүн болду азиз тепсендиси,
Көк чаначтай тээп өтүп жеткен киши.
Тирүүлүктүн баасы азыр бычылгандай,
Тирүү туруп: «Өлдүм», - дейт четтен киши.

Кимиси азиз, ким көздүү таразалап,
Көр дүйнө тур мыскылдап, тамашалап.
Күндөн бүткөн От кана чыдай албай,
Жалын менен баратат арачалап...

*     *     *

Көз тойбогон дүйнөдө тамашалуу
Көсөмдөр да көр дүйнө талашабы?!
Көздөр жайнап чырактай турган менен,
Көкүрөктөр көр болуп баратабы?

Бирөөдөгү кемтикке көзү түшүп,
Өз башынан төөдөйдү көрбөгөн жан
Көкүрөгү көр туруп көздүүсүнүп,
Жашай берет турбайбы өлбөгөн жан.

Азиз жанды аябай жөөлөп өтүп,
Араң жыйган акчасын өөнөп өтүп,
Адалдыкты аздектөө мынчалык оор?
Аруулукту булгашты көөлөп өтүп...

Билегине таянып зор болгондор,
Билимдери өзүнө ор болгондор,
Кордолгондор... ошолор кор болгондор -
Көздүү туруп көөдөнү көр болгондор!...

*     *     *

Кандай бакыт Асман, Күн, Айды көргөн,
Төрт мезгилди: Күз, Кыш, Жаз, Жайды көргөн.
Балапанды бактылуу чыйпылдаган,
Балыктары ойногон сайды көргөн.

Көз караштан көшөргөн Көк талыса,
Көктүгүнөн Деңиздин көз талыса.
Көгүчкөндүн канатын коштоп алып,
Кошо учуп баратса Көз жарыша!...

Желедеги кулундун булкунганын,
Жайлоодогу гүлдөрдүн кулпурганын
Качандыр бир көз менен көргөн үчүн
Көздү жумуп эстейсиң унутулганын.

Асан-Үсөн – жети нур түсүн көрүү,
Апакеңдин уузун, сүтүн көрүү
Кандай бакыт. Ааламда сулуулуктар
Атайылап жаралган үчүн, Көрүү...

Манас Алымбаев. 15.03.2021. Бишкек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз