Омор Султановдун «Чарчоонун жүзүнчү ыры» жыйнагындагы канаттуу саптар

  • 15.03.2021
  • 6856

*     *     *

Кусалык – коркунучтан жырткычыраак.

*     *     *

Күтүү дагы какжырап чарчайт.

*     *     *

Акылда көчкү жүрүп, сезимди кыян кылды.

*     *     *

Сүйүү жолу – күтүү жолу.

Орто жер жок – бактысыздык же бир абдан чоң бактыга жолугуу.

*     *     *

Көздө эмне айып?

Көргөнүн көргөнүндөй айтат экен.

Түтөтүп азап чеккен жүрөк экен.

*     *     *

Туулган күнүң тынбай аккан ал агын.

*     *     *

Эртең эле дүпүйгөн бак -

бүгүнкү үлп эткен желге ийилген жап-жаш көчөт.

*     *     *

Түн менен жарык Күнгө аралаштырып

мен сени бакыт дедим.

*     *     *

Канаттуу учуш керек

балыкты бастырууга мүмкүн эмес.

*     *     *

Күлкүнүн кургактыгы - көз чарчатат

Ээндик – элеңдетип эс чыгарат.

*     *     *

Өксүк менен кусалыктан мен өлөөрчө чарчагам.

*     *     *

Кандай кана жаман нерсе –

Кабылбасаң кадыр билген кишиге.

*     *     *

Көп сөздөрдөн айтылган

абдан туура – туурараак

бурап койгон бир бурама.

*     *     *

Бактардын абийири – жалбырагы.
Канчалык бороон, шамал урса дагы
Кетирбей бекем кармап турат аны.

Атаганат, адам дагы
ушулардай болсо баары?!

*     *     *

Бакыттын да, байлыктын да башталышы

ал абийирде.

*     *     *

Мен эмнеге билбей жүрдүм өлчөмүн
агып турган тирүүлүктүн?

*     *     *

Каратып туруп калпты чын деп турса -
ошол замат оозуңа тоңуп калат
айтайын деп аздектеп жүргөн кебиң.

*     *     *

Канчалык сүрсөң да өмүр
жалган жашап
булганган көңүлүңдү бир тазартат.

*     *     *

Убакыт үнсүз агат
деп ким айтат?

*     *     *

Баарынан
айыкпаган оору кордук.

*     *     *

Ишти иштебөө керек чала.

*     *     *

Ысык-Көл деген ысык көз жашым
экендигин алар билбейт.

*     *     *

Уктасам да коркуп уктайм
чарчап калам
коркунучтуу уйкудан...

*     *     *

Убакыт кармалбаган менен колго
чачылып жатат
үйдө
ойдо
тоодо!

*     *     *

Мастар ичет өткөнүн
унутууга
Өздөрүн өздөрү тез
курутууга.

*     *     *

Өтөт турмуш эки кабат:
күндүз
түндө.
Өтөт жашоо жадап-жадап:
сыртта
үйдө.   

*     *     *

Акын болуу кандай кыйын?!
Оңой болуу - президент.

*     *     *

Акын жүгү -
Бүтүн бир доор.

*     *     *

Акын бүгүн ойлонбосо,
Эртең ойлоо кеч болот.

*     *     *

Көздөр курч
бирин бири тинтип карап
тереңге каткан сырды билип алат.
А бирок, сөздөр андан курчтук кылат.

*     *     *

Көчөдө
тагдырларын көтөрүп эл жүрөт.

*     *     *

... Адамдар эч качан арал боло алышпайт.
Эдгар По.

*     *     *

Жалгыздык – өлүм окшойт тирүү үчүн.

*     *     *

Сен өлүмгө кол берип,
төрөлүүгө достоштуң.

*     *     *

Жүрөктөрдө күмөн түшкөн жара бар.

*     *     *

Айрылуу жок күн менен
Сен кайрадан жолугуша бересиң.

*     *     *

Өксүгөнүм бир гана -
Өзүмдү өзүм билбеймин.

*     *     *

Баардыгы баталашып алгансышып
Таланттар таң көрүшпөйт жакшылыктуу.

*     *     *

Акыйкат - эл, айыңчылар – эл эмес.

*     *     *

Адамга эң кереги – ыйбаа менен абийир.

*     *     *

 “Жан чыкса – чыккан ал жан кайда кетет?”

*     *     *

Ашуу соңу – кайра жаңы ашуу.

*     *     *

Жол азабы азап эмес – жол өлүмү азап.

*     *     *

 “Алакандын бырышындай – ак эмгек
ал сеники, аны эч жерден
эч ким ала албайт”.

*     *     *

Дүнүйө өзү – бу да эскирет,
Эскирбесе ал эч качан жаңырбайт...

*     *     *

 “...Тирандар түшүнүшпөйт акындарды
Түшүнгөндө өлтүрүшөт аларды”.
А. Вознесенский.

*     *     *

Адам жанын өлтүрүүгө болор азга,
бирок өлбөс оттон, суудан аман чыккан идея.

*     *     *

Жетилет жаңылыштык жеңиш менен.

*     *     *

Акындардын расмиси -
аксап барган адилдиктин туягына кол төшөө.

*     *     *

Ар адамда боло бербейт сүйгөнүнө жолугуу.

*     *     *

Ойго алдыруу өзүн-өзү унутуп,-
Өзүм эмес душманыма каалабайм.

*     *     *

Үнсүз каткырыгым көккө учат.

*     *     *

Жол менен эшек минип чал бараткан,
Мас чоңдор “мерседесчен” баштары май.

*     *     *

Бир таттуу даам – өткөн күндү эскерүү.

*     *     *

Жаш курагы теңдер бар
Кадырыңды билбеген
Кадимкидей кемдер бар.

*     *     *

Мен ачка калуунун да даамын жакшы билем,
ачкачылыктын да.

*     *     *

Кээ бирде алдап кеткем аялдарды
эч качан досторумду алдабагам.

*     *     *

Калп айткам,
Анткени бирөөлөр үчүн бет кызарган,
Калп айткам,
Себеп десең,
Бирөөлөрдүн шагы сынмак.
Калп айткам кээ бирде эч себепсиз.

*     *     *

Тоо байлык – байлыктарын катыш керек.
Тоо сырлуу – сырын издеп ачыш керек.

*     *     *

Баалабаса таланттарын аздектеп,
Башчың эмес, байкуш элдин шору.

*     *     *

Алптар кетип жатат ажаты ачылбай,
Ашкан байдай ачылбаган сандыгы.

*     *     *

Зоболосун канча бийик көтөрбө,
Зор талантка тар болобу кичине эл?!

*     *     *

Көз караштан кайткан – өлүм.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз