Сүйүүнүн көбү никеге барып өлөт

  • 27.02.2021
  • 4224

Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы”китебиндеги “Жомоктун кайтып келиши” бөлүмүндөгү асыл сөздөрдөн

*     *     *

Бул дүйнөдөгү эң биринчи улуулук - төрөлүү, андан кийинки улуулук - махабат. Биринчи улуулук өлгөн менен экинчиси эч качан, эч убакта жок болбойт, аны билген, ыйык көргөн эл барда улуулуктун ыры болуп жашай берет.

*     *     *

Көңүлү жумшак адамдар эч убакта сүйүүсүнө жете албайт, жетип турса да, жеткен күндө да алар эч качан бактылуу болушпайт.

*     *     *

Чын сүйүүсүн жашырган адам өзүн өзү өлтүргөн менен барабар. Өз сүйүүсүнө жетип туруп жетпей койгон адам өзүн да, сүйгөнүн да жок кылган менен барабар.

*     *     *

Өмүр бою махабат менен бакытты издеген адамдын жетпесе да бир сүйгөн адамы, жаныңа жаны кошулган, сен үчүн гана жаралган жалгыз сүйгөнү болгону да жакшы өңдөнөт.

*     *     *

Бардык аял эне болуу касиетине жете бербеген сыңары, бардык сүйүү адамдарга бакыт болуп бере алар бекен?

*     *     *

Сени таштап кетип, сенсиз бактылуу болгон адам эч убакта сен жөнүндө ойлонбосо, сени бактылуу кылам, сенсиз жашай албайм деп жүрүп сени да, өзүн да бактысыз кылып алганын сезбесе, анда ал мен бактылуумун деген күндө деле бактысыз.

*     *     *

Аял бул турмушта абийирсиз болуп калышы да мүмкүн, а бирок ал мээримсиз, таш боор, мерез, карөзгөй, эркектердин тагдыры менен өмүрүн сындырбаган арамза болушу эч мүмкүн эмес. Анткени аял - аялдардын да, эркектердин да энеси.

*     *     *

Тагдыр-турмушу сынган адамдын көңүлү сөздөн, жаттан да, өздөн да калып калат.

*     *     *

Баарынан айыккан болот экен, көр санаа менен жапайы кайгыдан сакайыш кыйын.

*     *     *

Аял канчалык сулуу болсо, ал ошончолук акылдуу болгону жакшы, антпесе анын тагдыры татаал, турмушу менен өмүрү азап. Байлык менен мансапка, атак менен акчага тойбогон аял эрге да тойбойт.

*     *     *

Таланттуу адамдардын бу тагдырдан жаңылганы бири-бирине баш кошкону. Анткени таланттуу эркек таланттуу аял менен сулуу аялга үйлөнсө эч убакта бактылуу болбойт. Аял дагы ошондой. Алар уясы жок күкүк болуп күйүп өтүп кетишет.

*     *     *

Сүйүү деген жүрөк кагуусунда карылык билбей жаш бойдон жашай берет, качан гана жүрөк токтогондо  сүйүү да токтойт.

*     *     *

Эненин сөзүнөн кийин эч нерсе жок, жалгыз гана Жараткан бар.

*     *     *

Бирөөнү жамандаган да, бирөөнүн тагдырына кол салгандык да шпиондук.

*     *     *

Адам болгондон кийин ар дайым адамдыгынан жазбаганга гана Кудай берет, андайларда талант менен кошо касиет болот.

*     *     *

Нике деген махабаттын душманы. Сүйүүнүн көбү никеге барып өлүшөт, дагы көбү нике түнүнөн кийин өздөрүн өзү муунтуп салышат же өзүн өзү атышат да, эрдик иш жасаган болушат. Ошондуктан жеткендерге караганда сүйгөнүнө жетпей калгандар, айрыкча эркектер көбүрөк бактылуу болушат тура. (Бүбүсара Бейшеналиева менен Чыңгыз Айтматовдун сүйлөшүүсүнөн, Бүбүсара Чыңгызга Шекспирден ушундай сөз окудум деп айтып жаткан учурунан).

*     *     *

Чындыгында өз махабатына өлгөндөр гана кайгырбайт. Адам деген сүйүүгө азап менен, дилкыйноо менен келет тура.

*     *     *

Айтчу адамы жарашса сөз адамды өлтүрөт да, тирилтет.

*     *     *

Чоңдор деген кол алдындагы кызматкерлеринин иши жакшы болсо да сындай берет, анткени, алар ошол үчүн айлык алышат.

*     *     *

Адам баласы чынында, айрыкча, чыгармачыл адамдар, көп учурда сыйлык менен наамдан, акыйкат деген кыр аркасын салганда сынат.

*     *     *

Күлүктү канчалык катуу чапсаң ошончолук такасы бат сынышы мүмкүн. Барар жериңе, жетер үйүңө жол гана алып барат. Минген атың канчалык күлүк болсо да, жол билбесең, жок издеген жолоочу болуп жүрө бересиң.

*     *     *

Сүйүү менен достукка маркумдар гана бек болот, анткени, алар бул дүйнөгө да, өздөрү бар дүйнөгө да калп айта алышпайт, бирөөлөрдү алдашпайт.

*     *     *

Жарык менен караңгылык алмашып турган жерден сүйүүнү табам деген адам өлүмдү издеген менен барабар. Анткендиги - жарык менен караңгылык алмашып турган жерде бүт бардыгы туруксуз, өзмүн деп туруп өзгөрүлмө, аерде түбөлүк эч нерсе жок, жашоо да, сүйүү да жалган. Бир гана өлүм чындык, бир гана өлүм улуу. Ошондуктан ал айткан сөзүн, өз милдетин эртедир-кечтир аткарат. Андай болсо адам деген качан, кантип өлүмдөн улуу, сүйүүдөн бийик боло алат?

*     *     *

Тил жаман, тил тийген жүрөк тигил дүйнөдө да айыкпайт. Ошол үчүн адамдарга булутсуз көктө жаңырган айдай жакшы гана сөз айткандардын жаны жашарып, дили тазарып турат.

*     *     *

Таланттын тагдыры жерден дагы оор.

*     *     *

Сүйгөн адамыңдын үнү анын өзүнөн да жагымдуу болот. Анткени, ал сени менен тили менен эмес, жүрөгү менен сүйлөшүп жаткандай таасир берет.

*     *     *

Жалгыз адамды жалгыздык кыйнабайт, адамдар кыйнайт, адамдар гана ыйлатат.

*     *     *

Адам өзүнүн өлөрүн эмес, жанынын өлөрүн билген кезде гана жалгыз калат.

*     *     *

Дилсанаа адамды чарчатат.

*     *     *

Кишендүү жанга жол арбыбайт, кишендүү жанга жол азабы - көр азабы.

*     *     *

Мезгил менен махабаттын каргышына калып, тагдыр кегинде жашаган жаман.

*     *     *

Өзүңө өзүң ишенип, өзүңдү өзүң алдагандан  өткөн азап менен арман жок.

*     *     *

Үмүт деген, тилек деген адамды жашыткан менен, адамдын муңун чыгара ыйлаткан менен адамды ажалга бербейт тура.

*     *     *

Сүйүү менен бакытка, чындык менен ишенимге жетем деген адам өлүм менен эрте кездешет дешет.

*     *     *

Ак көңүл, боорукер, бирөөнүн тагдырын аяп, бирөөнүн көңүлү үчүн бирөөнү бактылуу кылуу үчүн жашаган адам эч качан, эч убакта бактылуу боло албайт экен.

*     *     *

Махабат деген сенин жан сезимиңден жаралган жалгыз сенин адамдык улуу касиетиң.

*     *     *

Жалгыздык деген адамдын өзүнчө жалгыз калуусу эмес, ал адам жанынын жалгыз калуусу.

*     *     *

Улуу тоолор эч качан өлбөйт, адам чыдагыс мүшкүл жүз ирет келсе да кулабайт.

*     *     *

Каны таза, сөөгү бекем аргымак алтымыш асый болгончо жарышка түшсө, байге алат. Акылман менен баатыр адамдар сексенди серпип ыргытып, тоголонмо токсонду  буттан алган кезде да таймашка түшсө намысты бербейт.

*     *     *

Оорусаң үйдөн оору, онтосоң да төрүңдө онто. Душмандан алган жараатыңды душман жеринде же кайрадан казатка кирчү эрлердин көзүнчө таңбагын. Жериңе жетип, ат жалында туруп элиңдин амандыгын сурап, алдыңдан чыккан аялыңа да айтпай туруп үйүңө кир. Жакшы адамдардын душмандары көчөдө болот, чыккынчылары жанында жүргөндөрдүн ичинен чыгат. Ошол үчүн босого аттап сыртка чыкканда ооруңду эмес, ок жеген түрүңдү да көргөзбө. Өзөктө күйгөн өрт менен өзүңдөн чыккан жат жаман.

*     *     *

Жакшы адамдар жамандыкты санабайт.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз