Гүлсүн Кимсанова: Сарагүл

  • 25.02.2021
  • 3039

АҢГЕМЕ

1

– Сен бизге кабатыр болбой окууңду уланта бер, – деди Атамкул саар мененки нанүштөдө, – биз быягын эптеп алабыз. Апаң да айыгып кетет, кызым. Сен ойлонбо.

– Мен жакшы болуп калдым го Сара, окуп билим ал. Кичинеңден доктур болом дечү элең. Кудай кааласа доктур болсоң…

– Апа, Суку чайын төгүп койду!

– Өзүң төктүң! Түртүп жибердиң!

Сарагүл төгүлгөн чайды майлык менен сүртүп алды да:

– Макул, ойлонуп көрөйүн, – деп сыртка чыгып кетти.  Карегинде каканактаган көз жашы беттен ылдый кулады.

«Апа, апажаным! Жакшы болуп калдым деп коёсуң да. Сенин бул абалыңды көрүп туруп, мен кантип таштап кетем? Апа… Апа… ылайым эле айыгып кетсең, мен анан деле окуп алам го…» – кыз ушуну ойлоду.

Бүгүн физикадан экзамен. Анан бүттү. Ар ким ар жакка канат кагып жөнөйт. Балдар-кыздар шаарга окууга тапшырмак болуп, документтерин даярдап коюшкан. Аттестат колго тийсе эле шыр жөнөгөнү турушат.

2

Ошентип оорулуу апасын, өзүнөн кийинки эки инисин аяп Сарагүл үйдө кала берди. Үй тирилиги бүт бойдон Сарагүлдүн мойнунда. Коңшу аялдар апасы менен сүйлөшүп көпкө отурушту. Узатып чыккан Сарагүлгө:

 – Бактылуу бол, кызым, өмүрлүү бол, – деди Дурия кемпир, – Кайыргүл сакайып кетет куда кааласа. Мурдагыга караганда кыйла жакшы болуп калды.

 – Айтканыңыз келсин, эне.

Аялдар өз ара кобурашып баратышты.

 – Кызы акыл-эстүү чыкты. Ары-бери басканын да көрбөйсүң. Мына башкаларга окшоп окууга барам да дебеди.

 – Ошону айтсаң, Кайыргүлдүн эле өзүн тарткан экен эстүүлүгү. Төшөк-орунду жууп, каптап, инилерин, атасын таптаза кийинтип, үйүн мизилдете таза кармаганын айт.

– Келин кылып ала турган кыз бул.

– Атамкулдун досучу, наркы өйүздөгү Барат, ошонун баласы сөз айттырып жүрөт дейт. Барат өзү эки жолу келиптир. Кыз көнбөптүр.

– Башка жуучулар да көп келет буга.

– Буюрганы алат да эми, – Дурия кемпир эки колун белине таяп, башын көтөрдү, – насиби кошулган жерге келин болот. Барган жерде өнүп өсө турган кыз бул...

3

*     *     *

Ырас эле аяш атасы Бараттын уулу Ырысбай университеттин юридика факультетинде окуп жүрөт. Райборбордо сотто практикасын өтөп көпкө жүрүп, жакында эле кеткен шаарга. Кызга алда нече жолу жолун тосуп сөз айтты.

– Ойлонуп көр, карындашым, деген Ырысбай акыркы жолу жолдон жолукканда, экөө бир далай бирге баскандан кийин, – мен да шашпайм.

Кыз үндөбөдү. Өзбекстан тарапта жашап турган атасынын туугандарынын бири эки-үч ирет келди. Баласын алып келип тааныштырып да кетти. Уулу Сардар кыргыз мектепти бүтүп, Фрунзеде айыл чарба институтунда окуп жатканын, Фрунзеден үй сатып алып койгонун (Сардарбекке) айтып да көрдү. Сардарбек узун бойлуу сары чийкил, көздөрү көгүш жигит экен. Негизи Сарагүлдү анын бой-келбети, жашоо шарты деле кызыктыра бербеди. Тууганы алыста жашап калдык, тууган-урук жакын бололу деп көп-көп айтып жүрдү. Сарагүл буга да ынанбады, эч кимисине башын байлаткысы келбеди. Ал эми өткөн жайда чөп чабыкта көргөн жигит... Албетте, ал башка...

Бирок аны ошо бойдон көргөн жок. Дайынын да билбейт. Тек гана күнгө оңгон кызгылтым көйнөк кийген, ак куба элеси көз алдында, жүрөгүндө сакталуу эле.

Кыз ага жолуккан алгачкы окуяны түк эсинен чыгарбайт. Суу-Башында чөп чаап жүрүшкөн эле. Күн ысык, чак түш.

4

«Жаш элек шайыр шаттанга-ан...»

 Күнгөй тараптан аялдар ырдап жатышты. Сарагүлдөр иштеп жаткан жерде чөп калың, бутка оролот. Гүлдөрдүн, чөптүн жыты, чегирткелердин чырылдаганы, көпкөк асман, аялдардын созолонгон обондору, шаңкылдаган күлкүлөр, тамаша сөздөр өзгөчө сезим жаратар эле.

Сарагүл белден буралган калың чөптү аралап басып бараткан. Каяктандыр «чык-чык» деген добуш угулат. Кыз элeңдeп эки жагын карады да, жакын эле эки-үч кадам аралыкта чөк түшүп алып, чоң ташка чегип бир нерсе жазып жаткан жигитти көрдү. Ал кыздын шабыртынан бурула берди да, ордунан тура калды. Жигит кызга тигилип калды. Колунда кармаган ташты жерге таштады да, колун чөп-чар жармашкан эски, күнгө онгон кызгылтым көйнөгүнүн көкүрөк тушун, карууга чейин түрүлгөн жеңин кагып-кагып койду. Нес болуп туруп калганын туя койгон кыз уялып кетти да, тез бурулуп басып кетти.

– Чочуба, карындашым, атың ким? Чөптөсүңөрбү? – үнү да жагымдуу, коңур эле жигиттин. Кыз узап кетти. Мына ушул көрүнүш, жигиттин көз карашы, коңур үнү эсинде сакталып калды кыздын. Бирок негедир ошол бойдон аны көрө албады. Ар качан эл арасынан аны көздөрү менен издеп жүрдү кыз. Жигит караманча караанын үзүп кеткен эле. «Же менин көзүмө көрүндүбү? Болбосо бирер жолу көрүнөт эле го» деп ойлойт Сарагүл. Күндөр, айлар биринин артынан бири зыпылдап өтө берди.

*     *     *

Сарагүл үй жумуштары менен алек. Апасы оорусунан айыга албай келет.

– Сени кыйнап койдум го, Сара – деди ал бир күнү кызына.

– Апа, мен кыйналбайм. Сиз жакшы болуп кетсеңиз эле болду. Мага ошол керек. Фрунзеге чоң доктурларга көрсөтөйүн деп атам канча айтты, көнбөйсүз. Азыр деле кеч эмес, апа. Арзыгүл эжечи, кандай катуу ооруду эле. Эми караңыз кадимкидей жүрөт.

– Анын оорусу башка да, кызым. Мында да доктурлар жакшы дарылап жатышат ко. Кудайдан калбайын, кудай өзү даба бергиси бардыр.

Арадан үч жыл өттү. Ырас эле Кайыргүл бир аз тынып, анча-мынча тириликке жарай баштады. Ал кызынын турмушка чыгып өз орун-очогун тапса экен деп тилейт. Келген жуучуларды, сөз айттырган жигиттерди кайтарды. Күндөр өтө берди.

Бир күнү Сарагүл дүкөндөн чыгып келатып, медсестра кыз менен жанашып басып келаткан жигитти көрүп, жүрөгү болк эте түштү. Бул ошол жигит эле! Бүт денесин майда калтырак басып, өзүн каякка жашырарын билбеди. Алар кобурашып жайбаракат гана өтүп кетишти. Сарагүл турган ордунда катты да калды. Жүрөгү дүк-дүк согуп эстен тана түшкөн кыз өзүн араң колго алды да, үйдү көздөй басты. Бир нече күн өттү. Көчөгө чыкса көздөрү менен акырын акмалап аны издейт. Кайра өзүнө жини келет.

6

«Эмне эле мен аны ойлоп, аны издейм. Же ал мени тааныбаса. Бир жолу сөз катышпасак… Мен…»

Бирок кайра эле аны ойлойт, элеси көз алдынан кетпейт. Ошондон кийин аны дагы көрдү. Сарагүл суу көтөрүп келаткан. Артынан кимдир-бирөө жете келди. Жалт карай берген кыз: «Ой!» – деп жибергенин өзү да сезбей калды. Ал баягы жигит эле!

– Кел, карындашым, сууңду көтөрүшүп барайын. Челектериң өтө чоң экен. Кантип көтөрүп келатасың муну? Кыйналып каласың го? Кел?

Кыз токтобой баса берди.

– Жок, жөн эле коюңуз.

– Кел, мага бер?

Кыз челектерин жерге койду.

– Оо, оорго, – деди жигит, сууну көтөрүп жөнөй берип, – сен Атамкул агайдын кызысың ээ?

– М-м…

– Агай бизди да окуткан. Жакшы мугалим. Айылга кадырлуу киши. Негизи мугалим болуп иштеген эле жакшы окшойт. Балдарды окуткан, билим берген жакшы кесип да.

– М-м.

– Сен канчанчы класста окуйсуң? Же бүткөнсүңбу?

– Бүткөм. 

7

 – Качан бүттүң эле?

– Эки жыл болду.

– Окууга барбадыңбы?

– Жок.

– Агай жибербедиби?

– Жок, өзүм эле. Апам ооруп жүрөт. Ошого.

– Аа, туура кылгансың.

Аңгыча үйгө жетип калышты. Жигит алып кирмек болуп бурулду эле кыз:

– Өзүм эле алып кирем, рахмат сизге, – деди.

– Болуптур анда, – деди да баса берди жигит.

Бул окуя Сарагүлдүн көңүлүн көтөрдү.

Ушул жолугушуудан кийин Сарагүл мурдагыдан да аны көбүрөк ойлой турган болуп алды. Аны көргүсү келет, жолуккусу келет. Бирок ал ошол бойдон дагы көрүнбөй кетти. Түн ичинде Сарагүл кээде ыйлап алат. Же бирөөдөн ал жөнүндө сурай албайт. Сураса эле аны жакшы көрүп жүргөнүн билип койчудай, сыры ачылып калчудай коркот.

*     *     *

Дагы эки жыл өттү. Инилеринин улуусу Фрунзеде окууда, кичүүсү быйыл мектепти бүтөт. Апасы болсо кудайга миң мертебе шүгүр, айыгып кеткен. Эси-дарты кызында, аны теңине узатып, келин камын көрсөм деп самайт. Сарагүл өзү да атасынын төрүндө отура берүүдөн айбыга турган болду.

8

Аяш атасынын баласы дагы деле шынаарлап жүрөт. Негедир үйлөнбөдү. Окуусун бүтүп келип иштеп жатат.

Сарагүл эми баякы жигитти ойлобоо керек деп чечти. Ата-энесин ойлойт. Мен үчүн кыжаалат болуп жүрүшөт деп өзүн ыңгайсыз сезет.

Сарагүл апасы дайыма ичип жүрүүчү дарысы түгөнүп калгандыктан, бир күнү айылдагы медпунктка барып, медсестра кыз менен сүйлөшүп турган жигитти көрдү. Бул дагы башкы жигит эле...

– Ой, агайдын кызы! Карындашым, кел сен ала бер. Кандай ден соолук жакшыбы? – дей берип, жигит кызды астейдил карап калды да, чыканагынан коомай кармай берип алдыга өткөрүп койду.

– М-м...

Жигит чыгып кетти.

Кыз дарыларын алып, сыртка чыкты. Элеңдеп аны издеди. Жок! Каякка житип кетти! Жок! Кызык же көзүмө көрүндүбү? Бул эмнеси? Ушунчалык да болобу?

Кыз өрөпкүгөн жүрөгүн басалбай туруп калды. Өмүр бою эле жаным кыйналып ойлой бергидей бул ким өзү? Каякта жашайт? Аты ким? Болду! Бүттү! Ойлобойм! Эрксиз көзүнө жаш тегеренди.

Бирок бул жолу ал жигит айылда жүрүп калды. Караанын кыз ар жерден көрүп калат. Ал Сарагүлгө көңүл да бурбайт, кайдыгер. Бул кыздын үмүтүн бара-бара өчүрө баштады.

9

 Бирок дарыканадагы окуя кайра-кайра эсине келет, анын көз карашы жүрөгүнө жакын, жагымдуу көз караш, тээ мындан беш жыл мурдагы чөп чабыктагы көз караш. Сарагүл үчүн табылгыс, эң кымбат, күнү-түнү көз алдынан кетпеген көз караш! Муну унута албады кыз.

*     *     *

Сарагүл мектептин китепканасында иштеп калган эле. Кыз үчүн кымбат болгон ошол жигит китепканага тез-тез келчү болду. Бирок китеп-газета сурайт, өтөр-батар гана сөздү сүйлөшөт да, чыгып кетет. Дале кайдыгер.

Сарагүлдү Барат аяш атасынын уулу Ырысбайга кудалап коюшту акыры. Кызынын үстүнөн эле ата-энеси сөз берип коюшкан. Анан калса Ырысбай дем алыш күндөрү келип, Сарaгүлдөрдүн чарба иштерине жардам берип, тамаша сүйлөп, ачык көңүлү менен келип кетчү. Кыскасы, ата-энесине бала жагат.

Ошентип кудалар сырга салып кетишти. Кыз кечинде төшөгүн бек жамынып, өксүп-өксүп ыйлады. Каршы боло албады...

«Мен аны эми эч качан ойлобойм, – деди өзүнө өзү, – ойлобойм эч качан! Мага ким эле ал? Бир жолу көз кырын салып койбогон немени эмнеге ойлойм эми. Эсимден такыр чыгарам! Болду! Эстебейм эми, баары бүттү!

Ошондон үч күндөн кийин баякы жигит китепканага кирип келди.

  10

– Сара, кандай карындашым?

– Жакшы, келиңиз.

Ал орундукка отурду да столдо жаткан газетаны максатсыз эле ача баштады. Анан кызга кайрылды да:

– Сара, карындашым, сенин эсиңде барбы, оо мындан төрт-беш жыл мурун чөптө экөөбүздүн кокустан жолукканыбыз? Эстегин, мен ташка өз атымды чегип жазып отурат элем. Сен келип калгансың, эсиңдеби? – деди жигит баягы-баягы жагымдуу, кыз жүрөгүнүн түпкүрүнө, карегинин карасына сактап жүргөн көз карашын жиберип.

Сарагүлдүн эки бети албырып чыкты. Жүрөгү туйлап кетти. Колдору калтырап жазып жаткан ишин токтотуп, башын жерге салып отуруп калды. Жигит дале жооп күтүп отурат.

– Эсиңдеби? - деди дагы күлүмсүрөп.

– Жок! деди кыз ордунан атып тура калып: – Жок, агай, такыр эсимде жок! Жок! Жок!

– Сенин эсиңде жок экен да. А менин эсимде. Сени ошондон бери ойлойм. Эсимден эч кетпедиң. Сен анда кичине кыз элең. Кийин окуудан келсем чоңоюп, сулуу кыз болуп кетипсиң. Сага сөз айта албай күндө эле келем, кайра кетем. Ал окуя эсиңде жок экен да... Анда сен мени эсиңден чыгарыпсың да. Сен... А мен болсо азыр да эстеп жүрөм. Кичинекей, жакшына кыз элең. Мени карап, көзүңдү бакырайтып туруп калган элең. Менден коркуп кетсең керек... Мен ошол биринчи көргөндө чөптөн кайткыча сени акмалап карап жүрдүм. Эч эсимден чыкпадың!

Сарагүл калтыраган колдору менен кагаздарын шашып жыйнаштыра баштады.

– Менин эсимде жок, агай. Такыр эсимде жок…

– Менин атым – Темир. Армиядан келип, окууга тапшырдым. Ошо сени менен чөптө жолукканымда, аскерден жаңы келген мезгил эле. Андан бери окуумду бүтөйүн деп… Быйыл бүтүп келдим. Сени менен таанышып, сүйлөшкүм келип жүрөт көптөн бери. Келген сайын эле сага сөз айталбай…

– Агай, менин жумуш убактым бүттү эле, китепкананы жабыш керек…

– Бир аз отура туралычы суранам, карындашым. Сага атайын келдим, сөзүм бар эле…

– Мен китепкананы жабышым керек, агай.

– Анда эртең  келейинби?

- Жок, келбениз…

Темир чыгып кетти. Эшик жабылары менен кыз отура калды да, бетин басып буркурап ыйлап жиберди…

P.S. Гүлсүн Кимсанова – көп жылдар бою Баткен райондук "Кызыл туу" гезитинде кабарчы болуп иштеген. “Өзөктөгү өрт”, “Эл энеси”, “Күнгө оңгон кыраңдар” аттуу китептердин автору.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз