Иманбек Азизилла уулу: Исламдын батыш маданиятынан артта калуусу эмнеде?

Эмнеге салттуу ислам?

Акыркы учурлардагы диний жааттагы биринин артынан бири болуп жаткан курч окуялар көпчүлүктү таңгалдырса, кээсинин көңүлү динден кайт болуп, алды деизмге ооп кетти көрүнөт. Кыргыз элинин көпчүлүк бөлүгү карманган ислам динине асылууну негизги жумушу кылып алган социалдык тармактын айрым колдонуучулары жана алардын троллдоруна кудай берип эле салды.

Ушул жана башка себептер динди кармангандар менен динди чангандарды жаакташтырып, кайым айтышуулардын кезектеги «раунду» болду окшойт. Биринчи тарабы кайсы бир таасирдүү диний ишмерлердин аппак, таза экенине ишенсе, беркилери «ишенген кожоң сууга акса...», «адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» деген сөздөрдү ортого таштап, отко бензин чачканын токтото элек. Бирок диния назаратындагы соңку окуяларга укуктук баа берилгенге чейин сабырдуулукка чакыргандар сейректик кылууда. Кандай болгон күндө да азыркы акыл-эстүү заманда бирөөнүн динин кордоо, мазактоо, провокация кылуу бейадеп жорук катары сыпатталууга тийиш. 

Дегеле дин кызматкери шарияттагы туура эмес эсептелген жолго барышы мүмкүнбү деген суроого келсек. Албетте, пенде адашуучу. Маа демектен кырк жыл саждага жыгылган молдо болсо да, эгер сак болбосо шайтанга же напсиге жеңдирип иймеги бар. Молдо – пайгамбар эмес. Молдонун начарлыгы диндин начарлыгы эмес. Себеби, молдо дин эмес! Мына ошондуктан, бир молдонун кемчилигин көрүп калып, аны диндин кемчилиги катары мүнөздөө туура эмес. Салыштыруу иретинде айтсак, пара сураган бир МАИ кызматкерин көрүп, жалпы тартип сакчыларынын кереги жок деп айта албайбыз. Же бир-эки сабатсыз мугалимди көрүп, билим берүүнү болбогон нерсе деп жыйынтык чыгаруу келесоолук болор. Же болбосо кайсы бир курулуш компаниясы курган имарат кулап түшкөнү үчүн жалпы курулушка согуш жарыялай албайбыз. Дал ошол сыңары, бирин-экин молдонун кемчилигин көрүп эле динге чабуулга өтүү карасанатайлык. Айрым адамдар ушунчалык өчөгүшкөн динди канчалык деңгээлде туура түшүнүп жатабыз өзү? Дин деген эмне?

Дин – акыл-эси бар инсандарды өз каалоолору боюнча эң мыкты, эң туура жана эң керемет нерселерге жеткирген илахий мыйзам (теңирдик канон). Диндин максаты – адамдарды бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу кылуу. Анткени дин адамга жаратылышынын себеп-максатын, Жараткандын жана жаратылгандардын алдындагы бардык милдеттерин билдирет. Жаман менен жакшыны, ак менен караны бири-биринен айырмалап берет. Жакшыга жетүүнүн жолдорун көрсөтөт. Мына ушундайча адамдын бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушун камсыз кылат. Дин айрым кишилер ойлогондой, ички жан дүйнөнү канааттандыруу менен гана чектелип калбайт. Диндин башкы максаты – адамдын руханий жана маданий деңгээлин көтөрүү (Ислам илмихалы (ислам дининин өкүм-жоболору), Түркия Республикaсы Дин иштери Бaшкaрмaлыгы, Анкара 2010).

Демек дин – адамзат маданиятынын ажырагыс бөлүгү, асыл баалуулугу. Жер шарында канча коом жашап өткөн болсо, ар бири дин же ишеним тутунганы ырас. Арасында, албетте атеисттер деле чыккандыр, бирок тарыхта чылк атеисттен турган коом же мамлекет али каттала элек. Демек, дин – адам баласынын табигый муктаждыгы. Керек болсо темир муштум, кандуу булдурсундуу компартия деле динди биртоло жоё алган эмес. Дин кыяматка чейин адамзат коомун тарбиялоодо кызмат кыла берери чын.

Кыргыз эли өзүнчө улут катары миң жылдардан бери исламиятты тутунуп келатат. Исламга чейинки ишенимдер небак жок болууга дуушар болгон. Кыргыздар ислам негиздерине туура келбеген жөрөлгөлөрдү, жосундарды жоюп, бирок каршы келбеген салт-санаасын жашап келди. Ошентип ислам дини элдик каада-салт менен жуурулушуп, ушул күндөргө чейин ийгиликтүү келди. Мына ушуну салттуу ислам дини деп атагандар бар. Бирок «салттуу ислам» дегенде эле айрымдардын кыртышы сүйбөй, мисирейип калмайы бар. Анан «ислам – бирөө, аны салттуу, мелүүн деп бөлбө» деп жакадан алат. Ушунун өзү эле «салттуу ислам» терминин түшүнбөгөндөрдүн көптүгүн айгинелейт. Кээ бирлери «салттуу ислам» десе эле каада-салттар кошулуп, дин бурмаланып калгандай түшүнөт. «Ислам деңиз болсо, салттуу ислам анын жээгиндеги чалчык» деп абсурддук ой айткандар да жок эмес. Эгерде ислам ааламын деңизге салыштырар болсок, деңиздин деле туздуусу, булганычы, акыр-чикирлүүсү, уулуусу, ошол эле учурда тунугу болот эмеспи. Салттуу ислам – мына ошол тунугу! Дагы бир өжөр факты: ислам дүйнөсүнүн дээрлик 60% ханафиликти, кеминде 80% матуридилик жана ашариликти карманат. Ошондо деңизи кайсы да, чалчыгы кайсы болуп калат?

Акыркы учурларда салттуу исламга чабуул күчөй баштады. Салафийи деле, салт-санааны бетке кармаганы деле «салттуу динге» тийиштик кылып, ар кандай сөз айтчу болду. Дегеле салттуу ислам деген эмне? Ушул суроого толук жооп берүү үчүн ислам тарыхына, өзгөчө соңку 2 кылымдык тарыхына кылчаюу зарылдыгы жаралат. Аз. пайгамбар баштап кеткен көчтү сахабалар (пайгамбардын мусулман замандаштары), табииндер, таба-и табииндер ийгиликтүү улантып кетишкен. Ислам географиясынын кеңейиши жаңы маданияттар жана көз караштар менен кагылышууга алып келет. Ошентип ар кайсы чөлкөмдө мазхабдар (багыт) пайда болот. Биздин Мавераннахр чөлкөмү баштаган зор ислам географиясы Абу Ханифа жана шакирттери негиздеген шарият эрежелерин карманып келди. Акыйдада деле Абу Ханифа негиз салган, Имам Матуриди системалаган ишеним негизин тутунуп келатат.

Мына ушундай салттуу өнүгүп келе жаткан ислам маданияты 20-к. негедир Батыштан сезилээрлик артта калып кетет. Тагыраагы, ислам динин тутунган өлкөлөр жакырланып, өндүрүштө жана илимде ташыркайт. Бул жагдай өткөн кылымдын ислам аалымдарынын баш оорусуна айланат. «Эгерде, – дешет алар, – биз тутунган дин шек-күмөнсүз абсолюттуу туура болсо, анда эмнеге артта калдык?», – деген суроону коюшат. Анын үстүнө кайырдин жана динсиздердин табалоосу тыңчыкмаларды көшөрүп жол издөөгө түртөт. Ошентип 20-к. исламды башынан карап чыгуу тенденциясы жанданат (бул жараянда Мисирдеги атактуу Аль-Азхар унивеситетинин өзгөчөлөнгөнүн айта кетүү керек).

Исламдын батыш маданиятынан артта калуу себебин издегендер күнөөнү мусулмандарга оодарат. Себеби, алар динди толук кандуу жашабаганы үчүн Батыштан жеңилди деп эсептешкен. Ушул жыйынтыкка таянгандар исламдын гүлдөгөн доорлоруна шилтеме берүү менен өздөрүнүн салттуулукту жериген көз карашын жаратышат. Экинчи көз караш болсо, «мусулмандар динге ар кандай жаңылыктарды (бидаат) кошуп, динди бурмалаганы үчүн алсырады» деген тыянакка келет. Исламдын туңгуч жылдарына куса болгон салафийлик багыт мусулмандарды аруу(ланган) исламга кайтууга чакырык таштайт. Ал эми үчүнчү жооп болсо, «Куранды түшүнбөгөнүбүз үчүн артта калдык» деген жыйынтыкка токтолот.

Динди кайрадан кароонун натыйжасында пайда болгон көз караштардын дээрлик бардыгында исламдын 20-к. чейин жеткирген салттуулугу (же салттуу ислам) сындалган. Башкача айтканда, Батыштан жеңилүүнүн себеби – салттуу жол болгон имиш. Мындай сындоолор айрым учурда чындыкты көрсөтүп, так далилдерге таянса, көп учурда кызуу кандуулукка, негизсиз көз караштарга жана далилсиз популисттик ой-толгоолор аркылуу айтылып-жазылган. Бул бара-бара салафизмдин күчөшүнө алып келет (а салафизмдин күчөшү экстремизм жана радикализмдин күчөшү деген сөз). Салафизм өкүлдөрү ислам дининин кылымдар өтүшү менен нукуралыгын жоготконун белгилеп, «чыныгы жана таза исламга» кайтуу керек деген пикирди карманат. Бул жараян батыштагы салттуу абсолютизмге каршы пайда болгон кайра жаралуу (ренессанс) жана диний реформалардан таасирленгени айтпаса да белгилүү.

Кийинки өзгөчөлүк, диндин негизги булагы саналган Куранга болгон басым. Т.а. башка булактардан көз карандысыз түздөн-түз Куранга кайрылуу деп айтууга болот. Жаңыдан түптөлгөн агымдар Куранды гана негиз алып, анын сыртындагы пикир жана көз караштарды четке каккан. Ислам укугу (фикх), калам, тафсир (Куранды чечмелөө) сыяктуу булактар кураний эмес деп таанылган. Андан кызыгы, «Курандын исламына» дал келбейт деген кине менен хадистер да сындалган.

Жалпылап айтканда, соңку кылымдардагы диний жорумдар Батышта пайда болгон жаңы идея жана философиялык агымдардын негизинде каралган. Көптөгөн мусулман авторлор (же аалымдар) Куранга негизделген эмгектеринде эркек-аялдын тең укуктуулугу, исламда демократия, учур экономикасында пайыздын өкүмү сыяктуу жаңы доордун актуалдуу темаларын козгогон. Алар өз ой-пикирлерин түздөн-түз тафсир аркылуу же Куранга байланыштуу эмгектери аркылуу билдирген. Жамаледдин Афгани, Мухаммед Абдух сыяктуу авторлор Куранды модернисттик дүйнөнүн рационалдуулук, теңдик, эркиндик сыяктуу түшүнүктөрүнүн негизинде чечмелөөгө аракет кылган. Башкалары Батыш алга озгон илим жана технология боюнча Курандан «из» табууга далаалат кылып, табиятка байланыштуу аяттарды чечмелөө менен мурда-кийин көрүлбөгөн илимий тафсирлердин жаралышын шарттады. Дагы бирилери болсо 19–20-к.к. Батышта пайда болгон идеологиялык агымдарга альтернатива катары Курандан идеологиялык чечмелөөлөрдү жаратышты. Муну менен батыштык идеологиялардын ордун басар кураний дүйнө тааным жаратууну көздөшкөн эле. Анын ичинде ислам географиясынын таш-талканын чыгарган талоончул колонизаторго карата тымызын каршы идея бар болчу (тилекке каршы, бул идея терроризмге жол ачып, бүгүнкү күндө террордук группалардын куралына айланды).

Соңку эки кылымда исламий дүйнө таанымды илимге интеграциялоо аракети абдан популярдуу болгон. Буга байланыштуу кээ бир мисалдарды айта кетели. Мисалы, мурункулардын ахкам аяттарына (өкүмдөргө) басым жасаганын айыптап, сыйкырдын жоктугун айткан Абдух Курандагы «абабил» куштарын микроб деп чечмелеп, ошол эле учурда илимдеги микробду кандайдыр бир «жин» деп жоромолдогон. Илимий тафсир школасынын ири өкүлү болгон Тантави Жавхари дыкат изилдөө менен Курандан илим жана технологиянын негизин табуга болот деп ишенген. Иззат Дарваза мурунку тафсирчилердин Куранда жок икая жана уламыштар менен «шөкөттөгөнүн» четке каккан. Анын ою боюнча эң ишенимдүү тафсир булагы кайра эле Куран болууга тийиш эле (Дарваза, Куранул-Мажид). Ал эми исламдын салттуу тарыхый маданиятын өжөрлүк менен четке каккан жана кураний герменевтика усулун баштаган Фазлур-Рахман Куранды так жана туура түшүнүү үчүн VII кылымдагы арабдар коомун, дүйнө таанымын, каада-салтын терең таануу керек деп эсептеген. Ал аял-эркектин тең укуктуулугун, заманыбыздагы банк системасындагы проценттин арам эместигин айткан (караңыз: Fazlur Rahman, Islam and Modernity, 1982). Булар менен катар эле исламдын салттуу жолун негиз алып, аны өнүктүргөн окумуштуулар да болгон.

Исламды кайра башынан карап чыгуу жараяны бизге, тагыраагы кыргыз элине кандай таасир этти? Мында дароо эле жадидчи мектептери эске келет. Усул-и жадид кыймылы эскиче билим берүүнү четке кагып, исламды замандын талабына ылайык жаңычыл окутуу жараянына киришкен. Татар агартуучулары баштап берген жаңыча окутуу тартибин кыргыздар ийгиликтүү уланта алышкан. Ата мекендик тарыхта орчундуу окуялардын бири катары сыпатталган жадидчилик мектеби кыргыздын туңгуч айдыңдарын тарбиялап чыгарган. Усул-и жадид батыштагы агартуу философиясынын ислам дүйнөсүндө чагылышы катары бааланууга тийиш. Бирок каардуу режим эскичилин да, жаңычылын да аёосуз куугунтукка алган. Ошентип, СССР курамындагы мусулмандардын диний жашоо образы «комада калган».

Баарыбыз билгендей, эгемендиктин шарапаты менен кайрадан дин тутуу эркиндиги колго тийди. Динге суусап тулган элибиздин кубанычында чек жок эле. Дин тутуу эркиндиги менен кошо кыргыз элинин миң жылдардан бери карманып келе жаткан традициялуу исламынан оолак салафизм сыяктуу агымдар да кирип, орун-очук алды. Салттуулукту четке кагуу жана аруу исламга кайтууну негизги ураан кылган салафизмдин ваххабиттик агымын кечээ жакында, т.а. 18-кылымда Мухаммад бин Абд аль-Ваххаб деген киши түптөгөн. Анын жана тарапташтарынын доктринасынын өтө көп жеринде методологиялык (же усулдук) катачылыктар, алешемдиктер, карама-каршылыктар жана жаңылыштыктар бар. Салттуулукка каршы багыт деп түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө мүмкүн болгон салафийлик өз ара радикалдык-экстремисттик салафийлер, жихадчы салафийлер, байистүү салафийлер сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен бири-биринен айырмаланат. Бизге радикалдары жана жихадчылары кооптуу саналат.

19-20-к.к. илимий негизде салттуу исламды четке каккандардын көз караштарынын (шарттуу түрдө научно-салафизм деп атай туралы) эпкини бизге эми-эми келип жаткандай. Себеби, акыркы учурда дин тууралуу өйдө-төмөн суроолорду коюп, тарыхтын ар жеринен илип-чалып пикир айткандар чыгууда. «Дүлөйгө кеп угузба» дегендей, аны угуп-окугандар удургуп алышканына аргасыз баш чайкайсың. Азыр айрымдарыбыз жаңычыл пикир айткандарды колдоп-кубаттап «реформачыл исламчылдар», «прогрессивдүү динчилдер» деп алакан чаап жатпайбызбы. Бирок ошол эле инсандар бара-бара токтоно албай, исламдын негиздерине чабуулга өтсө эмне кылабыз? Себеби, этап-этабы менен ошого кетип бараткандай. Мына, кээ бир өлкөлөрдө айрым кишилер «жума намаздын далили жок», «мазхабдын кереги жок», «намаздын негизги идеологиясы – мыкты сапаттагы индивидди калыптандыруу, демек жакшы адам болсок намазды окууга кажет жок» деп жыландын башын кылтыйтып отурат. Миң жылдардан бери ата-бабабыз карманып келаткан салттуу ислам жолунан чыкпайлы, башкасы жарытпайт десек, «мушриктер да ушинтишкен, көп жылдан бери келатканы акыйкаттуулугу эмес, балким ширк» деген, түпкүрүндө салафизм жыттанган жоопторду угуп (салафийлер болор-болбос нерселерди деле ширк-мирк дей берет эмеспи), шоңшоюп отуруп калган учурларыбыз болду.

Салттуу динди кармануу зарылдыгы ата-бабабыз тутунуп койгону же мамлекет бекитип бергени үчүн эле эмес, акыйкат болгону үчүн келип чыгып жатпайбы. Бул оюма макул эместер Матуридинин «Китабут-Тавхидин», Насафинин «Табсиратул-адилласын», Сабунинин «аль-Кифаясын», Тахавинин «акыйдасын», эч эле болбоду дегенде Абу Ханифанын «аль-Фикхул-Акбарын» окуп чыксын. Булар айрым гана классикалык акыйда китептери. Бул философтордун китептеринен башканы окубагандарга сунуш. (Ошондой эле, Ибн Таймия жана Ибн Каййим сыяктуу аалымдардын кээ бир пикирлерин негиз алып ваххабиликти түптөгөн Мухаммед ибн Абдулваххаб жана тарапташтарынын эмгектеринен башканы окубагандарга да сунуш). Акыйда маселесин (же ишеним негизин) жакшылап билбей-түшүнбөй туруп, түрдүү тыянактарга баруу же философиялык анализ кылуу адашууга алып барышы мүмкүн.

Азыркы учурда илимдин рационалдуу ыкмаларын, ашкере логиканы, табигый закон ченемдүүлүктөрдү негиз алгандар «исламда тагдыр жок», «муъжиза жок» ж.б. дей баштады. Бул салттуу ислам негизине караманча-каршы ойлор болуп саналат. Айрымдар ошол пикирлерди «импорттоп» алса эмне кылабыз? Ансыз да араң турган диний чыңалууну, карама-каршылыкты (фитна) күчөтүп жибербейби? Ошондо азыркы алкап чаап жаткан колубуз менен башыбызды койгулап калбайбызбы? Кимиси туура, кимиси ката, кантип айырмалайбыз? Аның деле шарияттан, мунуң деле шарияттан шилтеме берип, башты айлантса эмне кылмакчыбыз? Мунун бирден бир жолу – салттуу исламга кайрылуу. Тагыраагы, салттуу ислам негиздерин кармануу. Бул илим-билимди четке кагуубу? Албетте, жок!

Жеке мен динге (анын ичинде Куранга жана сүннөткө) илимий аспектиден кароо маселесине эч кандай каршы эмесмин. Бирок илимдин рационалдуу ыкмаларын догма катары таңуулап (же илимди борборго коюп), Курандагы өкүм-буйруктарды жана окуяларды табигый закон-ченемдүүлүктөр, физикалык закондор менен чектөөнү, рационалдуулук кабыл албаган элементтерди дүңүнөн четке кагууну туура көрбөйм. Туура, кудай таала аалам системасында белгилүү закондорду койгон. Бирок бул деген кудай өз законуна баш иет дегенди туюнтпайт да! Ал кааласа закондорго сыйбаган кубулуштарды жасоого кудиреттүү. Ал ошол үчүн кудай. Ошондой эле, илим – өзгөрүүчү кубулуш экенин да унутпашыбыз зарыл. Мисалы, «Чоң жарылуу» теориясына чейинки илим ааламды түбөлүктүү деп келгени жалганбы? Же болбосо Коперникке чейин геоцентрикалык система илимий негиз катары өкүм сүргөнүн кайда катабыз? (P.S: Биринчи жолу XI к. дүйнөнүн борборунда Күн жайгашкан деген пикирди Беруни сунуштаганы менен аны колдогон илимий чөйрө болгон эмес). Башка мисал, салыштырмалуулук теориясы «убакыт бардык жерде бирдей» деген түшүнүктү кыйратса, кванттык теория классикалык физиканын быт-чытын чыгарып ийбедиби. Демек, азыркы илимий тыянактар деле келечекте өзгөрүүгө дуушар болушу толук мүмкүн. Андай болсо, исламдын негизги булагын учурдагы илим менен гана чектеп алуу туура болбойт. Эң кызыгы, азыркы таптагы илимди дүйнөлүк деңгээлдеги атеисттик идеологдордун капшыра кармап, «кудай жок» дедиртип отурганына не дейбиз? Демек, дин менен илимди карама-каршы коюуга кызыкдар болгондор салтчылдар (же консерваторлор) эмес, түпкүлүгүндө башка күчтөр болуп жүрбөсүн. Ошон үчүн атеисттик илим гана идеал катары таңууланбай, религиялык (анын ичинде исламий) илимдердин эшигин ачууга деле кезек келгендир. Илим эркин болушу керек да.

Демек, ислам негиздерин жокко чыгарбоо шарты менен илимий жактан терең талдоо, таануу, анализ кылуунун коркунучу жок десек аша чапкан болбойбуз. Бирок ал үчүн сөзсүз эле салттуу исламды жокко чыгаруу шарт эмес. Ошол эле учурда, салттуу ислам дегенде эле ата-бабаларыбыз кандай жол тутуп, эмне деген болсо, ошол чийинден чыкпай, жүз пайыз ээрчүү (!) деп түшүнбөө керек. Бир мазхабдагы аалымдар деле талаштуу пикир айткан мисалдар арбын эмеспи. Эгерде салттуулукта кемчиликтер болсо, анда оңдош керек. Мисалы, медрселердин илимий потенциалын арттыруу, диний окуу жайларга философия баш болгон дүйнөбий илимдерди киргизүү зарыл (P.S: философия атеизм жөнүндөгү эмес, дүйнө тааным жөнүндөгү илим).

Эми биздин коомдогу дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча азыноолак сөз кылсак. Ачыгы, молдолордо көптөгөн кемчиликтер бар. Мисалы, бүгүн мечиттерде иш алып барган дин кызматкерлеринин эң биринчи эле диний баяндардагы методика катачылыгы көзгө урунат. «Чү» дегенде эле тозокту айтып, элди үркүтүп-коркута бергендер толтура. Тозокко чейинки жашоону деле айтса болбойбу. Анан көпчүлүгү мифологиялык икаяларды айтуунун «мастери» болуп кетишкен. Социалдык желелерге чыккан диний маңыздагы видеолорду көрүп отуруп зээниң кейийт. Жылдыз оорусу менен ооруп калган «жылдыз молдолор» кыйкырып-өкүрүп, жамаатты атасындай урушуп, этиканы сактабай койгон учурлар мол. Мындай көрүнүштөргө көз жуумп койсо болот. Себеби, эгемендикке эми гана 30 жыл болуп жатканда, диний чөйрөдөн көп нерсе талап кыла албайбыз. Диний кызматкерлер эми-эми такшалып келатат. Бирок артта калуучулукту молдолордон гана көрүп, аларды үстөккө-босток ур-тепкиге алсак эле диний маданият дүркүрөп көтөрүлүп кетпейт дечи.

Деген менен молдолорду бура бастырбай, «диегондук ыкмага» салып, жатып алып сындай берген «сыңар өтүгү майрык» сынчылар бар. Мындайлар адатта интернетте көп отурат. Теория башка, практика башка дегендей, диний кызматкер болуу деле оюнчук иш эмес. Эгер сын-пикир айта турган болсок, негиздүү айтууга үйрөнүшүбүз керек. Себеби, туура сын өстүрөт, туура эмеси чөктүрөт, сындырат же өлтүрөт. Сындаардан мурда молдо ким? Эмне кылат деп өзүбүзгө суроо берип көрөлү. Төрөлгөндө азан чакырган да – молдо, турмуш курганда адалдап нике кыйган да – молдо, ажал жетип а дүйнөгө аттанганда жаназа окуган да – молдо. 70 жылдык кордукка чыдап, дин билигин өчүрбөй, бүгүнкү күнгө чейин жеткирген эски молдолорго ыракмат айтуунун ордуна, шакаба чегип отурганыбыз кудайга деле жакпас. Кыргыз молдону эч качан кордогон эмес. Молдо адашып, күнөө ишке кириптер болгон күндө да «молдонун айтканын кыл, кылганын кылба» деп өтө даанышмандык менен молдонун деле жаңыларын, бирок арам ишке эч качан буюрбашын терең түшүнгөн. «Айтканын кыл» дегени ошол. Бирок бүгүн биз молдого кандай мамиле кылып жатабыз? Кечээги социализм, бүгүнкү демократия бардык мамилелерди өзгөрттү. Көпчүлүгүбүз молдого жакшы мамиле кылбай калдык. Өзгөчө коммунизм кан-жанына сиңип калган улуу муундагы замандаштарыбыздын көпчүлүгү молдону көрсө эле жини шакардай кайнайт. Бул атеисттик тарбиянын али өчө элек калдыгы болушу мүмкүн.

Жогоруда негиздүү сын дебедикпи, молдокелерибизде көз жумууга мүмкүн болбой турган башка жагдайлар да бар. Сынды да эби менен айта турган болсок; айрым молдолорго байланыштуу байларга, чиновниктерге шыңарлоо, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен ынак мамиледе болуу өңдүү имиштер айтыла калып жүрөт. Бул албетте, ойлонто турган маселе. Эң негизгиси, диний кызматкерлердин билиминин тайыздыгы, дүйнөбий илимден алыстыгы кооптонто турган жагдай. Имамдар терең билимге ээ болбосо, дин атын жамынган агымдар же залалдуу секталар менен кантип күрөшөт? Элди кантип туура маалымат менен камсыз кылат? Диний агартууну кантип жүргүзөт? Мына ушул суроолор күн тартибинде болууга тийиш.

Жогоруда методика боюнча да сөз кылдык. Динди башынан кароого боло турган, ошол эле учурда болбой турган маселелер бар. Дин – өзгөргүс институт, бирок диний түшүнүктөр өзгөрүшү мүмкүн. Кайрадан кароого боло турган жагдайлар боюнча учкай кеп кылсак. Исламдын негиздерине байланышпаган айрым маселелерди башынан карап чыкса болот. Мисалы, Куранды жаттаган сооп, бирок Куранды (тагыраагы, кураний адеп-ахлактык принциптерин) жашаган андан да сооптуу иш. Адептик амалды аткаруу өтө жакшы, бирок парздын алдында эч нерсе эмес. Ажылыкка баруу же мечит салуу жакшы, бирок адал акчадан ишке ашыруу өтө маанилүү маселе. Ошондой эле адеп-ахлактуулук көптөгөн критерийлерден жогору турушу зарыл. Мечиттерде адамга, коомго пайдалуу инсан болуу пропагандаланышы керек. Экологияны сактоо доорубуздагы эң негизги маселелердин бири катары каралууга тийиш. Мындан сырткары, киреше булагы шектүү, уурдалган-тонолгон, коррупция каналдуу капиталдан аткарылган ибадаттар кабыл болобу же жокпу деген суроонун үстүндө баяндар кылынышы зарыл.

Исламда «адам акысы» деген бар. Бирөөнүн акысына кирдиңби, бирөөнүн бир сомун уурдадыңбы, кырк жыл ибадат кылсаң да акыретте илешип калышың кеп эмес! Жараткан Алла чексиз мээримдүү жана ырайымдуу болгондой эле, чексиз Адилеттүү Зат эмеспи. Молдокелерибиз ушул жана башка зарыл маселелердин үстүнөн катуу иштеши керек...

Деги эле диний маданиятты көтөрүү үчүн ар тараптуу, системалуу, комплекстүү иш алып баруу керек. Дин илимин алган, креативдүү, жаңыча ойлонгон кадрлар өздөрү келип, диний багытта иштеп бериши зарыл. Чет өлкөлөрдөн окуп келген бир катар мыкты жаштардын энергиясын, илим-билимин пайдалануу амалын көрсөк жакшы болгону турат (бирок салафийликке сиңирилип, шимирилип келгендери жарабайт). Илимдүү жаштар жок  эле  дегенде бир мечитке имам болуп, бир айылдын жамаатынын аң-сезимин көтөрүп, диний сабатсыздыктан арылтса чоң иш болот да. Бирөөсү тээ Баткенге, дагы бири Таласка барып иштесе, Кыргызстандын ар кайсы жеринде динди туура түшүнгөн ячейкалар пайда болмок. Мындай кадам динди так жана туура түшүнгөндөрдүн көбөйүшүнө алып келет эле го? Бирок буга кызыкдар жан барбы? Илимдүү-билимдүү жаштар өздөрү да муфтиятка ат салышып же Аалымдар кеңешине талапкерлигин койсун. Аттецтациялык комиссиядан өтүп кетсе ажеп эмес. Себеби, азыркы учурда ваххабилик өкүлдөрү салафизм идеяларын ачык пропагандалап, салттуу исламды четке сүрүүгө чындап киришкени байкалууда. Алардын ою дин идаарасын эптеп колго алуу болуп жаткандай. Салафийлерди акыйдасы түз, илимдүү кадрлар гана ордуна коё албаса, илими жетишсиз молдокелер кантип күрөшөт?

Мамлекетибиз диний саясат жүргүзүүдө акыйдада матуриди, амалда ханафилик жолун тандап алган. Деген менен биерде да маселе бар. Анча-мынча селдеченден ханафи мазхабын сурасаң Википедиядан окуп алган Абу Ханифанын өмүр баянынан башка эч теме айта албайт. Ханафилик кайда да, Абу Ханифанын автобиографиясы кайда? Матуридиликте да ошондой. Биз качан Имам Матуридинин өмүр баянын, мифологиялык окуяларын эмес, доктринасын, көз карашын, башка ишенимдик агымдардан айырмачылыктарын жана артыкчылыктарын, биздин кылымдар бою калыптанган менталитетибизге канчалык сиңгенин биле баштасак, ошондо «ахлу сунна акыйдасынанбыз» демиш болуп кыйтырлыкка салган, бирок динди бурмалаган өтө катаал жана тар көз караштагы салафийлердин сыйыртмагынан оңой кутулмакпыз. Чынында «ахлу сунна» акыйданын аты эмес, сүннөткө туура келген жалпы мазхабдардын аталышы. Анын ичинде ханафилик, шаафилик, маликилик жана ханбалилик деген төрт амалдык мазхаб болсо, матуридилик жана ашарилик деген эки ишенимдик акыйда бар. Бирок салафийликти кээ бир сунний аалымдар четке кагып, «ахлу сунна вал жамааттын» короосунан алыс ыргытса, башкалары тизмеге өзүнчө мазхаб катары кошот. Адамды оңой-олтоң эле «каапырга» чыгарып жиберүүчү такфирчил салафийликтин позициясы өтө күмөндүү. Алла Таалага орун (место), тулку-бой, кол-бут ыйгарып салган салафийликти толук кандуу момун дештин өзү татаал маселе...

Ушул жана башка далилдер менен салафийликтин натуура экенин айта баштасаң эле «Сен үммөттү бөлбө!» дегендер капталдан чыгат качырып. Мындайлардын көпчүлүгү же илими жок, же өз алдынча изденбеген, же бир китепти аягына чейин толук окубаган, же сөз укпаган, же кеп кадырын билбеген адамдар. Биз деле бөлүнгөндү өтө жек көрөбүз. Исламда бөлүнүп-жарылуу катуу айыпталат. Бирок ким бөлүп, ким бөлүнүп жатат өзү? Ушуну так ажыратуу үчүн бир мисал келтирейин:

Бир кыштакта миң жылдардан бери жашаган чакан айыл бар дейли. Алардын өз каада-салты, үрп-адаты, маданияты бар. Күндөрдүн биринде ушул айылга 2-3 бүлө көчүп келди. Келгиндер жергиликтүү элди жактырбай, каада-салтын, менталитетин жерип, «Силер эски салтыңарды таштагыла, биздин салтты кармагыла, бөлүнбөгүлө», – деп тынбай конфликт чыгара берди. Эми суроо: айып кимде? Ким бөлүндү? Салафизм өкүлдөрү дал ушундай кылып жатпайбы?

Өкүнүчтүүсү, терең адашууда жүрүшкөнүн өздөрү билбейт. Кайра «бидаатчы» деп салттуулукту кармангандарга агрессивдүү мамиле жасашат. Тавхидди үчкө бөлүү, ыйман-амалды бир кароо, суфизмди четке кагуу, мустахаб амалдарды бидаатка чыгаруу өңдүү натуура пикирлерин дин катары таңуулап атканы опурталдуу. Андан кейиштүүсү, жөнөкөй адамдардан  ширк эмне, бидаат эмне, пайгамбардын туулган күнүн (мавлид) өткөрсө болобу деген сыяктуу суроо узатсаң өтө көпчүлүгү салафийликтин негизинде жооп айта баштайт. Ал тургай «акыйдада матуридимин» деп төш каккан дин кызматкерлери да салафизмдик пикирди айтып алышы мүмкүн. Мына, ушул өксүк!

Буга эмне себеп болду дегенде салафиттик көз караштагылардын эгемендикке жетишкен жылдардан тарта катуу аракет кылып, башында диний басылмаларды, эми интернетти колго алганын айтууга болот. Салафийлик жыттанган маалыматтар ушунчалык көп дейсиң, аны карап отуруп диний радикал же светтик радикал болосуң (P.S. Светтик деген сөз «атеисттик» дегенди туюнтпайт). Элементардуу мисал, интернеттен кыргыз тилинде диний маалымат издесең, маңдайыңа негизинен салафиттик материалдар чыга калат. Же ак-караны айырмалап берер түзүгүрөк интеллигенциябыз болсочу. Салттуу ислам менен салафизмди айырмалай алганы өтө сейрек. Көпчүлүк интеллигент болмуштар радикалдык группалардын пикирин ислам деп түшүнөрүн көрүп ыйлагың келет. Ал эми исламофобиянын чеңгээлинде жүргөн, жүргөнүн өзү билбеген журналисттерден эбак түңүлгөм.

Демек, биздин жашоо образыбызга төп, каада-салтыбызга бап келген матуридиликти терең жайылтуу кечиктирилгис маселе катары каралууга тийиш. Биз акыйдада матуриди, амалда ханафи жолун тандап алганбыз дебедикпи. Андай болсо, салттуулукка кайнаса каны кошулбаган, дээрлик бардык сунний залкар аалымдар «таптакыр адашкандар» деп мүнөздөгөн шиитизмди да эч качан көңүл сыртында калтырууга болбойт. Мамлекет абдан дыкат иш алып барып, аларды тыкыр көзөмөлдөп турууга тийиш. Коопсуздук органдары Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүлөрдүн негизги себеби (же башкы шылтоосу) «сунний-шия кагылышы» экенин жадынан чыгарбаса. Шия багытындагы аракеттер дайыма эле салкын кандуулук менен ишмердүүлүк жүргүзөт деп ким кепилдик бере алат? Ыраматылык Чубак ажы да ушулар боюнча чырылдап жүрүп өтпөдүбү...

Тизгин жыяр сөзгө келсек, салттуу исламдын салтын чануу жакшы жосун эмес. Муну «мен мусулманмын» деген ар бир кыргыз жараны көңүлүнө түйүп жүрүшү керек. Биздин традициялуу динибизге тиш кайраган салафийлик багыт болобу, радикалдык топторбу, же башкача кызыкчылыктагы жамааттар болобу, кимиси болсо да КМДБдан алыс болгону дурус. Салттуу ислам биримдикти, ынтымакты, тынчтыкты сактоонун зор рычагы экенин унутпасак. Бизди ушул күндөргө чейин сак-саламат жеткирген традициялуу жолубуз менен келечекке да ишенимдүү бара алабыз. Да бир маанилүү маселе, акыркы учурларда «кыргыз исламы» деген аталыш байма-бай айтыла баштады. Бул кулакка угумдуу, жүрөккө жугумдуу туюлганы менен кабыл алынбоого тийиш. Салттуу дегенибиз жетиштүү болуп турбайбы ансыз деле. «Кыргыз исламы» терминин жактырбаган себебим, эртең эле кыргыз исламы мыктыбы же казак исламыбы же өзбек исламыбы деп ыркырап, жөөлөшүп кетүү кооптуулугу бар. Андан да майдаланып, «Ош исламы», «Нарын исламы», «Чүй исламы» болуп бытырап, союл менен чабышып калбайлы. Ушудан кудай сактасын. Ошондуктан ар ким таңуулаган аталышты баса калбай, өзүбүздүн салттуу позициябызда кала бергенибиз дурус. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз