Абийрбек Абыкаев: Тамыры бир эки айыл (даректүү баян)

Мен эзелтеден хандар, бектер чыккан атактуу Чоң-Кемин өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан Тегирменти айылда туулуп өстүм. Мындай аталыштагы айыл бүткүл ааламда бирөө эле деп жүрсөм, жаңылып жүрүптүрмүн. Көрсө, Кытайдын Кызыл-Суусунда да дал ушундай аталыштагы айыл бар экен. Болгондо да эки айылдын тамыры бир болуп чыкты.

2014-жылы 22-августа күн жаңы батып иңир кире баштаганда, айлыбызда санжырага кызыгып, жаңы нерсе укса: “Байке, китебиңе керек болуп жүрбөсүн,”— деп дайыма чын ниети менен көмөктөшүп жүргөн Тынычбек деген жакшы санаалаш инилеримдин бири телефон чалып:

 – Байке, мечиттин жанына келе калчы, Кытайдан кыргыздар келип, таанышабыз деп жатышат, – дегенинен жетип барсам, эки аял, эки эркек Тынычбек менен турушкан экен.

Саламдашып таанышсак, ак калпак кийген киши өзүн Карыжан деп тааныштырды. Ал Кытайдагы Тегирменти деген айылдан экенин, тээ жетинчи атасы Асан аттуу киши туугандары менен кандайдыр бир себеп менен Кыргызстандын Тегирменти деген жеринен келип туруп калышканын; туулган жерибизди унутпай жүрөлү дешип, барган жерине Тегирменти деген атты коюп алышканын; өздөрү багыш уруусунан экенин; чоң аталарынын айтымында Сарыбагыш менен Багыш бир туугандар экенин; бир заманда көчүп барышкан 30 түтүн эл, азыркы учурда 400  түтүндөн ашып, 12000 киши жашарын божурап берди.

Бир заманда кытайда калган Темиржан бабабыз жөнүндө сурасам, ал жакта Темиржан уруусун укпаганын, Кубатбек деген уруу бар экенин айтты. Өзү 59 жашта экенин, Кыргызстанга барсам, Тегирментини көрсөм деп дегдеп, тилек кылып жүргөнүн, бүгүн минтип кудай тилегине жеткизгенине шүгүр кылып, арыктагы суусунан кочуштап ичип, тамшанып, арыктын жээгине жата калып, оонап сүрөткө түшүп, үйгө барып даам ооз тийгиле десек, жанындагы ээрчитип келген бишкектик шыпылдаган коммерсант кара катын, эринин досу, уруусу Адигине Молдожан экөө убакыттын тардыгын шылтоолоп, Тегирментинин суусунан Кытайга ала кетебиз дешип, 2 кытай баклашканы толтуруп, топурагынан алалы десе бош топурак жок, бир ууч майда ташынан терип алышып, кудай буюрса шашпай келербиз дешип, жөнөп кетишкен эле.

Анын тилегин кудай берип, кийинки жылы Карыжан тууганыбыз өзүнүн ага-тууган, таяке, кудалары менен 16 киши келип, ата-бабаларыбыздын жери дешип, зыярат кылышып, Көк-Ойроктун Жашыл көлүнө чейин барышып, жерибиздин сулуулугуна суктанып, үйдөн буюрган тамактан даам татышып, чоң бабалары Назбийке аттуу бир сулуунун айынан жер которуп, Кытайга чейин жетип жашап жаткандарын баяндашты.

Көрсө, бир замандарда Алайда бир атактуу хан жашап, анын Назбийке, Кызбийке деген теңдешсиз сулуу кыздары болуп, атасы эркек баласы болбогондуктан: “Кыздарыма ким үйлөнсө үстүнө келип жашасын, болгон бийлик, байлыгыма мураскор болот,”- деп жарыялайт. Назбийкени көрүп жактырган тегирментилик Асан аттуу баатыр жигит ал шартка макул болуп, Назбийкеге үйлөнүп, туугандары менен көчүп барат. Бир жылча жашап калган кезде бир сынчы барып Назбийкени сынайт. “Ааламда жок сулуу экен, аттиң, бир кемчилиги мурдунун таноолору ашыкча кенен экен”, - дейт. Көрө албаган бирөө Асанга: “Жердин түбүнөн элди бүлүнтүп көчүрүп келип алганың, ушул мурду топоздукундай барбайган немеби?”- деп намысына тиет.

Кызды таштап кетмек болуп жатканда, арасынан бир дарыгери чыгып: “Мунун таноосун мен кесип туруп, кичирейтип тигип оңдоп берем”,- дейт. Ошентип, Назбийке сулуунун таноосуна бычак тийип, азыркыча айтканда пластикалык операция жасалат. Кыздын атасы угуп калып: “Багыштар менин кызымдын мурдун кескидей болуп калышыптырбы?!”- деп каарданып, Асандын айылын чапканда, чабылгандан калганы качып, кайра Тегирментиге келгенден намыстанышып, азыркы турган жерине барып туруп калышкан экен.

Атаңдын көрү, эй! Бул турмушта эмнелер гана болбойт! Бир кыздын таноосу үчүн убагында бир айыл журт которуп барып чабылса, ошол эле себептен башка бир өлкөдө бир айыл өсүп чыкканын айтпайсыңбы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз