Жолдошбек Зарлыкбеков: Турмуштан тамган тамчылар

  • 16.03.2021
  • 3540

Нарындын Кара-Кужур өрөөнүн билесиздер. Совет учурунда: «Кара-Кулжадагы, Кенес- Анархайдагы, Алай-Куудагы, Арпадагы, Кара-Кужурдагы кайратман малчылардын жашоосунан репортаж» – деп өкмөт гезиттерине жазып: «Булар аскар тоонун башында, кара зоонун кашында, кышында күрткүсү калың кардын астында колхоздун ак отор коюн, топозун аман- эсен асырап атат» – деп, калаадагы ысык үйдө жашаган элди коркута берчү эмес беле. Менин өспүрүм чагым ошол касиеттүү Кара-Кужур өрөөнүндө өттү. Курбалдаштарымдын дээрлиги берки Кочкор ичиндеги жакалык атанын балдары болгондуктан, маган окшоп тоо-тоолоп кой кайтарганды, чобур атыңдын жүгөнүн каккылаганды, ат үстүндө эки саның кыпкызыл болуп жооруганды, кырылып кала тургандай ак койдун окшош маараганы, жылкы баласынын өтө сергектиги, уйдун көчүгүнө кирген сайгактын уйду шок кылышы, өйдөгө сүзгөн кара жон балык ташка кыпчылып ары-бери кеталбай, учкан чымчыктардын ал байкуштун жонун чокулап жеп кеткени, кымызга тоюп алган сегиз класс билими бар эрге тийип алган жеңебиз он класстык билими жок агабызды кантип капталга койгулап, «койчу ай, чын элеби» дегени, зоотехник күрсүйгөн атын мамыга байлап: «И, Керимакун жайыттабы, Анийпа катын жүрөбү, чакырчы» дегени, өңгөчө түнүчүндө тоо жаңыртып, ар толкунун каржактатып тыным билбей агып жаткан Кара-Кужур суусунун доошу, башы Нарын дайра баштала турган ушул куттуу өрөөндүн тепкедей айылында акыл-эсим чыңалып, өткөн өмүрүм өттү.

Өйдөтөн ылдый агып жаткан булактын көк тулаң толгогон, кышындасы көк булоо бурап ылдыйга – дайрага кошулганы агып атышы – ушул Кудайдын берген касиетин ар кайсы арам сүйлөгөн кишинин тили менен айтып берүүгө болобу? Ошентип, Кара-Кужурдун кире беришиндеги биринчи жолуккан чакан тумшуктан чыга берсең алаканга салгандай Ак-Кыя деген айыл бар. Күркүрөгөн суунун аркы өйүзү – Теңдик – усубалиевчилер, берки өйүзү Жданов – саралаевчилер, тоодон топозу ары өтүп оттоп кетсе – Кичи-Кара-Кужурга түштү дегенче Долондон аркы нарындыктар топозу баштап мамалактарыбызды атып же айдап алат. Алардын топоздору боор жүнүн чубалтып биз жакка өтсө, биздикилер атып, союп алып, аркы кырдан салпактап издеп келгендерге «көрсөм, көзүм кыйшайсын» дешер эле.

Дооронбек Садырбаевич кино тартам деп Памир кыргыздарына барса, топозду алар «котоз» дешет экен деп келгени эсимде. «Антип айтууга алардын кандай акысы бар, казитиңерден окудум» – деп Ак-Кыяда топоз баккан Сабырбек агам бозого тоюп алып, мага атырылса болобу... Ошол касиеттүү өрөөндө менин ата-бабаларымдын көпчүлүгүнүн сөөгү жатат. Кой кайтарып тоо-тоолоп жүргөндө ар кара ташынын жыбытынан, эненин сүтүнөн бетер, тунук кашка суу аккан капкара зоокалардын сымбатын, кулакты жарчудай болгон жымжырттыгын, үстүнөн үйлөп жиберсе жок болуп кетчүдөй илинип турган токум ак булутун, кышында көк музунун үстүнө үлпүлдөгөн кар төгүп коюп, «и, баатыр, алдыгы чобур атың менен бери капталдап көрчү» деген көктүгүн, жайкысын туалетин өзүнчө казып чычып, ар укмуш чөптүн тамырын жеп манектей семирген, аңкушу кулак кужуруна жагымдуу суурларынын, тээ, кара шагылдардан катар чубап суу татканганы ылдыйга түшкөн кийиктердин поюз жолдо келаткандай тегиз карааны, анан туруп-туруп эле беш метр жерди көрсөтпөй сартуман чубап, мээңди жарып кетчүдөй элүү беш жүз метр арыга түшкөн чагылганы, итиң куйругун кыпчып атыңдын чатына кирип, өлөт алган ак коюңду бул жагын жыйсаң, ал жагы куюндап, зымдан жасалган короого теңи кирип, теңи андаалап...

Өзү чабан деген адамдардын турмушу тири шумдуктай бай да, оор да. Бер жактагы ысык тамда олтургандардын көзү менен караганда романтикалуу деп коёт ко дейм. Ошентип, Ак-Кыянын Лахолго бараткан жалгыз жолунда Түлкүбай конушу жатат. Азыр каралбай калды. Кыргызда миң-миллион тоо салаалары бар. Ар биринин касиетин ошо жерди тукумдаган ата- бабаларыбыздын арбайын баалап, ар кимибиз барбасак да беригеден сактап, ардактап, коргоп турушубуз керек. Ошондон аркысы эле Түз- Ашуу. Шамалы да, куюну да аңыраңдаган айдөөш жер. Бирок андан өйдөңкү коктусу малга ыктуу жайыт.

Ушул Түз-Ашууда мен алгач ирет насаат уктум. Ал мындай: бизди өзү беш-күрөң дешет. Беш борпоң баласы атасы өлсө бозого тоюткер болуп уктап калып, токолдон алтынчы баласы түнгата атасынын сөөгүн төөгө жүктөп уурдап кетип, апарып Афлатундун алдындагы касиеттүү деген адамдардын кабыры жаткан жерге койгон дешет. Болсо болгон өңдүү. Кийин эле Афлатунга барып, кыргыздын оң-сол-ичкилик мыктылары көмүлгөн жерди көрүп, таазим кылдым. Ошол беш-күрөңдөн Жусуп деген атабыз жашады. 105ке чыкканча акылынан да, көз илебинен да тайганы жок. Элчилеп шымына сийбеди. Момун эшегин, эң кичүү уулун: «Ата, эмне кылайын» – деп кээде маңдайына тура калганым үчүн мени жакшы көрсө керек эле.

Чогуу бир сарайдабыз. Туруп-туруп эле Жусуп атам Сонун жеңебиздин (улуу келини) сорпосунабы, короодон тескери тарапка жайылып кетип жаткан малды көрүппү, айтор, «настроениеси наскиге» түшүп, «уулума кетем» деп эшегин издетип ультиматумду бекем коёр эле. Эшегин эшик алдына алып келип, туура тартпасаң жарым саат болсо да унчукпай олтуруп алчу. Өмүр башы бала болсо, аягы да балага айланат турбайбы. Аны кийин түшүндүм. Ошентип атабызга эшеги – «жигулисин» алдына даяр кылабыз. Чоң келини тоотуп да койбойт, кыялы жоомарт киши: «Атаңар акыркы убакта айнып баратат» – деп ооз учунан күбүрөп, көңүн көздөй басып кетет. Чоң атабыздын эшегинин басмайылын бекем тартып, колтугунан сүйөй аттанткан соң: «Жетеле балам, сынтырга кеттик» – дейт. «Сынтыры» – Ак-Кыя.

Малчылардын борбору (центри) деп Усубалиев чыгарып берсе керек. «Сынтырга» чейин эки чакырым. Анда уулунун улуу уулу Сатыбалды байке жашайт да, атабыз ошол үйгө кетем деп таарынып атканы да. Сатыкенин үйүндө биздикинен төмөн турмуш, сүтү көк, сахары ченелүү, сары чай дегендей. Аны билем да. «Ата, баратабыз мына» – деп ылдыйкы ат сарайды эки айлантып туруп, кайра Сонун жеңемдин колуна салып беребиз. Ооп түшөт да: «И, келдимби, айланайын» – деп калат. Мындай көп кайталанды. «Бу киши эми жаш бала болуп калбадыбы» – деп айтышканын көп уккам. Бирок 103 жашынан 104 жашына ооду деген күздө мен атабыз минген эшегин адаттагыдай жетелеп сарай айланып келатсам айтат: «Сен жанагы Жолдошбек белең?» – дейт. «Ооба, ата» – десем: «Сен кишинин көзүн тике карай албайсың. Кишинин көзүн тике карай албаган киши кишилерди башкара албайт. Кишилерди көзүнө тике карап жүр» – деген эле. Ошондон кийинки жылы токчулук күздө, мал семирип турганда атабыз о дүйнө салды.

Кубат аке Жусубалиевдин Ак-Кыяда кино тартканы

Былтыр күздө Кубат акеге: «Кочкорго бараттым эле» – десем: «Кулжанбек байкеге салам айт», – деди. Катын жазып берди. Көпкө ойлонуп туруп жазды. «Турмуш деген ар кандай, Турдуканды алгандай» дегендей, турмуш-тиричилигимдеги ыбыр-сыбырымды бүтүргөн соң Теңдикке барсам (Ак-Кыядан Теңдикке түшүп келгенине бир топ жыл болгон), а киши кайтып кетиптир... Кулжанбек агабыз ошол союз кезинде эле совет өкмөтүн алдап байып алган кыйтыр, бирок жоомарт адам эле. Башы иштеген кишиге айла жок экен да, тарых башынан бериге эле. Кою, жылкысы, маңка уйлары көп кишиден Теңдик совхозунун директору да тайсалдап: «Куке, бригат болуп бериңиз» – деп кызмат берип, берки Кочкордон Кара-Кужурга өтүп барган сайын Кулжанбек аганын куйруктуу кара козуларынан бирден сойдуруп жеп кете берчү экен да. Кулжанбек ага менен бир топ ирет сүйлөштүм. Баланы теңине ала бербеген кыраакы, санжыранын саадагын каккан, өтөгөндүн терисин ий кылып жибергенче, сөөгүңө өтүп кеткенче сүйлөгөн адам эле.

Өмүр деген ошол, карасаңыз, өлгөн кишини өткөн чак менен сүйлөп калат турбайбызбы. Карагер аты болор эле. Өзү бригат. Аты чакчаңдап ооздугун кемирип, Кара-Кужурдун кирип турган суусунун кайсы тушунан болсо да аркы өйүзгө аман алып өтөм дегендей курч мал болчу. Бригат ошол малынын жонуна конуп алып, кыларга кайсы жумушу бар дейсиз, малы Соң-Көлдө, өзү Ак-Кыяда, көздөгөнү он сугатчы, он сарай. Ар сарайда кароолчусу деле бар. Бирок ошолорду да башкарган киши керек да. Ошентип, эриккенинен текшерүүчү-бригат сыпатында Лахолду карай кетип атса, көпүрөдөн ары тоо этектей, Кургак-Төрдү этектей жайыкта военный эки машине турат имиш, боз үй, чатыр тигип алышкан, эрең- серең бир топ киши жүрөт имиш. Колу-жону бош кишиге эмне: «Булар кимдер болду экен?» – деп чакчаңдаган атынын башын сууга буруп, аркы өйүзгө – Ждановдун чегине өтүп барып, жанагыларга салам берсе, орустары чорт-морт дегенби, бир узун шыргыйдай болгон, ак чыттан эскирген шапке кийген, жука жаак, буту укмуштай тартайган бирөө: «Аксакал, түшүңүз, ат-көлүңүз аманбы, түшүп даам сызыңыз. Ушул жерди тандап кино тарттырып аттым эле», – дебейби. «Тарттырып аттым эле», «ат-көлүңүз» дегенине караганда бул булардын чоңу экен, ыйман-ысаатты билет экен деп болжодум дейт, кийин сүйлөшүп олтурсак, ошентип айтып жатат да. Кыскасы, бир көргөндө эле ымалалашып калган жандар болот го. Ал тартайганы – Кубат аке Жусубалиев экен.

Бригат чээнден чыккан сөзмөр болсо, жазуучу сөз кубалаган киши болсо – табышат да. Кара-Кужурда кайсы коон, кайсы алма. Коон союлуп, алма дасторконго коюлган экен, жалаң эт, сүт, нан, чай менен күн көрүп келаткан тоолук бригат ыракаты менен коон жеп олтуруп: «Киноңдун аты эмне болот?» – деп амал четин чыгарса, кийин айтып атпайбы: «Ушу, уйду кантип жолборс жара тартып кетти» дедиби, же «боз туман» дедиби, айтор, түшүнгөн жокмун дейт. Кулжанбек байке ошондон тарта киночуларга күндө айран, каймагын канжыгасына байлай барып, жазуучу экөө маңдай-тескей олтуруп алып аркы-беркиден сөз алып, философчулук кылып, маектери далай күнгө созулуптур.

Кубат аке да кыйтырлык кылып, капталындагы үн жазгычын иштетип коюп, жиреп коюп угуп олтура берет экен. Кийинки жылыбы, билбейм, «Кыргызстан маданиятына» «Бригадир Кулжанбектин аңгемелери» деп толгон-толо аккыялык, теңдиктиктердин аты кашкайып жазылган чоң аңгемелер чыкты. «Көрсө, Кубат эмне айтсам, чыпчыргасын коротпой жаздыра берген турбайбы да, анан өзү кошуп өтө көркөмдөп, борбордон чыгарып жиберип атпайбы. Ошондо балээ болду. Койчу Рай менен сенин бир тууган жездең сугатчы Рысменде баштап, Усубалиевдин жээни төштөп: «Сен биздин абийирибизди төгүпсүң, борборго арыз жазабыз», – деп үстөмөндөп, Теңдиктен Усубалиевдин партком секретарыбы же профком беле, карындашы жаздырышпадыбы. Усубалиев деле өз киши, ошол кезде Акаевден ыдык көргөндөй, партиядан чыккандай беле, кыскасы, «сен Усубалиевдин Октябрь революциясы ордени бар чабан тууганын мазактап айтыпсың, аны Жусубалиев жазыптыр» дешпедиби. Сүйлөшкөн сөз гезитке чыгып кетерин кайдан билиптирмин» деп кейисе болобу.

Кубат акенин «Бригадир Кулжанбектин аңгемелери» чыгармасын кыргыз прозасынын шедеврлеринин бири деп эсептейм. Мындай баам, балким, ошо Кара-Кужурдун элин, жерин нак көз алдыма тартып берген жазуучулук сергектиги, күндө көрүп жүргөн эле турмуштук көрүнүштөрдөн кылдат, көркөм, жүрөккө жетерлик сүрөттөрдү тартып бергени үчүн кымбат болушу мүмкүн. «Аңгемелерде» элеттин элинин тиришумдук панорамасы тартылган. Мисалы да, теңдиктиктер өйдөдөгү саздан чөп чаба турган болуп калышат да, Рай: «Кана, мага чыга турганыңар ким» – десе, Кулжанбек байке сүрүп-жонуп момун Рысманбет жездемди алып чыгат, «бир жашик арак байгеңерге», – деп. Алдыга Рай түшүп эки шилтем чапкан соң артынан жездем түшөт экен. Саздын кыя чөбү оңой менен чалгыга түшүп бербейт эмеспи, жездем бир шилтем арбытып алган экен, Райдын шаштысы кетип, арттагы чалгы шырп этип өткөндө: «Согончогумду шылып түшпөсүн, бул дагы бир көк бет ит эле», – деп улам секирип чабат имиш. «Аңгемеде» ушул боюнча айтылган. Аны Кубат аке Кулжанбек байке кандай айтса ошондой айтып, дагы «калемпир» кошуп коюп атпайбы.

Кийин жездем ошол гезиттеги өзүн окуган экен, өмүрүндө биринчи жолу гезит окушу болушу керек. «Рысманбет сени кордоп жазыптыр», – деп арыз көтөрүп келишсе, кол коюп бериптир. Ыраматылык киши, момун эле да кетмени, аты, ээри, анан кыдыракей тогуз кызы а киши үчүн дүйнөнүн байлыгы эле. Борбордон барып калсам тилдебедиби. «Ошол жерде гезитте иштейсиң, окуп атып менин атымды өзүң эле өчүрүп койбойсуңбу», – деп. Мен «Ленинчил жашта» иштесем, Кубат акенин чыгармасы «Кыргызстан маданиятына» жарыяланып атса...

«Ушундай болуп кетиптир», – деп кутулгам. Кийин чыр өөрчүп кетпедиби. Ак үйгө жазылган арыз «КМнын» почтосуна түшүп, түшүнүктүү адам болгондуктан, бир чети кыргыздын ошол деңгээлдеги түшүнүгүнө сарказм жасадыбы, айтор, Кубат аке: «Камчымды мойнума илип, тизелеп кечирим сурайм», – деп кутулбадыбы. Азыр ошол «Аңгемелердеги» тирүү каарман кишилердин көбү жок. Ошол кезде Москванын түз камсыздоосунда турган Кара-Кужур, асыресе Ак-Кыядан элдин көбү жакага – Теңдик, Кара-Сууга көчүп кетишти. Тоолорубуз ошол калыбында, дарыябыз баягыдай эле өз толкунун башкага жүк кылбай ташып агып жатат. Заман оошо берет турбайбы...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз