Китеп жөнүндө аалымдардан асыл ой

  • 23.10.2023
  • 5524

Китеп – мезгил агымындагы толкундардын үстүндө калкып, муундан муунга асыл ойлорду ташып жүргөн жүгү бар кеме сыяктуу.

Фрэнсис БЭКОН

Жакшы китеп окуганың – өткөн доордун мыкты инсандары менен маңдай-тескей отуруп, айткан-дегендерин өздөрүнүн оозунан уккандай кеп.  

Рене ДЕКАРТ

Китеп – даанышмандыктын көчөтүн отургузуучу шайман.

Ян Амос КОМЕНСКИЙ

Китеп унчукпай сүйлөшкөн акылгөй.

Рамис РЫСКУЛОВ

Китеп – акыл-ойдун тукуму.

Жонатан СВИФТ

Мыкты китеп адамзатка автордон калтырылган таберик-мурас.

Жозеф АДДИСОН

Китепти сен бир нерсени жокко чыгарып, же бирөөнө каршы сүйлөө үчүн, же окуганыңдан ишеним таап, башкалар менен масилеттешүүдө сөзгө кыстара кетер нерселерди издеш үчүн эмес, өз алдыңча ой калчап, талдоого алууну үйрөнүш үчүн оку. 

Фрэнсис БЭКОН

Дүйнөдө китептен артык жан курбу таппайсың.

Алишер НАВОИ

Эң таасирдүү, эскирбеген китеп кайсы? Тээ качанкы чындыкка окурманды байлап койгон китеп.

Люк де Клапье ВОВЕНАРГ

Адамдардын акылын, мүнөзүн дадил аныктоодо ал кайсы китептерди окуп, кимдер менен достошконун билүү жетиштүү.

Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ

Гомер менен Гесиоддун убагында китеп аттууң аз болгондой эле, биздин заман жакшы китепке таңсык.

ВОЛЬТЕР

Жакшы китеп окуймбу, жаман китеп окуймбу, айтор ал мага тирүү жандай сүйлөйт.

Жонатан СВИФТ

Жаңы китептин кемчилиги эмнеде? Эски китептерди окуюн десең, азгырып туруп алат. 

Жозеф ЖУБЕР

Китептен өткөн келишимдүү буюм жок.

Сидни СМИТ

«Классика» деп таанылган китептерди баары жанталашып топтойт, бирок бир да киши толук окуп чыкпайт.

Марк ТВЕН

Китепти мурда жазуучулар жазып, окурмандар окуур эле. Азыр китепти окурмандар жазат, а окуй турган адам жок.

Оскар УАЙЛЬД

Жашообузда көңүл бурбаган нерселерди китептен жанталашып окуйбуз.

Эмиль КРОТКИЙ

Китепти ашкере көп окуган адамдын акылы бузулат. Андайдан кеп-кеңеш сурасаң, кемчонтойдой жооп берет.

Сюй Сюэмо

Окуудагы башкы милдет – ойду туруктуу бекемдөө жана түз жолуңдан кайтпоо. Агер өзүңдү тарбиялоодо – оюңдан атак, сыйлык-наам кетпесе, анда эч муратка жетпейсиң. Агер башкаларга өзүңдү билимдүү көрсөтүш үчүн гана китеп окусаң, анда билим үчүн жан үрөбө.

Хун Цзычен

Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим. Сырты булгаары болгону менен даанышмандыкка жол ачат. Ичинде акыл жана терең сырлар катылган китептер биз менен үндөбөстөн баарлашып, жакшылыкка үндөйт. 

Алишер НАВОИ

Кыргызчалаган О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз