Омор Султановдун «Сен жөнүндө поэмасындагы» канаттуу саптар

  • 22.03.2021
  • 3812

*     *     *

Өмүрүм кыскарылса жолумду улаар,
Өзүң деп келбес жерден сага келгем.

*     *     *

Сени ойлоп ар бир баскан кадамда,
Сени менен күн да батып, таң да атып.

*     *     *

Мен чынармын кылым көктөп куурабас.

*     *     *

Үмүм чиркин кеч күздөгү карагат
Сабагында турган али үзүлбөй.

*     *     *

...Күз музду айланткандай дайраларга
Мен сени ырга айлантып бүтүрөрмүн.

*     *     *

Сүйүү болсун түгөнбөгөн үйлөрдө,
Сүйөөр болсун жашап жүрсө ким тирүү.

*     *     *

Ар адамда боло бербейт сүйгөнүнө жолугуу.

*     *     *

Сен сактансаң сактанасың башкадан,
Сактанууга мүмкүн эмес сүйүүдөн.

*     *     *

Сүйгөн чыгаар, сүйүшкөндүр, сүйүшөөр,
Бирок эч ким сүйө албастыр менчелик.

*     *     *

Жалгыздыктын жакшы обонун, жакшы ырын
Жанды эриткен сүйүү дебей ким дейсиң.

*     *     *

Сен томсоруп жапыз жерде жүргөндө
Менин турган бийиктигим курусун.

*     *     *

Көптөр билбейт сүйүү эмне экенин,
Элестетип аялзаттын этегин.

*     *     *

Байлык, мансап – бир коңурук уйкудай,
Түбөлүктүү көз ирмемдей сүйүү бар.
Махабатта жаңылануу, жашаруу,
Анда гана – аруулануу, тазаруу.

*     *     *

Карыса адам сүйүү кошо карыйбы?
Ушул суроо жүрөгүмдү түшүрөт.

*     *     *

Күтпөгөндөр күтүү баасын билишпейт.

*     *     *

Жетпей калган арман дешет, менимче,
Жеткен да арман бу дүйнөдө жалгандуу.

*     *     *

Узак өмүр – убактылуу өлүмдөй.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз