Манас Алымбаев: Көчмөн болдум, журтта калып адашкан

  • 22.03.2021
  • 3487

«Москва кайрыктары» ыр түрмөгүнөн

*     *     *

Сен кайгырба, жаандап асман кайгырды,
Сага гана айта аламын кайгымды.
Жоктоп издеп, калаалардан, талаадан,
Таптым сенден жоготулган ай-жылды...

Сен ыйлаба, мейли булут ыйласын,
Сенсиң менин жалгыз тапкан муңдашым.
Күткүн жаным, көчөбүзгө күн тийип,
Гүлдөр, гүлдөр... күлкүң коштоп ырдашын...

Сен муңайба, мейли аалам муңайсын,
Бизге муңду берген убакыт уялсын...
Айтылбастан күйөөр, өчөөр жарыктар,
Акыры бир күн сүйөөрүмдү туярсың?!

*     *     *

Өттү күндөр, өбөктөгөн, өксөгөн,
Тагдыр мени алаканда өкчөгөн.
Мен - Деңизмин, сен - толкуткан Айымсың,
Айсыз түндөр толкуй албай бөксөрөм.

Кош жылдыздар учат көктө жымыңдап,
Айды көрсөм тилек айтып, туруу адат.
Бүгүн сенин үшүбөшүң тиледим,
Менин жаным, калың жамын, жылуу жат...

КЕЛЕМ БИР КҮН...
Оо, менин, күйгөн досум,
Кашайгыр пейилим барын билип туруп,
Баарыма кайыл болуп сүйгөн досум.
Билемин, жакындарың баары тынган,
Сен азыр мени ойлоп санаадасың.
Көзүңдөн өтөт көчөң, атаң, апаң…
Өзүң да айлар, жылдар талаадасың.
Түшүңдөн мен да качып,
Көрүүнү сен каалаган, айылым, жайлоолорум,
Айдаган жылкым качып...
Көздөрүң жашылданып,
Телмирип турсаң керек терезеде,
Уйкуң качып...

... Алиге там салбадым,
А бирок таң калганым;
Жылкыны үйүр-үйүр,
Кой, малды короо-короо айдап алып,
Ага да топук кылбай,
Бир жетим, бир байкушту пайдаланып,
Жүрүшкөн туугандар бар:
Берээрде "жок... жок..." дешкен,
Алаарда "дагы-дагы...",  "кош... кош..."  дешкен...
А менде бардыгы бар;
Буулуксам черди жазаар калемимди,
Эч кимге тийбей калган керегимди,
Жашоого канып калган карегимди,
Сурап, таап дарегиңди...
Жүктөнүп чыгып бир түн,
Келем бир күн!...

*     *     *

Оо, курган, жан курдашым,
Билемин, болгон ыйың, болгон жашың,
Мен үчүн көлдөп атат...
Кечигип, "сүйөм" деген бир тамчы сөз,
Жүрөгүң кургап атат, чөлдөп атат...
... Көр оокат күтүнбөдүм,
Кабаттап үйдү салып,
Кош-коштоп унаа минип,
Дагы эле "жетпейт" дешет көбү мага,
Аларга түшүнбөдүм?
А менде бардыгы бар;
Күбөгө өтө турган ырларымды,
артынып. Жоготулган жылдарымды,
жобурап. Билгенимди, кылганымды,
жашырбайм. Өчпөсүн үмүтүң,
Жашашка угуп күлкүң,
Келем бир күн!...

ТҮШ...
Сай үйүмө жакын болгон үчүнбү,
Мен жүгүрүп, сайга айттым түшүмдү.
Ал түштөрдө ат жалына Ай конуп,
Аргымагым тизгин бербей кишенеп...
Көл-шал тердеп, турар элем ойгонуп,
Өзүмдү алдап, бул баланын түшү деп.

Боз үйүбүз булак башы тигилип,
Мен түшүмдү булакка айттым сүйүнүп.
Ал түштөрдө көк Деңизим мелтилдеп,
Бир ууч болуп, кочушума сыйчу эле...
Түш толкутуп, көзгө жашым көлкүлдөп,
"Сууга айт" деп, атам секин тыйчу эле...

...Жылдар, айлар каалгып жылып булуттай,
Булак, сайлар акты күтүп турушпай.
Көп окуйм деп, бычыраган ишеним,
Күнүмдүк бир нерселерге кордолгон...
Атка өңөрчү Айым салып кишенин,
Деңиз сыйчу алакандар чор болгон.

Адат болуп, түштү күтүп жатышым,
Каалабаймын кээде таңдын атышын...
Уйку бербей уюгундай аарынын
Ызылдашат, сан-миң ойлор токтобой.
Бешиктен бел чыкпай жатып карыдым,
Ишим ишке, түшүм түшкө окшобой...

Шүгүр! Шүгүр!.. Уул-кызым бар багымда,
Балам уктайт тынч, мемиреп жанымда.
Атасынын Айы менен Деңизин
Балким азыр уулум көрүп жаткандыр.
Сууга жакын, суу киндиктеш эгизим,
Балким ал да сайга түшүн айткандыр?..

Тирүүлүгүң... чарк айланган дөңгөлөк,
Тирилигиң... ушу экен да жөрмөлөп...
...Айым жарк деп, нурга бөлөп бөлмөмдү,
кайра батты... Караңгылык шорумсуң!
Мен Деңизди көрөмбү же көрбөймбү?
Түштөр, түштөр... Жакшылыкка жорулсун!..

"АКЫРКЫ КӨЧМӨН" ТҮРМӨГҮНӨН...

Чылым чеккен кайран калаа, көк асман,
Түтүнүнө “күрс” жөтөлүп бараткан.
Көчмөн болдум тамга жетпей, тал тикпей,
Көчмөн болдум, журтта калып адашкан.

Дечү бабам: "Көч башаты турмуштун",
“Көч жашоосу”- дечү атам, кыргыздын.
Тоого көчпөй, шаарга көчүп, адашып,
Бүт тагдырын көчмөн кылдым бир кыздын.

Оо, ал секет, өмүр көчүп көрбөгөн,
Журт которуп, үй чечүүгө көнбөгөн.
Көчмөн жигит арзып, сүйүп алган соң,
Көнөт экен өлбөгөн жан, өлбөгөн.

Жашым отуз, отузунчу батирим,
Башпаанектеп көрүнгөндүн чатырын.
Оо, бабалар,  отуз ирет көчкөн чоң,
Көчмөндүктүн чындап сездим кадырын...
2010-жыл. Бишкек.

БИШКЕККЕ...
Кыл мурут бала кезде,
Кыздарды колтуктаткан.
Таанытып ыр дүйнөсүн,
Ташкындап, толкуп жаткан.
Сүйдүртүп, күйдүртүп да,
Сүйүнтүп, толкундаткан.
Бир досту койнуңа алып,
Өксүтүп, солкулдаткан...
Жек көрөм сени Бишкек,
Ичимден жакшы көрөм...

Эстетип эски досту,
Ээрчишип сороктошкон...
Элестеп бөлмөлөрү,
Кыздардын коноктошкон.
Эсиртип эркелетип,
Бутка чаап чолоктоткон,
Эскимди эске салып,
эчкиртип, шолоктоткон,
Жек көрөм сени Бишкек,
Ичимден жакшы көрөм...

Койнуңда бүлө күтүп,
Турмуш – от тутанбаган.
Перзентти бердиң күткөн,
Бакытты күтө албаган...
Көп мезгил көрбөй калсам,
Өксүймүн, кусаланам.
Сагынып келип сага,
Кайра эле туталанам...
Жек көрөм сени Бишкек,
Ичимден жакшы көрөм...

Көчөңдө жаштар дале,
Жаштыгым эске салып.
Суктанып турам суукта
Жашынып, четтеп алып.
Билемин каркыралар,
Жаз келсе үн катаарын.
А жаштык жазды күтпөй,
Кышта да түн катаарын.
Ушинтип ыйлап бир күн,
Сага арнап ыр жазаарым...
Билгенде келбес элем,
Эски изди миң басаарым...
Жек көрөм сени Бишкек,
Ичимден жакшы көрөм...

КАРГАЛАР
Көбөйүптүр бул калаада каргалар,
Ызылдашып угузбады азанды.
А көчөдөн "Кетсин!" дешип топтолгон
Көрчү болдум каргалардай адамды.

Баары чынчыл, баары элге март болуп,
“Бийлик – биз” дейт, бардыгы эле шарт коюп.
Бейпилдиктин баркын билбей, капыр-ай,
Баратабыз каргалардай калк болуп...

Мекенинде согуш-оттун айынан
Сан-миң качкын батыш көздөй сандалып...
Ал жакта да каркылдашат каргалар,
Тынчтыгы жок адамдарга таң калып...

Жылдан-жылга каргалардын акылы,
Өсүп жатат дешет билген аалымдар.
Бул кетиште акыр бир күн АДАМДАР,
Карга менен согушуучу маалың бар...

Ызылдашып жок болушту каргалар,
Даамын бузуп, таңкы ширин уйкунун.
Эми кечке көчөлөрдө агылат
АДАМ сенин, дүйнө тойбос кулкунуң...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз