Энтони Хопкинс: Качандыр бир алкаш болгонума аябай сыймыктанам

  • 17.01.2024
  • 4420

Улуу Британия менен АКШ кино жана театр актёру Филипп Энтони Хопкинс 1937-жылы 31-декабрда туулган. «Молчание ягнят», «Ганнибал», «Красный дракон» кинофильмдеринде кан ичкич-каннибал доктор Ганнибал Лектердин ролун ойноо менен таанылган. Хопкинс «Лев зимой», «Магия», «Никсон», «Маска Зорро» ж.б. ондогон фильмдерге ойногон. 2000-жылдан бери Америка жарандыгын алып, АКШда жашайт. «Оскар» сыйлыгына татыган. Ошондой эле «Эмми» сыйлыгынын эки жолку, BAFTA сыйлыгынын үч жолку лауреаты.

*      *      *

Адамда жакшы сапат кеч өнүгөт. Мен мектепте жеткен макоо элем. Бир да балага кызыгып, мамиле түзбөгөм. Андайларды азыр дислексия же ынтаасы начар деп коюшат. А мен жөнеле көңдөй челек болчумун. Ошон үчүн актер болдум.

*      *      *  
Көпчүлүк актерлор жөнөкөй эле апендичалыш кишилер. Анан өздөрүн өтө татаал ойлойт. «Кутурган букада» Роберт де Ниронун ойногонун угуп, ушул фильмди сөзсүз көрүш керек деп чечкем. Нью-Йорктун бир сийдик жыттанган кинотеатрынан көргөм. Кимдир бирөөлөрү ичип атты, кимдир бирөөлөрү уктап атты. Ошондо бир башка чапкандай соолуккансыдым: жанталашып жасаган аракетибиздин акыбети ушул экен да!

*      *      *  

Азыр мен театрга ыйыктын ыйыгы деген жерден туруп түкүргүм келет. Аны эмне эле касиеттүү санап калтырышаарын түшүнсөм кудай урсун. Төрт жүз жыл мурда төңкөрүлгөн бүт театрдын зарураты эмне? Кимге кереги бар? Ыргытып сал. Андан асман кулап кетпейт! Өлүк деген өлүк. Тигил Лир мындай, бул Лир тигиндей – бу кимге кызык? Сен болгону сага чейин он беш миң актер жасаган ишти жасап атырсың.

*      *      *  

Бардык актерлор ашынып турган кезинде Гамлетти ойногусу келет. Мен да ошенткем. Азыр ойлойм: ушунун өзү эле өз башыңды өзүң сыйыртмакка салып бергендик. Мени азыр бүт Шекспир, британдык таштандылардын бири да кызыктырбайт. А кызыктырган мезгил – атак-даңк көксөгөн алакөөдөндүгүм эле.

*      *      *

Менин сүйгөн бир да ролум жок. Мен жөнеле иштейм. Ролумду жаттайм, эмне айтарымды түшүнөм, бирдеме жасагым келсе, майын чыгара жасайм. Ишке келем, аны аткарам, кайра үйгө кетем. Андан кийин акчасын алам – болгон тарых ушул. Калп айтып, кара жанын жеп атат дешсе, жаңылат, турмуш чындыгы ушундай.

*      *      *  

Сени сатылгыч деп сандырактагандар жөнеле сага көчүгү күйгөн көралбастар. Кечээ жакында менин бир жакшы жолдошум Лондондон Улуттук театрдын кастинг агентине жолугуп калыптыр. Ал аял: «Тони кандай жүрөт?» – деп сурайт имиш. «Абдан жакшы жүрөт, Голливудда» – деп жооп бериптир ал. Анда тиги: «Кандай гана аянычтуу, сатылып кетти» деп жашылданымыш болот дейт. «Ооба, – дептир менин жолдошум. – Анткен менен аябай байыды, атагы таш жарып атат». Ал аялдын көчүгү күйгөнү ушунчалык, тимеле көзүнөн чыкты дейт.

*      *      *  

Өздөрүн жеткен такыба, ашкан жапаакер санагандардан жек көргөнүм жок. Анын баары жасалма. «А сенчи?» дечүлөр чыгаар. Бардыгыңар сыяктуу эле мен да жасалмамын. Баарыбыз маскарапоз, баарыбыз бузуку, баарыбыз калппыз.

*      *      *  

Мага жалгыздыгым жагат. Мен эч ким менен эзилишип, жуурулушуп кетпейм. Бардыгын оолак тутам. Албетте, жакшы салам, жылуу мамиле жасагансыйм. Бирок эч бирине ичим жылыбайт...

*      *      *  

Таңгалыштуусу, качандыр бир алкаш болгонума аябай сыймыктанам. Албетте, анымдан жапа тарткандарды аяйм. А бирок алкаштыктан аябагандай зор турмуш тажрыйбасын топтойсуң. Бир бөтөлкө текила[1] ичип алганда өмүрүң да, өлүмүң да түккө турбай калган күндөр болбодубу. Ошентип адам катарынан чыгып калгам, эмоционалдык маанисинде толук банкрот болгом. Текиланы жанымдай көрчүмүн.

*      *      *  

Жок, жок, наркозат сайынган да, тарткан да жокмун. Алардын ордун жоктотпой турган текила канда арбын боло турган.

*      *      *  

Атам наабайчы эле, маданиятка түкүрүп да койчу эмес. Кээде пианинодо ойноп атсам кирип калчу. Жүн баскан колдорундагы унду күбүп, анан: «Эмнени ойноп атасың?» – деп сурар эле. Мен: «Бетховенди». Атам: «Мунуң бекер жеринен дүлөй болбоптур. Ой, кудай жалгагыр, эшикке чыгып, пайдалуураак оокат кылсаң боло». Анын минтип кагынып- сөгүнгөнүнүн маани-маңызын азыр араң түшүнүп жүрөм.

*      *      *  

О'Тул менин кумирим эле. Барга алгач чогуу барганыбыз эсимде. Ал: «Гиннес» – деди. Көңүлүң көтөрүлдүбү, дос? Болуптур, жутуп иели дагы, «Оскарыбызды» алуу үчүн жөнөйлү. Мага ушундай алаңгазарлык жагат, аракечтер менен аңкоолорду аябай сүйөм. Бир кезде өзүм ошондой болчумун. Бир нече жыл мурда О'Тулга кайрадан жолугуп калдым. «Даңкка бөлөнүү жаатынан биз, кембагалдар, сенин алдыңда шоона эшпей калдык» – деди. Аракты таштагандын бир азабы бар: жандай көргөн жакшы жолдошуңдан айрылып каласың...

«Esquire» журналынан которулду

 

[1] Текила – Мексика арагы, кактустан жасалат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз