Владимир Сутеев: Эмдөөдөн корккон Бегемот жөнүндө

  • 05.04.2021
  • 3528

Пляжда абдан шаңдуу болчу. Жаркын күндүн жан жыргаткан нуру алдында жылуу сууга шапшынып жаткан Бегемот бардыгынан көңүлдүү эле.

Качан Бегемот суудан чыкканында көзүнө чоң тактага бакырайта жазылган кулактандыруу урунду: “Пилден чымынга чейинки бардык жаныбарлар сарыкка каршы эмделгиле!”

Бегемот үйүнө жете электе кош аяктап секирип баскан Кенгуру-почтальон жетип келип мындай деди:

— Мына сизге чакыруу кагазы: сиз бүгүндөн калбай эмдөөгө барышыңыз керек.

Бегемот абдан коркуп кетти.

— Эч нерсе эмес, — деди досу Илегилек. — Бир эле жолу тыз эттиришет, бүттү!

Бейтапкананын кабыл алуусуна киргенде Бегемот коркконунан калчылдап чыкты.

— А сен мени ийне сайышкандарында колумдан кармап турасыңбы? – деп ал Илегилек досунан улам-улам сурай берди.

— Кармап турам, кармап турам… — жооп берип жатты Илегилек.

— Ак Бегемотту өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм! — таңыркады Доктор. — А балким ал жөн гана ийнеден коркуп жаткандыр?

— Бул өзгөчө  Бегемот, — деп Илегилек түшүндүрдү, — бул ар кандай учурларда ар башкача түстө кубула алат: бирде кара, бирде боз, кээде көк…

Доктор атайын бегемоттордун калың терисине арналган ийнесин издеп тапкыча Бегемот көздөн кайым жоголду… Бардыгы Бегемотту издеп жөнөштү.

— Аны табыш керек! Ал сарык менен ооруп калышы мүмкүн!

Бегемот жакшылап жашынды да, өзүн издегендерди оңой эле жазгырып, үйүнө жайбаракат жөнөп кетти.

Кийинки күнү эртең менен Илегилек Бегемот досунун үйүнө кирип, аны көрүп коркконунан кыйкырып жиберди:

— Сага эмне болгон? Сен так эле лимондой сапсары болуп калыпсың! Илегилек токтоосуз түрдө Докторго чалды.

— Доктор, эмне кылыш керек? Бегемот сапсары болуп калыптыр…

— А бирок силер өзүңөр айтпадыңар беле, Бегемотуңар бирде боз, бирде көк болуп кубулуп турарын…

— Жок, Доктор, кечээ ал жөн гана коркконунан кубарып кеткен.

– Аа ошондой де!… Бул башка сөз. Кебетеси анын сарылыгы сарыктан окшойт. “Тез жардам” азыр барат!

Маймыл санитарлар Бегемотту замбилге салып “тез жардам” унаасына шашылыш жеткиришти, “тез жардам” аны ооруканага алып кетти.  

Качан Илегилек оорулуу досунун абалын сураганы келгенинде Бегемот андан суранды:

— Мен жата берип абдан зериктим: кандайдыр бир жомок айтып берчи.

— Жакшы болот, — деди Илегилек. — “Бар экен, жок экен, дүйнөдө бир Бегемот болгон экен. Ал эмдөөдөн абдан коркоор эле…”

— Карасаңар! — кыйкырып жиберди Доктор, — Бегемотко эмне болгон? Ал кара болчу, анан ак болду, сары болду, эми болсо таптакыр эле кыпкызыл болуп калды! Бул кандайдыр өзгөчө Бегемот окшойт!

— Жок, Доктор. Бул кадимки эле Бегемот, — деди Илегилек, — жөн гана ал эмдөөдөн корккону үчүн уялганынан кызарып кетти.

(В.Г.Сутеевдин сүрөттөрү)

Которгон Кубанычбек Аркабаев

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз