Эрик Киммел: Гершеле, ханука* жана албарстылар

  • 13.04.2021
  • 3243

Бул окуя хануканын биринчи түнү болду. Гершеле Острополер жолдо бараткан. Чарчап, ачка экенине карабай, анын кыймылы шайдоот. Себеби бир аздан соң коңшу кыштакка жетмек. Кыштакта аны балбылдаган шамчырактар, шайыр ырлар жана табак-табак картөшкө латкеси* күтүп жаткан. 

Бирок Гершеле келсе, кыштак жымжырт жана капкараңгы экен. Жанып турган бир да ханука шамы көрүнбөйт. Ал жолунан кезиккен кыштактыктардан сурады.

- Бүгүн эмне, хануканын биринчи түнү эмеспи?

- Бизде ханука жок, - деп жооп берди алардын бирөө мостоюп.

- Ханука жок. Кандайча жок?

- Албастылардын айынан ушундай болууда. Алар дөңдүн башындагы эски синагогду ээлеп алышты. Албарстылар хануканы жек көрүшөт. Биз шамчыракты жагалы десек, үйлөп өчүрүп, менораларды* сындырышты. Картөшкө куймактарыбызды жерге төгүп салышты. Жаалданган албарстылар узак жылдан бери башыбызга түшкөн  айрылбас азап болду, бирок баарынан да ханукада кыйнаганы өттү.   

Гершеле кыштактын эли анын жардамына муктаж экенин түшүндү.

- Мен албарстылардан коркпоймун, - деди ал.- Бирок алардан кантип кутулуунун жолун мага айткыла.

- Бул сен ойлогондой оңой эмес, - деп эскертти рабби1.- Сен эски синагогдо сегиз түн болушуң керек. Ханука шамы ар түнү жанып турушу абзел. Сегизинчи түнү албарстылардын падышасы шамды өзү жагууга тийиш. Алардын өктөмдүгүнөн кутулуунун башка жолу жок.

- Мен коркпоймун, рабби, - деди Гершеле. - Эгер мен бир нече албарстыны алдай албасам, Острополдук Гершеле атым өчсүн.

Кыштак калкы Гершелеге ийгилик тиледи. Аларда бергендей картөшкө куймактары жок болгондуктан, Гершелеге абдан бышырылган бир нече жумуртка жана бир чоң банка  туздалган бадыраң беришти. Рабби Гершелге мис менора, бир боо шам, бир куту ширеңке сунду. Кыштактыктар эрен менен кайырлашты.  Эч ким аны кайра көрөбүз деп үмүт этпеди.

Гершеле эски сыйынткана турган дөңдүн төбөсүнө жеткенде эбак түн кирген болчу. Кыйраган имараттын түсү түнөрүп, ичи караңгы экен. Ал сыйынткананын эшигин ачканда, анын ашык-машыгы кыйчылдаган үн чыгарды. Эрендин тулку боюн калтырак басты. Албарстылар чын эле ушуерде жашаарына ишенди. Гершеле менорага эки шамды орнотуп, өзү терезенин текчесине отурду. Ширеңкенин талын чагып, шамдын бирин күйгүздү. Анан жаратканды алкап, экинчи шамды күйгүзгөнү жатканда, бирөөнүн доошу угулду.

- Эй! Сен эмне кылуудасың?

Гершеле бурулуп, артын карады. Чоңдугу көгөөндөй болуп болбогон, узун ичке куйруктуу албарсты туруптур. Ал балапан жарканаттыкындай эки канатын каккылап, абада калкып учуп жүрдү.

- Мен хануканын шамдарын жагуудамын, - деди Гершеле. - Бүгүн хануканын биринчи түнү.  

- О, жок! Жок! Биз ханукага уруксат бербейбиз. Буерде болбойт.

- Ырас элеби? - деди Гершеле. - Ким мени токтотот экен? Сага окшогон кенедей эргежээлби?

- Мен, балким, кичинекейдирмин, бирок мен күчтүүмүн, - деди албарсты.

- Чын элеби? Сен колуң менен ташты майдалай аласыңбы?

Албарсты ырсайып күлдү.

- Ташты майдала? Сен эмне, тамашалап жатасыңбы? Андай күчтүү эч жан жок!

- Мына, мен бармын! Кара!

Гершеле абдан бышырылган жумуртканы чөнтөгүнөн алып, алаканына коюп, бекем кысканда жумартканын сарысы жана агы манжаларынын ортосунан куюлуп жатты.

- Эгерде сен мына бул шамдарды жактырбаганга аракет кылсаң, мен сени мыжыгып салам.

Шамдын күңүрт жарыгында жумуртка кудум таш сыңары көрүнгөндүктөн, кичинекей албарсты коркконунан көздөрү тостоюп, чанагынан чыкчудай болду.

 - Мага тийбе, жалгыз калтыр мени, - деди үнү чыйпылдаган кичинекей албарсты денеси калчылдап.

- Албетте, жалгыз калтырам, - деди Гершеле. - Эгер мага шамдарымды жакканга уруксат берсең.

- Макул, - деди албарсты.- Бир түн эч нерсе өзгөртпөйт. Бирок сен эртең бул жерде болбошуң ылаазым. Эртең бою эңгезердей, өң-түсү коркунучтуу албарстылар келишет. Алар менден бир кыйла чоң!  Эгерде алар сени ханука шамдарын жагып жатканыңда кармап алышса, менин сөзүмдү укпаганыңа өкүнөсүң анан!

- Аны да көрөбүз, - деди Гершеле өзүнчө күбүрөнүп. Ал биринчи шамды жакты.

Экинчи түнү башка албарсты пайда болду. Ал чоң жана семиз болгондуктан, каздай теңселип басат экен.

Ошо тушта Гершеле туздалган бадыраң менен жеткире бышырылган жумуртканы жеп бүтөйүн деп калган.

- Бир аз туздуу бадыраң бар, - деди ал албарстыга.

- Туздуу бадыраң?

- Ме, карма!

Гершеле албарстыга кычкыл бадыраңды ыргытты. Албарсты бадыраңды оозу менен тосуп алып, жутуп ийди.

- Ммммм! Сонун бадыраң турбайбы!

- Сага жактыбы? Мына бул банкада бадыраң жык. Ме, каалашыңча алгын.

Сугалак албарсты бадыраңды тырмактарына илингенче чеңгелдегендиктен, колу банканын оозуна батпай, канча аракеттенсе да, колун чыгара албады.

- Колум тыгылып калды! - деп өкүрдү албарсты. - Сен менин колумду чыгарбай кармоо үчүн банканы дубалап коюпсуң!

- Туура, - деди Гершеле каткырып. - Бул өтө күчтүү дуба. Сен буерге бүгүн түнү мага ханука шамдарын жактырбоо үчүн келгенсиң. Мен азыр шамдарды жагамын, а сен ушул абалыңда карап тургун. Кандай, сага жагабы?

- Жок! Жок! - деди албарсты чый-пыйы чыгып. - Мен хануканы жек көрөм!

- Өтө жаман. Сен буга көнүшүң керек.

 Гершеле дарым окуп, шамдарды шашпай күйгүздү. Андан соң ханука жөнүндө өзү жакшы көргөн өлөңдөрдү ырдады. Албарсты бакырып-өкүрүп тажаткандыктан, Грешеле акыр аягында аны бошотууну туура тапты.

- Сага дарымды кантип жандырганды айтып берейинби?

- Ооба! Ооба! Мен буга түк чыдабайм!

- Бадыраңдарды ташта. Сени туткун кылган бирден бир дарым - сенин сугалактыгың.

Албарсты бадыраңдарды таштады. Анын колу банканын оозунан опоңой чыгып кетти. Буга албарсты аябай кыжырданды! Гершеле мурдунун астында шамдарды күйгүзүп жатканда, анын колу банкадан чыкпай турбадыбы. Каарданган албарсты эки буту менен жерди жаны барынча тепкенде, ал өзү миллион бөлүккө быркырап бөлүндү. Шамал анын күкүмдөрүн күлдөй үйлөп кетти.

Үчүнчү түн да келди. Гершеле шамдарды менорага орнотуп жатып, ага бир нерсе тигилип турганын туйду. Ал шамдарды күйгүзгөндүн ордуна дрейдлди* чимирилтип ойной баштады. Бир саат өттү. Гершеле башын көтөрүп, үстөлдүн аркы четинде отурган жаңы албарстыны көрдү. Анын эки бети чоктой кызарып, башында эки мүйүзү бар экен.

- Убакыт да кеч болду, - деди албарсты. - Сен шамдарды качан жагасың?

- Кийинчерээк. Убакыт көп, - деди  Гершеле жана дрейделди кайра чимирилтти.- Андан көрө мынабу кызыктуу.

- Сен эмнени ойноп отурасың? - деп сурады албарсты.- Бул чимирик окшойт.

- Бул дрейдл. Сен эмне, дрейдлди билбейсиңби?

- Жок.

- Өтө жаман. Дрейдл абдан кызыктуу. Эгер сен дрейдлди кандай ойногонду билсең, көп акча таба аласың.

- Чын элеби?

Албарсты аябай кызыгып калды. Бардык албарстылар акчаны жакшы көрүшөт. Бул да ошолордун бири эле.

- Сен кантип ойнойсуң?

- Муну ойногондон оңой нерсе жок, - деди Гершеле. - Бирок сенде алтының болуусу абзел. Бул оюндун биринчи эрежеси.

- Менде алтын көп. Мына, ушул жетеби?

Албарсты үстөл үстүнө бир үймөк алтын тыйындарды төктү.

- Керемет! - деди Гершеле. - Эми менин сөзүмө кулак түр. Бул “шин” тамгасы. Эгер бул тамга сага айкүр консо, сен мага бир ууч алтын бересиң. Бул “хен” тамгасы. Эгер бул тамга айкүр болуп түшсө,  алтыныңдын жарымын мага бересиң. Бул –“гимель”. Эгер дрейдл бул тамгага айкүр консо, сен бардык алтыныңды мага бересиң. Түшүндүңбү?

- Токто. Бир тамга калыптыр. Ал жөнүндө эмне дейсиң?

- Бул тамга “нун”. Дрейдл “нун” тамгасына айкүр консо, сен мага эч нерсе бербейсиң. Даярсыңбы? Кел эмесе, ойнойдук. Биринчи сен башта.

 Албарсты дрейдлди чимирилтти. Кичинекей чимирик ийиктей чимирилди. Дрейдл чимирилүүсү жайлап отуруп, “шин” деген жазуусу бар капталы көктү карап, токтоду.

- Өтө жаман, - деди Гершеле уучу толтура алтынды алып жатып.- Кайра чимирилт. Балким, бу сапар жолуң болор.

Албарсты дрейдлди кайра айлантты. Бул мертебе “хей” тамгасы айкүр болуп жыгылды.

- Бул түнү сага буйрубаптыр, - деди Гершеле албарстынын алтындарынын жарымын өз алдына шилеп жатып. - Дагы бир мертебе айлант. Азыр жолуң болуу керек.

Бул мертебе дрейдл “гимель” жазылган бетине айкүр конду.

- Абдан жаман, - деди Гершеле албарстынын калган алтындарын шыпырып алып. - Менин  чимирилткенимди каалайсыңбы?

- Ооба, - деди албарсты сабыры суз. Ал акчасынан айрылып калганына капалуу эле.

Гершеле дрейдлди чимирилтти. Дрейдл “нун” тамгасы жазылган бетине айкүр конду.

- О, жараткан! Мен сага эч нерсе бербеймин. Бардык алтынды мага буйруду. Айтчы, укмуш оюн бекен! Дагы алтындуу болсоң, кайра ойнобуз.

- Ханука шамдары эмне болот?

- Биз аларды кийинчерээк жагабыз. Убакыт бар.

- Мен үчүн эмес, - деди албарсты. - Мен азыр кетем. Мага бул оюн жакпайт. Мага ханука жакпайт, сен да жакпайсың.

- Кетпе, - деп суранды Гершеле. - Мен түрдүү оюндарды көп билем. Бир аз кетпей тур. Биз көңүл ачабыз.

- Кайыр!

Албарсты канаттарын кагып, сыртка чыгып, учкан бойдон түн коюнуна сиңип кетти. Гершеле бардык шамдарды жалгыз  өзү жакты.

 Келерки түндөрү башка албарстылар келишти. Бирөөсү алты баштуу экен. Башка бирөөсүнүн үч көзү бар. Баарынын арбайы суук жана коркунучтуу. Алар ырылдашып, өкүрүшүп, бир заматта кебете-кепширин өзгөртүшүп, шумдуктуу турпаттары кишинин үрөйүн учурат. Жин ургандай арбаңдашып, ханука шамдарын жактырбоого аракет кылышты. Бирок Гершеле албарстылардын баарын алдап, сазайын берип, жолго салды.

 Акыры жетинчи түн да болду. Чыпалактай сегиз шам терезенин текчесинде үлпүлдөп жанат. Гершеле алардын жарыгына куштарланганы көчүк басты. “Албарстылар кайда? Алар эмне түк келишпейби?” - деп башы катты.

Гершеле аябай уйкусу келгенин сезди. Бир убакта көздөрү илинип кетти. Анан күтүүсүздөн секирип турду. Кулагына айбаттуу шоокум угулду, ал сөөк сынганда чыккан үнгө окшойт.

 - Ханука куттуу болсун, Острполдук Гершеле.

- Бул ким? Ким бар буякта?

 - Менин ким экенимди билбейсиңби, Гершеле? Эмне, күтпөдүң беле... АЛБАРСТЫЛАРДЫН ПАДЫШАСЫН?

Үн бийиктеп, бороондой улуп кирди. Ал синагогдун чатырындагы черепицаларын жулуп учуруп, терезелерди талкалады. Ханука шамдары жыландай оролду, бирок өчкөн жок.

- Сен өтө эле эрте келдиң! - деп чаңырды Гершеле.- Сен эртеңге чейин келбеш керек элең!

Оолуккан шамал басылды.

- Коркпо, Гершеле. Мен алыстамын, бирок менде сени көрүп, сүйлөшкөндөй касиетим бар. Бүгүн кечинде хануканын лаззатын көрүп жырга, менин досум. Бул акыркы жолкуң! Эртең түндө мен сага келемин. Сен менин кулдарымды жана башка албарстыларды келекелеп, акмак кылдың. Көрөлүчү, сен мени да алдай алат бекенсиң.

 Бечара Гершеле! Ал эмне кыла алат? Албарстылардын падышасы өз жолоюна түшкөндүктөн, жер үстүндө аны токтотчу күч жок эле. Ошентсе да... ошентсе да... Гершеле бир амал ойлоду. Бул зор  тобокелчилик, бирок аракет кылып көрүүсү керек. Бул өзүн жана хануканы сактоонун бирден бир айласы болчу.

Хануканын акыркы түнү да болду. Гершеле шамдарды менорага орнотту. Ал эми менораны жана ширеңкенин кутусун терезенин текчесине койгондун ордуна каалганын жанындагы кичинекей үстөл бетине койду. Анан ыңгайлуу отуруп, күтө баштады.

Каш карайды. Эски кыйраган сыйнатканын ичи жылчыксыз караңгы, сыртта бүтүн дүйнө муздап, үнсүз тунжурайт.

Капылеттен кутурган өгүздөй алкынган шамал сыйынткананын каалгасынын ашык-машыгын жулуп кетти. Эски имарат солкулдап, кычырап, кулак жарган доош угулду.

- ОСТРОПОЛДУК ГЕРШЕЛЕ!

- Мага бир нерсе угулду бейм?

- БУЛ МЕНМИН, АЛБАРСТЫЛАРДЫН ПАДЫШАСЫ!

Гершеле күлдү.

- Дардес болбо. Сен кыштактык балдардын бирисиң. Сен мени коркутам деп далбас уруудасың.

- МЕН БАЛА ЭМЕСМИН! МЕН АЛБАРСТЫЛАРДЫН ПАДЫШАСЫМЫН!

- Мен буга сени көрмөйүнчө ишенбеймин. Өзүңдү мага көрсөтчү.

- МЫНА! МЕН СЕНИН КАШЫҢДА ТУРАМ! МАГА ЭМИ ИШЕНДИҢБИ?

Гершеле аны карабаганга тырышты. Караңгы түн экенине карабай, эңгезердей сөлөкөт эшиктин ордунда далдайып турганын байкады. Аны сүрөттөгөнгө кишинин дити даабайт. Гершеле камырбагандай түр көрсөттү.

- Өтө эле караңгы го. Мен эч нерсени көрбөй жатам. Шамдар жана ширеңке босогонун жанында. Сен эмне үчүн шамдарды жакпайсың? Мен ошондо сенин кандай неме экениңди көрмөкмүн.

- АЛБЕТТЕ, СЕНИН КӨРҮШҮҢ ЫЛААЗЫМ!

Ширеңке чагылды. Шамдандагы шам жанды. Бет маңдайындагы кебетеси суук эңгезердей немеми көрүп, Гершеленин каны суудай муздады, бирок ал коркподу. «Дүйнөнүн эгеси, - деп үнүн чыгарбай таат кылды. – Сен, асман менен жердин жана абанын жаратуучусу, мени колдой көр.» Анан албарстыга кайрылды.

- Дале караңгы го. Сен эмнеден коркуудасың?  Буерде шам дегенден көп нерсе жок. Эмнеге алардын баарын тамызбайсың?

Түрү жаман неме колуна шамдарды алып, ширеңке тамызып, аларды бирден жагып чыкты. Гершеле алдан тайып баратканын сезди, бирок өзүн мажбурлап тиги опсуз немени карады. Ар бир шам жалындап күйө баштаганда, анын көзү умачтай ачылып, улам бакыраят. Алты... жети... сегиз. Албарстылардын падышасы алдында туру.

- ЭМИ, ГЕРШЕЛЕ, МЕНИН КИМ ЭКЕНИМДИ БИЛЕСИҢБИ?

- Билем, сен пасханын падышасы эмессиң.

- МЫНА ТАМАША! ТАМАШАГА МООКУМ КАНДЫРЫП, МАЗА КЫЛ! БУЛ СЕНИН АКЫРКЫ ТАМАШАҢ!

- Сен ушинтип ойлойт турбайсыңбы. Жогол, болбосо менден токмок жейсиң.

- АЛБАРСТЫЛАРДЫН ПАДЫШАСЫ МЕНЕН МИНТИП СҮЙЛӨШКӨНГӨ КАНТИП ДААЙ АЛДЫҢ?

- Мен өзүм каалагандай сүйлөшөм сени менен. Сенде күч жок. Сенин дубаң жазылды. Кара! Меноранын шамдары өчпөй күйүүдө. Сен эмне жөнөкөй шамдарды жактым деп ойлойсуңбу? Жок, андай эмес. Алар ханука шамдары болчу. Аларды сен өзүң жакпадыңбы!

Албарстылардын падышасы жаалдуу кыйкырды. Жер титиреп, катуу шамал жүрдү. Шамал сыйынткананын чатырын жулуп, дубалдарды жар кыйрагандай кулатты. Килейген устун-түркүктөр ширенкенин талындай быркырады. Меноранын айланасында куюн чимирилди, лекин бир дагы шам өчкөн жок. Аларга албарстылардын падышасынын күчү жетпеди. Хануканын  руху жеңди.

Улуган шамал кандай капылет башталса, дал ошондой күтүүсүз басылды. Гершеле көздөрүн алаканы менен сүрттү. Түн мурдакыдай мемирейт, а синагог сыйпалагандай жок.  Дубалдары, жыгачтары, чатыры, атүгүл жерпайынын таштары кымындай да калбаган.  Ал эми Гершеле койгон үстөл үстүндөгү менорада шамдар кадимкидей күйүп туру. Эрен акыркы шам күйүп ада болгончо күттү. Анан кыштакка кеткен жолго түшүп жөнөдү. «Мен ашыкпасам болбойт,- деп ойлоду ал. - Хануканын соңку түнүн өткөрүп жибербейин.»

Бирок кооптонууга себеп жок болчу. Бардык терезелердеги меноралардын шактай болгон тогуз  шамданында күйгөн шамдар жолду жарык кылып турду.

Бүтүндөй кыштак эли аны күтүп жаткан.

Автордун маалыматы

Ханука эркиндикти даңктоонун майрамы. Мындан 2000 жылдан ашык убакыт мурда Израилди ассириялыктар башкарган. Алар жөөттөргө өздөрү каалагандай таат кылганга мүмкүндүк берген эмес. Бирок б.з.ч. 164-жылы жөөттөрдүн чакан колу ассириялыктардын аскерлерин жеңип, Храмды2 оңдоп, тазалап, абат кылышат. Алар менораны кайра жандырмак болушканда, бир кашыктай гана таза май табышат. Бул май бир күнгө араң жетмек. Бирок жараткандын кудурети менен жанагы май сегиз күн күйүп турат.

Меноранын шам орнотулчу сегиз шак шамданы бар. Бир шам биринчи түнү, экинчиси экинчи түнү, үчүнчүсү үчүнчү түнү... болуп, сегизинчи түнү бардык шамдар күйүп бүтөт. Меноранын шамдарын башка максатта, атүгүл башка шамды жагуу үчүн пайдаланууга болбойт. Ошондуктан кошумча шам же кызматчы шам биринчи жана башка шамдарды жагуу үчүн колдонулат.  Ханука шамдары жагылгандан кийин, аларды өчүрүү мүмкүн эмес. Алар толук күйүп бүтүүгө тийиш. Адатта шамдар бир саатта күйүп бүтөт жана ар түнү жаңыланат.

Дрейдл – төрт капталдуу чимирик. Анын ар капталында нун, гимель, хэй жана шин(по) деген иврит ариптери жазылган. Алар “Нес гадол хайя шам” –“Буерде улуу керемет болгон” деген. Дрейдл чимиригин ойногондор конго (банк) жаңгак, мейиз же теңге коюшат. Ар бир оюнчу конго өз мөөрөйүп сайып, анан дрейдлди чимирилтет. Эгерде чимирик “нун” жагына таа болуп консо, оюнчу мөөрөй утпайт; “гимель”  жагына консо, бүт баарын алат; “хэй” болуп  консо, мөөрөйдү бүт жеңет; эгер “шин” жазуусу бар капталына консо, оюнчу конго жаңгак же байге кошот. Гершеле албарсты менен дрейдл ойногондо, эрежени өзү ойлоп табат.

Латкес – дөшкөнүн (картошка) кырындысынан жасалган куймак. Ал адатта кыям, каймак же алманын ширеси менен желет.

Котормочудан:

1Рабби - иудей динин тутунгандар жамаат башчысына, Тоорат жана Талмудду тафсир кылып түшүндүргөн дамылага жана диниятчиге же раввинге ушиндай кайрылышат.

2Храм - байыркы Иерусалимдеги диний таат-ибайдаттарын өткөрчү сыйынткана. Бүгүн бул жайда ислам архитектурасынын эң эски эстеликтеринин бири Куббат ас-Сахра мечити турат. Касиеттү мечит ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирет.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

P. S. «ТҮНДҮК АМЕРИКА: индей боордошторубуздун керемет жомоктору» аталышындагы бул китепти сатып алууну каалагандар 0772 34 70 28 номуруна чалыңыздар!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз