Сүйүнбай Эралиевдин «Ак Мөөр» китебинен алынган канаттуу сөздөр

  • 20.04.2021
  • 3531

*     *     *

Сулуулук – бул белек.

*     *     *

Кары ордуна жаңы өспүрүм жаш келет,
Кайрылганча өткөн жолуң канча убак?

*     *     *

Эртеңкисин көп кенебейт адамзат.

*     *     *

Жамандыкты кеч тилеп,
Жакшылыкка эрте тилеп жүргөн эп.

*     *     *

Аял – бат өзгөргөн табият.

*     *     *

Сүйүү бүтпөйт... Киши үмүтсүз жашабайт.

*     *     *

Дүйнө таш боор, даңксыз өмүр кор болот.

*     *     *

Биз канчалык өткөнгө өлчөп көп билсек,
Ошончо артмак бүгүнкү күн баркы да!..

*     *     *

Сүйүү деген – тилсиз сүйлөп жүрөктөн,
Ашык жарын сөөлөтүндө түнөткөн.

*     *     *

Сүйүү эрки – кыз эркинен алдуурак.

*     *     *

Өлүм үчүн кымбат турсун тирүүлүк.

*     *     *

Кысталыштуу учурлар адамды “тобокелге” калыптайт.

*     *     *

Эчен ирет дарак кийми жаңырар,
Бирок мени эскерер жан жок болор?..

*     *     *

Акыл-эсиң менен жүрөгүңдү, оюң менен сезимиңди элдештирүү үчүн катуу салгылаш өткөрүүгө сенин кудуретиң жетер бекен?..

Топтогон Мээрим Сайдилкан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз