Фергана: Көрктүү өрөөнбү, өрттүү өрөөнбү?

  • 04.05.2021
  • 3004

Дүйнөдө калк эң жыш жайгашкан эки-үч гана өрөөн болсо, ошонун бири – ушул Фергана. Демографиялык катуу өсүү боюнча бул аймак катастрофалык абалга карай бараткансыйт.

Өткөн кылымда бул жерде тартип бир гана нерсе – советтик КГБнын жана аскердин күчү менен кармалып турган. Кайракуруу, айкындык башталары менен, авторитаризм белин бошотору менен чырдын баары ушул аймактан чыкты: Мачаи каналындагы суу талаш; Фергана жана Кува-Сайдагы месхет түрктөрүн кууп чыккан «кулпунай тополоңу»; Намангандагы Жумабайлардын өзбекбашы Ислам Каримовго акараат айтууга чейин барышы; 1990-жылдагы айтылуу «Ош-Өзгөн окуясы», кийинки «Баткен согушу», Согдий облусундагы атуулдук уруштар ж.б. Ушинтип кете берет.

Фергана түздүгү тарыхта көрктүү өрөөн катары айтылып келсе, азыр эми ал дүйнөлүк коомчулукка «өрттүү өрөөн» катары таанылып отурат. Андай болсо ошол өрөөндөгү өрт чыкчу жерлер же өрткө негиз болчу нерселер кайсылар?

Чегарадагы «уктаган» жана «ойгонгон» миналар

«Баткен согушу» кезинде кыргыз-өзбек чегарасы расмий Ташкент үчүн эң кооптуу аймак болуп, ал жер аркылуу биздин жоокерлерден өз өлкөсүнө өтүп кетер коридор сурашкан Каримов оппозициясынын куралдуу жоочулары бийликтин үшүн аябай эле алган белем, айтор алар бул жерлерге миналарды эсепсиз көөмп таштаган.

Алар бул сактануусу менен үч нерсени эсепке алган эмес: биринчиси, мина коюу тууралуу эл аралык эреже-нормалар аткарылбаган; экинчиси, миналар чегаралар такталбаган учурда коюлуп салынган; үчүнчүсү, мина коюлган аймактардын эскерткүч карталары түзүлүп, алар жөнжай калкка берилбеген.

Эл аралык эсептер боюнча ар бир коюлган мина мамлекеттин бюджетинен 2-3 доллар чыгым кылат, ал эми ошол миналарды таап, жардырбай алып чыгуу үчүн 50 доллар керектелет. Ушундайдан улам атуулдук урушта Босня-Герцеговинада жашырылган миллиондөй мина былк этпей жатты. Ал эми Өзбекстан кыргыз-өзбек жана тажик-өзбек чегине 150000-200000 чамалуу мина койгон экен. Муну алуу үчүн бери болгондо 7,5-10 млн доллар каражат чыгымдалат. Бул эми техникалык жагы, андан тышкары адам күчү деген бар. Башка чыгашалар чыгып кетиши мүмкүн дегендей. Өзү койгон балакетин Өзбекстан өзү ала албай туру.

Анан калса алар өзү койгон миналарынын «кара сандыкка» каткан картасын алып чыккан менен он беш жылда сел жүрдү, кар көчкү, кыян болду дегендей, миналары ары-бери жылып кеткен болушу да мүмкүн. Ошентип Өзбекстан өлкөсүнүн өзү көмгөндөрүн өзү албашына алардын күчү жетпегенинен тышкары, бейгам болушунун дагы бир себеби бар – көбүнчө мындай иштерди Оттава келишими боюнча ал конвенцияга кирген өлкөлөр донор катары жардам берип, тазалап турат. Ошентип булганган шымды тазалоо үчүн ОБСЕни, анан да «оттавачы өлкөлөрдү» Канада, Норвегия, Австралия, Япония сыяктуу мамлекеттерди үмүт кыла күтүп отурат. Бирок Өзбекстан Оттава келишимине кол койгон эмес имиш. Ошон үчүн жардам жагы да кыйын.

Бул аралыкта Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жарандары, мал-жаны, аскерлери миналар азабын тартып келет, Кыргызстандын өзүнөн эле мина жарылуудан 13 адам каза таап, эки жылда эле 4 миллион сомдой зыянга учурадык. Мунун кунун ким төлөйт?..

Шахимардан «бомбасы»

Бул аймак орусча Шахимардан деп айтылган менен кыргыздар Шаймардан, Шаамардан деп эле айтып келген, өзбектер Шохимардан дешет. Москвалык тарыхчы этнолог жана антрополог С.Н.Абашин «Шахимардан» дегенди «жаштар падышасы», жанындагы кыштак «Ярдан» дегенди «жардан» же «достордон» деп чечмелөө менен «дан» («дон») деген мүчө сөз чыгыш иран тилиндеги «суу» дегенден алынганын билдирди (Фергана.Ру: Есть ли у анклава Шахимардан этническая история? 15:16 14.02.2005. С.Н.Абашин). Кыргыздар болсо «жигит пири Шаамардан колдосун» деп дайым сүйлөп жүргөнүн көп эле учуратабыз. Демек ал «жигит пири» деген сөз болушу да мүмкүн, анын бир далили бул жерде ислам динин таркатуучуларга байланыштуу бир топ уламыштар айтылып келет.

Шаймардандиктер өздөрүн Мухаммед пайгамбардын колбашчысы Азирети Алинин урпактарыбыз деп айтышат. Өзбек басмасөзүндө ал жерде тажиктер жашаган, каратагиндик калчалар болгон дегенге каршы чыккан пикирлер болуп, жо-ок аерлерде өзбектер жашаган деп кыйла талашка түштү. Бирок Шаймардан кыргыз айылдарынын үстүндөгү, кыргыздар жайлаган жайлоолор экенин алар анча элес ала беришпеди. Бул жер Өзбекстанга Кыргызстандан убактылуу өткөрүлүп берилген аймак. Шаймарданда жана ага жанаша турган Жардан (Эрдан, Ярдан) деген кыштакта жалпысы 5300-5500 жан жашайт.

Бул жердин жаратылышы аябай кооз, суусу тунук, шар агат, кыштактын ары үстүндө ажайып көлдөр бар, абасы Фергана өрөөнүндөгү эң таза аба. Андан ары Кичи-Алай кырка тоолору уланып, бул жерден Алайга өтүп кетер ашуулар бар. Таза абасынан улам пионер лагерлери, Фергана шаарынын жумушчуларынын дачалары, ири ишканалардын эсалуу жайлары, санаторийлер ушул жерге курулган. Жардан мармар заводу орун алган. Анан калса өзбек совет адабиятынын негиздөөчүсү Хамза Хаким-зада Ниязий да ушул жерде ташбараңга алынып, ушул жерде үймузейи курулуп, ал жерге да зыяратчылар келип турган. Жайкы үч-төрт айда бир миллиондун тегерегинде туристтер бул жерлерге келип, ал жердин жана жолдогу кыргыз айылдарынын дүкөндөрү ушулардын эсебинен жан баккан. Шаймардандын ар бир үйүндө очок, чайкана, кушкана, мейманкана болгон, ушунча көп болсо да айрым учурда жайлашар орун жок күндөрдү өз көзүбүз менен көрүп жүргөнбүз.

Бул жердин ооматы 1998-жылы катуу селде бир кетти: жүздөгөн адам набыт болду, абат жерлердин баарын баткак каптады, суу боюндагы сөрүлөрдү, чайкана, мейманканаларды тилсиз жоо алып кетти, көрктүү жылга ылайкаланып, туристтерди өзүнө тарта албай калды...

Эми ушул ажайып аймак өлкөсү Өзбекстандан ажырап, «чоң жерден» бөлүнүп, анык аралга айланды. Аерге баруучулар Өзбекстандын аймагынан бөлүнгөн соң биздин Кадамжай районунун 20 чакырымдай жери менен каражолдон өтүшөт. Ошол аралыкта Өзбекстандын жана Кыргызстандын жети МАИ жана чегара, бажы посту орун алган. Паспорттук-визалык катуу режим, паракорлук бул аймактын кунун учурду.

Анклабга жетүү үчүн «Фергана.Ру» сайтынын изилдөөсү боюнча бир кишиге 2000-50000 сум (2$-50$), ал эми борбордон – Ташкент жактан келсе, бир машинага 50$, Бухара-Самарканттардан келгендерге 60-80$ жөн эле чегара, бажы, МАИ үчүн учуп кетет экен. Ушундан улам өзбекстандыктар үчүн жайкы бейиш жер азаптуу аймакка айланды. Кала берсе Германия бул жерге туристтик борбор ачабыз деп, алгачкы иштерине 260000$ чыгаша бөлүп, жумушту баштап, бул жактыктарды өздөрүндө үч ай окутуп да көрүп, акыры анан анклаб проблемасынан улам баарын таштоого мажбур болуптур.

Жашоо кыйындап, туризм менен күн көргөн «аралчадагылар» туш келди кача баштады, кыйла адам айылдан Орусияга иштөөгө кетти, бир тобу Ташкент, Фергана, Кокон шаарларынан бактысын издеп жүрөт...

Бул анклабды Кыргызстанга кайрадан өткөрүп берүү керек же ага маакул болбосо Өзбекстанга башка жер сунуш кылып көрүү керек деген пикирлер да кийинки кезде кыргызстандыктар тарабынан байма-бай айтыла баштады. А түгүл бул маселе 2004-жылы 6-сентябрда кыргыз парламентинде да айтылды, кала берсе депутаттар тарабынан Өкмөт башчы Н.Танаевге өзбек бийлигине расмий кайрылуу милдети да жүктөлдү. Бирок бул да мүмкүн эместей көрүндү. Ошол эле кезде Өзбекстан анклабында 1999-жылдан бери күчтүү аскерлерин – өзгөчө отрядын кармап келет, кыргыз бизнесмендери болсо айрым бир эсалуу жайларын, асма жолду сатып алып койгон деген сөздөр бар.

Кыргыз депутаттарынын Шаймарданды кайтарып алуу тууралуу ойлору орусиялык басма сөздө укмуштай көптүрүлдү. «Фергана.Ру» сайтында Д.Кислов (07.02.2005) «Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы территориялык талаш Борбор Азиядагы ири масштабдагы конфликтин биринчи кадамы» («Российские вести»), «Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда согуштук аракеттерге өсүп чыгуусу мүмкүн болгон аймактык карама-каршылык» («НГ»), «Бул аймактагы ар кандай толкундоолор оңой эле улуттар аралык мамиледе чагылдырылып кетиши мүмкүн» («Газета СНГ») деген пикирлерди айтып чыкты.

Ошентип бул аймакты айрымдар «талаштардын жылгасы» десе, айрымдар «экинчи Карабак» дешүүдө.

Анклабды кайтарып алуу тууралуу пикирлерге Өзбекстандан бир да жетекчи ак деп да, көк деп да айтпады, баары бир кишинин оозун карагандай жымжырт, же алар СССР тарыхын кайра баштан аңтарып жатабы, белгисиз...

Кара-Суу кайгысы

Кара-Сууга барып калсаңыз, ал жердин негизги жашоочулары көбүнчө өзбектер. Бул жерде Фергана өрөөнүндөгү эң чоң «кытай базары» өсүп чыкты, себеби шарт-ыңгай ошого ылайык жайгашкан. Базарда кыргыз сому сыяктуу эле Өзбекстандын пулу – сум кадимкидей колдонулат, базардын «мамлекеттик тили» – өзбек тили. Ушул шаар өзбек-кыргыз мамилесинин барометри болуп келген жана азыр да болуп жатат.

Фергана өрөөнүнүн Кыргызстанга чектеш аймактарында советтик мезгилде эле ислам дини күчтүү сакталып, медреселерде балдар окуп, билим алып келген. Кара-Сууда да ушундай болчу. Бирок анда дин таза, бийликке көз артпаган бойдон эле. Кийин эле алар Ислам Каримовдун колунан микрофонун талашып, бийликти сүрүп чыгуу үчүн «чабуулга» өттү. Каримов контрчабуул жасап, «жаңы динчилерди» куугунтукка алды. Ошол кезде алардын бир тобу али чегарасы башыктала эле Кыргызстанга өтө качты. Мисалы, алардын бир уюгу Кара-Суу шаары экендиги айтылат. Кыргызстандын бул шаарын каримовдук бийлик эмнеге ошондой кылды билбейм, айтор, Шааркан-Сайга салган көпүрөнүн өздөрү жак учун кыркып койду. Биз, анын ичинде мен, канчалык бул ишке жинибиз келген менен өзбек бийлиги биз жактагы диний кыймылдардан жана баңгиташыгычтардан коркконунан бул ишти жасаган окшойт деп ойлобой койбойсуң. Кара-Суу Өзбекстан үчүн ушунчалык кокунучтуубу?..

2004-жылы 17-сентябрда Кара-Суунун Аль-Сарахск жаамы мечитинде намаздан кийин нараазылык акциясы өткөн. Бул жерде «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун очогу жайгашкан деген сөз эл аралап жүрөт. Ушул шаарда, ушул Шааркан-Сайдан трост менен өтүп жаткан адамдарды аткылоо фактылары, а түгүл адам өлгөн учурлар болгон. Бул шаарда диний адабияттарды беймарал сатуу илгертеден практикаланып келген. Диний билим алгандардын көпчүлүгү көктөйүнөн Өзбекстанда илим үйрөнгөндөр. Анан калса соңку жылдарда Өзбекстанда экономикалык абал солгундап, Кыргызстанда жер иштетүүгө эркин мамиле кылынгандыктан Фергана водийи тараптап бир күндө миңдеген адамдар – «гастарбайтерлер», мандикерлер, челноктор, проституткалар чегаралардан ар кандай жол менен өтүп келүүдө да, алардын ичинде кылмыш дүйнөсүнүн адамдары да, ичи арамдар да агылып келүүдө.

Кара-Сууда, базарда Өзбекстандын жарандары беймараал жүрөт. Алар кандай жол менен өтүп келүүдө, эмнелерди алып келип, эмнелерди ташып кетет, аны менен иши болгондор аз. А түгүл Кыргызстан тараптагы телефон линиясынан өздөрү жакка – сайдын аркы өйүзүнө тартып алгандар да кармалган. Азыр да мындайлар болуп жатканын айтышууда.

Ушундай эркиндик түзүп берүүгө биздин укуккоргоочулар айыптуу. Азыр Өзбекстанга бир да өлкөнүн машинасы уруксатсыз киргизилбейт, а түгүл жалгыз-жарым жаран жүрүүгө мүмкүн эмес болсо, а биздин Ош тарапта милиционерлерди атып кеткендер Өзбекстан жарандары, диний-экстремисттик уюмдун өкүлдөрү болуп чыга келет.

 «Вечерний Бишкек» газетасы ооган апийимин саткан топту УКК кармаганын жазып чыкты, айтуудан алардын башчысы Ош облусунун УГАИсинин бөлүм начальниктеринин бири экен да, аны «шеф» деп ызаатташчу тура. Анан ушундай кызматкерлер жана алардын кол алдындагылар экстремисттердин анабашы Бен Ладен келсе да «жашыл жарык» жандырып берет да, биздин өлкөнү бөлүп-жаргысы келгендер, Югославиядан, Босниядан, Ооганстандан, Кавказдан, Украинадан кийин төңкөрүштү «экспорттоочулар» катары жойлоп жүрө берет. Кала берсе алар элдин баёолугунан пайдаланып өз өкүлдөрүн парламантке, бийликке кирзип ийет, мындай жасоого Фергана өрөөнү өзгөчө ыңгайлуу жер...

Абдыкерим МУРАТОВ

«Замандаш» журналы, 2005. - №6. – 10-12-бб.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз