О`Шакир: Мырза+Айым

(Тилектеш досубуз, укук коргоочу Эркин Убышевага арнайм)

АҢГЕМЕ

– Туулган күнүң менен!

– Ыракмат келгениңе! Кубанычтамын абыдан. Сен экөөбүз гана майрамдайбыз бүгүн. Башка эч ким болбойт. Чакырган жокмун эч кимди. Могул гүлүң башкача кооз экен.

*     *     *

– ... Качан билдиң анан?

– Качан десем... Билмек белем анда. Кичинекей болсом.

– Бирок эмнени байкачу элең кичинеңден?

– Эчтеке түшүнө элек кезим анда. Кийин түшүнө баштадым окшойт...

– Канча жаштарыңда?

– Бала бакчага бара баштаганда го.

– Мен да ошо, эрте жашымда башкаларга окшош эместигимди түшүнгөм. Бирок эч кимге айта алчу эмесмин.

– Айтор, эс-акыл кире баштаганда эле куурчактар менен ойногон жакчу мага.

– Үйдө жалаң кыздар белеңер?

– Жо-ок. Менден удаа эки байкем бар. Үчөөбүз удаа. Эжелерим анда чоңоюп калышкан кыйла.

– Да-а...

– Эжемдердин мурда-а... мурда ойногон эски куурчактарын катып алчумун өзүмчө. Койнума алып жатчумун.

– Кызык ээ... А мен эркек балдардын оюнчугун талашчумун.

– Ошондон бери жашоомдо эмне гана азаптар болбоду...

– Кой эми, ыйлаба.

– Чоңойсом күйөөгө тийем дечүмүн. Эркек бала күйөөгө тийбейт деп урушса да, мен бала болгум келбейт деп чыр салчумун.

– А мен мага алып берген кийимдерди атайы жырткан күндөрүм болду. Мага эркектин кийиминдей алып бергиле дечүмүн.

– Эң кейиштүүсү муну – жакын адамдарың түшүнбөгөнү.

– Апаңа качан айттың анан?

– Кичик кезимден эле айта берчүмүн апама. Бирок тилдеп койчу. Обу жоктонбо деп.

– Психологдорго алып барган жокпу эч кимиси?

– Кайда-ан. Могу бала жинди болуп калганбы дешип, кийин молдого алпарышып... Буга жин кирип кеткен дешти. Дем да салып жүрүштү көпкө. Ошол молдону жек көрөм азыркыга чейин. Молдого алып барган атам менен апамды даа...

– Ата-энем билимдүү кишилер деп жүргөнсүдүң эле...

– Ооба, экөө тең мектепте мугалим болуп иштеди өмүр бою.

– Тагдырың оор эле болуптур меникиндей.

– Бу дүйнөдө ата-энең, эң жакын бир туугандарың да сени түшүнбөгөндөн өткөн азап жок. А башкаларды айтпай эле кой.

– Үйдөн качан кетип калдың анан?

– Так айта албайм... Кичик кезимден эле үйдөн кача баштагамын. Туугандардын үйүнө качып барчумун көбүнчө.

– Анын үстүнө айылда өссөң, айылда туугандардын үйлөрү да жакын эмеспи. А мени үйдөн жылдырышчу эмес.

– Туугандардыкына барганда өзүмдү бир аз эркин сезип, алардын үйүндөгү куурчактар менен ойноп, аял кишилердин косметикаларын билдирбей таап алып, каалашымча боёнчумун.

– Мен да эркектерге окшоп, алар кылганды кылганым үчүн тилдешчү үйдөгүлөр. Бирок атамдын уруксатысыз эч ким эч жакка бара алчу эмеспиз. Сеники да жакшы экен, туугандарыңа качып барып.

– Өз үйүбүздөгүлөр уруп, тилдеп атса, анан албетте, бирөөнүн үйүнө барганда өзүң каалаганды кыласың шоктонуп... чоң кишилерден бекинип. Бирок алар үйдөгүлөргө окшоп тилдешчү эмес. Боёнгонумду көрүп, боорлору эзилгенче каткырып жыргашчу.

– Азырынча кичинекей бала деп ойлошчу да.

– А үйгө келгим да келчү эмес кээде.

– Сенин да үйүңдөгүлөр ошончолук катаал беле сага?

– Алар менин үйдө помада же апамдын каш чийген карандаштарын таап алып боёнгонум үчүн канча жолу сабашты... Могу маңдайымдагы тырык да ошондон калган. Эң улуу эжем колумдагы күзгүнү жулуп алып чаап жибергенде, күзгүнүн сыныгы чекемди тилип кеткен. Ошондо кан токтобой, үйдөгүлөр кырылышып жатып калышкан. А кийин мени үйдөгүлөрдүн баары урушчу; аялдардын оокатына жолотпой. Баарын менден катып коюшчу.

– Үйдүн желмогузу болчумун дечи.

– Ошо да. Үйдө баарынан кичүү болгонум үчүн желмогуз дешчү.

– Адатта, балдардын эң кенжеси эрке болуп өсөт ко.

– Башында мени деле абыдан эркелетип өстүрүштү. Кызга опокшош дешип күлүп жүрүштү. Кийин эле кыздарча кийинип, боёнуп, күзгүгө каранып бийлегениме жиндери кайначу болду.

– Айылдан шаарга качан келдиң биротоло?

– Апам өтүп кетти, кийин күтүүсүз кырсыктан атам да каза болгондон кийин, байкелерим мага күн көрсөтпөдү.

– Эмнеге?

– Эки агамды тең мектебиндеги балдар сабашчу экен мен үчүн. Анан алар үйгө келгенде мени сабашчу. “Сенин иниң кыз теке” дешчү экен мектептегилер... Досторунун шылдыңы үчүн мени күнүгө токмокточу болушту. Бир жолкусунда башым менен дубалды сүзгүлөтүп сабашты. Айрыкча солдатка кетер байкемдин токмогу эсимден кетпейт. Ошондон кийин мектепти таштап, шаарга качып келдим. Туугандардыкына.

– Азыр ал туугандарың сага кандай карашат?

– Жо-ок! Жолотпой калышсын. Мени алар эбак эле белгисиз бойдон жоголуп кеткен деп билишет. Бирөөлөр аркылуу чет өлкөгө кеттим деп айттырып ийгемин...

– Канча жыл болуп калды?

– Беш жылдай болду, туугандарым менен байланышым үзүлгөнүнө. Алар мени же өлүп калган, же чет өлкөдө жүрөт деп ойлошсо керек. Бирок бирөөлөрдөн угуп калам, бир тууган эки агам мени тапса өлтүрөбүз деп атайы изиме түшүп жүрүшкөнүн. Алар элден намыстанган үчүн мени өлтүргүлөрү келет экен.

– Бирөөлөр дегениң ким? Туугандарданбы?

– Мени түшүнгөн алыс туугандардын кызы ал. Туугандар арасында эмне кеп болгонун ошол айтып турат мага...

– Бирок бу жашоодо кандай болбосун сендей кайраттуу адам болуу кыйын.

– Жок, кайраттуу деле эмесмин. Билесиңби, кээде шаардын көчөлөрүнөн эң жакын туугандарымды көргөндө эмне болорумду... Азыр сен айткан кайратым канча жолу сынбады андайда...

– Түшүнөм... Түшүнөм сени.

– Балалык кездеги сагынычым ойгонот... Кусам көкүрөгүмө толуп, чуркап барып боорума кыса кучактагым келет туугандарымды. Алар мени сыртыман таанышпайт. А мен аларды сопсонун тааныйм. Себеби көрүп турбайсыңбы, мени сыртыман көргөндөр эркек деп ойлобойт. Башында парик кийип жүрдүм. Гормондорду колдонгондон баштап таптакыр өзгөрдүм. Үнүм да, келбетим да... Көчөдөн туугандарым менен бетме-бет жолуккан күндөрүм көп болду. Элестете аласыңбы, мен ошондо кандай акыбалда болорумду?..

– Ыйлаба... Кайрат кылчы болду.

– ...

– Жүрөгүңдү оорутпа болду... айтпай эле койчу калганын.

– Айтып бергеним жакшы... Жеңилдеп калам. Мен деле ар кимге айта берчү тагдырбы бул... Чанда бир адамга гана айта алам. Сырыңды уккан адам табылбаганы да кандай азап...

– Макул, өзүң каалагандай болсун. Улантсаң улант...

– Көчөдөн туугандарымды көргөндө, өзүмдү араң-араң карманам. Кээде кармана албай, чуркап барып кучактап өөп-өөп алсам дейм. Бирок... Бир жолу агылган элдин арасынан апамдын сиңдисин көрүп... “Тайеже!” деп кыйкырып ийдим. Ал мен жакты карап, тааныган жок. Эки жагын каранып, өтүп кетти. Мен аны бала күнүмдөн жакшы көргөн тайежем болчу.

– Учурашсаң деле болмоктур? Түшүнмөктүр...

– Жок. Корктум. Башка туугандарга айтып барса, мени жердин түбүнөн болсо да таап алышат.

– Андай да болушу мүмкүн.

– Мүмкүн эмес эле, андай окуя болгон мурда. Туугандарымдын бири менен кездешип калып, кармана албадым. Сагынычымды төгүп, болгон сырымды айтсам, баарына жеткирип барыптыр. Эки агам мени издеп жүргөнү ошондон...

– Анда жөнүң бар экен корко турган.

– Болгон аргам: көчөдөн туугандарымды көргөндө – жер жарылып кетчүдөй туюлат... Ишенесиңби?.. Жер астына кирип кетчүдөй болом. Туугандарымдын аркасынан жалдырап тиктеп тура берем. Узап кеткенче көзүмдү албайм, туугандык сезим, туугандык тамыр дегениң оор болот экен. Андайда шаардын көчөсүндө адам жок жерге барам да, буркурап ыйлап алам. Болгон аргам ушул.

– Бирок сен өтө кайраттуусуң, Мырзайым!

– Жок! Кайратым мокоп бүттү бу жашоодо!!! Чарчадым баарынан.

– Макул, жеңилдеп калар болсоң ыйлап ал.

– Сага айтпаганда кимге айтам. Бири-бирибизди сен экөөбүз гана түшүнөбүз! Башкалар түшүнбөйт мени.

– Мени деле түшүнгөндөр толтура дейсиңби... Мени түшүнүшсө, атам-энем тагдырыма ташбоорлук кылбайт эле... башкага зордуктатып...

– Мен ошол тагдырыңды толук уга элекмин. Бирөөлөрдөн гана чала угуп, өзүңдөн сурай албадым...

– Башында апама гана айткамын. Ал ишенбеди. Эки жыл бою атамдан жашырдык. Корктук айткандан.

– Баарыле коркот да аталарынан. Биздин эл патриархалдык түшүнүктөр менен гана жашайбыз.

– Үйдө атамдын чечимисиз күчүк да, мышык да бага албайбыз. Биринчи жолу чачымды кырктырып салганым үчүн апам кургур мен үчүн таяк жеди. Көзү-башын көгала кылып сабаптыр үйгө келсем. “Ушунун баары – тилимди албай чачыңды кыркканың үчүн” деп, апам мени сабады.

– Ай, шордуум ай! Сенин деле көргүлүгүң калбаптыр го. Күлүп-жайнап жүрсөң эле ойлопмун...

– Сыртымдан бактылуу көрүнгөнүм менен, мен кабылган тагдырды душманыма да каалабас элем, Мырзайым!

– Ыйлап ал... Ыйла, жаным десе... Сен да мендей жеңилдеп каласың.

– Ошондон кийин үйдөн качып кеттим. Бирок атам милийса, оңой эле таап алып... Үйгө алып келишти... Ы-ы-г-гы-ы... У-уу-у-у-ух!

– Чүш... Үнүңдү чыгарба анча. Коңшуларга угулбасын ыйыбыз.

– Кызың экөөңдү кошуп атып өлтүрөм дептир. Апам анан коркконунан менин кыз болгум келбегенин айтат аргасыз. Менин эркек болом дегенимди уккан атам...

– Эгерим андайды укпаган киши...

– Ошол күнү анан... Апам менин транс-жигит болгум келгенин айтканда... А атам мага мындайды угузба деп... дароо эле күйөө... У-у-у-уу-гу-гу-гы... Күйөө таап... Ошол таап койгон күйөө баласы... Айба-аан! Акма-ак! Мени ала качып барып, кордукту көрсөттү! Зордукту көрсөттү. Намысым тебеленди. Жылаңачтап чечинтип...

– Ух, жырткычтар-ай! Жырткычтар! Жараткан күч эмнеге ошолорго кор кылат бизди?!

– Жек көрөм атамды! Адам эмес ал. Жырткыч! Өзүндөй жырткычка салып берди! Зөөкүр атамды адам деп санабайм эч.

– Адам эмес экен атаң! Айбан турбайбы...

– Айбан да эмес ал. Айбан да өз баласын менчелик кордойбу, Мырзайы-м! Уу-гы-гу... Каргышым жетер акыры мени кордогон арамдарга. Мени ошентип катын кылгылары келди.

– Кел, суу ууртачы. Болду эми. Кудай кылса, кубаарыңдын акысы барбы дейт. Бизди даа Кудай таала бекер жаратпагандыр мүмкүн.

– Жашоого кибириген кумурсканы жараткан Кудай, бизди даа бекер жаратты дейсиңби... Биз дагы мүмкүн бул жашоого керектирбиз.

– Ооба, керекпиз. Мен сага окшогондорго, сен мага окшогондорго керекпиз. Эгер биздейлер болбосо – бизди ким колдоп, ким түшүнмөк?.. Биз да коомбуз. Биз да адам тукумунан туулган адам баласыбыз.

– Бирок эмнеге биздин тагдырыбызды адамдар чечет – түшүнбөйм. Бизди Кудай жараттыбы, демек, тагдырыбыз Кудайдын гана колунда! Тагдырыбыз бизди кордогондордун колунда эме-ес!

– Жер үстүндө сен экөөбүздөйлөр бүгүн эле жаралды дейсиңби?.. Алмуздактан биздейлер туулуп келген. Туула да берет.

– Мына, сен Мырзабек элең кенедейиңде, азыр таптакыр башкасың. Татынакай Мырза+Айымсың! Сенин ички дүйнөңдөгү башатың – айымдыкы, а сырткы мүчөң гана... А сендей Мырза+Айымдар дагы канча шорлоп жүргөн...

– Жаңыл+Мырзаларчы! Ушул сөз айкалыштары эле туюнтуп турбайбы баарын. Ойлосоң... Жаңыл – бул кыздын аты да... Өмүрүмдө бир даа эркекти кезиктире элекмин Жаңыл аттуу! А Мырза деген мырза. Мүмкүн кылымдар мурда эр-азаматтар менен тең тайлашкан Жаңыл Мырза так ушул сен сыяктуу болгондур, Кайрат... Болбосо эмнеге Жаңыл+Мырза дешкен? Кыздын да, эркектин да ысымын бир адамга ыйгарып. Мага ушул табышмак... 

– Канымгүл элем бир кезде, а мен азыр Кайратмын. Маңдайыма жазган тагдырым үчүн Кайраттуу болгум келди! Эркектик намыс күткүм келет мен дагы!!! Өз денемди кордоткум жок башкага... Бул мүчөмдү Кудай мага кем жаратып койгону үчүн ким күнөөлүү? Ким?! Ичимде эркектик сезим, а сырткы мүчөм бул экен... Эмне кылайын?! Мунун баары сенин же менин эрким менен болгон жок да! Туурабы, Мырза+Айым?!

– Суу ууртап алчы ме, Кайрат! Могу өзүң алып келген гүлгө карасаң? Аты эмне гүл экен?

– Биле албадым. Сурадым атын. Сатуучу өзү билбейт экен, ишенесиңби?

– Өмүрү мен көрбөгөн бул гүлдү кайдан алдың? Абдан кооз, бөтөнчө сулуулугун айтсаң. Жыты болсо кадимки эле роза гүлүнүн жыты. Бах... Жыттасаң. Аңкыйт ко жыты. Кызык...

– Ооба, розанын эле жыты. Муну гүл саткан павильондон алдым, каяктан алмак элем. Мага да өтө кызык болду. Гүлдөрдүн эң четине өзүнчө бөлүп коюшуптур. Эч ким карап, кызыккан да жок. Жалгыз турат койкоюп. Сатуучудан бул эмне гүл экенин сурасам, өзү билбейт. “Розалардын арасында жалгыз өсүптүр өзүнчө” деди. Бекер эле алып кете бер, баарыбир эч ким албайт, сураган да киши жок дейт. Жо мен бекер албайм дедим. Мындай гүлдү бекер алууга болбойт деп бир букет гүлдүн акчасын сундум.

– Эми мен бул гүлдү соолутпай кантип сактасам экен?

– Бул гүлдүн өмүрү мага да кызык. Канчага чейин соолубай турар экен, сактап көрөлүчү.

– Бул байкуш да өсүмдүктөр арасында башка гүлдөргө эч окшобой өскөнүн...

– Адамдар арасында сен экөөбүздөй трансгендер-гүл окшобойбу. Болбосо, тикенексиз роза гүлү болчу беле?

– Ха-ха-ха-ха.

– Ха-ха...

– Көптөн бери ушундай күлгөн эмес элем.

– Ооба, бул гүл – трансгендер. Муну атайы минтип өстүрүү мүмкүн эмес.

Май, 2020-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз