Маргарита НАВАРРСКАЯ – (1492-1549), «Гептамерон» сүйүү новеллаларын жазган Наварра королевасы
Көрүнгөн аялга чөгөлөп сыйынганча бир эле аялдын кадырына жетип ал.
* * *
Аялдар сараң келет. Бирок атак-даңкы чыккандары сараңдыгын жеңе баштайт.
* * *
Сыдыргыга тарткандай жакшы тарбиялуу аялга канча жүгүнүп сый кылсаң да туруш-турпатынан жазбайт.
* * *
Кызганыч сүйүүдөн чыгат дешет. Андай эмес. Сүйүүдөн чыккан күндө деле ал кудум оттун күлү сымал. Отту оттон чыккан күл, сүйүүнү сүйүүдөн чыккан кызганыч өчүрөт.
* * *
Аялзаты өзүн-өзү өтө жогору баалайт. Алар ошон үчүн эч качан бир эле эркекке каниеттенбейт. Ал эмес пакизасы да бир учурда жандилинен үч эркекти көзүнүн агы менен айлантып турганды каалайт. Биринчиси сый-урмат көрсөтүп, экинчиси байлыкка чулгап, үчүнчүсү ыракат тартуулап туруусу абзел. Бул учурда тиги үчөө өздөрүнчө эмнени ойлойт? «Мени сүйөт» деп. Жо-ок. Чынында сый-урмат кылганы да, байлыкка чулгап жүргөнү да, ыракат тартуулап жүргөн шылуунчалык кадыр-баркка жетпейт.
* * *
Бир поптун кызматчы кызы менен болгон мамилесин ириткенге караганда, миң түгөйдүн ак никесин чириткен оңой.
* * *
Жок жерден чатак чыгаргандын өзү кудайга күнөө кылгандан да оор.
* * *
Сүйүү алдамчынын алдамчысын да алдайт.
* * *
Эркекти эркектей тарбиялаганга эркек, аялга аял керек. Агер эркекти аял тарбиялайм десе, аялдын жумшактыгы; аялды эркек тарбиялайм десе, эркектин катуулугу жолтоо.
Которгон О`Шакир