Кубанычбек Тентиев: Мүнөз

  • 18.05.2021
  • 2780

НОВЕЛЛА

Түз эле гүл саткан жерге бардым. Жайнаган гүлдөрдүн арасынан бир тутам роза гүлүн алдым да, сага ишенимдүү келе жаттым. Ошондогу менин толкунданганым ай. Жакшы көрүп, урматтаган адамыңа алгачкы жолу гүлдесте тапшыруунун өзү да кыйын тура. Кап, мурда эле бетме-бет сүйлөшүп жүргөндө эмне. Айтор, ушу гүлдестем аркылуу сага тунук сезимимди арнамак болуп келаттым.

Жүрөгүм лакылдап, айтчу сөздөрүмдү ичимден кайталайм да түркүн кыялга чөмүлөм: “Канышай, жаңы жылың менен куттуктайм” же жөн эле куттуктайм деп гүлдестени сунам. Сен «рахмат» деп жылмая гүлдү аласың. Мен күлкүгө аралаш үнүңдү угам. Кечкисин сейилдеп келүүгө чакырам.

Балким белегимди албай, кыздардын арасында уятка калтырар. Деги кызыкмын. Кыз менен жигит каршы өткөндө бирин бири көз кыры менен узатып коюу турмуштагы табигый көрүнүш эмеспи. Мен такыр башкача туюп жүрбөйүн? Жок! Андай эмес. Өткөндө бет маңдайыман чыгып, капыстан кездешип калбадыкпы. Мен сенден көзүмдү албай дал болуп калыпмын бир орунда. Сен да муңайымдуу көз агыттың. Нымшып да кетипмин, кызык, ушу уяң мүнөз биротоло тулкумда калыптанып калган сыяктуу. Көңүлүмдө жакшы көргөн адамыма оюмду айтып берүүдөн кыйын нерсе жок чыгар мен үчүн.

Ошол жолугушуудан денемди каптаган ысык илеп кыйлага таркабады.

Дүйшөмбү күн болчу, сыртка чыгып саамга ойлондум да, сен иштеген мекемеге бет алдым. Барып алып сөз айта албайм калам го дегениме болбой, сен тарапка кадамым өзүнөн өзү шилтенип, кандайдыр бир күч сага жетелеп айдактагандай. Мына, мен каалга артында турам. Аны ары түртсөм эле сен көрүнөсүң. Сени менен жолугушам.

Ооба, сен мени күтпөгөнсүң. Кайра артка кайрылып, каршы өткөн жигиттен тактап сурадым. Ооба, ошол каалга, ары ичинде калемиңи кармап сен отурасың. Кайдагы күч экени белгисиз, колум каалганын туткасына жетип, коомайлай бергенде сен көрүнбөдүң, мен каалга сыртында калып, узун, арык моюнум, башым сорок этип, бөлмө ичине баш багып, кабинетте отургандардын үшүн алгандай болуп, олда менин олдоксондугум ай!  

Сен жок экенсиң. Шаабайым сууп кайттым. Киного жалгыз кирдим, жаккан жок. Көңүл коштуктан болсо керек. Кадамымды жай таштап, жер карап, ойлуу келаттым. Башымды жогору көтөрдүм. Алдымда сен баратасың, көргөн көзүмө ишенбей, кайра карадым. Ооба, сен экенсиң. Дайыма кийүүчү жашыл көйнөгүң, колтугуңа кыскан тааныш кара сумкең, артка түйүлгөн кара олоң чачың, баары сага таандык. Кадамыңды жай таштап бир калыпта бараттың. Мен сени токтотушум керек эмеспи. Бүгүн сени издеп чыкпадым беле?

– Канышай! - деп кыйкырдым.

Сен унчукпадың, түз гана кетип бараттың. Дагы кайталап кыйкырдым, үнүм буулугуп чыкпады. Көрсө мурунку кыйкырыгым деле өзүмдөн алыс кетпептир. Добушум сага жетпей, а сенин карааның болсо улам арылап отуруп, анан барып көпчүлүк ичине аралаша сүңгүп кетти.  Мен куруп кетейин. Капыстан кабылып, апкаарытып, үйгө жете керебетке куладым.

Бүгүн мен өзүмө чексиз ыраазы болуп келе жаттым. Себеби, сен бүгүнкүдөй чечкиндүүлүктү менден күтпөгөн чыгаарсың. Колумдагы гүлдү бергенде таң каласың, сөзсүз кубанасың. Ошол жолугушуу биздин дайыма бирге болушубузга данакер болот.

Келип сени издедим. Көрүнбөдүң. Жаныңдагы кыздан сурасам, чыгып кеткениңди айтты. Мен сыртка чуркап чыктым. Сен бейтааныш жигитти колтуктап баратыпсың. Көңүлүң куунак, кубанычтуу күлкүң кулагыма жаңырып турду. Сенин күлкүңдү жакындан биринчи ирет угуп, кубанычым чексиз болсо да, ичим туз куйгандай ачышты.

Карааның үзүлгөнчө бир орунда узата карап турдум. Кыйлага турдум. «Таанышы болсо керек» деген түпөйүл ой менен артка кайрылдым. Ушул ишенимим гана мени сооротуп, буулуккан ызамды ичиме сактай турууга түрткү болду. Колумдагы роза гүлүн мурдума такадым. Андан жыпар жыт аңкып, мурунду өрдөй, кытыгылап кетти...

Сен болсо улам узап бараттың. Олда, уялчаактыгым ай!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз