Бектур Иляс: Той

  • 11.05.2021
  • 4247

АҢГЕМЕ

Кечинде уктаар алдында атам кулагымдын түбүнөн жыттап: «Эртең эртерээк тур, жеңең экөөң тойго барасың» деди. Уйкум чайттай ачылды. Кайдан да айта койгонун билбейм, эртең менен эле айтса болмок. Ары оонап, бээри оонап, көпкө дейре кирпик иле албай кыйналдым. Жүрөгүм кандайдыр сүйүнүчтүү дүкүлдөп жаткансыйт. Тезирээк уктап калсам, анан көзүмдү ачсам эле таң атып калса, капыл-купул дайарданып жеңем экөөбүз тойго жөнөсөк дегенди ойлогондо жаткан оордумдан учуп туругум келет.

Ойлосом былтыр күз соңунда эл кыштоого көчөр алдында Баратпай аксакалдын мени менен курбулаш небиресинин тоюнан кийин тойго бара элек экемин. Анда атамдан: «Эмнеге алар баласынын тоюн эми араң берип жатат, менин тоюмду мектепке түшөрдөн эки жыл мурда эле бербедиңер беле» десем, атам: «Ар ким шартына жараша болот да» деген. Кечке жуук конокко барган үйдө сойгон койдун шыйрагын кестирип алып беш-алты бала «Улак тартып» ойногонбуз...

Уктай албай тынчым кетип жатып, эртең кайда, кимдин тоюна барарыбызды билгим келди. Сурай койоюн десем баары уктап калгансыйт. Эмнеге кыш чилдеде өтүп жаткан той экенине, эмне үчүн жеңем экөөбүз гана бармай болуп жатканыбызга түшүнбөдүм. Адатта тойго эң аз барган ушу жеңем экөөбүз элек. Башкалар тойго жөнөгөндө мен койду багып, жеңем үйдү карап калчубуз.

Кай маалда уктаганымды билбейм. Айтор уктапмын. Канча делбиреп, жүрөгүм элеп-желеп болсо да акыры уйку жеңиптир. Атамдын «Тур, таң атты!» деген үнү демейдегиден тез таасир кылды. Өмүрүмдө таңдын атканына биринчи жолу сүйүнүп жаткандай болдум. А башка кезде уйкум канбай, атамдын «таң аттысын» уксам да укмаксан болуп, үй баш жаным уктагым келип беш-алты жолу кайталап кыйкырмайынча унчукпай жата берчүмүн, бу жолу анткен жокмун, уйкулуу көзүмдү ушалап оордумдан оолжубай тез турдум.

Жеңем менден мурда эле туруп кечээ жууп, мешке кактап кургатып жүргөн кийимдерин кийип алыптыр. Апам уй саап келгенче мен да кийимдеримди кийип даяр болдум. Жеңем төшөнчүлөрдү күндөгүдөн тез жыйнагандай болду. Чайды чала-була ичип күрөң өгүздү жетелеп келдим. Атам аны токуп, белин бекемдеп тартып, өйдө жүрсө куйругуна шыпырылгыс кылып олоңдоп, ылдый жүрсө мойнуна кеткис кылып шалаңдап берди. Ошону менен жеңем экөөбүздүн тойго минер көлүгүбүз даяр болду.

- Бүгүн жеңеңдин энеси Балкыя кудагыйдын тою. Сен да эми эр жеттиң, биздин оордубузга жеңеңди алып барып кел. Биздин да барбасак болбой турган жерибиз чыгып калды. Апаң экөөбүз ошол жакты бүтүрүп келели, байкең үйдө мал-салды карасын, – деди атам.

– Макул!_ дедим өзүмдү чоң ишке жарап калгандай олуттуу сезип.

Жолго чыктык. Тойго арнаган кошумчабыз – былтыр жетим болуп колдо өскөн, эмне берсең тандабай жей берчү кара токту. Аны мен өңөрүп жүрдүм. Ооп түшүп калбастыгым үчүн анын буттарын тырыштыра бууп, басмайылга кошо байлап коюшту. Жеңем өгүздүн мурунтугун чоё жетелеп алдыда жөө баратты. Этеги чубалып, калың аппак кардын бетиндеги жалгыз аяк жолду үңкүйө тиктеп үнсүз. Кудай урган күрөң өгүз анда-санда бир аттап шашпайт. Тойго баратканын кайдан билсин бечара деп коём. А бирок билгенде деле эмне? Биздин тоюбуз анын шору болуп минтип жонуна ээр токулуп отурбайбы. Нааразы болгон немедей чүлүк чойгон калың мурдун чүйрө көтөрүп коюп эрине аттайт. Чамамдын жеткенинче теминимиш болуп, жамбаш талаштыра камчы салсам анымды бит чаккан курлу көрөр түрү жок. Майпайып баягы эле баёо басыгынан жазбайт. Кычыраган кардын үнү...

Күрөң өгүздүн калдайган иймек мүйүзүнүн ортосунан жеңекемдин дүңкүйгөн туюк далысын тиктеп бараттым. Эмне ойлоп баратканын ит билиппи? Айтор унчукпайт. Же сүйүнгөнү, же капа болгону билинбейт. Анда-санда мага кайрылып, «түшүп калбай келатасыңбы?» дегендей карап коёт. Бир кыр ашып эле «Качан жетебиз?» деди. «Жетебиз» дейт жеңемдин жообу. «Жетерибизди билип атам, качан жетерибизди ачык айтпайсыңбы? Бүгүнбү, эртеңби?» дегим келип тилим кычышып барып кайра унчукпадым. Үйдө болгондо, атам-апамдар бирге болгондо ошентип эле айтмакмын. Бирок азыр антип айта албадым. Ачуусу менен келаткан болуп, тилимди сууруп албасын дедим. Бир жолу үйдө киши жокто каяша айта коём деп жаагымдан отум чыккан. «Эч кимге айтуучу болбо» деген дагы. «Айтпайм» деп убада бергем. Убадамда турдум, айтпадым. Айта элекмин. Көкөйүмө көк таштай тийиптир ошонусу. Колдору эркектикиндей карлуу да, алаканы темирдей катуу, ачуусу келип алайса кабагы кадимкидей каардуу...

Көлдүн аркы кылаасын жээктеп өткөнсүп, күн эге асмандын тээ жерге жакын жагы менен айланып өтүп баратты. Жануурлап түшкөн нурлары муздак карга сиңип кетип жаткандай эчбир жылуулук илеби сезилбейт. Буттарым чымырап үшүй баштады. Көк муштум болуп өңүм да келишсе керек. Мындайда мурдуңа күч келет эмеспи, шуулдата тартып, кайра-кайра куюлган мурдумдун суусуна ээ боло албай келаттым. Же жеңекем «үшүгөн жоксуңбу?» деп бир ооз сурап койгонго жарабайт. Үңкүйүп үнсүз басканы баскан. Эски көлөчүнүн кончуна кар толуп, кийиз өтүгүнөн чечилип түшүп кала жаздап, ага болбой жеңем сүйрөй тепсеп, ансайын чоңойтуп, чоюлтуп барат. Улам бир кырга чыккан сайын нары жактан тойго бараткан калың атчандын тобун же дүркүрөп тою шаңына чыгып жаткан үйдүн караанын издеп үмүтүм алек. Түшө калып жүгүргүм келет, чымын куюн чимирилсем дейм, «улак тарткандагыдай» безилдесем дейм. «Улак тартканда» эчким мага жетчү эмес. Ошого балдар менин күлүктүгүмө өңүмдүн караторулугун кошуп, «Паленбайдын карагер тулпары» деп койчу. Анысы мага жакчу...

Алдымда өңөргөн кара токтум анда-санда тыбырап мөңкүп коёт. Боортоктой ээрге басам. Тынчып калат. Эңкейип кый жыттанган жүнүнө бетимди басып жылытымыш болом. Бир маалда такымым жып- жылма болуп эле ысый түштү.

- Энеңди-и...- дедим созолонто тишимди кайрап.

- Эмне болду? - деп жеңем ошондо олурая кылчайды.

- Бүт ит кылды?

- Эмнени?

- Сийип салды!

- Эчнерсе болбойт! - деди жеңем. Чын эле эч нерсе болбогондой камаараган жок,- Эч нерсе болбойт! Кайра жылуу барасың!

- Канча калдык? - дедим дагы анын ачкан оозуу жумулуп кала электе билип алайын деп.

- Аз калды, чыда! - деп койду жеңем жер тиктеп үңкүйүп бараткан калыбында.

Күнгө күйүп, өңү өчкөн палтоосунун далысын тиктеп баратып байкуш жеңеме ичим ооруп калды. Атам-апамдардын айтымына караганда анын атасы жок экен. Жетим өсүптүр. Менин агам да өтө эле жоош, болбурап жүүнү бош. Кантип табышканын билбейим. «Эки жарты бир бүтүн» деп кошуп коюшуптур. Үйлөнгөнүнө бир жарым жылча болду. «Ушу убакка чейин боюнда жок» деп апам күңгүрөнүп калганын угам. Жеңемдин башка уялаштары жок. Медер туткан жалгыз кызы минтип турмушка чыгып кеткенден бери энеси бир үйдө жалгыз жашайт деп уккам.

Биздин үйгө анда-санда барып калат. Бирок алардын үйүнө мен барып көрө элек элем. Ий баса, бүгүн ошо кишинин үйлөнүү тою болот. Кошуна айылдагы ким бирөөгө турмушка чыгат экен. Анан тоюна куттук айтып, кут оордуна узатып коюуга келе жаткан коногунун түрү биз болдук. «Тойго келгиле деп атайын чакыртыптыр, эчкимибиз барбай койсок уят, кокуй. Экөөң барып тоюна катышып келгиле!» деп эртең менен эрте туруп атамдын бизди аттандыргандагы себеби ушул.

Түш болуп калган маалда бир кашатка чыктык. Жануурлап сайга түшүп, кайра аркы бет менен жануурлап маңдайга чыккан жерде жалгыз үй бар экен.

- Ошол, - деп жеңем мени карап жылмайып койду. Жылмайганы да башкача жеңемдин. Жылмайганга окшобой эле ыйламсырагансыйт. Мага айткан сүйүнчүсү жаккан жок. Алдап аткансып ишене албадым. Бирок жеңем мени эч качан алдап көргөн эмес. Көп киши тамашалаган болуп калп дегенди зырылдата берет эмеспи. Жеңем антпейт. Аз сүйлөйт. Чын сүйлөйт. «Кудай жакшы көргөн пендесин кем сөз кылат» деп коёт атам жеңемдин кем сөздүгүн жактырбаган апама.

Үйгө жакындаган сайын кечтен берки толкундаган сезимдердин илеби кайтып, бүдөмүк бир нерседен көңүлүм иренжий баштагансыды.

Жалгыз үйдүн алдындагы маамыда ээр токумчан үч ат байланып турат. Бирөөнө кызыл күрөң көрпөчө салыныптыр. Үйдүн төбөсүнөн болор-болбос түтүн созолонот. Тигиндейрээкте отун жарган дөңгөчтүн бир башына жалгыз уйду байлап коюптур. Ырбыйган арык торпогу капталынан эмбей арт жагынан анда-санда энесинин шылбыраган эмчегин жыттагылап турат. Айланада андан башка мал да, мал изи да көрүнбөйт. Биздин келгенибизди үй ээсине билдирип алдыбыздан арсылдап үрүп чыккан ит да болгон жок.

- Апа-а! - деди жеңем эшик алдына барганда. Үйдөн жеңемдин апасы Балкыя кудагый, анын артынан эр ортону элүүдөн алкып калган эки эркек чыкты.

Кыска учураштык. Артык ооз сөз болгон жок. Эки эркек алдымдагы кара токтунун бутун чечип, көтөрүп алышты. Өгүздөн түшсөм бутум зыңкыйып катып калыптыр. Чымыраганына чыдабай ыйлап ийе жаздадым.

- Ий садагаң болоюн! Чоң азамат болгон тура! - деп жеңемдин апасы Балкыя кудагый бетимден балчылдата өпкүлөдү.

Жийиркенип кеттим. Оозу тамеки жыттанат. Арасы ачылган орсок тиштери сап-сары. Апам таң калып жүрчү. «Балкыя кудагый тамекини укмуш чегет экен. Уй сааганда да тутандырып алып уйдун тоңгон жампасына коё салып, улам бир соруп турат» деп. Ошонусу чын окшойт.

Такымымды карасам кара токтунун капталынын ысыгы өтүп, чала-була кургап калыптыр. Тигилер аны байкаган жок. Аламды кыпчый басып үйгө кирдим.

Ала-була гүлүн май баскан каралжын дастаркондун үстүндө кичине боорсок төгүлүптүр. Кичинекей чыныга үч-төрт сынык набат салынган. Үч чыныда кара чай, мештин үстүндө капкагы жабылуу кара казанда эт кайнап жаткансыйт. Сорпонун жыты буркурай түштү. Курсагым аябай эле ачканын ошондо сездим. Шилекейим чууруп кетти.

- Кел, чай ичкиле, аябай үшүдүңөр ээ? – деп Балкыя кудагый бизге чай куйду.

Чай муздаңкырап калыптыр. Сорпонун эле жытын дебесем, андан башка тойдун жытын сезе албай, тойго келгениме ишене албай күүгүм тарткан үй ичин айландыра тиктеп олтурдум. Эки эркек чайларын ичип болуп олтуруп калышты. Биз деле эки чыныдан ичип болду кылдык.

- Ырас убагында келипсиңер,- деди Балкыя кудагый, - силерди күтүп жатканбыз. Тамакты чыгарайын.

Сорпо куюлуп, артынан чүңкүл табак менен эт тартылды. Мал сойгон түрү байкалбайт. Баш-шыйрак жок. Этти тигилер ала келген окшойт. Жеңем апасына жардамдашып казан аякка аралашып кетти.

Тамакты деле бат эле шам-шум жеп болдук.

- Туруп бата тилей гой,- деди мурутчан киши. Ордумдан туруп «оомин!» деп кол жайдым. Мурутчан киши бабырап бата берген болду.

- Жол алыс, эми биз аттаналы, - деди берки киши.

Мен жеңемди, жеңем апасын карады. Апасы көзүн ала качып акырын айтты.

- Ушундай болду кызым. Жалгыз жашамак мага да кыйын экен...

Дастаркон жыйналып, идиш-аяк катталды. Үй ичинде калган каткан майда-барат нерселер түйүнчөккө түйүлүп бир көзү бош куржунга шыкай салынды. Эшикке чыктык. Жеңем тултуюп унчукпайт. Апасы каалганы жаап, сыртынан дөңгөч менен тиретимиш болду.

- Биз жүрөлү, жакшы тургула кызым,- деди эки эркектин коңкогой мурун, мурутсузу. Ошондо билдим кудагыйдын кимге күйөөгө чыгып жатканын.

Ошондо Балкыя кудагый жеңемди кучактап ыйлап жиберди. Жеңем байкуш да буулугуп араң турган экен. Тосмосу жырылган суудай шар кетти. Чоң кишилердин ыйлаганын биринчи көрүшүм ушул болду. Зээним жаман кейиди. Үңүлдөп ыйлагандары башкача экен. Жеңем энесин капшыра кучактап булкулдап өксүдү. Далысы тим эле сүлкүлдөйт. Көзүнүн жашына кошулуп оозунан балбырап шилекейи агып кетиптир. Жүрөгүм сыйрылып чыдабай кеттим. Байкуш жеңемди аядым, боорум иттей ооруду. Мен да ыйладым... Жеңемди соороткум келди...

- Болду, ыйлабагыла. Көп ыйлаган болчу эмес. Эмне, ыйлагандын ордуна сүйүнбөйсүңөрбү, бу деген жакшылык да! - деди жеңемдин «жаңы» атасынын күйөө жолдошу.

Мен чын эле жакшылык экенин же жамандык экенин айра албай кыйналып турдум. Менимче болсо жеңемдин апасы үйлөнбөй эле койсо болмок экен. Жалгыз калса эмне экен. Биздикине барып алса болбодубу деп ойлодум. Атам менен апама капа болдум, жеңемдин энесин мында жалгыз таштабай кошо көчүрүп алса болмок экен го.

- Көрүшпөй калсак менден ыраазы бол! - деди Балкыя кудагый кызына. Денем дүр дей түштү.

- Койгула эми кайдагыны айтпай. Көрүшпөй эмне, көрүшөсүңөр! - деди жеңемдин «жаңы» атасы.

Экөө экөөнү ажыратышты. Жеңем букулдап көпкө ыйлады. Көзү заматта күп болуп шишип чыгыптыр. Тигилер өгүзүмдү чечип келип белин тартып, мени көтөрүп мингизишти. Биз менен коштошушту. Музоолуу уйду жеңемдин «жаңы» атасы жетелеп алдыга жүрдү. Күйөө жолдошу мен өңөрүп келген сийгек кара токтуну өңөрүп уйду айдап бастырды. Кызыл күрөң көрпөчөсү бар атты Балкыя кудагый минип эң артта жүрдү. Аттанып жатып тамекисин ороп тутандырып, бурдуга-бурдуга соруп, түтүнүн оозу-мурдунан уюлгута-уюлгута чыгарып алды.

Үчөөндө үч куржун, болгон эмереги ошол. Бир куржундун бир көзүндөгү идиш-аяктан башкасы эмне экенин билбейим.

- Силер да жөнөгүлө эми. Кечки суукка калбай жетип алгыла! - деди Балкыя кудагый.

Той ушинтип тарады.

Түштөн мурда келген жалгыз аяк жолубуз менен түш ооганда кайра кайттык. Арадан көп мезгил өтүп кеткенсийт. Мен өзүмдү кадимкидей чоңоё түшкөндөй сездим. Сайга түшкөндө өгүздөн секирип түшүп:

- Жеңе, эми сиз минип алыңыз! - дедим.

- Мен жөө эле басам, - деди жеңем.

- Сиз минбесеңиз мен да минбейим, - дедим.

Жеңем мени биринчи көрүп жаткансып бутумдун учунан башыма дейре бир сыдырып карап чыкты да:

- Анда экөөбүз тең минели! - деди.

Учкашып алдык. Күрөң өгүз экөөбүздү оорлоп коёр түрү жок. «Үйгө кайттык, тездейин эми» деген ой анын акылына кирбеген окшойт. Ал үчүн баары бир го сыягы. Баягыдай эле майпайып шашпайт. Аттаар-аттамаксан болот. Оолжуйт, чоолжуйт жарыктык. Жеңем да аны жайына коюп ойлуу барат. Бир кезде артына кылчайып:

- Мени бек кучактап ал, өйдөдөн шыпырылып түшүп калба, - деп эки колумду чоё тартып келип өзүнүн белинен кучактатып, үшүгөн колдорумду ушалап койду.

Ушунчалык мээримдүү сезилди. Дүйнөдөгү эң асыл жеңе сыяктанып кетти. Аны буга чейин жактырбай, «байкем башка эле катын албай» деп жүргөнүмө өкүндүм. Эми антип айтпайм деп өзүмө өзүм убада бердим.

- Апамдын ден-соолугу жакшы болбой жүргөн окшойт,- деп койду бир маалда жеңем.

Үнү салкын чыкты. Улутунду, үшкүрүндү. Мени менен сырдашкысы келди окшойт. Ичине батпай кеткен сөзүн ошентип айтты окшойт. Унчуккан жокмун. Эмне дешти билбедим. Кошо улутунуп койдум. Ал да ошол боюнча унчуккан жок. Белинен бек кучактап, далысына бетимди төшөп баратып уйкум келди. Аны ал да сезди өңдөнөт.

- Уйкуң келдиби? - деп сурады.

- Ооба.

-Анда уктай бер. Мен колуңдан бекем кармап алам, - деди жеңем.

Бүгүн жеңеме жолдош болуп бирге келгениме эми аябай сүйүндүм. Өзүмдү чоң ишке жарагандай сезиндим. Чоң жумуш бүтүрүп келаткандай чарчагансыдым. Анткен сайын күрөң өгүз бешиктей ыргалып жай баратты. Күрөң өгүздүн басканы ушундай жумшак экенин эми сездим. Же мага ушундай жумшак сезилдиби, билбейим. Дүйнө өзгөрүп бараткандай. Жеңемдин темирдей катуу алаканынан өткөн жылуу агым эки билегимди бойлоп бүт денеме тарап, магдырап бараттым.

Эки-үч жыл мурда атама же апама учкашып баратканымда шылкылдап уйкум келсе «сокур теке келиптир, сени жетелеп баратат» деп коркутушса уйкум чайттай ачылчу. Жеңекем антип коркуткан жок. Көзүм илинип уктап бараттым...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз