Бектур Иляс: Балбандын тукуму

  • 10.02.2021
  • 3287

АҢГЕМЕ

Коңшулаш казак айылдын назар деген байынын көкүлүн көзгө сүрткөн айгыры жоголот. Эртең менен эрте жигиттери байга чаап келет.

Кертөбөл айгырдан көз жазып калдык. Түндө кыламык кар жааган. Баары тыныч эле болчу. Эртең менен карасак башкасы толук, кертөбөл айгыр жок. Кыргыздардын жайлоосу жак ашуудан ашкан жалгыз кишинин изинен башка эч илинчек издеп таба албадык.

- Көзүңөрдү ыл басып уктап калган экенсиңер да, ошончодон кертөбөлдү тандап көтөрүп кетсе ал жөн киши эмес. Изди кубалап артынан баргыла. Кыргыздар жакка ашырып кетсе Алматай балбандын колунан келген иш. Эгер ал болсо жөн айтып кайтып келгиле!

Айтса-айткандай ошо Алматай балбан экен. Качанкы бир ичте калган таарынычын ошентип байкаткан го. Аны Назар бай да түшүнсө керек. Акыры экөө дос болуп, дос түбүн сөөк айрысын деп Назардын кичүү кызы менен Алматай балбандын инисинин чоң уулу баш кошуп куда-сөөк болуп калышат. Анан ошол кудалыкты жалгаган эки жаш менин чоң атамдын ата-энеси экен.

Жөн жердин тукуму эмесмин, чоң аталарым ашуудан айгыр ашырган балбан, тайатам казактын кызыр конгон байы болгон! - деп мактана коём эби келген жерден. Анча-мынча топтордо ортого чыга койуп, балбан күрөштөрдө байгелүү болуп кайткан кездеримде өз сөзүмө өзүм кадымкидей ишенип алам.

- Чын эле, чоң атаңдын күчү сага конгон окшойт, азаматсың, алган багытыңдан кайтпа! - деди бир күнү топтун ортосунда Баратбай аксакал колумду көтөрүп.

- Ой, койуңузчу! - деди менден жыгылып калган бала белиндеги курун чечип ыргытып жатып. – Мунун атасы атактуу ууру болгон эмеспи!

- Эй, келесоо, менин атам эл баккан! - дедим бош колумдун сөөмөйүн ага кезеп, «Илгери уурулар эл баккан» дегенди укканым эсиме түшүп. А чынында менин чоң атамдын бирөөгө кылган соопту иши жөнүндө деле уккан эмесмин.

- Койгула балдар! Жөнсүз ыркырашуу эрдикке жатпайт. Экөөң тең эсен болгула. Ынтымак болбой ырыс жукпайт, келе колуңарды!- деп кол алыштырып койду.

Ошентип билегимдин күчүнө тайанып айылга атчалык болбосо да тайчалык даңкым чыгып, көзгө түшүп, сөзгө илине баштадым. Ошондон улам унутулуп бараткан чоң атамдын балбандыгы жөнүндө да аңыз кептер көбөйө баштады.

- Бир жолу Талип бай сенин чоң атаңдын конушуна көз артып «Башка жакка көчсүн, ал жайлоо биздин аталарыбыздын жери болчу» деп айткызып жигиттерин жиберет. Жигиттер топурап жетип келсе Алматай ата өгүз токугандан эриксе керек, боз үйүн кереге-уук, түндүгү менен эки колтугуна кысып, туурдук-үзүктөрүн үстүнө бастырып, калган-каткан казан-айак эмерегин капталына таңдырып, кемпири экөө суунун аркы өйүзүнө конуш жаңылап аткан экен.

- Ээ жигиттер, келип калыпсыңар го. Отуруп кымыз иче тургула. Мен буларды наркы өйүзгө өткөрүп келе салайын, - деп күрпүлдөп аккан дайраны жайбаракат жиреп өтүп кетти дейт. Берки өйүздө килейген эки саба кымыз менен кемпири эле калыптыр. Жигиттер күбүң-шыбың боло калышып, эки саба кымыз менен кемпирди суудан ары алып өтүп, Алматайдын үйүн тигишип, байынын айткан саламын жеткизгенден коркуп, жөн-жай сураган болуп кайтып кетишиптир.

- Дагы бир жолу үйүндө кымыз ичип олтурса төмөнкү айылдагы Мукандын уулу чаап келип эшиктен кыйкырыптыр.

- Алматай ата, тиги Сарыкенин жигиттери келип чуу салып жатат. Бизди бул конуштан көчкүлө дейт.

- Ок, ата. Кудайдын жеринен кубалагыдай ал ким экен. Алып кел ак боз бээни!- деп Алматай ата оордунан ыргып туруп талаага жөнөптүр. Ак боз бээден башка жылкы көтөрө алчу эмес дейт. Желенин четинде турган ак боз бээге жүгөн катып, тердик салып эле жайдак чаап жөнөптүр. Жолдон баратып керинейдей балатыны учунан кармап булкуп тартып, тамыры менен жулуп, бутактарын кол менен сыдырып жулуп ыргытты дейт. Кайран ак боз бээ ошондо бир тизеси бүгүлө түшүп оңолгон экен. Тамыры менен жулунган балатыны чокмор кылган Алматай балбандын чаап келгенин көргөн Сарыкенин жигиттери тизгинин жыйып дымый түштү дейт. Жерге кожо болгусу келген дымактуулар бир сөзүн тыңдап айта албай тарап кетишиптир.

- Анан дагы бир жолу андан да кызык... Чоң атам жөнүндө ушундай сөздөр айтылып жүрдү. Кээде бир-бирине кайчы келген жомоктор деле жаралып кетчү. Мейли кандай гана айтылбасын, бул эрдиктер мага дем-күч болчу.

- Деги тил-көздөн сактаса экен, муну мойнуңа тагып алчы! - деп апам молдого тумар чийдирип мойнума тагып койду.

Анткен менен мен барган сайын күчкө толгонсуп, кайакта балбан күрөш болсо ошол жакка жөнөп, калың топтун ортосун эңсеп калдым. «Чоң атам арбагында» колдойт деген ишеним ардайым майданга чыгып баратканда мени шыктандырып, кайбирде ала элек байгемди кантип куттуктоо жөнүндө ойлондуруп жиберчү. Бу жолу да ошондой болду.

Тууганбай аксакал небересине ак бата сурап, ат чаптырып той берди. Оюн-тамаша оо дегенде эле балбан күрөштөн башталды. Шымаланып билек түрүп элден мурда эле мен чыктым. Атаңдын көрү дүнүйө, дайым эле күз болуп турса дейм. Себеби казак менен кыргызда той күздө кызыйт эмеспи. Эл жаңы эле жайлоодон түшкөн маал. Малдын эттүү-жандуу кези. Эки күндүн бири той. Ак төөнүн карды жарылган алтын күздө эт менен кымызга тойуп, эр өңдөнүп билек түрүп, күндө эле майданда жүргүм келет. Жеңиштин, сый-урматтын даамы кандай таттуу! Бет келгениңдин белин ийип, калың элди таңдай кактырып тамшандырып туруу кандай ыракат! Мыктылыгыңды эл даңазалап «Биздин балбан жигит» деп турса, кулагыңдын курчу канып жан-дүйнөңдү дүүлүктүргөн текебер сезим бутуң жер эмес көктү тепсеп тургансытып, өзүңдү өзгөлөрдөн кадыресе бийик сезесиң.

- Кана, көпчүлүк. Тааныштырбасам да баардыгыңыздарга тааныш. Атактуу Алматай балбандын чөбүрөсү, далысы жер жыттабаган жаш балбаныңыздар Муканга батаңыздарды берип койуңуздар. Оомийин! – Мени майданга алып чыккан киши белиме кур курчап бүткөн соң элге кайрылды:

- Оомийин, байгелүү бол!- деди аксакалдар. Калың эл кошулуп алакан жайып бет сыйпашты.

- Кана ким чыгат?! Биздин балбанга тең келчүлөр барбы? - Мени жетелеген кишинин үнү өктөм. Сыягы мага ишенип, мени менен азыр эле мактанарына көзү жетип тургандай.

- Ай, буга киши чыкпайт! - деди бирөө. Укмаксан болуп башка жакты карап турсам да кулагыма аябай жагымдуу угулду.

Топтун наркы четинде отурган бир жигитти эки-үчөө барып «Сен чык» деп эки колунан тартып тургузуп, бери сүйрөдү эле тиги тырышып, «Кой, бир жерденбыз. Уят болот» демиш болуп кетенчиктеп болбой койду.

- Мынабу коңшу айылдан келген коноктор, ой, силердин катындардан эркек тууганы жок беле? Жок дегенде эл көзүнө бир-эки силкишээр жигитиңер болсо да алып чыккыла!

Эл тияк-биякты элеңдей карап, бирөө чыга калса, качырып кармашса, көз мээрин кандырсак дегендей умсунушкан менен азырча майданга келаткан эчким көрүнбөйт. Камера кармап тойду фильмге алып жүргөн жигит эң эле оштонгон неме экен. Биресе отура калып, биресе тура калып мени олимпияданын чемпионун тарткансып тартып атты. Телевизордон көргөн чоң жарыштарды эстеп кеттим. Эми бул жакта жүрө бербей ички өлкөлөргө барып машыгып, чоң ареналарга чыгуу керек экенин ойлодум. Мүмкүн болсо келер жылкы көчмөндөр оюнуна катышуу керек. Минтип майда барат той-томолокто жүрө бербей колдон келсе эл аралык мелдештерге барыш керек. Беш-он сом акча эмес алтын медал алчу жерге барып катышканым оң!

- Чыкчу киши болбосо байгесин бергиле! - деди бир аксакал. Аңгыча эле жогорку дөбөдөн бырөөнү жетелеп эки-үчөө кыйкырып калышты.

- Мына, мына чыкты!

- Ким экен?

- Коңшу айылдан. Жээнбек уулу Улан.

- Ой, бул кичик бала го. Өз теңине салсаңар боло. Тең теңи, тезек кабы менен болсун... бу болбойт, эмки майданга чыксын! - деп атчан турган бир киши омуроолоп кирип келди. Кыязы тигинин жердеши окшойт.

- Эчнерсе эмес,- деди мага «Ээ» болуп турган киши.- Жыгылса жер көтөрөт. Анда эмне туруптур. Ада чыкпаса, бу да чыкпаса анан ким чыгат?! Той кичине той окшош болсун да, эл тамаша көрсүн, бирөөнүн ак тилеги экен, батасын алат!

- Туура, туура!- Эл чуркурап жиберди.

- Эй, боорум, койсоңчу!- деди жаңкы киши элден кайыр болбогон соң тиги жигиттин өзүнө жакын барып.

- Неден коркосуң, кам санабачы!- деди тиги тоотпой. Ичип отурган жеринен эле сүйрөп келишкен окшойт. Көздөрү сүзүлүп кызара бөртүп алыптыр.

Анын ичип алганы бет маңдай келип кармаша бергенде ансайын ачык болду. Оозунан буркураган ачуу жыт каңылжаарымды каптай берди.

- Кичине оюн көрсөтүп...- деди калыс болуп турган киши. Анын оюн түшүндүм. Каршылашымды дароо чаап жибербей, кичине өнөр көрсөтүп, силкилешкен болуп, элдин көз мээрин кандырып койуумду суранып тургандай.

Кармаш башталды. Байкасам чамасы чактуу эле неме көрүнөт. Денеси да менден көп кичик, салмагы жеңил экен. Анча тоотуп кеткен жокмун.

Телефонун көзгө такап сүрөткө тарткандар жабалактап көбөйүп кетти. Жанагы оператор жигит эми тим эле чалкасынан жата калып тартып жүрөт.

- Ой мынча эмне көп киши, элдин алдын тосуп калдыңар, катышы жогуңар чыккыла майдандан! - деп майдан башкарып жүргөн кара мурутчан, каратору жумур жигит камчысын үйрүп жабалактагандарды нары кууп жиберди.- Сиз да чыгып кетиңиз!- деди анан жанагы коңшу айылдан келген атчан кишиге.- Майдандын тартибин сактаңыз. Андай эле балбаныңызга бооруңуз ооруса мындан кийин алып келбеңиз!

- Өлө албай жүрүп күрөшкө түшкөндүн балекетин аласыңбы, энеңди урайын! Элди уят кылып. Ал эми башыңды бокко сайсын! – Тиги киши атынын башын ары буруп баратып ушинтип кобуранып кетти. Чын эле тигиндей жерде жерге түшкөнүнө бир күн боло элек очойгон уйдун жампасы жаткан. Дароо ошол көзүмө түштү. «Кызык иш болсун!» деген ой акылыма уялай калды. «Мунун башын бокко саяйын, эси-көөнүнөн калгыс болсун!»

Арагы оозунан атып кетчүдөй болуп бир-эки жолу кулгуп жиберди. Анткен менен баштагыдай эмес, бат эле сергий түштү. Кыязы ит болорун эми түшүнүп калды окшойт. Менин жөн күрөшпөй бокко сүйрөп атканымды сезип калгандай. Кетенчиктеп артка тартылып, ошо бок жактан качып алек болуп калды.

Эл «чап эле чап» болуп чуркурап атат. Мен чапкым келбей бокко сүйрөп атам. Тигиним тырышып болбойт. Сак кетеринен эрте эле түңүлүп калгандай. Эби келсе ошол эл-жерге жыгылып бергиси бар. Ага мен болбойм. Жыгылчудай болсо өйдө силкип тизелеген жеринен тик тургузуп алып аттым.

- Болду байке, мен жеңилдим!- деди бир маалда жалооруп.

- Жыгышмайынча байге жок! Сүйлөшпөй күрөшкүлө! - деди анын шыбырын кулагы чала койгон калыс. Анын сөзү мага майдай жакты.

- Ой, чап эми кечке сүйрөлөшпөй! - деди мени жетелеп чыккан киши.

«Чапса чабайын!» дедим. Көздөгөн жериме да жакындап калгам. Тигини ийинден кармап силкип тарта берейин дегенимде, чак эткизип бутка тээп, өзүмдү чалкалата түртсө болобу. Минтип чабуулга өтөөрүн ит билиппи?! Бар эси-дартым аны сүйрөлөмөйдө болуп, анын да тирүү жан, тиштүү бака экенин, анын да эби келсе чабуулга өтөөрүн тап-такыр унута калганымды көр. Жерге тийген жамбашым былч этип, тайанган колум былжыр эте түштү. Тиги жөн кетпей төрт буттап үстүмө көмкөрөсүнөн түшө жаздап барып көкүрөгүмдү тайанып башыман каргып кетти.

- Жыкканы жыккан, баштан аттаганы неси, энеңди…- деп шылтоого шынаа таппай турган бирөө тигиге опурулгандай болду.

- Атайын аттады дейсиңби? Ыңгайы ошондой болуп калды окшойт, – деди бирөө арачы болуп.

Колумдан тарткан калыска салмагымды сала оордумдан чоюлуп араң турдум. Эч кимдин көзүнө тик карай албай калдым. Жыгылчу кишиден жыгылбай, бок баланын алдында бокко түшкөнүмө ызаа болдум.

- Жеңиш коңшу айылдын балбанына таандык болду!- деди калыс экөөбүздү эки жагына тизип туруп анын колун бийик көтөрүп.

- Ой жаман кайним! Сенин мындай өнөрүң бар экенин билбей жүргөн экем го. Азаматсың!

Жанагы коңшу айылдык жигитке жан тартып турган киши сүйүнүчүн жашыра албай атынан түшө калып тигини жетелеп кетти.

- Балее ичкир!- деди ким-бирөө топ ичинен мени жекирип. Үнү акырын чыкты. Канча тааныш үн өңдөнгөн менен ким экенин айрый албадым.

Дүнүйөдө ушу жаман экен го. Ушунча майданга чыгып жүрүп ушул ачуу азаптын даамын сезбей келген экем. Гүлгө чапкан эмедей бозала болуп, эл караган бетим жер карап майдандан чыгып кеткенче шаштым. Эл көзүнөн эртерек житип кетүүгө ашыктым.

Ошол бойдон тойго барбадым. Топко кирбедим. Күз бүтүп, кыш келди. Кечээ көчөдөн баягы мени майданга жетелеп чыккан киши жолугуп калды.

- Кандайсың балбаным?!- деп жылмайды кол берип жатып. Ыза боло түштүм. Өңүм кызарып кетсе керек. – Эч нерсе эмес,- деди кайра жоошута сүйлөп.- Байкатпай алдырып койбодуңбу. «Жыгылган жерден кайра тур» дейт. Келер жылкы тойдо көрөбүз!

Үнчуккан жокмун. Келер жылкынын ишин келер жылы көрөрбүз. Балким майданга чыксам чыгаармын. Айтор кандай болсо да башкалардын мага окшоп тамак жеп келгенин, жеңиш бир кишинин маңдайына эле жазылбаганын, артык ой акылыңа жүк экенин эсимен чыгарбасмын. Ошол үчүн коңшу айылдык аракеч жигитке ыракмат айткым келет.

2017.12.26

Көктерек айылы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз