Бектур Иляс: Диян Шин чокусу

  • 20.10.2020
  • 3637

Жазуучу, блогер Бектур Иляс 1983-жылы Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районуна караштуу Иле облусунун Текес ооданындагы Көктерек кыргыз айылында төрөлгөн.

Кытай кыргыз адабиятында төбөсү көрүнгөн жаш жазуучулардын алдыңкы өкүлү. “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын “Салым кошуучу” сыйлыгынын ээси. Шинжаң уйгур автоном райондук жазуучулар коомунун мүчөсү. Чыгармалары кытай, уйгур, казак тилдерине которулган. “Уктабас түндөр” аттуу аңгемеси Кытайдагы кыргыз тилдүү мектептердин окуу программасына кирген.

АҢГЕМЕ

Түн капортосунан оогон чак. Терезенин айнеги дирилдеп акырын кагылды. Элман эми эле түшүнөн чочуп ойгонуп, кулагын түрүп сагызгандан сак жаткан. Жаздыктан башын жулуп алды.

- Балам, тиги үйгө барчы. Атаңдын оорусу кармап жатат, - деди энеси тыштан. 

Элман капыл-купул кийинди да телефонун жарык кылып талаага чыкты. Энеси бөжөлөктөп наркы үйгө кирип бараткан экен. Эки аттап жетип эшиктен кошо башбакты. Атасы бийик жаздыкка жөлөнүп төшөгүндө отуруптур. Кош колу салактап жууркан үстүндө шалдырайт. Саал эңкейген башын көтөрө албагандай  көзүнүн үстү менен ачылып-жабылган эшик жакты карады.

- Ата, не болду? - Элман атасынын этегине сыңар тизелеп олтура калып, шалбыраган колдорунан кармады. Тарбагайдын буттарындай арык колдору таштай муздап калыптыр.

 - Кел, чай ууртачы, - деди кемпир кесесин чалдын оозуна кармап,- жанатан  бери эле ушинтип калды. Уктап жатып ойгонуп чай сурады. «Көкүрөгүм өрттөнүп  баратат» деди. Берген чайымды бир-эки араң жутуп эле андан соң ирмей албай, тилден да калды.  Аксакал чайды бу жолу да жута албады. Кемпири менен уулун алма-кезек карады да алда бир сөзүн айта албай аткандай кирпиктерин бат-бат ирмеп  койду. Андан соң кылгырып эки чанагына жаш толуп чыкты да, башы «шылк» дей түштү...

-Ата! - деп кыйкырды Элман.

Туфий! Түшү экен! Ойгонуп кетти. Оозуна капташкан жүрөгүн ордуна түшүрө  албай аптыкты. Үй толо киши жаткан. Эчкимиси ойгоно койбогон окшойт. Сайдагы суунун шарына кошулуп, оң жагындагы Осмондун коңуругу түйүнчөктөй  жыгач үйдү титыретип тургансыйт. Элман ошол бойдон кирпик иле албады. Он көтөрүлүп оодарылды. Тикенекке жатып алгансып тынчы кетти. Кысылып-кыпчылып оң-солундакылардын деми менен ансайын ысылап чыкты. Атасын ойлоп алагды  болгон жүрөгү тынч албаган бөдөнөдөй бүлкүлдөп уйкусун качыра берди. Анткен  сайын эки түн кошулуп кеткенсип таң атпай тажатты. Ойсокту болгонуң курусун! Ошол уктай албаган боюнча ооналактай берди. Таң кирпиги серпилери менен ордунан туруп талаага чыкты. Толоруна жакын калган ай төбөдөн жаңы эле ооп, бирок көп өтпөй эле батыштагы асман тиреген  алп чокуга батып кетчүдөй болуп ыктап калган экен. Эки аркан бою жерде ай  тегерек арча короодо койлор тынч жуушап жатат. Сайдан аккан шар суунун  муздак илеби саал чыйрыктырып, анткен менен кандайдыр бир таза дем  көңүлдү сергитет. Өзөндүн эки жээгин бойлогон бийик тоолордун ортосунда узунунан созулган ичке  асман чалкалап караган кишиге төбөңдөн созулуп көк дайра агып өтүп жаткандай. 

Элман көнгөн адаты боюнча колуна кармай чыккан телефонун ачып үмүттүү  карап койду. Жок, антенна билинбейт. Демек бул жерден сүйлөшүү мүмкүн эмес. «Бул жакта Дийан Шин чокудан башка жерден телефон тартпайт» дешкен  кечээ койчулар. «Дийан Шин чоку» дешкени тигил чыгыштагы чычайма тик беттин эң эле бийик жери экен. Элман бул төрдө кой багып жүргөн бала  чагында ал чокуну чоңдор «Керимбайдын чокусу» деп койушчу. Толук ортону бүтүп, жогорку окуу жайына аттангандан бери окуу, кызмат деп карбаласчылыкта жүрүп, атасынын конушу, өзүнүн кой багып чоң болгон бул жайлоосуна  келбегенине заматта жыйырма жылга жуук убакыт өтүп кетиптир. Андагы  калдайган карыялардын бири жок азыр. Баары өзүнөн кичүү жаш үй-бүлөлөр. Андагы келип жүргөндөрдөн бир гана Таштан аба калыптыр. Эгер мынабу жугуштуу ылаң дүрбөлөңгө салып, тынчты кетирбегенде Элман бу  жылы да бу жайлоого келе коймок эмес. Айылда өзгөчө кырдаал жарыяланган соң көп өтпөй тоодогу малчыларга оорунун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп, дары-дармек таратып келүү кыштак кадырларына милдеттендирилди. Бир түн  бою жогорудан жеткирилген дарыларды иреттеп, ар кайсы жайлоолордогу жан-санга жараша бөлүштүрүлүп, мүшөк-мүшөк кылып даярдалды. Даярдалып бүткөн дарылар жайлоо өңүтүн жакшы билет деген кадырларга жүктөлдү. Ошондо Элман өзү мал багып чоң болгон жайлоосуна барып келүүнү  суранды. Жайлоо деген айтканга жыргал болгон менен өзүнө жараша түмөн түйшүгү  бар. Азыр ат-улоонун баары тоодо. Машина бара албайт. Бирөөнүн мотосун сурап минип, эки кадыр жүгүн жүктөнүп, учкашып-тиркешип алып жарым күндөн артык жол жүрүп Арчалуу деген жайлоого келип конушту. Эртеси жүгүн  эки бөлүп далыларына таңып алып жөө жөнөштү. Көргүлүктү ошондо көрүштү. Жалаң түз жолдо машина менен чаап жүрүп жаман үйрөнгөн экен. Чычайма тикке жармашып, кум-шагылдуу жалгыз аяк жол менен ашуунун белине  чыкканча акпаган жерден тер агып, баштары ак булоо болуп чыкты. Андан соң сойголоктоп чыңк ылдый түшмөгүң андан азап. Бирде сүрүнүп, бирде  жамбаштай жыгылып, тизелери калтырап бүгүлө түшүп жүрүп түзгө түшкөн  соң өзөн бойлоп аз жогорлой түшүп суудан өтүп, кайра тик бетке жармашмай...

Элман мурда бул ашуулардан кой айдап эчен ашкан. Болдурган койлорду  көчүгүнөн түртмөктөп, оң баспай тетир кайыган баштоокторго кара жаны кашайып, кайбирде ак жаанда калып ыйлаган кездери да болгон. Бирок  басканы баары бир азыркысынан тың эле. Көп отуруп аз кыймылдап жүрүп  болбурап бошоп бүтүптүр. Далысына асынган жүгү желкесинен артка тартып, эки ийини кыйылып түшчүдөй какшап келатты. Жанындагы жолдошу андан бетер кызыл күрөң болуп чыңалып, муунуп чыгыптыр. Барган сайын басканынан  эс алгандары көбөйүп, улам бир көк ташка көчүктөрүн коюп, энтигип отуруп  калып атышты. Ошондо оңдой берди болуп ашуунун жарым белине жакын калганда арт жактан бир атчан келип калып экөөнүн жүгүн салына жүрдү. Кудуңдап сүйүнүп кадимкидей жеңилдей түшүштү. Атчандын артынан илелей эрчип калышты.  Ал ашууга чыккан соң дагы бир сааттан ашык тик куюлуп түзгө түшүштү. Ырп этерге алдары калбай, биринчи кезиккен үйгө эле бурулуп кирып барышты.

Тамандары ачышып, талыкшыган буттарын бир сунган бойдон кайра тарткандан  эригип, кирген үйүндө көпкө отурушту. Ал-жай сурап суусун жутушту. Ошол бойдон ошол жерде конуп калышты. Түнү бою бүткөн бойлору ооруп, уйкунун тынымы кетти. Эртең менен эрте турушту. Карасандары уюп, жиликтери какшайт. Антсе да келген жумушун тез бүтүрүп, чабандардын ал-абалын сурап, түшүндүрүү  иштерин жүргүзүп, дары-дармегин таратып, аны кантип кайнатып, кантип ичүү  керектигин үйрөтүп, милдеттерин тып-тыйнактай кылып бүтүрүүгө ашыкты. Ошентип ал күн ошо менен кеч батты. Ал жерде дагы бир конуп, кечээ түшкө  орой калган-каткан жүгүн көтөрүп бул жерге келген. Аталаш бир тууган иниси  бар. Кара көрпөң козусун туура тартып тосуп алды. Бала болсо да байыркынын  салтын сактаган тың азамат. Кошуна-колоңун кошо чакырып, чогу-чаран тамак  ооз тийгизди. Наркы төр башындагы элди эртең менен эрте туруп жыйып келип бермей  болду. Жыбыт-жылга, кокту колотторго чейин толук жарык түшүп, тоо-тоонун башын  күн чалганда барып үйлөрдөн созолонуп түтүн көтөрүлө баштады. Элман ага чейын суу бойлоп, кырчын талдарды аралап, балалыктын изи калган корум таштарды тегеренип жүрдү. Атасы жылкы айдап, энеси уй сааган куттуу конушу  жүрөгүн толкутуп ар нерсени кыялдады. Таягын кармап, небиресин ээрчитип жылкыга чыккан Таштан аба Элманды көрүп жанына басып келди. Небересин жылкыга жумшап жиберип, экөө биртке аңгемелешип калышты:

- Тээтиги береки жашыл ойпоңго, - деди Таштан аксакал таягынын учу менен  көргөзүп,- Илгери Саадан деген бай отурган экен. Бул төр кийин ошо кишинин уулу Керимбайдын аты менен аталып калыптыр. Ал кийин Ала-Тоо жакка өтүп кетип сексен канчанчы жылы жетимиш нече жаш курагында үч киши болуп  тууганчылап келип, бирок жумуштун убагы болгондуктан бул жакка келгенге ат  табылбай арманын айтып кеткен дейт: «Атаганат! Бала кезимде байдын эрке  баласы элем. Ак адырдын этегиндеги жашыл ойпоңдо конушубуз бар эле, жайлоодон ойго көчөөрдө эртең менен эрте атам менен энем уйкумду бузгусу келбей, суу жорго атымды токуп мамыга байлап, жаныма көнөчөккө кымыз, дастарконго эт ороп коюп кетчү. Уйкум канганда туруп, этке тоюп, кымыздан  жутуп, төшөнчүмдү бөктөрүнүп Көчкө ашуудан ашканда жете келчүмүн. Кайран  конушка бир оонап кетсем арманым жок эле, буйрубаган окшойт» деген экен.

Бул аңгемени Элман мурун атасынан уккан. Бу жолу аны угуп жатып ошол аңгемени эчен жолу айтып берген атасынын алдан тайып, ат минип алыска  бастырбай калганына эле он нече жыл болуп калганын эстеди. Алпештеп баккан  ошо ата-энеси үчүн убакыт чыгарып, жакшыраак бир ат-көлүк даярдап, ушул куттуу конушун бир аралатып кете албай жүргөнүн ойлоп жүрөгү сыйрылды. Түндөгү түшү дагы эсине түшүп, денеси чыйрыгып кеткендей болду.

- Эл качан жыйылып болор экен? - деп сурады Элман. - Азыр кайда -ан? Чай-пайын ичип, мал-жанын тейлештирип коюп, ат-улоосун  даярдап келгиче түш болор. - Ка -аап…- кейиди Элман.

- Эмне ашыгасың? Эл келет. Ага чейин тамак да даяр болуп калат. Ырас, сен да чакырып келтире албаган коноксуң. Уулум козу союп конок кылчумун деп камданып атат.

- Ой, аны тим эле…

- Тим эле болбойт! - деп Таштан аба корс эте түштү. - Келбегениң жыйырма  жыл болуптур. Илгери атаңдар келип жүргөндө кандай элек! Ушул жерде калың  аксакал бар атаңдын көрү. Жайды жайлай шерине жеп, той-дууман менен өтчү  эле. Азыр анын бири жок. Баары жаш балдар. Ушу тоонун башына келип алып деле тиктешкендери телефон үңкүйүшүп. Илгери бала-чака, катын-калач анда-санда «Көлдү көрүп келебиз, төрдү көрүп келебиз, наркы Белдин ашуусун көрүп  келебиз» деп түштөнчү азыгын көтөрүп алып ошол жакка чубап калчу эле. Азыр аптасына бир жолу тиги Керимбайдын чокусуна чыгып келет. Аны эми  «Диян Шин чоку» атап алышыптыр. Кийиндеп бу конуштун аты деле унут болот  окшойт… Алакалашып турганы го жакшы дечи. Бирок бу үйгө келген соң эмнесин тиктеп отурарын билбейм.

Таштан абанын ичи бышып калган окшойт сүйлөшкүсү келип. Сөзүн бөлбөй тим койду.

- Баягы бир жылы, анда биз жаш, сен кичик кезиң, - деп сөзүн улады Таштан аба,- Эсиңде барбы, жокпу билбейм: ушу жерден силердин үйгө үч күнү  удаасы менен конок келип, атаң үч күндө үч козу сойбоду беле? Жайлоонун салты ошондой болчу да ал кезде. Болбосо салаарга башка эт жок дейсиңби. Нар жакта бакан тиреп турса деле бир малын туура тартмайын көңүлү көнчүбөйт  конок ээсинин.

- Эсимде, - деп жылмайды Элман,- Кээде келген-кеткен кишиден тажачумун. Өзүбүз эртең мененки чайыбызды ичип, дастарконубуз жыйыла  электе кымыз кыдырган кишилер келер эле. «Тур, киши келди, ат ал» дейт  атам. Туруп атын алып, басмайылын бошотуп, мамыга байлайым. Келип  отурарың менен дагы киши. Бири келип атса бири кайра кете баштайт. «Тур, атказ» дейт атам. Атын мамыдан чечип, оң баштантып, белин бекитип тартам. Кымызга ныксырай тойгон коноктор ыйынып-ыкчынып аттанып кетишет. Ат алып, атказгандан өлө тажап атама жиним келчү. Антсем атам киши келген сайын жарпы жазылып, дуулдап аңгемелери кызыйт. Апам байкуш сүтүн тартып, ийдиш аягын жууп, чаначын бышып, бээсин саап күнү кечке тыным албайт. Бирок ошентсе да а киши деле бир кабагым-кашым дегенин көрчү эмесмин…

- Ооба, конокту жакшы көрчү. «Короодо жүз коюң турса бирөө мунун жүз  кою бар экен деп үйүңө бурулбайт, а көрө желеде эки тал кулунуң турса, “Бу жерден кымыз ооз тийе кетели” деп бурула кетет деп жылкы багып, желе  тартканды жакшы көрчү. Бир келип аралап кетсе сергип калат эле атаңдын көрү. 

Элман ичтей сына түштү. Аны Таштан аба да сезе койду окшойт. Сөзүнүн аягын жымсалдай сүйлөдү:

- Эми кайдан. Силерди деле көрүп атпайбызбы. Карбалассыңар… таштап баса  берчү жумуш эмес… Дагы жакшы, карап атасың атаң менен энеңди. Ыракмат, бала деген ошончолук эле болот, айланайын!

- Телефон чалып келейин дедим эле… - деди Элман акырын.

Ылдыйраакта Таштан абанын небереси жылкыларын чогултуп айдап жакындап келатты. 

- Эмине, келе албай жатып сен да сагынып кеттиңби?- Таштан аба каркылдап  күлдү.

- Түндө атам түшүмө кирип атыптыр. Чочуп ойгонуп, ошол боюнча уктай  албай койдум… – Элман көргөн түшүн айтып берди. 

- Оо, - деп койду Таштан аба жай баракат,- Корко турган түк да жок. Атаңдын  өмүрү узун болот экен!

- Айтканыңыз келсин! - деп жеңилдей түштү Элман. – Жакшы сөз жанга даба эмесби.

- Ал эми телефон чалып келем дегениң жакшы, - деп кошумчалады Таштан  аба,- Алыс чыкканда ата-энеден амандык сурап, амандыгыңды билгизип  тургандыңдын өзү чоң адамгерчилик!

- Эмесе, эл чогулса жумуштарымды бүтүрүп коюп, Дийан Шин чокуңарга чыгып  келейин. Эртең менен эрте дагы бара турган жер бар.

- Мейлиң, мен да тамак-ашты тездеткиле дейин.

- Ошону жөн эле койбой…

- Жөн коё турган иш жок. Сен коноксуң. «Конок койдон жоош» дейт. Ишиң бүткөн соң мен тетиги неберемди кошуп берейин. Ал азыр сенден мыкты басат. Тим эле бу жердин коён жатагына чейин билет. Сага эрмек болуп барып келсин. Таштан аба небиреси жөнүндө айтып жатып кадимкидей барбаңдап сүйүнүп, мактана сүйлөдү. Небиреси болсо энтеңдеп, үйүрдөн четтеген жылкыны таш  менен жазгыра уруп, чылык ийрип айдап келип калды.

- Үйгө жүр, - деди Таштан аба. 

- Болду, ыракмат. Аздан кийин жолугалы, - деп Элман инисиникин көздөй  басты.

*      *      *

Таштан абанын көмөгү менен жумуштар түшкө жетпей бүттү. Ит өлчүдөн жөө  жалаңдап дары жеткизип келген эки азаматка эли-журту ыраазычылыгын  билдирип, кулачы кенен, боору жумшак мекенде жашап атканына сүйүнүп, тамактанып тарашты.

 - Ырп этерге алым жок. Бүгүнчө эс алайын, өзүң эле барып келчи, - деди жолдошу чокуга чыгуудан чочулап.

- Мейлиң, - деди Элман,- Мен чыгып келбесем санаам тынар эмес. Басып  көнгөн жерим. Эптеп чыдармын.

Таштан аба айткандай небиресин кошуп берди. Тыкылдаган тың бала экен. 

- Телефонуңуз Диян Шинге[1] чыгаар-ээ? - деп тактады үйдөн аркан бою узай  электе.

- Ооба, - деди Элман. - Ээ, жакшы. Диян Шинден башкасы тартпайт.

- Ошого Диян Шин чоку экен да? Ким койгон ал атты?

- Билбейм. Өзүнчө эле ошентип аталып кеткен го…

- Өзүнчө элеби? - деп күлүп койду Элман. Тай чабым жерге кичине жатыгыраак. Андан соң баягы Керимбайдын жашыл ойпоң конушунан өтүп эле ак адырга этектеп жабышмай.

- Ушундай жүрсөк тез жетебиз, - деди бала алдыда ак таягын сөөнүч кылып, өр тартып баратып. Далысында асынган кол чаначында кымызы чулкулдайт.

- Атың ким? - деп сурады Элман.

- Кутман! - деди бала.

- Кымызды эмне мынча көп алгансың?

- Аздан соң суусасак ичебизда. 

- Мунуң көп ко. Түгөтө алабызбы?

- Ашса чоң атама алып келип берем. Чокуга чыгып түшкүчө бу кымыз чайкала  берип бал болуп калат да. Атам чайкалган кымызды аябай жакшы көрөт. 

- Азамат!

Экөө бир аз үнсүз жүрүштү. Кутман басыгынан жазар эмес. Улам аралык  алыстап барат. Элман болсо эмитеден өпкөсү көөп энтиги күчөдү. 

- Канчага келдиң? - деп сурап койду Кутманды алаксыткысы келип .

- Он эки.

- Канча окуйсуң? 

- Эми алтынчыга кирем.

- Окуу кандай?

 - Жылда жакшы эле болчу. Быйыл бираз жакшы эмес.

- Неге? 

- Ой, болуңуз. Анан айтып берем. Атам айткан: «Өйдө чыгып баратканда көп  сүйлөсөң тез чарчайсың» деп. 

- Макул, макул, - Элман аргасыз жымыйды. - Сен кичине акырын жүр. Мындай  бассаң мени ак өпкө кылып өлтүрөсүң.

Элман бираз эс алгысы келип тына калды эле, Кутман кылчайып кыйкырды:

- Токтобоңуз, бир токтосоңуз кайра-кайра токтоп эс алгыңыз келе берет. Акырын болсо да кыбырай бериңиз. «Кыбыраган кыр ашат» деген чоң атам.

- Жанды сууруйт ко! - деди Элман ичинен. Бирок макул болду. Эптеп кыбырай  бергенге бекиди. 

Күн төбөдөн эңкейип эртең мененки айдын изин кубалап баратты.  Элман Кутмандын изин кууп акырын жүрүп отурду. Эми суроо бергенге да чамасы келбей калды. Таянган таягынын учун тиктеп, өткөн-кеткенди ойлоп, кыялын эрмек кылып баратты. Убакыттын тездигине, муундардын ушунча тез жаңыланып, алмашып өтүп баратканына таң калды. Кечээ эле ушул жерде  эчкимди алдына салбай шанаңдап, өзүнөн чоңдорду күнчүлүк ыраак таштап, таштан-ташка секирип, түз жол турса адырды тандап чуркаган Кутмандан өткөн  сергек балапан эле. Эртеден-кечке тырпылдап бир тынбай чуркап жүрүп, кечинде жаздыкка башы тийери менен уктап калчу. Анан ошо бир уйку менен  бүт чарчаганы унут болуп, эртең менен кайра эле так секырип жөнөчү…

Кайда-а… жол ортонунан өтө түшкөндө барып токтоп тосуп турду Кутман. Казандай таштын үстүнө туруп калган алачыктын ордундай болгон чоң жалпак  таш бар экен. Ошонун үстүнө чыгып отуруп, чаначынын оозун чечип даярдап  отуруптур.

- Бул ташты караңызчы, - деди бышылдап-күшүлдөп араң жеткен Элманга. - Кандай киши көтөрүп койду болду экен? 

- Ой, муну киши көтөрүп койду дейсиңби? Өзү туруп калган да. 

- Өзүбү? Кантип эле?

- Кой, кымызыңдан жуткузчу, - деди Элман түз жооп бергенден качып. Анын саамайынан салаалап аккан терин шыпырууга чамасы келбей энтигип келип отуруп калганын көрүп Кутмандын боору ачыды окшойт. 

- Жийчырын[2] болуп калсак ко ээ!- деп койду.

- Жийчырын?.. - деп күлдү Элман. Бир колу менен чаначтын бучкагын жыйыра  кармап, экинчи колу менен чаначтын оозун бүрүштүрө ыңгайлап, кымыздан куркулдата жутту.

Чын эле чайкала берип даамы тил үйрүгүдөй болуптур. Чаңкоосу басылып, суусуну кана түштү. Анан Кутмандын далысына колун койду:

- Азыркы балдар сөзүңөр да башкача ээ. Теледен көргөнүңөр эле ошо да. Мен сендей кезимде кой багып жүрүп, бүркүттүкү окшош канатым болсо, улар  окшоп сайрай алсам го деп кыялданчумун.

– Жийчырын анын баарын кыла берет да, - деди Кутман. Кымыздан өзү да бир-эки жутуп. - Мен чоңойгондо илимпоз болуп кө-өп жийчырын жасап чыккым келет.

- Эмне, согуштургангабы?

- Жок ай. Мурда, кичик кезимде ошентип ойлочумун. Азыр болсо аябай көп  кылып доктур жийчырын жасагым келет. Быйыл теледен көрдүңүз го. Оорудан далай киши өлүп калбадыбы... доктурлар жетишпей койбодубу... Алардын  кыйналганын көрүп мен аябай ыйлагым келди… – Кутман таягынын учу менен таштын бетиндеги каткан дакты сүргүлөп унчукпай отуруп калды.

Өзүн чоң кишилердей олуттуу кармап кабагы салыңкы. Анын «Кичик кезимде» дегенине таң калды Элман. Көрсө жарым жылдан бери дүйнөдө болуп жаткан окуялар анын бала жүрөгүнө да катуу таасир эткен экен  да. Жарым жылдын ичинде ал өзүн олуттуу сезип, «Чоңойуп» калган экен да. Бул оору үчүн биз - чоңдор эле түйшөлүп атабыз деп жаңылыш ойлоп жүргөн  турбайбызбы деп ичинен сызды. Кутмандын сөзү аны чындап толкутту. Жанында кичинекей ойноок бала эмес, келечектин чоң окумуштуусу  олтургандай элестетип жиберди.

- Азаматсың, тилегиңе жет! - деди баланы башынан сылап. Анан чөнтөгүнөн  телефонун алып камерасын ачты. - Кел, бери кара. Так ушул таштын үстүнөн бир  сүрөткө түшүп коёлу. Кийин жийчырыныңдын бирөөнү мага окшош кылып  жасап коёрсуң ээ! Кана, чаначыңды да өйдө кармап ал.

Элмандын «Чаначты эми мен көтөрүп алайын» дегенине Кутман көнгөн жок:

- Андан көрө тездеп жылалы, күндүн ырайы бузулду, -деди.

Чын эле айтканындай болду. Чай кайнатым убакытта кайдан-жайдан аркайган  булуттар каптап келди да, буурчактатып мөндүр жаап кирди. Элман менен Кутман бир асканын боорундагы үңкүргө жорголоп киришти эле, оозу тар болгон менен ичи кең, эзели суу тийбеген куп-кургак экен. Бирок анда  көпкө тура  алышпады. Чагылган чартылдап, күн күркүрөп, асмандыкынан да  жердин дүңгүрөгөнү өтүп кетти. Тоодон-тоого, зоодон-зоого жаңырып, асман-жердин ортосу кабышып жатып калды. Аскалар азыр эле урап түшчүдөй титиреп кетти. Ошондо экөөнүн бирдей көздөрү алактап, үңкүрдөн кайра качып  чыгышты. Жайдак жердеги өгүздөй ташка далдаланышып, кулак-башын  черткилей сабаган мөндүргө далысын салып чыдап туруп беришти.

Жер бети алеки саатта аппак болду да калды. Ошону менен бул жердеги милдети бүткөнсүп жанагы кара түрмөк булуттар чатыр-чутур, жарык-журк, калдыр-кулдур, тарс-турс болуп шашылыш наркы тоого ашып кетти. Күн болсо жарк  этип кайра чыкты.  Сууга түшкөн чычкандай шөлбүрөгөн экөө ак таяктарын карманып  жол улады. Жүрүштөрү баягысынан да акырындап, буттары тайып, абайлап басып калышты. 

- Күн ачылып кеткени жакшы болду, антпесе булуттуу кезде телефон тартпай  коёт. - Кутман конок байкесинин көңүлүн улап баратты. 

Чокуга жакындап калганда анда-санда жерлерден бажырайып каргалдактар көрүнө баштады. Энтигип жетип, жалбырагына толгон мөндүрдү кагып жыттап, жыттап алды Элман. Ал бала кезде бул жер жайнаган калың каргалдак эле .

- Мурда көп болчу дейт атам, - деп калды анын оюн түшүнгөнсүгөн Кутман.- Эл жулуп атып азайып кетти дейт. Өткөндө атам экөөбүз кой жайып чыксак бирөөлөр каргалдак тергени чыгыптыр. «Жерден чыгаар-чыкпастан үзүп атып  тукумун курутуп, боло турган болдуңар, тийбегиле» деп атам үздүрбөй кетирип  жиберди. 

- Атаң азамат экен! - деп чын дилден мактады Элман. – Карыса да тың экен. Окубаса да көкүрөгү жарык жан тура. Бул гүлдөр деген мекендин асыл байлыктары! Элдин баары сенин атаңдай ойлосо кана?!

- Акыры жеттик! - деп сүйүндү Кутман таягын көккө ыргытып.

Элман чокунун  кырына чыгып, кылчайып келген жагын карады. Үйлөр чүкөдөй болуп ыраакта  калыптыр. Өзөндүн суусу узунунан ташталган ак шоона сымал чубалжып жатат. Төр башындагы жашыл көл алакандагыдай даана. Тигиндей эле жерден  балапандарын эрчитип учкан улардын үнү аскаларды күүгө салды. Аңгыча  телефону дир-дир этип, өчүк кезде чалынган кат-кабарлардан дарек бере  баштады.

- Ана, тартты! - деп ушул эмгектин көп үлүшү өзүнө таандык өңдөнгөн Кутман  сүйүнүп койду.

Элман алды менен эле апасына чалды:

- Кандайсыз, апа? 

- Жакшы, оо, келатасыңбы ?

- Жок апа, жайлоодо эле, Керимбайдын чокусунан телефон тартат экен. 

- А, ал жактан тарта берсе, анда ырас жакшы болгон турбайбы, балекетиңди  алайын. Мал-жан аманчылык бекен? Өзүң кандай? Кантип чыктың чокуга? Кыйналган жоксуңбу?

- Жакшы, жакшы, - дегенге араң үлгүрүп атты Элман. - Атам кандай? Оорусу  кармабай элеби?

- Ой, атаң жап-жакшы… Тынымы кетип корукта жүрөт. «Жөн кой, кыйналасың, Элман өзү келгенде жасайт» десем, «А немең муну иштегенди коюп, тамак ичкенге чолосу жок жүрсө кайдагы» деп болбойт. Биресе картөшкө түптөйм дейт. Биресе дагы бирдемесин оңдойм дейт. Жүрөт айтор кыбырап. Ооруп каласың десем тил албайт… – Кемпир ошентип чалынын анкетин тоштуруп, уулуна биртоп даттанып алып жеңилдеп калды окшойт: - Качан келесиң? - деди бир маалда .

- Үч-төрт күндө барып калам апа. 

- Ээ, ат-көлүгүңөр аман-эсен келгиле!- деп койду кемпир.

Уулунун жөө жүргөнүн деле билбейт а киши.  Элман жүрөгү ордуна түшүп, кадыры жам болуп калды. Түндөн бери  түйшөлткөн түшүн унутууга аркет кылып түкүрүнүп алды. Андан соң оодандагы  жатактардын биринде жаткан келинчегине шыбыр сөзүнүн экранын жалгады. Келинчеги бу жакында доктурга текшерилүүгө уулун алып Үрүмчүгө кеткен. Аңгыча кайткан жолунда жагдайда өзгөрүү болуп, оодандагы мейманкалардын  биринде беш жашар уулу экөө көзөмөлдө (карантин)  туруп калган. Алар менен сүйлөшүп, жагдайын билип, көңүлү ансайын көтөрүлүп калды.

- Жагдайыбыз жакшы, мына, тамак-аштарды көрсөң бул, үч убак тамагыбызды  мүнөт кечиктирбей убагында алып кирип берет. Каныбызды текшерген. Натыйжасы жакшы. Жакын арада үйгө кайтабыз... – Анан сөзүнүн соңунда  учурду колдон бербей, бир мактанып калганга да жетишти:- Ээ, менин  айтканымдын бир пайдасы тийдиби?! Диян Шын кааңды (сим картаны) бүтүрбөйм дегениңде  болбой бүтүртүп бердим эле! 

- Ооба, сен билген турбайсыңбы! - деп кошомат кылып койду Элман.

Күн уясына чылбыр бою калган. Экөө кол чаначтагы кымыздан дагы бир  жолу жутуп, кайра үйгө кайтышты.  Бул жердин сыры Элманга беш колдой белгилүү. Азыр бул чокуга күн тийип турган менен өзөнгө алакүүгүм түшүп калды. Бул жерден күн нуру үзүлөрү менен тигил жакта караңгы түшөт. Ай чыкканга азырынча кыйла бар. Андыктан  тездетип жарык барда жол арбытып алыш керек. Андан аркысын телефондун  жарыгы менен көрө жатар. 

Жанатанкы аппак болуп жаткан мөндүр эми эрип бүтүп, шагылдуу жер бети  кадимкидей тоборсуй түшкөн. Кутмандын «чарчадым» дээр түрү жок. Улактай  так секирип дагы эле алдыда. Элман анын артынан жетишүүгө аракет кылып кадамын тездетип, анда-санда  жеңил-желпи жыгылып-сүрүнүп ылдыйлап келатты. Эмне болсо да үйдөгүлөрдүн кабар-очорун билип кайтканына көңүлү курсант.

Аманчылык деген кандай жакшы. «Ден-соолук болсо, аманчылык болсо башканын баары  болот» деп калат эмеспи улуулар. Ошонусу чын.  Алар ылдыйлаган сайын күн да жашынаар жерине шашылып, уктаар уйасына  батып баратты.  «Кош, эртең аманчылык менен көрүшөлү!» деген сымал күлүмсүрөйт алтын нурдан бүткөн кирпиктери.

18. 08. 2020

[1]Диян Шин” - биздеги “Кыргызтелеком” же “Саймателеком” деген өңдүү Кытайдагы мамлекеттик байланыш операторунун аты.

[2] Робот деген мааниде кытай тилинде

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз