Кытай эл жомогу: Бала менен акылман

  • 11.08.2020
  • 3715

Күн жаркый тийген жакшынакай күндөрдүн биринде акылман арабасында адатынча ойлуу кетип бараткан. Бир маалда аттар күтүүсүз токтоду. Акылман баш көтөрө берип, жол ортосунда баткактан шаар куруп ойноп отурган баланы көрдү. Бала да арабаны байкаганы менен жолду бошотуш үчүн ордунан жылган жок.

Акылман балага кайрылды:

- Балакай, сен менин арабама жол бошоткуң келбейби?

Бала төмөндөн жогоруга көз жүгүртүп, чоң кишилерче токтоо жооп берди:

- Мырза, бул менин колумдан келбей турган иш. Көрүп турбайсызбы, шаар куруп жатканымды. Ал эми шаар чеби арабага жол бербейт, араба калааны айланып өтүшү керек.

Мындай жооп акылманды таң калтырды. Ал арабадан түшүп балага жакын келип мындай деди:

- Балам, сен эрте эс тартыпсың, бул мени кубандырат!

- Кубангыдай эмнеси бар? Коёнек туулгандан эки-үч күн өткөндөн кийин эле душмандары ким экенин билип, алардан буйтап, секирип, качканга жарайт. А мен жетиге чыктым, ушул убакытта аркы-беркини түшүнбөй эмне болуптурмун.

Жылмайган акылман кайра сурады:

-  Мен сага бир нече суроо берсем болобу? Эгер сен аларга туура жооп берсең, чындап эле бирдеме билериңе ишенейин.

- Жооп бергенге даярмын, суроолоруңузду бере бериңиз, - деди бала.

- Кайсы оттун түтүнү жок? Кандай сууда балык болбойт? Кандай тоодо таш болбойт? Кандай даракка бутак өспөйт?

Бала ойлоно түшүп жооп берди:

- Күндүн күйүшүндө түтүн болбойт. Булактын суусунда балык жок. Чөлдөгү кум дөбөлөрдө таш болбойт. Куураган даракка бутак өспөйт.

Баланын жообун маашырлана уккан акылман сөз айткыча мыскылдуу жылмайган бала кайра өзүнө суроо узатпаспы:

- Мен да сизге бир-эки суроо берсем болобу?

- Берсең болот.

- Бирок бир шарт менен: эгер сиз менин суроомо жооп бералбай калсаңыз, анда шаарымды айланып өтөсүз.

- Мен макулмун, - деп акылман жылмайды.

- Айтыңызчы, асманда канча жылдыз бар?

- Балам, эмне үчүн сен бизден абдан алыстагы нерселер тууралуу сурайсың? Жакынкы аралыктагылар жөнүндө сура, жооп берем, - деди айласы кеткен акылман.

- Андай болсо айтыңызчы, сиздин кашыңызда канча тал кыл бар?

Акылман жылмайгандан башка арга таба алган жок. Бала өзүнө караганда акылдуу болуп чыкты!

Ал унчукпастан арабасына отурду да, арабакечке баланын шаарынан айланып өтүүсүн буюрду.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз