Кытай эл жомогу: Коңгуроо

Көп кылымдар мурда кытай императору жаңы борбор куруу буйругун берет.

– Мен бул шаарды Бээжин деп атайм жана ал Жер жүзүндөгү эң кооз, эң чоң калаа болот! - дейт император ишенимдүү түрдө.

Жаңы шаар император айткандай чоң аймакты ээлеп, бийик жана кооз курулганы менен эки жолу душмандын курчоосунда калып талкаланат. Алдыдан жолуккан өсүмдүктүн баарын калтырбай жеп каптап кирген айбан чегиртке сыяктанган чоочун жердиктер кытай шаарларын күлгө айлантып, элин кырып, жаш балдар менен кыздарды кулдукка айдап кетип турат.

Бир күнү император алыскы тоодо көп жылдардан бери жалгыздыкта жашаган кеменгер кечилден акыл сураганы жөнөйт. Ал кечил жашаган үңкүргө өзү жалгыз кирип, урмат кыла учурашып, келген себебин айтып кеңеш сурайт:

- Көптү көрүп, көптү билген көсөмүм айтчы, капысынан каптап кирген душмандан борбор шаар Бээжинди кантип сактайм, канткенде өлкө бүлүнбөйт, эл кул болбойт?

Кеменгер кечил мындай деп жооп берет:

– Кытайдын эң чебер устасына Жер жүзүндөгү эң чоң коңгуроону куйдур. Анын үнү мамлекетиңдин түндүк-түштүк, батыш-чыгышындагы чек араларына чейин угулгандай болушу керек.

Император ак сарайына келери менен кызматчы төрөлөрүнө буйрук берет:

– Мамлекетимдеги эң чебер темир устаны таап келгиле!

Дароо эле буйрукту аткарууга умтулган төрөлөр көп өтпөй Кытайдын эң чебер темир устасын алып келишет.

Чэнь аттуу бул уста императордун алдына чөк түшө таазим эткенде ал мындай деген буйругун берет:

- Сен Жер жүзүндөгү эң чоң коңгуроону куюшуң керек! Анын үнү менин зор империямдын алыскы чектерине чейин угулгандай болсун!

Чэнь ишке киришет. Ал бел чечпей, эс алуу билбей эмгектенет. Чэндин он беш жаштагы сулуу кызы Сяо Лин коңгуроо үчүн эң сары алтынды, эң ак күмүштү жана эң кара темирди издеп табууга жардамдашат. Көп күн, көп түн бою кымбат баалуу чоюн кызытылган меште балкылдап ээрийт. Акыры Чэн коңгуроону куйганда анын үстүнөн терең кеткен жараканы император баш болуп баары көрүшөт.

Чэн кайрадан коңгуроону эритип ишке киришет. Кайрадан эмгекчил кызы күнү-түнү жардам берет. Бирок картаң устаны кырсык кайрадан тооруп, коңгуроо куюлуп бүткөндө анын үстүнөн бир эмес эки жарака кеткенин баары көрүшөт.

Ошондо императордун ачуусу келет:

- Эгер мындай шалаакылыкты үчүнчү жолу кетирсең, анда башыңдан айрыласың!

Кары уста Чэнь кайрадан ишке киришет. Бирок бул жолу анын көзүндө куунактык, колунда кубаттуулук жок болчу. Ал эми кимге эмгеги кубаныч тартуулабаса андан эч кандай жакшы нерсе жаралмак эмес.

Ушуну жакшы түшүнгөн сулуу кыз Сяо Лин баары уктап жаткан түндө жашыруун түрдө тоодогу акылманга чуркап жетип, атасын тооруган кырсыкты айтып, кеңеш сурайт.

Катуу ойго батып көпкө отурган картаң кечил, акыры мындай дейт:

– Коңгуроонун үнү жеңишти жаратышы керек. Андай коңгуроону бир гана алтын, күмүш, темирден куя албайсың. Бул үчүн ушул темирлерге өз жери үчүн жанын берүүгө качан болбосун даяр адамдын каны аралашышы керек.

Үйгө кайтып келген Сяо Лин адаттагысындай эле атасына жардам берип жүрдү. Меште эритилип кайнап жаткан чоюнду караган сайын анын жүрөгү кысылып, кайгысы оорлой берди. Анткени Сяо Лин атасы билбеген сырды билет: эгер эч ким өзүн курмандыкка чалбаса, коңгуроодо кайрадан жарака пайда болот. Демек каардуу император атасынын башын алдырат, Кытайдын душмандары кайрадан басып кирип, айылдар менен шаарларды өрттөп, элди кырып, жаш балдар менен кыздарды кулдукка айдап кете берет. 

Жок! Мындайга жол бербеш керек!

Картаң уста эмне болуп кеткенин түшүнгүчө анын таңкы шүүдүрүмдөй жаркыраган сулуу кызы Сяо Лин бороктоп кайнап жаткан чоюнга бой таштап бир заматта көздөн кайым жок болот. Анын ыйык дени, каны, жүрөгү суудай болуп суюлган алтын, күмүш жана темирге аралашып кетет...

 Бактысыз Чэн күйүткө батты. Анткени Сяо Лин анын жалгызы, кубанычы, сооротору эле да…

Ошентип коңгуроо куюлуп бүтүп, Жер жүзүндөгү эң чоң коңгуроо жаралды. Анын жарык күнгө чагылышкан боорунда жарака турмак бир да кемтик жок болчу.

Чэндин чеберчилигине бардык элдер суктанып, усталык даңкы бүт дүйнөгө таралды.

Байыртан келе жаткан салт боюнча картаң уста биринчи болуп коңгуроону какканда анын таттуу жаңырган үнү бардык жүрөктөрдү кубанычка жана тынчтыкка толтурду. Ал эми Чэн уста бул добуштан туулган жерин жанындай сүйгөн, ал үчүн өз өмүрүн кыйган сүйүктүү кызынын үнүн тааныды.

Күндөр өттү. Аземдүү шаар Бээжин улам өсүп-өркүндөп, кулпуруп баратты. Бирок кайсы бир таңда катуу үн чыгып бүткүл өлкө ойгонду. Бул өлкөгө душман кол салганын билдирип өзүнөн-өзү кагылган коңгуроонун добушу болчу. Аны уккан элдин жүрөгүнө эрдик орноп, шердик толуп, эркек балдар эсейишип колго курал алышты, чоң кишилерге карылардыкы сыяктуу акыл орноп, эсебин табууну ойлонушту. Ошентип душман сансыз колу менен Кытайга кирип келгенде кереметтүү коңгуроонун үнү дем берген эл түп көтөрүлө тосуп алды. Кытай жоокерлери эч бир коркууну жана чарчоону билбей айыгыша салгылашып жоону жеңип чыкты. Анткени алар тынымсыз кагылган коңгуроо добушунан эл-жерин сүйгөн кыз Сяо Линдин эрдикке чакырган үнүн угуп турушту. Талкаланган жоонун каны төгүлгөн жерге тикенектер өсүп чыкты, аты адамдардын эсинен өчтү.

Бул баянды эч кимиңер жомок деп ойлобогула. Ооба! Ушундай болуп келген жана боло берет: туулган жери үчүн жанын бергендердин үнү эл жүрөгүндө түбөлүккө жаңыра берет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз