Кытай эл жомогу: Ак ниет кызматчысын таарынткан өкүмдардын арманы

  • 01.07.2020
  • 4056

Байыркы заманада Кытай тарыхынын Жаз жана Күз мезгилинде[1] канзаада Тинь экинчи аялын алаканына салып, тилинен чыкпайт жана мураскер болор үч уулун падышалыктан кууп жиберет.

Атасынын мындай чечимине нааразы болгон тун уулу өз жанын өзү кыйып тынат. Калган эки уулу: Чоң Э менен Ювей өздөрүнө ишенимдүү нөкөрлөрү менен тоо жамынып кетишет. Тоодо күн аябай суук болуп, баары калчылдап үшүйт, кыйналат. Жегенге тамак-аш жок болгондуктан, ага-инини жандап жүргөндөрдүн көбү үйлөрүнө кайтып кетишет. Чоң Э менен Ювей Сзенин жанында Сзе Ситун деген аябай чынчыл кызматчы жана төрт нөкөр гана калышат.

Алар ар күнү аң уулаганы чыгышып, куру кол келишет. Айла жоктон курт-кумурскаларды жана өсүмдүктөрдүн ашын жеп, жан багышат. Ушинтип бир нече жыл өтөт, ата журтуна сагынычтары күчөйт. Төрт нөкөр чыдабай эл-жерине кайтат.  Aга-инилер менен жалгыз Сзе Ситун калат.

Бир күнү Чоң Э ойгонсо, тулку бою көк муштум болуп тоңгон, курсагы ач. Өйдө турайын десе, алы жок. “Менде аяк шилтеп басчудай түрүм жок, - дейт ал эринин араң кыбыратып, жанындагы Сзе Ситунга. – Балким баарына кайыл деп, үйгө барсакпы? Же улуу агам сыяктуу өз жаныбызды кыйсакпы?”

Төрөсүнө жаны ачыган Сзе Ситун “куру кол кайтып келбейм” деп кайра-кайра кайталап, токойду кыдырып, азык издеп жөнөйт. Ал бир нече саат жүрүп, өзөк жалгагандай эч нерсе таппайт. Айласы куруйт. Акыр аягында тинтесин кынынан сууруп, эки ээринин бекем тиштеп туруп, балтырынын бир үзүм этин шылып алат. Этти жан казанына майда туурап, токойдо тапкан жашылча жана чөп-чарды кошуп, демдеп бышырат. Тамак даяр болгон соң Сзе Ситун жан казанды көтөрүп,  Чоң Э жаткан бөлмөгө кирип, үнүн шаңдуу чыгарып: “Менин төрөм, жолум оң болду. Бөжөк тузакка түштү эле, этин бышырып келдим. Тамактаныңыз, төрөм!” - деди.

Сүйүнгөндөн Чоң Э... нин денесин калтырак басып,  толкундап да кетти. Ал эттин ар кесимин шашпай чайнап жеп, ысык тамактан чекеси тердеп, дене бою кубаттанды. “Ыракмат, Сзе Ситун! - деди төрө. - Мен сенин мага кылган ак кызматыңды эч качан унутпаймын.”

Жети жылдан кийин Чоң Э жана анын нөкөрлөрү ата журтуна кайтканга мүмкүнчүлүк алышты. Көп убакыт өтпөй Чоң Э атасынын ордун ээлеп, падыша болуп калды. Ал тактыга падыша Тинь деген титул менен отурду. Падыша Тинь сүргүндө өз менен бар кыйынчылыкты тең бөлүшкөн кызматкерлерге акчалай сыйлык берип, мансаптуу орундарга дайындады. Бирок балакет басып, Сзе Ситунду жадынан чыгарып койду.

Буга  Сзе Ситун катуу тарынды. “Булардын баары өз кызматын аткарышса да, алардын эмгеги жакшы бааланды. Ушу туурабы?” - деп суроо берди ал өзүнө. Падышадан көөнү калып, кыжырданган бечара апасын алып, тоо таянып кетти жана дербиш сымал жупуну жашоого өттү.

Бул кабарды уккан ордонун бийик даражалуу бир нече адамы Чоң Э... ге жолугуп, ага жанын аябай кызмат кылган Сзе Ситун унутта калтырылганын айтышты. “Менин эң ишенимдүү кызматчымды кантип унутуп калдым?”- деп кейиди падыша.

Чоң Э кетирген жаңылыштыгын түзөтүү үчүн ордонун бир нече кызматкерин Сзе Ситунду издеп, кайдан-жайдан болсо да таап келгиле деди.

Сзе Ситун падыша аны таап, өз катасын оңдогусу келгени тууралуу эшитти, бирок ал өкүмдардын колунан эч кандай сыйлык алганды каалабады. Апасы экөө ээрчишип, жаңгал токойдун ичине кирип кетишти. Ордонун адамдары Сзе Ситунду эч жактан таппай койгондон кийин, падыша өзү бууданына минип, эң ишенимдүү кызматчысын издеп жөнөдү. Падыша жан-жөкөрлөрү менен Сзе Ситунду эки күн бою издеп, же өзүн таба алышкан жок, же дарегин биле алышпады.  Айласы куруган падыша жан-жөкөрлөрүнө: “Токойду өрттөгүлө! - деп буйрук берди.- Сзе Ситун тирүү болсо, апасын аман сактап калуу үчүн жаңгалдан чыгат!”

Алар токойдун бир четиндеги бир нече бадал-карагайга от коюшту. Падыша токойдун экинчи четинде Сзе Ситун чыкса, кучак жайып тосуп алам деп күтүп турду. Жайкы ысыкта өрт токойго тез жайылып, көк тиреген карагай-ыргайлар орок менен оргондой кулап жатты. Ооздугу жок жалын жолундагынын баарын жалмап баратты, бирок Сзе Ситун менен апасы көрүнбөдү.

Чоң Э өз жан-жөкөрлөрү менен үч күн, үч түн токой четинде тигинен турушту. Токойдон эч бир жан чыккан жок.  Падыша тегерегиндегилерди ээрчитип, өрттөн кыйраган токойду издеп жөнөдү. Алар көпкө издеп жүрүп, Миан тоосунун этегиндеги мажүрүм талдын түбүнөн эки жасатты табышты.

Падыша катуу кайгырып, өзүн аябай жемеледи жана өз амири менен Миан тоосун Сзе тоосу деп атап, маркумдун урматына күмбөз курууну буйруду. Ошондой эле мажүрүм талдан өзүнө кеп жыгач[2] жасатып кийди. Мына ошол замандан тартып, мажүрүм талдын чырпыктарын чогултуп, чамбар жасап, аны эне-баланын мүрзөлөрүнө коюу салт болгон. Падышанын өкүмүнө ылайык, Сзе Ситунду эскерип, не шам, не шамала, не чырпык күйгүзүлбөш керек.

Кытайда жыл сайын бул күнү Жеңил тамак-аштын фестивалы өтүп, адамдар өз төрөсүнө ак ниетинен кызмат кылган Сзе Ситундун арбагын эскерип, жеңил тамак-аштан даам татышат.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу


[1] Кытай тарыхынын Жаз жана Күз мезгили - биздин заманга чейинки 771-476-жылдар.

[2] Кеп жыгач - жыгач бут кийим.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз