Асанбек Акматалиев: Бала балбан Качканак

Бул балбан бала Чоң-Кемин өрөөнүндөгү “Тегирменти” айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Дүйшөке, энеси Мария деген кишилер эле. Сарбагыштын Жантай бутагына кирген Кубат-Белек деген уруудан. Бала балбан Качканак менен бармактайдан бирге жүрүп, моюнчалаш өстүм.

Ал менден бир жаш улуу, 1931-жылы туулган. Айлыбыз бирге, үйлөрүбүз жакын эле. Анын ата-энеси Дүйшөкө, Мария менен менин ата-энем Акматалы, Калыйча курдаш жана жакын ымалада эле. Ырыстуураак тамактарына бири-бирин чакырышып, чогуу олтуруп ичишчү. Элдин айтымында, Качканактын атасы Дүйшөке да карылуу адам болгон экен. Бирок ал киши эч качан балбанга түшпөптүр. Ал кишинин күчтүүлүгүн эл көр турмуш-тиричилигин өткөрүп жүргөндө байкашкан. Бир чоң кыргыз капка чымчый буулган буудайды (100 кг дан кем эмес) так көтөрүп барып, атчан кишилердин ээрине коюп өңөртүп койчу экен.

Энеси Мария да балбан ургаачы болгон. Биз 5-6 жашка барганда менин атам Акматалы аксарбашыл кой союп Дүйшөкени, Марияны, Качканакты, айылда Чекир молдо деген молдо бар эле, ошол кишини кошуп, үйгө конокко чакырышып, Качканак экөөбүздү кыяматтык дос кылышты. Кыргыздын адат-салтына таянып, ал экөөбүз бир туугандай жакын, турмуш ысыгында да, суугунда да бир-бириңерди кыйышпай, бириң үчүн бириң жаныңарды аябагыла деген сөздөрдү Чекир молдоке айтып, Качканак экөөбүздү кучакташтырды. Тамак ичилип бүткөндөн кийин Качканак биздикине калды. Апам экөөбүздү чогуу жаткырды. Ошентип, ал экөөбүз кыяматтык дос болуп калдык. Чүкөлөрүбүздү чогуу жыябыз. Чүкө ойногондо айылдагы балдардын баарынын чүкөлөрүн биз утуп алчу болдук. Бул 1937-38-жылдар. 1939-жылы айылдагы мектептин  биринчи классына келип чогуу олтурдук. Ал сегиз жашта, мен жетидемин.

Анда согуш чыга элек. Эл аман, журт эсен. Балдар көп. Кичинекей айылдан биринчи классына 38 балдар-кыздар келип олтурушту. Качканактын балбандыгы ошондон баштап көрүнө баштады. Мектепте адатта балдар бири-бирине үстөмдүк кылууга умтулат. Күрөшөт, тартышат. Анан күчтүүлөрү азыркыча Лидер болуп калат. Качканак окуганыбызга эки ай толо электе эле класска Лидер болуп калды. Бирге окушкан балдардын баарын бир нече жолу күрөштөн жыкты. Аны бир да бала жыга алган жок. Өзүнөн өзү эле Качканак балбан аталып, баарыбыз аны угуп калдык. Анын ошондо эле жүрөгү ак, адилет болчу. Өзүбүздүн класстагы балдарды басынтып кордобой, тескерисинче ал баарыбызды коргоп жүрдү. “Биринчи класста Качканак деген бала кыйын болуптур, анын атасын таанытып коелу”, - дешип 2-3-4-класстын балдары бизге тийише баштады. Качканактын жүрөгүндө кара жок эч кимден, эчтекеден коркчу эмес. Буга мен кийин көп жолу күбө болдум. Качканак ошол 2-3-4-класстын Лидер балдарынын баарын көтөрүп чаап, тизеси менен ыктаганда “экинчи сага катылбайбыз, классыңа да тийбейбиз” дешип жалынып-жалбарып кетишчү.

Ошентип, биздин биринчи класс жогорку класстардын үстөмдүгүнөн кутулдук. Бир күнү мектептен кетип баратсак, 5-классты башкарган Абдыкерим Осмонов деген бала жанындагы жолдошу менен Качканак экөөбүздү токтотуп: - “Кана Качканак, кыйын болупсуң, сенин өпкөңдү үзүп коеюн деп күтүп турам, бас бери, эңкейип менин бутумду кучакта!” – десе болобу!.. Качканак андай өкүмгө көнчү беле: “Сенден жыгылчу мен эмес, башка жактан изде!” дегенде, Абдыкерим атырылып келип Качканакты жакадан алды. Экөө кармаша кетти. Көз ирмемдей болгонсуду, Качканак Абдыкеримди жамбашка салып көтөрүп урганы, Абдыкеримдин эки буту асманда сороктой түшүп “күп” этип жерге жыгылганы көз алдымда бүгүнкүдөй көрүнүп турат. Абдыкеримдин мурдунан кан агып кетти. Абдыкерим жерден араң турганда Качканак: “Кана, бетке дагы кармашып көрбөйлүбү”, - деп жанына жакын барды эле, тиги эргул үндөбөй басып кетти. Ал Качканактан 4 жаш улуу 5-класстын окуучусу эле. Бул кабар эртеси эле мектепке тарап кетти. Ошентип Качканак биринчи класста эле мектепте балбан бала катарында билинип калды.

Биз үчүнчү класска барганда согуш чыкты. Анын атасы Дүйшөке да, менин атам Акматалы да жумушчу дивизияларына кетишти. Экөөбүз апаларыбыз менен калдык. Ал 10 жашта, мен 9 жаштамын. Согуш жылдары өтө оор болгону белгилүү.

Эр-бүлөөлөр согушка, жумушчу дивизияларына кетишкен. Катын-калач, кемпир-чалдар менен катар биз жайкысын күн чыккандан иңир киргенче колхоз талааларында иштейбиз. 14-15 жаштагы балдар чийне тартышат. Анда эгин лобагрейка деген ат машина менен чабылчу. Аялдар ал чабылган эгинди боолашып, ал боолор кырманга чийне менен ташылып, кырманда молоташ менен бастырылчу. 9-10 жашар балдар молоташка минчүбүз. Анткени, чийнеге эгиндин боолорун бастыра албайбыз. Кыскасы, чийне тартканга жарабайбыз. Бирок Качканакты байкап калган бригадирлер ага ат, чийне берип, чийне тартканга алды. Чийне тарткан балдар чогуу талаадан кырманга, кырмандан талаага ат менен барышып зеригишпейт, сүйлөшүп, тамашалашып көңүлдүүрөөк жүрүшөт. Ал эми молоташтын атына мингендерибиз эртеден кечке теминди тегеренип зеригебиз, чарчайбыз, кээде башыбыз айланып жыгылып да калабыз. Качканактын мага боору ооруса керек, бригадирге айтып жатып мени да чийнеге которду. Мен чийнеге боо басканды билбейм. Ал менин чийнеме да, өзүнүкүнө да басып берет. Эки чийнеге иштейт. Ал эми бригадирдин эсепчиси ким канча чийне боо алып келди деп эсептеп турат. Аз алып келгендерди чийнеден бошотот. Качканак эки чийне жүктөсө да биздики башкалардыкынан кем болбой жүрдү. Качканак балбан гана эмес өтө иштемчил, мээнеткеч, эринбеген өтө сергек эле. 4-5-класска барганда дайым чоң кишилер жасоочу жумуштарды өзү сурап алчу. Бир жолку окуя эсимде. Жайдын күнү жардамдашайын деп мени менен кошо көң чапканы эски короого бардык. Мен, чоң атам Самсаалы, өз апам Калыйча болуп чогуу короонун бир капталынан баштап сайып кирсек, Качканак каршы капталдан жалгыз баштады. Көң кургагандан кийин барып жыйнасак Качканактын чапкан көңү биздикинен эки эсе көп болуп чыкты. Ошондо “Бул баланы Кудай жаман көздөн сактай көр!” – деген сөзү эсимде. Биз жетинчи классты бүткөндө ал 15ке, мен 14кө чыктым. Анда Чоң-Кеминдин өйүз-бүйүзүндөгү балбан деген балдардын баары менен күрөштүрдүк. Кайыңдыдан Колхозбек, Канатбек, Карал-Дөбөдөн Адылбек, азыркы Шабдан айлынан Асан ж.б.  Булар Качканактан 1-2 жаш улуу балдар эле. Бирок баары Качканактан жыгылышты. Качканактын жамбашка салып жерге урмай ыкмасы бар эле. Ал күрөшкөнүн жамбашка салып урганда, көбү жерден араң турчу. Качканак болсо жыгылганды колунан тартып тургузуп: “Дагы күрөшөлүбү?” дечү. Көбү башын чайкап колун көтөрүп, темселей араң басып кетчү. 1946-жылы анын балбандыгы эл-журтка катуу тарап кеткен. Чогулган карыялардын: “Дүйшөкөнүн уулу чоң балбан болчудай” деген сөздөрүн өз кулагым менен угуп жүрдүм. Элге аты чыга баштаган.

1947-жылы Чоң-Кеминден келип, интернатка жатып Кичи-Кемин орто мектебинде окуп калдык. Анда азыркы Кемин району Быстровка району, Кемин району боюнча бир гана кыргыз орто мектеби болгон. Ал Кичи-Кемин айлында эле. Кичи-Кемин, Чоң-Кемин айылдарынын баарынан келишкен балдар интернатка жатып окуйбуз. Интернатта адегенде 32 бала болдук. Биз 8-класстабыз. 9-10-класстын балдары да бар. Балдар чогулуп жашашкан мындай жерде күч сынашуу башталат эмеспи. Ал жерде 9-10-классына карабай, “мен мыктымын” деген балдардын бирин койбой Качканак жамбашка салып уруп жыкты. Качканактын балбандыгын баары туюшту. Ошол кезде армиядан келишкен 22-24 жаштагы Кичи-Кеминдик Мыкый, Мака, Бакир деген жигиттер бизге үстөмдүк кылууга аракеттеништи. Алардын күчтүүсү Мака экен. Ал өзүбек жигит. Жашы 23тө. Бир күнү үчөө келишип балдарды ура башташты. Качканак сасык тумоолоп (грипп) төшөктө жаткан. Жанында мен олтургам. Тыштагы уу-чууну угуп кийинип турду да эшикке атып чыкты, артынан мен да чыктым. Эшикте баягы колтойгон үч жигит балдарды уруп жатыптыр. Качканак ал үчөөнө барып: “бул эмнеңер?” дегенде, Мака Качканакка кол салды. Экөө кармаша түштү. Качканак тигини буйдамга келтирбей жамбашка салып жерге урду. Буйдалыша түшүп, Мака чоң эмеспи тура калды. Кайра кармашты. Бул сапар кармашуу көпкө созулду. Ыгына келе калды окшойт, Качканак жамбашка салып көтөрүп урганда, Маканын мурдунан кан атып жерден тура албай калды. Мыкыйы менен Бакири жетелеп алып кетти. Ошондон кийин ал оёндордун  дөгүрсүгөн зөөкүрлүктөрүнөн таза кутулдук. Качканак кайра келип төшөккө жатып, таң атканча эти ысып кыйналып чыкты. Анда дары жок. Мен жанында болуп, таң аткыча бир чака жылуу суу берип чыктым. Кудай жалгап таңга маал температурасы түшүп, көңүлү ачылып калды.

1997-жылы 8-классты бүтүп, айылга каникулга келдик. Ошол жайы менин Абдыразак деген агам (атамдын иниси) тамдын ичи-тышын шыбайм деп Чоң-Кемин суусунун боюнан майда кум алганы барат. Ал суу агыны күчтүү болгондуктан, жай аккан жериндеги жээкке майда кумдарды чайкап салат. Ал кумдан элеп алып, топуракка аралаштырып ылай жасашып, тамдарына шыбашат. Байкем кумду эки куржун көзүн толтуруп алып, атын арта албай турса, Бейшеналы деген агасынын карагер бээсин жайдак минип, бээни сугарганы байкем турган жээкке барат. Куржунду арта албай кумдан төгүп куржунду жеңилдетейин деп турганда, Качканакты көрүп сүйүнүп: “Качыке, кел жардамдашып кой” дейт. Качканак келип: “О байке, мындайраак туруңуз” деп куржунду төкпөй-чачпай ээрге артып коет. Муну раматылык байкем дайым эскерип айтып жүрдү. Ал байкем кесиби боюнча ветеринар болчу. Ветфельдшер болуп 35 жыл иштеди. Ал кишинин Качканактын балбандыгына күбө болгон дагы бир окуясы.

Ошол эле 1948-жылдын жайында кырасан оорусуна каршы уйларды эмдеп жүргөм. Бир күнү бир базда ноопаздарды камап алып, ийне сайып жаткам. Бир ноопаз үч киши кармап турса да булкунуп бошонуп алып, короонун эшигин буза сүзүп сыртка чыгып кетти. Не аны кармай алалы, короого кайра айдап киргизе албай, айлабыз кетип турганда Качканак келип калды. Биз ноопазды туш-тушунан тосуп атканбыз. Качканак келип эле ноопазды көздөй чуркады. Ал качып жатат. Биз туш-тушунан тосуп, тегеректеп турабыз. Бир маалда качканак чуркап барып ноопазды козу кармагансып шыйрактан алса болобу! Ноопаз жулкунду эле Качканак анын шыйрагын коё бербей өзүнө булкуп тартканда ноопаз жыгылып калса болобу. Аны тургузбай башын жерге ныктап, “байке, ийнеңди ушул жерден сайып кой” - дегенде, мен чуркап барып ийнелерди алып келип укол сайгам” дечү.

1948-жылы сентябрда Кичи-Кеминге кайра окууга келдик. Ошол кезде Кичи-Кеминде Ката, Лака деген эки бир тууган болгон. Катасы улуусу – жашы 25-26ларда, кичүүсү – Лака 22-23 жашта. Ал экөөнөн бүт Кичи-Кемин өрөөнү, Боролдойдогу орустардын баары коркушат. Аларга эч ким каршы сүйлөй албайт. Өрөөндө бул экөө толук үстөмдүк кылышат.

Биз жаткан интернаттан 100-150 метрдей алыстыкта колхозду бир үймөк саманы бар. Бир күнү үймөктүн жанында котологон биздин интернаттын балдары ызы-чуу. “Жүр, Асанбек, тигилерге баралы” деп мени ээрчитип алып, үймөктүн жанындагы тополоңдогон топко келдик. Ал жерде Ката улам бир баланы туш келди ыргытып, жыгылгандарын көчүккө тээп каткырып, дөгүрсүп ырахаттанып жатыптыр. Бозала болушкан биздин балдар. Абалды көрө коюп эле: “Ката, кыйын болсоң кел мага”, - деп тике Катага жөнөдү. Мен коркуп эмне кылаарды билбей калдым. Ката чоң балбан. Качканак 17де, ал 25те. Экөө кармаша кетти. 5-6 мүнөтчө таймашты. Сүрүшүп үймөктүн түбүнө келгенде буту саманга сыйгалана түшүп, Качканак жер таянып барып тура калды. Кайратына катуу келди окшойт, бир маалда “ооппали!” деп туруп Катаны көтөрүп жерге урду. Ката ызаланды. Качканак болсо: “Арманың калса, кел, кайра күрөшөлү” деп жанында турду. “Күрөштү эртең көрөсүң” деп Ката кетип калды. Бул чечендер кыргыз тилин суудай билишчү.

Эртеси интернатка иниси Лака келди. Анын колу, буттарынын булчуңдары бууранын санындай. Болжолу чоң балбан болсо керек. Бая агасы “күрөштү эртең көрөсүң” дегени, Лакадан көрөсүң дегени турбайбы.

“Кана, кечээки манасыңар? Мени менен күч сынашсын” дегенде, “Мен даярмын!” деп Качканак атып чыкты. Экөө 15 мүнөттөй катуу кармашты. Кара тер экөөнөн тең куюлуп кетти.

Бир маалда Качыкенин ыкмасына Лаканын тулку бою оң жамбашка оңдой берди келди окшойт. Качканак “ооп-палии!” деп Лаканы жерге урду. Лака жыгылган бойдон жатып калган жок. Жерде уйпалашып, Лака бутуна тура калды. Кармаш кайра башталды. Дагы 10 мүнөтчө кармашышты. Качканак жамбашка салып дагы жерге урду. Бул жолу Лака туралбай калды. Качканак колунан тартып тургузуп: “Дагы бир көрбөйбүзбү?” деди эле, Лака Качанакты колун кысып кучактап жиберди. Ушинтип Качыке эки бир тууган балбан чечендерди жеңген. Ошондон тартып Качканак күрөштө дайым “Ооп-палии!” деп жерге чапчу кимди гана болбосун.

Качканактын жыйырмага жакын күрөшүнө күбөмүн. Бирөөнөн да жамбашы жерге тийген жок. Орто мектепти мен 1949-жылы, Качканактан бир жыл мурда бүтүп, айыл чарба институнун агрономия факультетине кирдим. Кийинки 1950-жылы Качканак да ошол факультетке кирди. Мен 2-курс, ал 1-курс. Бир бөлмөдө жаттык. Тамакты чогуу иччүбүз. Анын атасы да, менин атам да ал убакта бу дүйнөдөн көздөрү өтүп кетти. Менин атам жумушчу дивизиясынан келип, үйдө каза болду. Качканактын атасы болсо келбей калды. Бизди Мария, Калыйча деген апаларыбыз окутту.

1950-жылы Качканак институтка кирүү экзаменин берип жүргөндө дагы бир балбан менен күрөшүптүр. Анда мен жок. Бирок муну көрүшкөн биздин жолдоштор С     Турдалы, Жакыпов Алымбектер айтып беришти. Качыке күрөштөрүн өзү айтчу эмес. Общежитиеге жатышкан, институтка өтүүгө экзамен берип жатышкан Кеминдик балдарды Меркелик бир казак жигит жашы 18де, спорттук күрөшкө 7-классынан бери катышып жүргөн, күрөш боюнча Жамбыл областынын чемпиону коркута баштайт. “Мени кимиңер жыксаңар ошого мен баш ийем. Эгерде менден жыгылсаңар мага баш ийесиңер. Мен кандай жана каякка жумшасам аткарасыңар” деп майкечен болуп, булчуңдарын чыңап көрсөтүп дымаксынат. Жатакананын залында Качканак күрөшкө чыгат. Тигил майкечен. Күрөшкөндө Качканак аны үч жолу жерге урат. Бирок ал классикалык күрөштүн ыкмаларын билген неме үч жолу тең далысын жерге тийгизбей тура калат. Качыке төртүнчү жолу жерге урганда, мурдунан кан агып, тура албай калган экен.

1950-жылы 1-семестрде Качканак стипендияга жетпей калды. Экөөбүз менин стипендиям менен жашап калдык. Меники 200 сом. Бул 1950-жыл. 1957-жылкы акча реформада ал 20 эле сом болуп калды. Анда өлкөдө турмуш-тиричилик абдан оор. Ошондой болсо да  энелерибиз Мария менен Калыйпа жалгыз уйларынан жыйнаган сары майларын, колго кескен кесмелерин кургатып барып турушту. Эптеп окуй берсек болмок, бирок Качыке өтө намыскөй болчу.

“Мен Кашкага барып Шахтыга иштеп, көп акча таап эмдиги жылы келейин. Кудай буюрса, аябай иштеп экөөбзгө эки жылга жеткендей акча таап келем”, - деп Кашкада Намазали деген агалары иштөөчү, ошого кетип калды. Айтканындай эле ал жерде бир ай бою күнүгө экиден норма аткарып иштептир. Ошондо 19 жашта. Шахтынын жетекчилери балага абдан ыраазы болушуп, жаш экенсиң окуп ал. Бүт чыгымыңды шахты көтөрөт – дешип, аны Кызыл-Кыядагы горный техникумуна жиберет. Техникумда эки ай  окугандан кийин армияга алып кетет. Аскердик кызматты Чита областында сапёрлук бөлүктө аткарып жүрүп, 1952-жылы “сууга чөгүп өлдү” деген кагаз келген. Ал армияда жүргөндө үзбөй кат жазышып турдук. Ошентип бала балбан Качканак Дүйшекеев 1952-жылы 21 жашка караганда бул дүйнөдөн өтүп кетти. Тирүү болгондо Кыргыз жергесинен чыккан чоң балбандардын катарында болмок. Жоок, туура эмес айтып жатам, бул бала балбан азыр да кылымдардан айтылып келаткан балбандардын катарында турат. Буга шек болууга мүмкүн эмес.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз