Пётр Проскурин: Азгырыктуу саатта

  • 24.05.2021
  • 3349

АҢГЕМЕ

Илхам дайыма сүйүүдөн да, ажалдан да бийик турат, ал жумалап, айлап, кээ бирде он жылдар бою, ал тургай өмүр бою чыкпай топтолуп жатып, анан дайыма күтүүсүз жерден атырылып чыгып, кандайдыр бир түпкүрдө катылып жаткан купуя сырыңды сыртка аңтарып таштагансыйт. Ал мындай абалды көптөн бери башынан өткөзө элек болчу жана бул жөнүндө капыстан эле эстей калды.

Ал тургай өзүнүн алсыздыгын жек көрүүгө чамасы жетпеген, карылыгы жетип ышпалдасы чыккан ойлору кайдадыр бир сырттан кыйгачтап өтүп жаткансыйт, ал бул жөнүндө аркы-терки бырыш түшүп, үстөл үстүндөгү тамырлары көгөрүп чыгып турган колдорун карап олтуруп кайдыгер ойлоп койду. Ал кайрадан оюн жыюуга аракет кылды, бирок бул жолу да баары бүдөмүк жана алыс болчу... Жашоо өтүп кетти. Ал деги кимге кызмат кылды – өзүнөбү, Кудайгабы, жин-шайтангабы, адамдаргабы?  А кишилер деген, адам деген кимдер? Бул жөнүндө билген киши барбы? Же ал орус элине кызмат кылдыбы? А орус эли деген эмне? Деги эле эл деген эмне?

Орус элинин көлөкөсү эле калды, ал күрөшкө, жеңишке жетсем деген эркинен таптакыр ажырады. Анын өз тагдырына карата кайдыгердиги, тоңдугу таң калтырат, эми аны ойгото да албайсың. Ал кандайдыр бир эс-учу жок узак уйкунун кучагында жаткансыйт, ал ошол боюнча ойгонбостон убакыттын бүктөмүндө кете берет окшобойбу, – минтип көп сандаган кичине, чоң элдер жок болуп кетишкен. Бирок аны териштиргендей деги өзү ким? Эч бир жанга кереги жок бир нече жүз сүрөттөрдү тарткан Батюнин деген немеби? Өзүн эл көзүнө пайгамбармын деп эсептеп, күлкүгө калган бир бечарабы? Адам күлкүгө калбаш керек, бөтөнчө карыган кезде. Тыюу салынган немелер тууралуу кеп кылыштын эмне кереги бар? Элдер жаралат, гүлдөп өсөт жана бышат, анан эч ким билбеген өздөрүнүн мыйзамдарына баш ийип жок болушат, алардын жолдору караңгы жана катаал...

Мына ушул жерден коңшусунун уулун күтүп жаткан сүрөтчү өз ойлорунан алаксыгысы келип, сыртка чыгууну чечти, бирок ал оюнан айнып ордунан турган жок.

Кире бериштеги бөлмөнүн каалгасы капыстан ак жарыкка эрип, ал жерде кызгылт көк түстөгү бирөө пайда болду, тагыраак айтканда көзүн уялдырган катуу жарык урду. Батюнин бейтааныш кирген маалда, ошол учурда – муну адаттагыдай эле көрүнүш деп эсептеп, ага таң калбаса дагы, эмне үчүн ал кызгылт көк түстүү болуп көрүнгөнүн кийин эстей албады. Болгону ал көздөрүн бир аз жүлжүйтүп алды, чакырылбаган жашыл түстөгү коноктор менен ал мурда жолуккан кездери болгон, а бирок буга окшогон сүрдүү неме менен биринчи жолу кездешип жаткан. “Көздү таптакыр эле талкалачудай, – деген ой башында жылт эте түштү. – Мындай күчтүү түс жаратылышта болбойт...”

Сылык, акырын жана жагымдуу десе да болчудай үн чыкты, – ал кирүүгө уруксат сурап жаткан. Батюнинге бул кымырылып чыккан үн мурда тааныштай, аны көп жолу уккандай туюлду. Бул таң каларлык мейман москоолунан келген, бир аз билинер билинбес кыйшайган жүзүндөгү кишини жактырбагандай чормойгон эриндеринен бой көтөргөн текеберчилик менен жийиркеничтин белгилери байкалып турган адам экен.

Бөтөнчө анын муздак, эч нерсени өткөзүп жибербей баш сөөгүңдү көзөп мээңе чейин теше караган көздөрү караган адамдын көңүлүн бурдурбай койчудай эмес, Батюнин блокнотун ала коюп, жок дегенде келген адамдын дүйнөлүк кайгыны билдирип тургансыган кемшийген эриндерин жана да аны бул жашоого бирөө зордоп жашатып жаткансыган адамдын күлкүсүн келтирер маңыроо таарынууну билдирип турган көз карашын кагазга түшүрүп алгысы келди.

Сүрөтчү бейтаанышты таң калтырып, анын сылык айтылган “өзүмдү тааныштырууга уруксат кылыңыз” дегенине бир саамга жооп бербей тиктеп турду да, анан мыйыгынан жылмайып, ээгин көтөрүп өзүнөн алыс эмес жерде турган жумшак олтургучту көргөздү.

Келген адам унчукпай ыраазычылыгын билдирип, жеңинен чыгып турган ичке, сулуу колдорун тизесине коюп, жумшак олтургучка отура кетти. Ушул учурда аны бир кызыктай сезим ээлеп, бүткөн бою чыңала түштү. Ага жалындуу, эси жок жаштыгы кайтып келгенсип, ойлору тазарып, көздөрү жалжылдап күйүп чыкты.

– Жок, жок, сизге эч кандай жамандык болбойт, Михаил Степанович, – деди күтүүсүздөн жана назик үн катты таң калыштуу мейман. – Мага сиздин тынчыңызды алуу оңтойсуз болуп турат, бирок менде башка арга жок, мени сизге жиберишти, ошондуктан астыңызда турам.

Батюнин унчукпай күтүп калды.

– Мен сизден эч нерсе жашырбай, ачыгын айтайын, Михаил Степанович, – деп улантты сөзүн конок, бир саамга күтүп. – Мен сизге биздин күнөөгө толгон дүйнөбүздү түп тамырынан бери акыл-эс менен гармониянын мыйзамдарына ылайык өзгөртүүчү күч жиберди, болбосо адамзат мындан ары жашоосун уланта албайт. Биз талант менен каармандыкты сыйлайбыз. Мага сизге эң жогорку деңгээлде кепилдикке алынган сунуш айтуу тапшырылды.

Батюнин бейтаанышты угуп жатып ага Кудай Таала кимди, – өз мекендешинби же улуту да, мекени да жок, бирок кайда барса кожоюн болуп, башкарып алган түбөлүктүү көчмөндөрдүн бирин жибердиби, – аныктаганга аракет кылып жатты.

– Анда эмесе угуп туруңуз, кымбаттуу жана сүйүктүү Михаил Степанович, – мейман ага жан тарткан немедей кобурап, кайдан-жайдан колунда пайда боло калган жасалгалуу дипломатты ачып, тутамдап түстүү сүрөттөрдү алып чыкты.

– Мынакей, Михаил Степанович сиздин көз алдыңызда Көгүлтүр жээк, а бул Кипр, Флорида... Ушул жерлерден каалаган вилланы, каалаган жериңизден тандап алыңыз... Эгерде бул бейиштей жерлер жакпаса, өзүңүз каалаган жериңизди тандап алыңыз. Бул жерде конкреттүү вилланын сүрөттөрү бар, – арткы бетинде ал жөнүндө толук маалымат: кыскача мүнөздөмөсү, турган жери жазылган. Сиздин кыска эле “макул” деген сөзүңүз болсо болду, сиз ошол вилланын толук укуктуу ээси болуп каласыз. Андан тышкары, Михаил Степанович, сиз “макул” деп эле койсоңуз – эң чоң байлык менен камсыз болосуз... Ооба, ооба, Михаил Степанович, өмүрүңүз өткүчө бай боюнча кала бересиз. Сиз бул укукка өз өмүрүңүздөгү аракетчилдигиңиз, жаркыраган талантыңыз менен татыктуу болдуңуз, мындан ары сиздин дүйнөнүн кайсы банкында болбосун ачылган эсебиңиз чыгашаларыңызды жаап, өсүүнүн үстүндө болот...

– Оо, ыйыктар сактагыла! – Батюнин чокунуп жиберди. – Жомогуңду айтпа! Мындай жыргал мага эмне үчүн буюрду экен? – деп дагы бир жолу таң калып, анын чындыгында эле эмгектеринде көргөн чындыгын көргөндөй жашырбай ачкан, тарта турган нерсесинин бардык сырларын көрө билген сүрөтчүнүн өткүр көз карашы менен сынай караганда, аны мейманы да сезип, жүзүндө оңтойсуздуктун белгилери пайда болду. Аны көрүп карган сүрөтчү андан чочулабай калды.

– Деги өзүңүз кимсиз, сизге эмне керек? Бул эмне деген табышмагыңыз? – Кожоюндун шылдыңдагансып берген суроолоруна мейман чычалагансып, ага жооп берүүгө ашыкты.

– Кымбаттуу Михаил Степанович, бул жерде табышмактуу эч нерсе жок! – чырылдап жиберди ал. – Эч ким зыян тартпайт! Биз сиздин даанышмандыгыңызга татыктуу кам көрүп жатабыз... Ооба, ооба, ооба, жүзүңүздө кабатырлыктын изин да калтырбаңыз. Сиз өзүңүз жакшы билесиз, аты аталгандар көп, а тандалгандар аз! А сиз улуу урматтуу Михаил Степанович, өзүңүз жараткан бардык нерселерди, түшүнүп жатасызбы, баардык нерселерди ишенимдүү колго сактоо үчүн тапшырып жатасыз! Биз макулдашуубузду майда-чүйдөсүнө чейин номурланып, атайын тигилип, даярдалган китепке катталган юридикалык келишим менен бекемдейбиз... андан соң сиздин көргөзмөлөрүңүз бүткүл планета боюнча салтанаттуу жүрүшүн баштап, улуу борбор шаарларда алакандарын чаап тосуп алышат!

Ушул жерден Батюниндин башы айланып кетти, меймандын жүзү мунарыктап көрүнбөй, бир нерсе жарылгандай чарт деген үн жаңырып, жарып жиберчүдөй кубаныч  жүрөгүн кысып, ал аз жерден өлүп кала жаздады. Бир аздан кийин көкүрөгүнүн кысканы басылды, бирок мейманды тиктеген бакырайып ачылган көздөрүндө кубанычтын ысык нурлары чачырап турду. “Кечиктиңер, бир тууган коёндорум, кечиктиңер, – деп ойлоду сүрөтчү. – Ооба, кечиктиңер, эми эч нерсени артка кайрый албайсың да, өзгөртө албайсың, мен кошунабыз Игордун атасынын туура айтканын эми түшүндүм... Айтмакчы, тиги жигит эмнеге келбей жатат? А мен ишенгим келген эмес. Мен... А бул менин эң бактылуу учурум, – деп ою таптакыр башка багытка бурулду – Менин көрөгөч кошунам айткандай бул тагдырдын туу чокусу... Маңдайымда жумшак олтургучта олтурган таң калыштуу мейман тамашалаган жок, а мен анын келген чыныгы максатын түшүнгөнсүп турам. Ал биротоло кетпес болуп келди. Дүйнөнү түп тамырынан бери өзгөртүүнү чечип, аны мага жиберген күчтөр, албетте тамаша кылганды сүйүшпөйт. Бирок алар менин кетип калганымды билишпейт, азыр мен алардын колдору жетпеген жердемин... Алардын оюн ишке ашыра албай, капалантканым кандай гана өкүнүчтүү...”

– Аябагандай кызык экен, жаш жигит, – деди Батюнин. – Кайдагы вилла? Кайдагы келишим экен? Сиз келип өзүңүздү тааныштырган да жоксуз. Артыңызда кандай күчтөр турат?  А эгерде сиз кайсы бир дачадан качып келген неме болсоңузчу?

Меймандын таноолору барбайган, жакшы тукумга мүнөздүү жүзүндө кыраакылыктын издери көрүнө түштү.

– Албетте, албетте, Михаил Степанович, – деп ишендире сүйлөй баштады ал. – Биз сиздин макулдугуңузду алаар замат, өзүбүздүн ак пейилибизди жана ар-намысыбызды тастыктап беребиз. Биз өзүбүз моюнубузга алган милдеттенмелерибизди эч качан бузбайбыз, улуу урматтуу Михаил Степанович! – деп бүтүп, үстөл үстүндөгү жарымына чейин лимон суусундугу куюлган хрусталь шишеге көз кырын салды.

– Макул дейли, ошондой болсо да “биз” дегениң ким? – деди акырындап азгырыкка тартыла баштаса да, өзүнүкүн бербеген Батюнин. – Эмне үчүн мага окшогон карыган, алсыз, жолу болбогон адамды тандап алдыңар? Өмүрүмдө бир да эмгегим таанылбай өттү анан эле, мына сага! Силердин бул жерде кандай кызыкчылыгыңар бар? Жок, болбойт...

– Ах, анчалык эле бечара боло бербеңиз, – деп алакандарын жайды сыпайы мейман. – Ар ким өз акылы менен жашайт, а биздин өзүбүздүн аналитикалык борборубуз бар, ал Кудай сыяктуу эле эч качан жаңылышпайт! О, сиздин көз карашыңызда урматтуу Михаил Степанович, кереги жок нерселер пайда боло баштады... Жакшы, жакшы! Мынакей документтерим, таанышып кетүүгө уруксат кылыңыз: Бүткүл дүйнөлүк Аналитикалык Борбордун улуу юрист кеңешчиси Корф Геннадий Акилович. Бул кызматтык күбөлүгүм, а бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана келишим түзүүгө, ал тургай өтө чоң эмес суммага... айталык беш жүз миң долларга чейин аванс берүүгө укук эткен Борбордун ишеним каты. Сиз бир ооз гана макулдугуңузду берип, кол койсоңуз, мен сизге бул өлкөдө каалаган ишенимдүү банктын чегин жазып берем, а дагы бир жерге кол койсоңуз – сиздин акчаларыңыз Швейцарияга же каалаган өлкөңүзгө, өзүңүздүн же башка сиз айткан адамдын атына которулат, Михаил Степанович. Сиз, албетте, бул кандай сумма экенин элестете алдыңыз да?

– А виллачы? – деп кызыга кетти оозу ачыла түшкөн Баюнин. – Көгүлтүр жээктеги виллачы?

– Ал турган иш, — илгиртпей жооп узатты Корф, анын түссүз каректеринин тереңинен учкундар чачырап турду. – А бул акчалар жөн гана чөнтөк чыгымдары үчүн, Михаил Степанович...

—Кандай жөнөкөй! – деди Батюнин. – Кээси айтып жүргөндөй, бул өлкөдө мындай нерселер да оңой эле боло береби? Кана көрсөтчү, – ал Корф үстөлгө койгон кагаздарды алдына жылдырып, улам бир барагын көзүнө жакындатып окуп, тааныша баштады. Корф болсо жумшак олтургучка чалкалай олтуруп, бул апенди чалыш абышка качан даяр болорун күтүп жатты. Өзү бул кашаанын ичиндеги реалистин эптеп майлап тарткан иштерине бир жез тыйын да бермек эмес, бирок ал болгону жогоркулардын эркин аткаруучу болгондуктан, ага өз оюн айтууга акысы жок. Анткени, атайын тандалып, колдорунда жогорку акыйкаттыкты кармап турган үчөөнөн башка эч ким алардын чыныгы максатынын жөн-жайын билишпейт эле.

Корф үйдүн дубалдарына бир нече ирет үстүртөдөн көз жүгүртүп чыкты, ачыгын айтканда алар жылаңач болчу, көзгө бир канча арзан кашекчелерге салынган майда гана сүрөттөр илинген. Канчадан бери жыйналбай чаң баскан бурчта сүрөтчүлөрдүн жакшы көргөн буюмдары, Афродитанын мрамор башынан тартып, кургатылган рактын буттары менен аркайган сөөктөрүнө чейин көрөбай-шарабайлар үйүлүп жаткан. Айланасын карап, туш келди чачылып жатканына карабай, ушул адамдардын эсинен чыгып бараткан араң жан абышканын түнөгүндө анын көңүлүн эмне буруп жатканын түшүнө электе, бул жерде өкүм сүргөн кандайдыр бир анын акылы жетпеген гармония бар экенин сезди. Арийне, дал ушул жерде жашоо жаралган көз ирмемден анын бүткөнүнө чейинки жашоонун өзгөчө философиясы бар сыяктуу. Корф очокту кооздогон  колодон жасалган байыркы торду карай баштады, анын оймо-чийме сүрөттөрүнөн кайрадан ага басым жасай баштаган гармонияны, а балким кандайдыр бир купуя сырдын мистикалык формуласын көрүп жаткандай туюлду. “Бул кебетеси атам замандагы адамга окшогон даанышман бизге дагы толгон-токой маселелерди жаратат окшойт, – деп ойлоду ал тынчсыздануу менен. Айбанаттар менен адамдар коомунун ортосундагы таптакыр бир башкача раса, биз эч качан анын кодун түшүнө албайт окшойбуз... Мындай көйгөйлөргө жөнөкөй жана акыл-эс менен кароо керек”.

Андан соң бир нерсе болду. Өз ишмердүүлүгүнө атайын, жабык эшиктердин аркасында даярдалган Корф, өз сезимдеринин тереңинен коркунуч тууралуу кандайдыр бир тырс эткен белги алды. Адегенде анын башында очоктун жанындагы тор жөнүндө маалымат, сүрөтчүнүн каталогуна кирбей калганбы деген ой жылт эте түштү. Батюниндин бүткүл өмүрү, чыгармачылыгы ар бир күнүнө чейин бир да нерсе калтырылбай тыкыр катталган болчу, анан эле анын изденүүлөрүнүн жана чиймелеринин негизинде жасалган тордун, өзү моюнуна алгандай, кандай гана идеалдуу иштеген Бүткүл дүйнөлүк Аналитикалык Борбор сыяктуу машине болсо дагы, кандайдыр бир өкүнүчтүү ката кетип эле үзгүлтүккө учурап калбаса, анын тизмеге кирбей калышын көрбөй калуу мүмкүн эмес болчу.

Бирок азыр Корфту Борбордун славяндар, а негизинен Россия, орус этносу боюнча эң мыкты инспекторун башка нерсе кабатыр кылып жаткан, ал жүзүндөгү жагымдуу жылмаюуну сактап, көптөн бери убакыттын караңгы кучагында жоготуп жиберген кандайдыр бир маанилүү, ал тургай кайталангыс, терең нерсенин изине түшкөнүн, ошол нерсе анын кызмат абалынын өйдө карай, дүйнөнү жана келечекти башкарган ЭЛИТАга, кошуп, анын колунда дүйнөнүн жашоосунун жана убакыттын үстүнөн кароого мүмкүнчүлүк берер өтө кубаттуу илим тийип калышы мүмкүн экенин ойлоп отурган.  Ийгиликти мөөнөтүнөн эрте качырып жибергенден коркуп, ал каалаганына өжөрлүк менен жакындап келе жатты; ал ийгиликке жетеринен шеги жок эле, ошондуктан бул анын кынтыгы жок толтурулган кагаздарынан жамандык издеп жаткан  күлкүлүү абышканы жакшы көрүп турду. Ушул жерден үстөлгө эңкейип турган сүрөтчүнүн аябагандай коюу теңселген чачын көзү чалды. Анын көз алдына көптөн бери таралбай, түйдөктөшүп калган жалга окшогон, ар кайсы жеринде карагайдын КУРГАК ийне жалбырактары сайылып жүргөн ак чач тартылды. “Муну кара! – деп ойлоду ал кыжыры келип. Эмне, бул жаңы эле токойду аралап келгенби... Чач койбогон сүрөтчү бул дүйнөдө жок болсо керек... Мисалы мен бир да жолу жолуктурган жокмун...”

Ошол учурда дагы бир тынчсыздануунун толкуну аны ордунан жылдырбай катып калууга мажбурлады, анын көздөрүнөн кайрадан кызыл көк нур чачырай түштү, анын жолу болду, ал биздин күндөргө чейин укмуштуудай жолдор менен келип жеткен жана ичине Космостун кубаттуу улуу күчтөрүн, ал тургай убакыт менен мейкиндиктин үстүнөн карап башкарууга мүмкүнчүлүк берген чексиз билимди камтыган байыркы славяндардын купуя сырдуу, мистикалуу белгилерине туш болду.

“Бирок мындай болушу мүмкүн эмес! – Корф толкундоосун басууга аракет кылды. – Бул өз алдынча мамлекет болууга да жөндөмсүз, акыркы эле президенттик шайлоодо өзүнүн өлүм жазасына кол койгон, отоо чөп сыяктуу пайдасыз, жетиле элек раса. Эгерде алар мамлекет башчысы кылып желдетти шайлап алышса, кайсы байыркы славяндардын муундан муунга берилип келген купуя илимдери жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Мындай нерсе жаратылыштын өзүндө да болбойт! Жексурлук жана даанышмандык, Кудайдын кудуреттүүлүгү менен жанаша эле жакырчылык жана бузулууларбы?.. Жинди болбо, байкабай жаман ишке кабылып калба... Кайсы бир очоктун жасалга тору... Коё тур... көзүңдү чоң ачып, эсиңе кел – мындай болушу мүмкүн эмес, ошондуктан болбойт...”

Ошентсе да, ал тагдырдын өзүнөн анын шыбагасына өлбөстүктүн босогосунда туруу, а балким аны андан ары аттап өтүү буюруп жатканын түшүндү, кожоюнду алаксытып албас үчүн өзүнө канча тыюу салып буйрук кылса да, очок жакты карабай коё албады, ал коло тордогу таң каларлык, өзүнө тарткан жандуу ритмден чыга албай турду... Дагы бир аздан кийин ал эми сыйкырдуу, токтобогон күндүн кыймылына тартыла баштады, жаны чыга коркуп, андан чыгууга канчалык аракет жасаса да,  чыга албады. Ал аны алып-учуп, ысыгына куйкалап, а ал андан эч нерсе менен теңдешсиз жоголуу ырахатын сезип жатты... Ошондо ал кумарга батып, катуу онтолоп жиберди да, өз үнүнөн чочуп кетип кайра эсине келди. Анын ойлоруна жооп кылгансып Батюнин башын көтөрүп аны карады, кайрадан анын өзүнө тарткан көз карашы, Корфту ыңгайсыз жана олдоксон абалга алып келди.

– Кандай дейсиз, Михаил Степанович? – деди көңүлдүү, анын макул болорун билгендей.

– Кандай, – акырын жана ачык эмес күңкүлдөдү карган сүрөтчү. – Чынын айтсам, бул менин өмүрдөгү эң эле адам ишенбегидей окуя. Жөн гана түшүнүксүз! Адамдардын эсинен небак чыгып, унутулуп калган адам, кокусунан эле бирөөлөргө керек экен, болгондо да аябай керек экен, анан да ушундай баада! Кечирип коюңуз, мен буга ишенбейм... Эмне десең да ишене албайм!

– Михаил Степанович, кымбаттуум...

– Түшүндүрүп бериңизчи, кимге жана эмне үчүн менин эскирип чаң баскан сүрөттөрүм зарыл болуп калыптыр? –деп анын сөзүн бөлдү Батюнин. – Жок, жок урматтуу Геннадий Акилович, менин оюмду угуңуз... Мен карыган жана жакыр адаммын. Ооба, бул чындык, бирок мени шылдыңдоого эч кимге жол бербейм! Айтмакчы, арак ичесизби?

– Ооба, ичем, – Кофт капысынан күлүп жиберди. – Сиз менен бир рюмканы кубануу менен алып коём.

– Абдан жакшы... Артынан жегидей эч нерсе жок, болгону алма... бир аз катып калган сыр бар. Кошунамдын уулу, Игорек майда-чүйдө бирдемелерди алып келмек... Мен аны Арбатка өз шедеврлеримден сатып келгенге жибергем. Сатып же натуралай алмашып келмек, ал эмнегедир кечигип жатат. Алма менен закүскө кылабыз, мына бычакты ал.

– Алма – бул эң сонун! –деп кубаттап койду Кофт.

Алар көтөрүп жиберишти. Арак ага өтө эле күчтүүдөй сезилди, бирок ал ырахатка баткан кишидей тамшанып койду. Кожоюн андан дагы шумдуктарды угам дегенсип аны унчукпай карап күтүп калды.

– Моюнга алыш керек, Михаил Степанович, мен башкача болот деп күткөн эмесмин, –деди Корф көңүлдүү, жабыша түшкөн тамагын оңдоп алган соң. – Түшүндүрүү үчүн алыс барыштын кереги жок. Адамзат туңгуюкка барып такалды, башка жол, анын кыймылынын башкача маанисин табуу керек. Жашоонун башкача мыйзамдарына баш ийген, ал тургай башка энергияларды пайдаланган мурда болуп көрбөгөн жаңы цивилизация келе жатат. Аны токтотууга да, башкага алмаштырууга да болбойт, адам Космостун мыйзамдарынын алдында түккө да татыбайт. Азыркы цивилизация кыйрап жок болот, ошондуктан айрым  окумуштуулардын, сүрөтчүлөрдүн, философтордун тизмеси түзүлүп, алардын мурастары келечектеги коом үчүн сакталат. Андан тышкары, адамдарды курулай кыялдарга батырып алдай бербей, келе жаткан кыйроого камдай бериш керек, алар боло турган катаал чындыкты татыктуу кабыл алуулары керек.

– А-а! – деди да Батюнин шишедеги ичимдиктен чөйчөктөрдү кайра толтурду. – Себебиңер маанилүү... Алыңыз! Сиз болуп жаткан окуяларга көзүмдү ачып койдуңуз...

Алар кайрадан ичип жиберишти, Корф шишедеги калган аракты жийиркенгендей карады да, анан табакта кургап бараткан сырды карап, андан бир кесимин алып оозуна салды. Анын бир көзү аябай эле кызыл көк тартып, аны көргөн Батюниндин учурдагы шартка ылайыгы жок болсо дагы, маанайы көтөрүлө түштү.

– Рахмат, сизге, –деди ал Корфтон алган кагаздарды кайра ага берип жатып, анын үнү көңүлдүү жана эркин чыкты. – Ошентсе айтыңызчы, сиздин артыңызда ким турат, Геннадий Акилович? Кудайбы же Шайтанбы?

– Тиги да эмес, бул дагы эмес! – деди Корф үнүн бийик чыгарып, анын жайдары күлкүсүнөн оозу жалжая түштү. – Болгону жөнөкөй эле зарылчылык.

– А эгерде мен макул болбосомчу? – деди аябай жакшы маанайга келип алган Батюнин.

– Ах, фантазияңызды коюңузчу, урматтуу Михаил Степанович! – деп сөзүн оозунан жулуп алды Корф. – Андай кылганга караманча болбойт. Ал жөнүндө ойлонбой эле коюуңузду, суранам! Бул кайгыга сала турган коркунучтуу нерсе!

– Эмне үчүн, эмне үчүн? – такып сурады Батюнин. – Мен өзүмө өзүм кожоюнмун. Акыры жүрүп бизге демократия келди деп жарыялашты, мага деле эркин адам болууга тоскоол болбоңуз да!

– Дагы бир өкүнүчтүү чоң жаңылыштык! – кыйкырып жиберди да, Корф өзүнүн кызыл көк күлкүсүн чачыратып, анын татынакай тиштери да ал нурга чагылыша түштү.

– Бул силерге ошондой сезилип жатат, Михаил Степанович, өзүбүзгө өзүбүз ээбиз деп ойлойсуңар, бул оптикалык көз боёмочулук, алдамчы кыял, жан-дүйнөдөгү галлюцинация! А чындыгына андай эч нерсе жок, болушу да мүмкүн эмес. Михаил Степанович, сиз акылдуу адамсыз да, күлкүлүү болуп көрүнгөнгө аракет кылбаңыз. Күлкүлүү болуш – сиздин колуңуздан келбейт... Андан көрө кеттик, нотариалдык кеңсеге баралык да, тез эле документтерди бүтүрө коёлук, ошондо сиз өзүңүзгө өзүңүз чыныгы кожоюн боло аласыз!

–А эгерде сизге чырымды тийгизсемчи, Геннадий Акилович? – кызыга кетти Батюнин.

– Кудай үчүн, каалаганыңызды кылыңыз, Михаил Степанович... Сиз кайдагы бир сандырак иштерден ырахат табам десеңиз – мен даярмын! – Корф салтанаттуу түрдө уруксат берип, башын бийик көтөрдү.

– Чаңга айланып жок болуп кеткенден коркпойсузбу? – анын үнү эми баштагыдай ишенимдүү чыккан жок. Мейман кызыл көк нурун чачыратып каткырып жиберди.

– Мына, мына сүйүктүү Михаил Степанович, мынакей, – деп кубанып кетти ал. – Өзүңүз корко баштадыңызбы? Коркконуңуз эң туура! Жашоо бир келет. Ал тургай даанышман болсоңуз дагы!

– Канча каалап турсам дагы, сиздин кагаздарга кол коюп бере албайм, – түнөрө түштү Батюнин, көнүмүш адаты менен шишени алып, чөйчөктөрдү кайрадан толтурду. – Мен туура жүргөн адаммын, ошондуктан бүркүт сыяктуу жылаңач баатырмын, менде сакталып калган бир да эмгегим калган жок... Бир дагы сүрөт, бир дагы эскиз таба албайсың! Баарын сатып, ичип алгам! Болгону бир кезде соцреализм күлдөп турган убакта оюма келе калганда жасалып калган мына бул очокту кооздогон тор гана калды. Сиз эмне мага мынча боор ооругандай карайсыз, а мен өзүмдүн узак жашоомдо эч кимге жаккан эмесмин, болгон нерсемдин баарын орус идеясына арнагам, анан мынакей... аягы ушул болду – тапкан ташыган эң кымбат нерселеримди бир кесим нан, бир шише аракка алмашууга туура келди... Сиз мага ишенип коюңуз, менин түшүнүксүз, кызыктуу коногум, мен өзүмдүн жакыр турмушума ыраазымын, мына азыр да эч кандай документке кол коюунун зарылчылыгы жок, ушундай кагаздарды башынан эле көрөйүн деген көзүм жок... Эмнеге күлкүңүз келип жатат?

– Сиздин баладай баёолугуңузга! – деди Кофт, кызыл көк нурун жаркыратып. Батюнин катуу тийген жарыкка араң чыдап жатты.

– Жакшылап көңүл буруп караңызчы, Михаил Степанович, бул жерде унутулуп жазылбай калган эч нерсе жокпу? – Анын колунда укмуштуудай кооздолгон, сырткы мукабасында Батюниндин жакшы көргөн чыгармаларынын бири “Ландыштагы жылаңач” деген сүрөтү жана анын аты-жөнү чоң, алтындын буусу менен жазылган альбом-каталог пайда болду. Корф ырахаттануу менен аны альбомду кожоюнга узатты. Карган сүрөтчү ооруп жакшы кыймылдабай калган колу менен ала коюп, анын салмагын көтөрө албай үстөлгө койду. Анын көз карашы заматта акылы айнып калган адамдыкындай боло түштү, ал китепти алып, ар бир барагын мүрзөнүн үстүнө коюлган жалпак ташты көтөргөнсүп, акырындан, калтаарып барактай баштады, чекесинен чылпылдап тер чыга түштү. Акыры ал кыйналып, чарчаган карыган көздөрүн китептен алганда, өзүнүн сүрдүү мейманын көрө алган жок.

– Мындай болушу мүмкүн эмес, – деди ал үмүтү үзүлгөндөй – Мындай нерсе эч качан   болгон эмес... жалган, азгырык... мистика! Муну кантип жасадыңар?

– Кечирип коюңуз, бул кайдан чыккан шектенүү? – ага кайдадыр бир алыстан тааныш сыяктуу кимдир-бирөөнүн үнү угулду.

 –Колуңузда альбомду кармап турбайсызбы, эмне өз көзүңүзгө ишенбейсизби? Уруксат берсеңиз дагы бир чөйчөктөн куяйын. Сиз тынчтанышыңыз керек. Михаил Степанович, мындай кылганыңыз жарабайт... Сизге эмне болду! Сиз өтө баалуу адамсыз... Сиз ишенишиңиз керек. Мен сизден өтүнөм, өтүнөм...

– Шайтан алгыр! Мени эч ким алдай албайт, сүймөнчүктүү Геннадий Акилович, мен өтө эле көп жашаган адаммын! – сүрөтчү кайрадан азгырыкка каршы чыга баштады. Анын акылы ордуна келе баштады, Корфтун колунан чөйчөктү жулуп алып, лимон кошулган аракты көңтөрүп жиберип, карыларча тамагын кырып, эмнегедир алакандарын ушалап алып, каны качып бозоргон эриндерин кыймылдатып мындай деди: – Билесизби, кымбаттуу Геннадий Акилович, үй өтө эле салкын болуп турат, очокту тутандырсам каршы болбойсузбу? Дайыма Игорек келип жагып берчү эле, бүгүн... эмнегедир ал кечигип жатат.  

– Эмнеге каршы болмок элем? Албетте жок, – деп жооп узатты да, Корф ыңгайлашып олтурду.

Ал эчак эле өзүн колго алып, өзүнүн миссиясы жакшы аяктарына көзү жете баштаган. Эң биринчи кезекте негизгисин, келишимге кол койдуруу керек, анан калган нерселерди шашпай бүтүрүп алса болот. Ага убакыт да, мүмкүнчүлүк да жетиштүү... Ага кожоюндун көз ирмемчелик убакытка аны караган көз карашы жаккан жок: жүзүндөгү кандайдыр бир олку-солкусуздук, жыландай муздак шылдың аралашкан кыска жылмаюу, бирок мунун баары ага ошондой көрүнүп жатышы да мүмкүн – бул жапайы өлкөдө айтышкандай чоочун үйдө, чоочун адамдын эмне ойлогону, башкага калың токой эмеспи, баарына чыдап, өзүңдү жоготпооң керек. Корф ушинтип ойлоп, кожоюнга түшүнүп жаткансып, жылмайып койду. Батюнин очоктун алдына олтуруп алып отунду калап, арасына кайыңдын жука кайыңын тыгып, ширеңке чакты. “Апенди чалыш неме, –деп ойлоду күйө баштаган отко алакандарын тосуп жылыта баштаган сүрөтчүнү карап олтурган Корф өзүнүн артыкчылыгын эркинен тышкары белгилеп, – үйдүн ысыгы бул, а ал үшүп жатат имиш... Апенди, даана апенди.. Бул эмнеси... Оо Кудайым...” Ал кожоюн калтырган үстөлдөгү жаткан кагаздарды өзүнө тартып алып, экинчи колу менен өзүнүн крокодилдин терисинен тигилген кооз дипломатын алып, ордунан турганга үлгүрдү. Бирок кийинки көз ирмемде шал болгон немедей кыймылдай албай кайра ордуна олтуруп калды, анын жан-дүйнөсүнөн кайнап чыккан үнсүз кыйкырыгы сыртка чыкпай үзүлдү.

“Мына, алардын купуя сыры жана коркунучтуу бийлиги, – деген кыска  ой башында жылт эте түшүп жок болду. – Мен жинди боло баштадым көрүнөт... Өзүмө өтө ишенип, кекирейгенимдин баасы...”

Андан аркысын ал көрүп гана жатты, эмне болуп жатканын түшүнгөн жок – мээси иштебей калды. От адаттагыдан тыш, кандайдыр бир үнсүз жарылуулар менен тез жалындап күйүп, очокту кооздогон тор ошол замат эле кызарып ысып, жаркырай түштү. Анын сыйкырдуу оюулары чексиздикке тарткан айлампа сыяктуу чимирилген кыймылын баштады. Ал эч ким токтотууга күчү жетпеген кыймыл өз мейкиндигин кеңейтип, эми ушул убакытка чейин бүкүрөйүп, эки ийини шалпыйып түшүп турган сүрөтчү боюн түзөп, өзүнүн түбөлүктүүлүгүнө карай кутургандай ылдамдыкта кетип бара жаткан ааламын кучагына алгысы келгенсип, эки колун кенен жайып жиберди, Корф кайрадан белгисиз үрөйдү учурган кумарлуу сезиминен титиреп кетти. Анын көз алдында ишенүүгө болбой турган окуя болуп жатты, – карып баспай калган абышканын ордуна, анын алдында жапжаш, белгисиз бир бакытка батып жыргап-күлгөн жигит турду. Анан ал көңүлдүү алоолонгон жалынга эрип жок болуп кетти, ошондо Корф бүт үй өрттөнүп жатканын көрдү, айнектер ысыкка чыдабай чартылдап жарылып, бардык эшиктерден күүлдөгөн жалындуу шамал чыгып жатты. Корф качайын деди эле, бирок мурдагыдай эле кыймылдай алган жок. Эми ал өзү да коркпой калды, аны барган сайын күчөгөндөн күчөп бара жаткан, өзүнүн эзелтеден бери унутулуп калган кымбат нерсесине кайтып бара жаткансыган жылуу сезим ээлей баштады.

Аяктап бара жаткан кылымдын башталышында салынган эски үй ичине кулап, асманга түтүн аралашкан жалындаган бийик от көтөрүлдү. Мына дал ошол учурда, өрттү көрүп чуркап келишип, адатта өрт учурунда, бөтөнчө өрт күйүп бүтүп өчүрүүгө эч нерсе калбай калганда өзүлөрүнүн тапкычтыктарын көргөзгөндү жакшы көргөн орус адамдары кыла жүрчү нерсени кылып жүрүшкөн: бири-бирине акыл үйрөтүп, өрт өчүрүүчүлөрдү чакыртышып, айры, чакаларын ала чуркашып чаң-тополоңго түшүп жүргөн элди аралап, Батюнин Москвага, Арбатка жиберген кошунанын уулу Игорек толтура тамак-аш менен шишелерди салган чарба баштыгын көтөрүп келип калды.

Бүткүл жашоо анын эски үйдүн калдыктарын жалмап жаткан жалынды карап коркуп, алайган көздөрүндө чогулгандай болду. Ал баштыгын жерге ыргытып, күйүп жаткан өрттү карай жүгүрүп жөнөдү. Аны бир-эки жолу чакырышты, бирок анын эс-акылын жоготкон немедей алардын кыйкырыгына кулак төшөбөй жулунуп бара жатканын көргөн улгайган киши топтон бөлүнүп чыгып, ага жетип барып ийининен кармап артка сүйрөп чыкты.

– Токто! Сага жин тийдиби! Күйүп кетесиң торопой! Бул жерден эч кимге жардам бере албайсың!

– Ошондойбу? – Игорь калчылдап чыкты. – А ал кечээ бул тууралуу айткан болчу... а мен эч нерсе түшүнгөн эмесмин... Кантип ушундай болсун... А менчи?

– Сен эмне? Ал жакта... бирөө күйүп кетти деп ойлойсуңбу? Бул жерде карган сүрөтчү жашачу дешет ко... тээ, сенек замандан бери... таптакыр жолу болбогон бечара дешеби... а? – деп сурап жатты ал киши,  дагы эле өзүнө келе элек жигитти ийининен кармап, отко жибербей кармап алып. Ал өзүнүн капилеттен тапкан туткунунан жооп ала алган жок, бирок анын көз карашын көргөн соң, колун тартып алып, бурулуп басып кетти...

Аны түпсүз тереңдик соруп бара жаткансыды, жардын кырын карай ээ жаа бербей сызып келе жатканын сезип, башы айланып кетти, ал көпкө чейин эсине келе албай жатты, а көзүн ачканда тегерегинде эч бир жан жок болчу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз