Раджниш Ошо: Жеткен акылсыздык кайсы

  • 27.05.2021
  • 5048

*     *     *

Бирөөнүн сүйүүсүнө кантип татыктуу болсом деп ойлонбо, өзүң сүйүүңдү арна. Бергенде гана ала аласың. Башка эч жол жок...

*     *     * 

Өзүңө жагымсыз адамдардан оолак болуу жыргалчылыгын тартуула.

*     *     * 

Кубаныч менен бейпилчиликке салынган үч тузак бар: өткөнгө өкүнүү, келечек үчүн тынчсыздануу, бүгүнкү күнгө нааразы болуу.

*     *     * 

Жашооңорду аруу иштерди жасоого арнагыла. Жагымсыз иштерге чарпылбагыла. Убактыңыз да, энергияңыз да чектелүү экенин эстен чыгарбаңыз. Ушундай кыска өмүрүңүздү, ушундай кичинекей энергияңызды ачууга, кайгы-капага, жек көрүүгө, кызганычка коротконуңуз жеткен акылсыздык.

*     *     * 

Эгер сен дарыя боло алсаң, океан болбой коё албайсың!

*     *     *  

Жөн гана өзүң менен өзүң болуу, – демек сулуу болуу.

*     *     * 

Коркуу болгон жерде, сүйүү болушу мүмкүн эмес.

*     *     * 

Эгерде чымчык кармап алсаңар аны капаста кармабагыла, ал силерден учуп кеткиси келип, бирок кете албаган абалга салбагыла. Ал учуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү болсо да, кеткиси келбегендей шарт түзгүлө.

*     *     * 

Бакыт – бул каалаганыңа жетүү эмес, а жеткен нерсеңди каалап туруу.

*     *     *  

Топтошкон эл бөлүнгөн адамды сүйбөйт; алар бири-бирин туураган эрки бош адамдарды жактырышат. Топтошкон эл өзгөчөлөнүп, арты эмне менен бүтөт деп кылчактабай өз укугун, эркиндигин коргой билген адамдарды жек көрүшөт.  

*     *     * 

Билип алгыла, эркиндик – бул чоң баалуулук, эгерде сүйүү эркиндик бере албаса, ал сүйүү эмес.

*     *     * 

Сен көйгөйлөрдү жаратууну жакшы көрөсүң... ушуну түшүнсөң, көйгөйлөр өзүнөн өзү жок болот.

*     *     * 

Качан тандоо керек болгон учурда жакшылап ойлон: коомчулукка жаккан ыңгайлуу, кооз, сыйлуу нерселерди тандаба. Жүрөгүңө жаккан нерсени танда. Кандай жыйынтык берерине карабай, жасоону каалаган нерсени тандап ал.

*     *     * 

Туура жолго түшүү үчүн артка кайрылуу кеч болуп калса да, бирок татыктуу аякташ үчүн алдыга умтулуу кеч эмес.

*     *     * 

Менин окуумдун маңызы эки сөздөн турат, “медитация” жана “сүйүү”. Чексиз жымжырттыкты сезүү үчүн медитация кыл жана жашооңду ырга, бийге, майрамга айландыруу үчүн сүйө бил.

*     *     * 

Силерге бир эле нерсе керек, – жасалмалууктан алыс болуп, дем алууңар сыяктуу табигый жөнөкөй бойдон калгыла. Жашоону сүйгүлө. Бирөөнүн акылы менен жашабагыла. Чоочун идеялар менен өмүр сүрбөгүлө. Адамдардын койгон талабы менен жашабагыла. Жүрөгүңөрдүн айтканын тыңшагыла. Жымжырттыкта жашап, ички дүйнөңүздөгү алсыз, шыбыраган үндү уга билип, анын айтканы менен болгула.

*     *     * 

Адамдын жүрөгү, – бул улуу музыканы жараткан музыкалык аспап. Ал уктап жатат, бирок ал жалындап жаныш үчүн, өзүн көрсөтүш үчүн, ырдалып, бийлениш үчүн ыңгайлуу учурун күтүп турат. Ошол көз ирмем сүйүү аркылуу пайда болот. Сүйүп көрбөгөн адам, жүрөгүндө кандай музыка катып жүргөнүн эч качан билбей өтөт. Сүйүү аркылуу гана ал музыка жандуу нерсеге айланат, ошондон кийин гана мүмкүнчүлүктөр турмушка аша баштайт.

*     *     * 

Башкалар менен болгон күрөш, болгону ички дүйнөңдөгү күрөштөн алаксуунун амалы.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз