Салижан Жигитов: Улуу сынчы

  • 29.05.2021
  • 4805

Виссарион Григорьевич Белинский кыска гана өмүр сүргөн. Ошол өмүрү да жокчулукта, кыйналыш-кысталышта өткөн. Бирок ал өз өмүрүндө орус калкынын сыймыгына сыймык кошкон алп фигуралардын бири болууга үлгүрдү. Россияда материалисттик философиянын, социалисттик илимий эстетиканын жаралып, андан нары өнүгүшү ошонун ысмы менен байланыштуу. Артта калган өлкөнүн уулу, “жөндөмү жок” деп университеттен куулган студент көп жагынан европалык ойчулдарды аркасына таштап, марксисттик көз караштарга аздыр-көптүр жакындап бара алды. Ал орус адабиятынын улуу сыймыгы, камкор окутуучусу болуп калды.

Болочок сынчы 1811-жылы 11-июнда туулган. Белинскийлердин үй-бүлөсү кичинекей Виссарионго беш жаш болгондо, Пензага жакын жердеги Чембар деген шаарга бир жолу отурукташкан. Жаш Белинскийдин балалык жылдары ошол чаңга буланган, түнт, элеттик шаарда өтөт. Ал чалдыбары чыккан тамдарда баш калкалаган кедейлерди көрөт, колунда барларды бир калыпта жылжып аккан турмушун байкайт, тегерегинде болуп жаткан адилетсиздиктер көкөйүнө көк таштай тиет. Орус кыштактарына барганда крепостной дыйкандардын абалын көрөт. Алардын оор турмушу, помещиктердин аларга кылган зулумдугу, анын жанына батат. Азап чеккен элге ырайым, эзгендерге жек көрүү сезими анын жүрөгүндө эрте ойгонот.

Ал Чембардагы башталгыч окуу жайын бүткөн соң Пензадагы губерниялык гимназияга келип кирет. Окуткан сабактарга алымсынбайт, көбүн эсе өз бетинче окуйт. Гимназиянын үчүнчү классын бүтүргөндө Москвага барып окусам деп эңсей баштайт. Аябай даярданат. Анын оюна атасы каршы болбойт, бирок материалдык жактан жардам бербей турганын кесе айтат. Акыры дилгир жигиттин көксөгөн тилеги оңунан чыгып, ал сапарга аттанат. “Өз үйүң, өлөң төшөгүн” таштап баратканына анын кабыргасы кайышпайт. 1829-жылы августта эки күн узак жолдо чайкалып, көздөн учкан Москвага келет. Ал эми ошол эле жылдын сентябрь айынын аягында: “Императордук Москва Униветситетинин студенттеринин катарына өткөнүмү сиздерге чексиз кубаныч менен сабырым түтпөй билдирүүгө шашам... Университетке өткөнүм үчүн бирөөлөрдүн колдоосуна же аракетине эмес, жеке өзүмө гана милдеттүү болгонума андан бетер кубанып, төбөм көккө жетет” - деп ата-энесине кат жөнөтөт.

А кез орус коомунда декабристтердин оңунан чыкпай калган көтөрүлүшүнөн кийинки беймаал жылдар эле. Каардуу реакциянын арааны жүрүп, жандуу акыл-ой тумчугуп, карапайым калк крепосттук режимдин оор түйшүгүн көтөрө албай онтоп жаткан. Басма сөз болсун, окуу жайлары болсун, коомдук ой-пикир болсун, падышалык цензуранын көзөмөлүндө калган. Өз калкына жакшылык каалагандардын, жаңы идеяларды жактагандардын, жакшы турмушка умтулгандардын баары басылып, куугунтук жеп, сүргүнгө айдалып, өлүмгө учурап турган “Императордун асасы чийип койгон деңгээлден башын өөдө көтөрөм дегендин баарына бизде өтө жаман, кейиштүү тагдыр белен” - деп Герцен каңырыгы түтөп наалып жазган.

Бирок улуу кардын алдында да чөп өнө берет, калың муздун алдында да шылдырап суу ага берет. Анын сыңары ошондой думуктурган оор атмосферада орус элинин эркке кол сермеши, идеялык турмушу, жаңы күчтөрдүн саясий күрөшү таптакыр эле токтоп калган жок. Тескерисинче, карапайым калктын арасында нааразылык көбөйүп, революциячыл идеялар таркала берет. Пушкин “мурдагы ырын ырдагандан” кайтпайт. Жаштардын ичинде падышалык жеке бийликке, крепосттук режимге, думуктурган коомдук түзүлүшкө каршы ич күптүлүк күч алат. Жашыруун кружоктор иштей баштайт. Россиянын интеллектуалдык турмушунда айрыкча Белинский студент болуп кирген Москва университети зор роль ойноп турган. Тыюу салганга, сүргүнгө айдаганга, саясий реакцияга карабастан студенттер нары бай, нары кызык идеялык турмуш менен жашаган. Тыйылган ырлар менен китептер окулуп, философиялык, саясий жана адабий темалар боюнча талаштар болуп турган.

Белинскийдин алгачкы көз караштары дал ошондой атмосферада калыптана баштайт. Ал баардык талаштарга активдүү катышат, жүрөгүнүн башындагы ой-пикирлерин тайманбай айтат, бат эле студенттер арасында кадырга жетишет. Биринчи курстун окуусу аяктап, ал каникулга барат да, саал кечигип келет. Ошондон улам ректор менен жаакташып калат.

Ошол 1830-жылдын күзүндө Москвада холеранын эпидемиясы жайылып, лекция токтолуп, Белинскийге окшоп казынанын эсебинен жашаган студенттер эшикке чыгалбай калат. Ал өзү менен бир жашаган студенттердин арасынан чыккан эркин ойлогондордун башын кошуп, “кичинекей адабий жамаат түзөт”. Ошол жамааттын мүчөлөрүнө Белинский өзүнүн “Дмитрий Калинин” деген антикрепосттук драмасын окуп берет.

Жаш автор крепосттук режимдин акылга сыйбай турганын, помещиктердин залимдигин, крепостной интеллигенттин ачык бунтун чечкиндүү көрсөтөт. Бала чагынан көргөн адамгерчиликтин чегинен чыккан картиналар бул драмада дал өзүндөй көрсөтүлүп, жаштайынан жүрөгүн өйкөп келаткан ачуу ойлор укмуш күч менен айтылып чыккан!

Жолдоштору жактырган соң Белинский драмасын цензурага тапшырат. Андай беймаал жылдарда буга окшогон антикрепосттук духтагы чыгарма цензурадан өтмөк түгүл, кайра авторун жаман абалга калтырмакчы эле. Чынында да ошондой болду. Белинский атайын көзөмөлгө түштү.

“Ишенчилиги жоктордун” катарына кошулган бунтарь студентти окуудан айдаш үчүн начальство кылдан кыйкым таппай турат. Аңгыча ага да оңой эле себеп табылат. Казынанын жарыбаган тамагы менен жашаган Белинский 1832-жылы күзүндө ооруп, ошондон улам экзамендерин убагында тапшыра албай калат. Ушундан бир аз өтпөй эле аны: “ден соолугу начар, анын үстүнө жөндөмдүүлүгү да жетик эмес” деген справка менен университеттен кууп чыгышат.

Ошентип, ал адеп чыкканда эле ошол кездеги түзүлүшкө айбат көрсөтүп чыгат. Ал эми ал деспоттук түзүлүш андай эр жүрөктөрдү жактырган эмес. Ошол себептен Белинский чөнтөгүндө сокур тыйыны жок көчөдө калды. Кызыл кекиртектин айынан ал ар кимдерге сабак окутат, болор-болбос рецензиялар жазат, француз тилинен роман которот. Ал өмүр үчүн, өзүнүн келечеги үчүн күрөшөт. Көп окуйт, көп нерсеге кызыгат. Ошо кезде ал Станкевичтин кружогу менен таанышып, немецтик философторду үйрөнөт. Ал канондошкон коомдук түзүлүш менен коомдук ой-пикирге каршы чыгыш үчүн күч жыйнайт. Турмуштун катуу соккусу аны бошоштурган жок, тек гана күрөшчүлдүк эркин кайрап койду.

1834-жылы, “Москва” журналынын бир нече сандарында “Адабий кыялдар” деген макала басылат. Анда философиялык маселелер да, искусствонун табияты жөнүндө аныктама да бар. Бирок ал макалада негизинен орус адабиятынын өсүшүнүн очерки берилген. Ал адабий авторитеттерге каршы чыгат. Кантемирдин сатираларын чыныгы көркөм чыгарманын катарына кошпойт. Третьяковскийдин акылы да, сезими да, таланты да жок деп эсептейт. Ломоносовду бир жагынан орус адабиятынын Пётри деп, орус калкынын генийинин бир көрүнүшү деп карайт да, экинчи жактан чет элдик адабиятты көп туураганы үчүн, орустун элдик ырлары менен жомокторуна көңүл бурбаганы үчүн айыптайт. Фонвизиндин комедияларын комедия деп санабайт.

Белинскийдин доорунда классик аталып жүргөн Херасковду тартынбай акын эмес дейт. Карамзинди да, Жуковскийди да, Крыловду да, Пушкинди да жаңыча өлчөм менен ченеп көрөт. Крылов ал үчүн орустун гениалдуу акыны, анын тамсилдери адабияттын элдик мүнөзүнүн айкын далили. Баарынан да Пушкинди айрыкча бөлүп көрсөтүп, анын учурун өзүнчө доор катары карайт. Акырында келип оруста али кадыресе адабият жок деп бүтүм чыгарат. Албетте, токтоло элек жаштыктын жалындуу дымагы менен жазган биринчи эмгекте чаташкан натура жерлер, калпыс көз караштар, талаш-тартыштуу ойлор, аша чапкан баалар көп эле.

Анын философиялык ой жүгүртүүлөрү тумандуу келип, али метофизикалык элементтерден арыла элек болчу. Бирок ошого карабастан ошол макаладан орус адабий сынындагы жаңы доор башталат. Улуу сынчы дал ошол макалада адабияттагы элдүүлүк жана реализм идеяларынын негизги принциптерин белгилеген. Адабияттын чыгармасында анын биринчи койгон талабы - элдүүлүк. Бирок элдүүлүктү ар кандай түшүнсө болот. Орустун “жармачыл” патриоттору элдүүлүк дегенде орус калкынын турмушундагы жана көз карашындагы артта калган, патриархалдык, архаикалык элементтерди түшүнүшкөн. Алар ошол элдин алга кетишин кетенчиктеткен белгилерди идеал көрүп, жерге тийгизбей көтөрө чалып макташкан. Белинский элдүүлүктү ушундай филистерче тар түшүнгөндөргө сокку урду. Ал адабиятты “калктын ички турмушунун символу” деп атады. Демек, орус адабиятынын нукура элдик болушу “орус турмушунун картиналарын туура сүрөттөп берүүдө турат”. Белинский орус адабиятын кайра карап чыкканда дал ушул сынды жетекке алган.

Белинскийдин ушул биринчи макаласында адабиятка койгон экинчи бир чоң талабы - реализм. Ал адабият турмушту өзүндөй кылып сүрөттөйт деп эсептейт. Адабий чыгарма чын эле көркөм чыгарма болом десе окуучуга турмуш акыйкатын көрсөтүш керек. Ал орустун ошо кезде классик аталып жүргөн жазуучуларынын көбүн орус турмушунун акыйкатын туура бербегени үчүн айыптайт. Демек, Белинский системалуу эстетикалык теориясындагы элдүүлүк жана реализм идеяларынын жалпы контурлары ошол алгачкы макалада эле көрүнүп калган. Андан кийинки жылдарда жарыяланган Кольцовдун ырлары, Гоголдун повесттери жөнүндөгү макалаларында ал өзүнүн ошол пикирлерин бир канча конкреттештирип, дагы да тереңдеткен.

Ал биринчи иретте Кольцовдун кара букаранын сөздөрүн анча-мынча үйрөнүп алып жалган элдүүлүгү менен мактанган жазгычтардан асман менен жердей айырмасы бар экенин ачып көрсөтөт. Прасол акын калың элдин арасынан чыккан себептүү, өзүндө карапайым элдин куулук-шумдугу жок балача көз карашын, тунук акылын, көтөрүңкү духун сактап калган. Ал – элдик ойлордун, сезидердин, тилек-мүдөөлөрдүн жарчысы. Анын ырларында орус элинин улуттук кулк-мүнөзү айкын билинет. Бирок ошону менен бирге ал Кольцовдун поэзиясынын чектелген жактарын да көрсөтөт. Ал орус адабиятындагы элдүүлүк менен реализмдин жеткен чокусу деп А. С. Пушкиндин чыгармаларын билет. Улуу акындын ысмы сынчы үчүн адабияттагы бардык жакшы сапаттардын эталону болуп саналат.

Белинский орус адабиятынын Пушкинден кийинки башчысы, элдүүлүк менен реализмдин ири өкүлү деп Гоголду эсептейт. Орус адабиятында повесттин интенсивдүү өнүгүп, анын башка жанрга айланганын сынчы реализмдин пайда болушуна байланыштырат. Орус повесттеринин мыкты үлгүсүн Гоголь жараткан. Анын чыгармаларынын айырмалуу белгилери “вымыселдин жөнөкөйлүгү”, карандай турмуштун чындыгы... “айрыкса жазуучунун” поэзияны ортоңку сословиенин нраваларынан издегени сынчыга жага бербей калат. Ал анын турмушту өзүндөй кылып сүрөттөгөнүн, ошо кездеги жаман көрүнүштөрдү сындаганын, сөөк сыздаткан күйдүргү юморун жакшы баалайт. Улуу сатириктин повесттерин анализдеп келип: “реалдуу поэзиянын милдети турмуш прозасынын арасынан турмуш поэзиясын сууруп чыгып, ошол турмушту туура сүрөттөө менен делебе козгоодо турат” - деген айтылуу бүтүмүн чыгарган. Ошол эле макалада Гоголдун повесттеринин өтө бийик даражадагы элдик мүнөзүн белгилейт да, андан нары “элдүүлүк чыныгы көркөм чыгарманын артыкчылыгы эмес, зарыл шарты” экенин жар салат.

Деги гениалдуу сынчы өзүнүн оригиналдуу эстетикалык теориясын орус адабиятынын жандуу практикасына, ачык айтканда, Пушкин менен Гоголдун элдик мүнөздөгү реалисттик чыгармачылыгына таянып чыгарганын баса айтышыбыз керек.

Белинский өзү акын жандуу, эстетикалык сезими өтө назик адам эле. Ал көркөм чыгарманын табиятын акынча терең сезип, художниктин таамай инстинкти менен түшүнгөн. Анын искусство жөнүндө, адабияттын спецификалык өзгөчөлүктөрү, көркөм чыгарманын жалпылагыч күчү, пафосу, идеясы, мазмуну жана формасы жөнүндө айткан пикирлери эмдигиче күчүн жоготпой, ташка тамга баскандай таамайлыгы менен таңдандырып келатат. Анын макалалары жөн гана адабият маселелерине тиешелүү сын макала эмес. Аларда агартуучулук пикирлер да, саясий талкуулар да, философиялык ой жүгүртүүлөр да бар. Адабияттын тарыхы да, теориясы да ошондо. Адабий анализ коомдук көрүнүштөрдүн анализи менен айкалышып кетет. Ар бир сап акылдан гана эмес, сезимден да чыккан. Анын макалаларын көңүлкош окууга мүмкүн эмес, анткени, алардын өзү эле күчтүү талант менен тунук акылдан бүткөн көркөм чыгарма, нукура поэзия.

Белинский өзүнүн натурасы боюнча айныбас революционер, шыгы боюнча терең ойчул философ болгон. Чынында эле ал кыска өмүрүнүн ичинде орустун революциялык-демократтык агымдын башчысы болуп, орустун ой-пикирин Европанын алдыңкы ой- пикиринин катарына чыгарды.

Ал өз ата журтун чын пейилинен сүйгөн, ага бардык жакшылыктарды каалаган, өз калкынын кейиштүү оор абалына жаны ачышкан, Россиядагы эркиндикти тумчуктурган эң реакциялык коомдук түзүлүштү бүткүл жаны менен жек көргөн. Ошол наалат алган коомдук түзүлүштү өзгөртүү үчүн, крепостук укуктун кысымында азап тарткан калың журтту кулчулдуктан куткаруу үчүн ал туура революциялык теория менен коомдук идеал издей баштайт. Бирок ал аларды дароо эле таап алган жок. Ал жолдогу кыйынчылыктар менен күрөштү, адашып ындыны өчтү, ар кыл таасирлерге чарпылды, өзүн ошо кездеги реакциячыл коомдук абал менен элдешүүгө зордоп көрдү, азаптуу изденүү мектебинен өттү. Ошолордон кийин гана өзүнүн прогрессивдүү революциялык-демократтык көз караштарын иштеп чыгып, материалисттик позицияга келип токтоду.

Ал өзүнүн сынчылык ишин Европада революциялык кыймыл күч алып, Польшада көтөрүлүш чыгып, Россияда да элдин стихиялык протести жанданып турганда баштаган. Ал адеп чыккандан эле крепосттук укуктун, жеке бийликтин, деспотчулуктун каардуу душманы катары чыкты. Ал орустун материалисттик философиясын ынтаа менен үйрөнгөн, сын көз менен карап, чабал жактарын сындап туруп европалык философтордон таалим алган. Анын көз карашында диалектикалык элементтер, материализмге умтулуулар күчтүү болучу. Бирок ал негизинен идеалисттик позицияда турган, көз карашында али метафизика үстөмдүк кылып кетчү. Ал Россияны билим-илимди таркатуу, алдыңкы цивилизацияны киргизүү аркылуу алдыга сүрөп, дыйкандарды крепосттук укуктан куткарса болот деп эсептейт. Бирок өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын алдында Европадагы революциялык көтөрүлүштөр биринен сала бири басылып, революциялык дем чөгүп, реакциянын арааны жүрө баштайт. Бардык өлкөлөрдө ындыны өчүү өкүм сүрөт. Россияда террор менен реакция ого бетер күчөйт.

Ушундай оор атмосферада Белинский Европадагы жана Россиядагы азаттык үчүн күрөштүн трагедиялуу тажрыйбасын жыйынтыктап, ошо кездеги прогрессивдүү жана реакциячыл күчтөрдү салмактап көрүп, калың эл массасынын өтө эле караңгылыгын эсепке алып, өзүнүн абстрактуу агартуучулук идеалдарынын ишке ашпасына көзү жеткенден соң, орус эли эркиндикти кабыл алууга бышып жете элек деген натуура көз карашка келет. Ал бардык өнүгүштү илимден көрөт. Ушундай “элдешүүчүл” ой-пикирлери “Бородинонун жылдыгы”, “Бородино салгылашуусунун очерктери”, “Менцель, Гётенин сынчысы”, “Акылдын азабы” деген макалаларында орун тапкан. Биерде ошону менен катар улуу сынчы ошо кезде деле крепосттук укуктун душманы, эл мүдөөлөрүн жактоочу болуп калганын айта кетишибиз керек.

Бирок натурасы революционер, акылы курч, духу козголоңчул Белинский “расялык ашкан жаман чындык” менен биротоло элдешип калалбайт болучу. Чынында да ошондой болду. Ал өзү катасын бат түшүнүп, натуура идеяларынан дароо баш тартты.

Ошол жалган идеядан баш тарткан кылган соң Гегелдин реакциячыл философиясы менен байланыштуу өзүнүн тарыхый концепциясын кайра карап чыгат. Ал Гегелдин системасы менен коштошуп, анын консервативдик мүнөзүн сындап, анын социалдык тамырларын ачып көрсөтөт. Гегелдин философиялык системасына алдыга эмес артка, келечекке эмес өтмүшкө карап турганын Белинский баарынан мурун баамдайт. Улуу сынчынын көз карашы материализм жакка чукул бурулуш жасайт.

Ал ошо кезде өзүнүн бүткүл публицисттик күчүн славянофилдерге каршы коёт. Славянофилдер орустун эски экономикалык түзүлүшүн, крепосттук укуктун заманын, патриархалдык салт-санааларды, монархияны идеал көрүшүп, орус коомунун кедери кетирүүгө аракет кылышкан. Белинский славянофилдердин ошол аракетин Россиянын артта калганын, крепосттук укукту, нааданчылыкты сактап калууга умтулгандык катары түшүнүп, аябай сынга алат. Ал Россиянын бардык улуттук күчтөрүнүн өсүшү, жапайычылык менен крепостчулуктун кыйрашы, цивилизация жана прогресстин жолу менен алга жылышы үчүн күрөшөт. Ал славянофилдер менен ал славянофилчилик элдин мүдөөсүнө, келечегине каршы багыт экенин айкын көрсөтөт.

Улуу сынчы аны менен токтоп калган жок. Ал капиталисттик тартиптерди идеал көргөн, буржуазиялык түзүлүштүн түбөлүктүгүнө ишенген, Европага сокур жүгүнгөн “батышчылдарга” да сокку бере баштайт. Ал капитализм эзүүнү биротоло жогото албасына, адамды азат кылбасына, элдин мүдөөсүнө жооп бербесине көзү жетет. Ошол себептен ал коомдун негизин кайра куруунун, эзүүнү жоготуунун зарылчылыгына келет. 1841-жылда жазган бир катында ал: “Ошентип, бытьёлордун бытьёсу, маселелердин маселеси... болуп калган социализм идеясы” - дейт. Албетте, анын социализми али утопиялык мүнөздө болучу. Бирок батыш европалык күрөш-кагышты каалабаган, революциялык төңкөрүштү зарыл таппаган мээлүүн утопиялык социализмге караганда анын социализми алда канча прогрессивдүү эле.

Көз карашындагы жылыштар, революциялык демократизмдин позициясына өтүшү анын адабий көз караштарын да өзгөртөт. Ал азыр адабияттын, деги жалпы эле искусствонун коомдук ролун, турмуш менен ажырагыс байланыштуу экенин баса белгилей баштайт. Ал орустун улуу художниктери: Пушкин, Гоголь, Лермантовдордун чыгармачылыгы дордун алдыңкы идеялары менен коомдун турмушуна байланыштуу өнүккөнүн көрсөтөт. “Бизде коомдук турмуш көбүнчө адабиятта айтылат” - дейт ал. Улуу сынчы “таза” искусствого, анын мыяттарына каршы күрөш жүргүзүп, андай искусствонун нукура искусство эместигин, ал бийликтеги таптардын гана мүдөосүн жактаарын далилдеп, анын таптык мүнөзүн жана социалдык тамырларын ашкере ачкан. Ошол “таза” искусствонун лозунгаларына ал өзүнүн ырааттуу реализм теориясын каршы коёт. Белинский реализмдин принциптерин адабияттын жогорку идеялуулугу, коомдук-өзгөрткүч ролу, элдүүлүгү жана улуттук өзүнчөлүгү менен бирдикте карайт.

Ушул көз караштар айрыкча А.С.Пушкиндин чыгармалары жөнүндөгү макалаларында ачык айтылган. Чынында ал макалалар жалаң гана орустун гениалдуу акыны жөнүндө эмес. Анда жаңы деп аталган орус адабиятынын Ломоносовдон тартып Гоголго чейинки тарыхы бар. Анда орус адабиятынын мүнөзү жана тенденциялары, өсүш жолунун закон ченеми ачылат. Анда улуу сынчынын эстетикалык системасы бар.

Белинский ошол макалаларында өзүнүн диалектик экенин көрсөтөт. Ал орус адабиятын кыймылда, тенденциялардын күрөшүндө, тынымсыз эволюцияда карайт. 18-кылымдагы жана 19-кылымдын башындагы адабияттын өсүшү Пушкинди даярдайт. Пушкин - өзүнөн мурунку акындардын жакшы традицияларын өзүнө сиңирген акын. Пушкин - көп сандаган дайраларды өзүнө жыйнаган деңиз. Ошону менен катар Пушкиндин поэзиясы таптакыр айырмалуу көрүнүш. Пушкиндин поэзиясы жаңы коомдук кыймылдан, атап айтканда, декабристтик көтөрүлүштүн идеяларынан азык алган.

Ал поэзия орус адабиятында өзүнчө бир улуу доор ачкан. Россияда поэзиянын искусство катары пайда болушу Пушкиндин ысмы менен байланыштуу. Орус адабиятындагы реалисттик багыт да, улуттук өзгөчөлүк да, элдүүлүк да улуу акындын чыгармачылыгында биротоло жеңип чыкты. Белинский сезимдин толуктугу, артыктыгы, форманын жөнөкөйлүгү, ашкере кооздугу жагынан дүйнөлүк адабиятта Пушкинге тең келерлик акын жок деп эсептейт. Ал турмуш бар жерден поэзияны ачат. Ал пас табият, прозалык предмет дегенди билбейт, анын сыйкырдуу калеми тийген жер поэзиянын нуруна бөлөнүп жаркырай түшөт.

Пушкин - терең улуттук акын. Орустун духу, орустун мүнөзү, орустун кайгы-кубанчы анын ырларында укмуштуудай күч менен берилген. Бозомук тарткан орус асманын, муңайыңкы орус талааларын, кейиштүү орус кыштактарын, борошосу боройлогон кышы менен муңдуу күзүн ал жаңыдан ачып берди. “Евгений Онегин” романын улуу сынчы Пушкиндин заманындагы орус коомунун энциклопедиясы катары баалаган. Ал ошондой эле Пушкиндин башка өлкөлөрдү, башка элдерди сүрөттөөдөгү чеберчилигине таң калган.

Ал Пушкиндин ырларынын түркүн кубулушуна, ансайын кооздугуна, музыкалык табиятына тамшанып суктангандан танбайт. Улуу акындын ырларын ал толкундун эпкинине, чагылганга, кристаллга, жадыраган жазга, кылычтын мизине салыштырат. “Адамдын ички сулуулугу жана көңүлдү алдейлеген гумандуулук”, жөнөкөйлүк жана поэтикалуулук, равшан муң жана оптимизм ал реалисттик поэзиянын мүнөздүү белгилери деп санайт.

Пушкиндин чыгармалары жөнүндөгү макалалардын цикли адабий пикирлердин, ой жүгүртүүлөрдүн өзүнчө бир жаткан казынасы. Анда тарых да, теория да, публицистика да бар. Улуу акындын баа жеткис тарыхый маанисин ачуу менен бирге анын көз карашындагы чектелген жерлерди да белгилеп өткөн. Ушул макалалары менен Белинский Россиядагы материалисттик тарыхый-адабий илимдин негизин жакшылап койгон.

Пушкиндин поэзиясынын нары мурасчысы да, нары улантуучусу деп ал Лермантовду эсептеген. Аны орус турмушунун да, орус адабиятынын да жаңы жактарын ачкан акын катары карайт. Лермантов - Пушкинден кийинки жаңы муундун, жаңы доордун өкүлү. Анын поэзиясы декабристтердин көтөрүлүшү жеңилгенден кийинки коомдук настроениени берет. Лермантовдун күйүткө, кусага, кээкерге толгон ырларынан улуу сынчы “ашкан жаман рассеялык чындыкка” тайманбай кыр көрсөткөн, тумчуктурган атмосферада жарыкка жол таппай азап тарткан, эркин турмушту куса болуп эңсеген жаңы адамдын образын көргөн.

Ал ырлар падышанын тактысына, крепосттук түзүлүшкө, түбү чирик коомго каршы экенин Белинский дароо сезген. Ошол себептен ал Лермантовдун мурасын бурмалап, тескери буруп, төмөндөтүшкө аракет кылгандарга татыктуу жооп берип, тайманбаган эр жүрөк акындын ичине бунт катылган чыгармаларынын нукура маанисин ачып берген.

Белинский Гоголго Пушкинден кийин орус адабиятында жаңы ачып, жаңы багытты баштаган художник катары карайт. Улуу сатириктин “ашкан жаман рассеялык чындыктын” пардасын сыйырган, бүткүл аки-чүкүсүн ачкан, чуусун чубап чыккан чыгармалары сынчынын саясий программасы менен эстетикалык принциптерине ойдогудой жооп берген. Ал 1842-жылы Гоголго: “Бизде азыр жалгаз гана сиз барсыз - ошондуктан менин нравалык өмүрүм, менин чыгармачылыкка деген сүйүүм сиздин тагдырыңыз менен тыгыз байланышта” - деп жазган. Ошон үчүн ал Гоголдун ар бир чыгармасын кубаныч менен тосуп алган, анын маанисин ачып көрсөткөн, пропагандалап турган. Баарынан да “Өлүк жандар” чыкканда ал өзүнүн майрамындай кубанып каршы алат.

Ушул чыгармада Гоголдун гениалдуу таланты барлык жагынан ачылып, реализм алда канча бийиктеген. Улуу сатирик биринчи болуп орус турмушуна тайманбай түз карап, анын терең түпкүрүнө кирип, көңүл жипкирткен абалын ачып, ыраспасын чыгарып, терең реалисттик, нукура улуттук чыгарма жазган. Ал чыгарманы Белинский кургакчылык өкүм сүрүп, думуктуруп үп болуп турганда жан сергите күркүрөгөн чагылгандын оту менен салыштырат, анын авторун болсо орус адабиятындагы жаңы доорду баштаган гениалдуу художник деп баалайт.

Ар кандай улуу чыгарма сөзсүз талаш-тартыш чыгарат. Жалган патриоттор “Өлүк жандарга” асылышып, улуу сатирикти орус турмушун, орус калкын каралаган, жамандаган, бир жактуу көрсөткөн деп күнөөлөшөт. Алардын ою боюнча “Өлүк жандар” жалаң гана алдамчыларга, макоолорго, дөдөйлөргө толгон антипатриоттук чыгарма.

Реакциячыл жазгычтар Гоголдун реализмин көтөрө алышкан эмес, орус турмушунун какыр-чикирлерин чубап чыканына каардашкан, көзгө сайган чындыкты айтканга өлгүдөй теригип калышкан. Ошол себептен алар “Өлүк жандар” сүтөттөгөн турмуш художниктин аз-аз калемине татыбайт деп, андагы каармандар орус коому үчүн типтүү эмес деп, ошолордун баары карандай калп деп чуу көтөрүшөт.

Белинский өзүнүн бардык кайраты, бардык каары менен реакциячыл жазгычтардын оозун жап басып, сынчыл реализмдин ошол улуу чыгармасынын таасирин төмөндөтөбүз дегендерге сокку уруп, анын пафосун ачып, “адабияттын летописинде да, коомдук аң-сезимдин летописинде доор” ачкан чыгарма экенин далилдеп көрсөткөн.

Белинскийдин ою боюнча “Өлүк жандар” нукура патриоттук чыгарма. Ал ошо кездеги орус коомунун ыпылас, түнт, наадан жактарын ачып, образдын тили менен ошолордун баары адилетсиз караңгы коомдук түзүлүштөн келип чыкканын айтат. Андагы турмуш реалдуу, ал эми каармандар болсо автор сүрөттөгөн чөйрө үчүн типтүү. Алардын типтүү экени мүнөздөрүнөн, жүрүм-турумунан деле көрүнүп турат. Чичиков, Собакевич, Маниловдордун образдарында жалпы орус элинин сүрөтү берилген эмес, бар болгону коомунун белгилүү бир бөлүгү гана көрсөтүлгөн. Гоголдун күлкүсү шайкелең, жеңил ой кишинин күлкүсү эмес, орус калкын жаны менен, каны менен сүйгөн, анын кайгылуу абалына жаны ачышкан адамдын ый аралаш чыккан күлкүсү. Булар ал чыгарманын терең патриоттук мүнөзүн айкындайт. Фарисейлик потриотизм, жасалма элдүүлүк Гоголго караманча жат.

Гоголь үчүн күрөш биринчи иретте орус адабиятында кеңири кулач жайып келаткан сынчыл реализм үчүн, улуу сатириктин чыгармачылыгы менен байланышкан “натуралдык школа” үчүн, адабияттын демократтык багыты үчүн күрөш эле. Ал эми ушундай адабият гана элдин мүдөөсүнө жооп берип, азаттык үчүн күрөшкө зор кошумча кошмок.

1846-жылы ал “Отечественные записки” журналынан кол үзүп, Белинский Некрасовдун “Современник” журналына өтөт. Ал жерде анын адабий ишине толук шарт түзүлөт. 1846-жана 1847-жылдардагы орус адабиятын обзор кылган айтылуу макалаларын жазат. Белинский журналдын идеялык багытын аныктап турду. Анын макалалары менен катар ал журналда Тургеневдин аңгемелери, Герцендин “Ким айыптуусу”, Григоровичтин “Шору каткан Антону” басылат. Тез аранын ичинде "Современник" революциялык-демократтардын күжүрмөн трибунасы болуп калат. Журналдын бир номеринде Гоголдун самодержавие менен крепосттук түзүлүштү жактаган, диний көз караштарды тараткан “Достор менен жазышкан каттардын тандалып алынган жерлери” деген реакциячыл китебин жексендеп соккон сыны чыгат.

1846-жылы жазында анын ден соолугу начарлай баштайт. Врачтардын айтуусу боюнча ал немец курорту Зальцбурннга дарыланганы барат. Аерде ал Гоголдон кат алат. Ал катында жазуучу Белинскийдин сынын жеке таарынычтан улам жазылган деп эсептейт. Сыркоо Белинский үч күн отуруп Гоголго жооп жазат. Өзүнүн басылып чыккан макалаларында улуу сынчы жүрөгүн өйкөгөн ойлорду, чындык сөздөрдү цензуранын айынан ачык айтылчу эмес. Бул катында көп жылдан бери бугуп келаткан ой-пикирлерин, өз калкынын тагдыры жөнүндөгү санааларын тайманбай түз айткан.

Ал адегенде эле ал кат жекече мүнөздөгү кат эмес экенин эскерет. “Биерде сөз жеке мен же сиз жөнүндө эмес, мен гана түгүл сизден да жогору турган нерсе жөнүндө болуп жатат; биерде сөз чындык жөнүндө, орус коому жөнүндө, Россия жөнүндө болуп жатат” - дейт ал Гоголду өз өлкөсүнүн сыймыгы катары, улуу жазуучу катары жан-дили менен сүйгөнүн айтат, мурдагы ажайып көркөм чыгармалары менен Россиянын аң-сезимине күчтүү таасир бергенин белгилейт. Ошондой жазуучунун мурдагы идеалдарынан баш тартып, элдин мүдөөсүн сатып, реакциячыл лагерге өтө качканын бардык каары менен айыптайт.

Орус калкын жаманатты кылып, динчил жана христианча жоош-момун деп жалаа жаап, жеке бийликтин баш көтөрбөгөн малайы катары көрсөткөнү үчүн, крепосттук түзүлүштү жактаганы үчүн, элди мистикага үндөгөнү үчүн сокку урат. “Камчынын үгүтчүсү, наадандыктын ашкан мыяты, илим менен прогресстин душманы, татарча үрп-адаттардын панегристисиз деги эмне кылып атасыз!” - деп кайрылат ал.

Белинский орус калкына, анын келечектеги зор тарыхый тагдырына, рухий күчүнө бардык жаны менен ишенет. Анын азаттыкка, прогресске, илим-билимге умтулуусун, терең акылын, атеисттик мүнөзүн, революциячыл духун даана сезген. Бирок алардын баары тышка чыгалбай тумчугуп, крепосттук түзүлүш менен падышалык бийликтин таман алдында чүнчүп жаткан Россияда мына ушул карама-каршылыкты эч кандай үгүттөр, дубалар же мистика менен чечишкен мүмкүнчүлүк жок болучу. Аны чечиш үчүн элдин адамдык сезимин ойгото турган агартуу иштери, цивилизация керек эле. Аны чечиш үчүн баарыдан мурда крепосттук укукту жоюп, жеке бийликти кулатып, калкка эркиндик адып бериш керек эле.

“Гоголго кат” - Белинскийдин идеялык жана чыгармачылык өсүшүнүн жыйынтыгы. Ал - орус демократтарынын күжүрмөн программасы. Ал - тайманбас революционердин, жалындуу патриоттун орустун алдыңкы адамдарына айткан керээзи. Ал - “...демократиялык басма сөздүн цензурадан өтпөгөн мыкты чыгармаларынын бири...” (Ленин).

Белинскийдин акыркы жазган чоң макаласы “1847-жылкы орус адабиятына назар” болду. Анда улуу сынчы элдин азаттык күрөшүнө, түпкү мүдөөсүнө кызмат кылган, турмуш менен тыгыз байланышкан адабият үчүн, демократтык реализм үчүн, “натуралдык школа” үчүн көптөн бери жүргүзгөн күрөшүнүн жыйынтыгын чыгарат. Ал “таза” искусствонун мыяттарына катуу сокку урат.

Ушул акыркы чыгармалары Белинскийдин диалектикалык материализмдин жолуна ишенимдүү түшкөнүн далилдейт. Бирок алдан тайып калган сынчынын аз өмүрү калган. Ал 1847-жылы 7-июнда элдин тагдыры жана келечеги, социализм, орус адабияты жөнүндө сүйлөп жатып жан берет. Бирок улуу кишилердин өмүрү эч качан дененин өлүмү менен бүтпөйт. Алардын ысмы, идеялары, сөздөрү күрөшкө чыгат. Ошолор өзүнөн да коркунучтуу болот.

Белинский өлгөндөн кийин падышалык бийлик анын чыгармаларын басып чыгармак түгүл, ысмын айтууга тыюу салат. Идеялык душмандары улуу сынчынын арбагын кордошот. Ар кыл шумпайлар анын кадырлуу ысмын өз максаттарына пайдаланууга аракет кылышат. Бирок Белинскийдин идеяларын, ал баштаган ыйык күрөштү Чернышевский башында турган революциячыл демократтар андан нары улантты. Тарыхый күрөшкө аттанган орус пролетариаты анын идеяларын, анын күрөшүн акыр-аягына жеткирди...

1961-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз