Адамды бийлик бузбайт, бийликтегилер өздөрү бузук

  • 30.05.2021
  • 3851

Садхгурунун (Жагги Васудев) – Индиядагы эң таасирдүү 50 адамдын бири. Анын рухий насыйкаты бизге эмне үчүн керек? Адатта бизде көндүм дооматтар көп айтылат: “Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков... дагы башкаларды айланасындагылар, үй-бүлөсү бузду”, “Адамды байлык, бийлик бузат” ж.б.у.с. Ал эми Садхгуру ушундай пикирлерди чечмелеп, ырастап берет.

Биринчи ирет – Садхгуру ким болду экен деп кызыкканымда, айрым негиздүү маселелерде көз карашыбыз кескин айырмаланды. Бирок менимче так ушул маселеде чындыкты таамай тааныган. Адамга өз ички дүйнөсүнө үңүлүүгө чакырык таштаган бул тааным ага өзүн таанууга жардам берет деген үмүттө кыргызчаладым.

Садхгурунун лекциясынын катышуучусу ага мындай суроо берген:

– Адатта бийлик баарын бузат, алардын арасында мен да бармын. Бирок мен азыр өзгөчө руханий жолго түштүм, сиздин жолуңузду жолдоочумун. Бул бузуку бийлик кумарынын мага үстөмдүк кылышынан оолак болгум келет. Кандай гана бийликке ээ болбоюн, мен анын кулу болгум келбейт. Сиз билесиз, бийлик бүт дүйнөнү бузду. Мен бул баш айланткан кылтакка илинбейин дейм. Сиз кандай кеңеш бересиз?

– Ким эмне дебесин, адамды бийлик бузбайт, бузуктук адамдын өзүндө.  Бул адамдын табиятындагы кемтик. Болгону, ал кемтиги колуна бийлик тийгенде ачыкка чыгат. Көптүн бири болуп эл арасында жүргөндө ага эч кимдин назары бурула бербейт, ошондуктан ал кемтиги байкалбайт. Бийликке келгенде ошол кемтик чоңоюп, такыр башка көлөмгө, ири көрүнүшкө ээ болот... Кимде ошол кемтик жок болсо, ал адам кайсы бир таасирдин себеби менен бузулуп кетпейт.  

Эң алды менен кемтик, бузуктук деген эмне, ошону талдап алалычы. Бузуктуктун негизги аныктамасына токтолоюн, уруксат эстеңер коррупциянын саясий аныктамасын да жанып өтөйүн.

Негизги аныктамасы мына: “мен” деген жана “сен” деген нерсе болсо, бул бузуктук башталганын билдирет. Анткени “мен” дайыма “сага” караганда маанилүү, туурабы? “Мен”, “меники” жана “меники эмес” деген мамиле пайда болору менен бузуктук тереңдейт. Эгер сиз “меники” жана “меники эмес” дегенге өтө эле байланып алсаңыз, демек бузуктук сизде бекем тамыр алып алды, андан ары тереңдей берет.  

...Капыстан меники сеники деп бөлүү абдан маанилүү болуп калат. Өзүңөн баштап үй-бүлөлүк деңгээлге, анан коомдук, улуттук, расалык, диндик деңгээлде көрүнөт. Бул бузуктуктун түрдүү деңгээли.

Бузуктук табиятында муну билдирет – адам өзүнүн бакубаттыгы тууралуу ой-санаасында, бакубаттыкка жетүү үчүн кылган иш-аракетинде башка бирөөнү жокко чыгарып коёт. Ушундай эмеспи? Үй-бүлөбүз, балдарыбыз бир жамандыкка кабылса көз жашыбызды көлдөтөбүз. А эгер көчөдөн жээрге тамагы, кийээрге кийими жок балдарды көрсөк, көзүңөр жаштанып да койбойт, бирок бузук экениңер тууралуу ойлонуп да койбойсуңар. Табиятыңардан бузуксуңар.

Эгер силер премьер-министр болуп, бул бузуктугуңар тууралуу маалымат каражаттарынан айтылса... кандай болот эле? Азыр силердин бузуктугуңар тууралуу эч кимдин эсине келбейт. Анткени силердин бузуктугуңардын кесепети анчалык кеңири аймакты камтыбайт. Айтайын дегеним, эгерде балаңыздын өмүрү коркунучка дуушар болсо көз жашыңыз көл болуп, а көчөдө толгон балдар кароосуз жүргөнүнө кебелип да койбосоңуз, анда бузуктукка белчеден батканыңыз ошол. Өзүндөгү мындай бузукту адам дайым эле аңдап биле бербейт.

...Эгерде сизде “бул меники”, “бул меники эмес” деп ажыратуу бар болсо, анда бул силердин кемчилигиңер, табиятыңардан бузуксуңар. Эгерде сиз премьер-министр болсоңуз, анда бул кемчилигиңизди баары көрүшөт. Ар бир кадамыңыз миллиондогон адамдар үчүн оңбогондой кесепеттерди алып келиши мүмкүн, ошондуктан бул билинип калат. Ошентип, бийликке ээ болуу менен бул бузуктук, уламдан улам айкындала берет. Мына ушул себептен биз баарыбыз биригип алып, күч-кубаттуу, таасирдүү, жоопкерчиликтүү орундагы адамдарга каршы чыгып атабыз. 

Өзүңөргө таандык ээлигиңерди, бир аз болсо да кеңейте алсаңар...

Эгерде өзүңүзгө таандык ээлигиңиз – бул жалгыз өзүңүз гана болсоңуз, анда сиз жаныңыздагы адамды тонойсуз. А эгер таандык ээлигиңиз кайсы бир коомдоштук болсо, өзүңөрдүн тобуңардын кызыкчылыгы үчүн жакшы иштерди башка бир топтун эсебинен кыласыңар. Өзүңүзгө таандык улут кызыкчылыгы үчүн жакшы иштерди башка улуттун эсебинен кыласыз. Бул бузуктук деп эсептелбейт, бирок бузуктук. Бүт дүйнө бузуктукка толгон. Бирөө дайыма бирөөнө каршы чыгат, ушундай эмеспи? Меники гүлдөп өсүшү керек, а сеники кыйрап жок боло берсин. Бузуктук деген ушул.

Ошондуктан, адамды бийлик бузбайт. Адамдар өздөрү бузук. Бийлик менен анын бузуктугу бейнеге ээ болот. Бийлик менен баары – бейнеге ээ. Эгер сиз акылдуу болсоңуз, сиздин акылыңыз бейнеге ээ болот. Эгерде сизде сүйүү болсо, бийликке келүү менен сиздин сүйүүңүз көрүнүп, бейнеге ээ болот. Эгерде сизде бузуктук болсо, бузуктук бейнеге ээ болот, көрүнөт. Өзүңүз негизделген сапаттарыңызды өзгөртпөй туруп, сиз курчап турган дүйнөнү оңдогуңуз келет. Жок. Гүлдөй турган бактар бар, тикенек өсө турган бактар бар. Бактардын кайсынысына канчалык бийлик берилсе, ошончолук гүл, ошончолук тикенек алабыз.

Ошондуктан, келгиле, адегенде өзүбүздү оңдойлу. Өзүңүздүн биологиялык башатыңыздан баш тартасызбы, же рухий башатыңыздан баш тартасызбы – тандашыңыз керек. Эгерде биологиялык табиятыңызга кийине турган болсоңуз, анда сиз бузук бойдон каласыз. Кайдан оңолмок элеңиз, дене деген чектелүү заттын иш-аракети, айланаңыздагылардын баары сизге жат болот. А эгер рухий табиятыңызга кийине турган болсоңуз, анда сиз мен табынуучу пендемин дейсиз. Бул өзүмдүн чектелүү табиятымды жокко санадым, эми бир гана Затка таандыкмын дегенди билдирет. Эгер ушундай болсо, анда сиз дүйнөгө премьер-министр болушуңуз керек! Керемет болот, дүйнө иретке келет. Эч кимдин бакубаттыгы башка бирөөнүн бакубаттыгынын эсебинен болбошу шарт. Бүт жер жүзүндө ушундай болушу керек, ошондо сизди эч нерсе буза албайт.

Даярдаган Жетиген АСАНБЕК

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз