Кандай гана кайгыруу болбосун байкап көр: же анда сен айрылууга даяр эмес бир жыргал нерсе бар, же маңдайыңдагы сабиздей салаңдаган ага болгон үмүт бар.
* * *
Эгер бай болсоң ал жөнүндө ойлонбо, эгерде сен кедей болсоң – кедейчилигиңе анча маани бербе. Эгерде сен бул жашоо оюн экенин эсиңден чыгарбай, бейпилчиликте жашай алсаң, көп азаптан тышкары болосуң. Азап – бул жашоого олуттуу мамиленин жыйынтыгы; ыракат алуу – оюндун жыйынтыгы. Жашоону оюндай кабыл ал, андан ыракат алып жаша.
* * *
Себеп биздин өзүбүздө, сыртта актануу гана...
* * *
Эгерде бир эле убакта сенде эркиндик жана сүйүү болсо, сага башка эч нерсенин кереги жок. Жашоого келген максатыңдын баары – өзүңдө.
* * *
“Жок” деп айта албасаң, “ооба” дегениң бекер кеп.
* * *
Жашоо ушунчалык кымбат, ал кеткенде, кайрылгыс бойдон кетет.
* * *
Перфекционист (өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жетишүүгө умтулган адам) – бул өзүн чоң кыйноолорго, ал эми башкаларды андан да чоң кыйноолорго салган адам.
* * *
Жыгылуу – жашоонун бөлүгү, кайра өйдө туруу – жашоонун өзү. Тирүүчүлүк – бул белек, а бактылуу болуу – сиздин тандооңуз.
* * *
Сен жөнүндө пикир түзүү акылсыздык. Менин сен жөнүндө пикирим жоктугунда эч айып жок. Биринчиден, анын мага не кереги бар? Сен жөнүндө пикир айткыдай мен киммин? Бул сенин жашооң: ичкиң келеби – ич. Сен жөнүндө пикир түзүү, бул көңүлүмдүн тереңинде сени башкарып алгым келгендигин билгизет.
* * *
Чындап же кыялыңда мамиле түзүү – бул психологиялык кулчулуктун аябагандай кылдат жасалган түрү. Же сен бирөөнү кул кыласың, же өзүң бирөөнүн кулуна айланасың.
* * *
Ким күчтүү, ким акылдуу, ким сулуу, ким бай – айырмасы эмне? Акыр түбү сен бактылуу адамсыңбы же жокпу, мына ошол маанилүү эмеспи?
* * *
Аягына чейин бүткөн эч нерсе жок, бардык нерсе бүтпөй жана түбөлөккө бүтпөгөн боюнча кала берет.
* * *
Дүйнөдө туруктуу бир эле нерсе бар, ал – өзгөрүш. Өзгөрүүдөн башкалардын бардыгы алмашып турат.
* * *
Сүйүүнүн мамилелер менен эч тиешеси жок, сүйүү – бул абал.
* * *
Сүйүү белгисиздикке сүңгүй алат. Сүйүү бардык кепилдиктерди жок кылганга жөндөмдүү. Сүйүү тааныш эмес жана изилденбеген нерселерге жалтанбай бара алат. Сүйүү бул – эрдик. Сүйүүгө ишен.
* * *
Дүйнөдөгү сүйүшкөндөрдүн эң ийгиликтүүсү, – бул эч качан жолугушпагандар.
* * *
Адамдар бардык нерсени олуттуу кабыл алышат, бул анан аларга керексиз жүккө айланат. Көбүрөк күлгөндү үйрөнгүлө. Күлкү мага дуба сыяктуу ыйык нерсе.
* * *
Биз накта турмуштун даамын татпагандыктан, жасалма турмуш өткөзөбүз.
* * *
Дүйнөгө сен кандай карасаң, дүйнө сени ошондой карайт.
* * *
Биз өтүп кеткен миллиондогон жылдардан мураска акыл-эсти эле алган жокпуз. Биз миңдеген жылдардын жиндилигин да мурастаганбыз.
* * *
Жакшы нерсени эмес, өзүңдүкүн изде. Анткени жакшы нерсенин бардыгы сеники болбойт, ал эми өзүңдүкү – дайыма жакшы...
* * *
Адам дүйнөдөгү жападан жалгыз күлгөндү билген жаныбар экендигин байкадыңар бекен?
* * *
Бирөөдөн уккан чындык – жалган нерсе. Өз башыңдан өткөргөндө гана ал чындыкка жатат.
* * *
Кыялыңды карап көр: ал кыял сенин турмушта жетпей калган нерсең жөнүндө кабар берет.
* * *
Оорусаң дарыгер чакыр. Бирок эң негизгиси, сени сүйгөн адамдарды чакыр, анткени сүйүүдөн өткөн дары жок.
* * *
Эркиндигиңди садага чапсаң, коом сага бардыгын берет.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ