- Эгерде сен сүйүп, бирок ал сүйбөсө – сөйкөнбөй кала бер. Эгерде сен сүйбөсөң, бирок ал сүйсө – аны карап, баалап, ойлонуп көр. Эгерде бири-бириңди сүйсөңөр – ал сүйүү үчүн күрөшкүлө.
- Жашоо сыноолору болуп турганда, маанайың жакшы же жаман болгондо, сүйүнүч жана күйүнүч тартканыңда, кыш менен жаз барда, күн менен түн, кайгы менен кубаныч болуп турганда гана болушу мүмкүн. Жашоо өз кыймылын бири-бирине карама-каршы келген эки уюлдун ортосунда жасайт. Карама-каршы кыймылдардын ортосунда тең салмактуулукту сактаганды үйрөнөсүң. Ошол эки канат болгон үчүн эң алыскы жылдыздарга учуп барганды үйрөнөсүң.
- Жолугушкандан кийин жан-дүйнөңөр аз да болсо тазара түшкөн адамдарды барктап, сактагыла.
- Каалайсыңбы, каалабайсыңбы – жалгыз экениңди моюнуңа ал. Жалгыздык – бул сенин жаратылышың. Сен аны унуткуң келет, досторду, көңүлдөштөрдү табасың, элге аралашасың... Бирок не аракет кылба, ал калкып үстүндө калат. Көңүл тереңиндеги жалгыздыгыңа алардын тиешеси жок, ал кол тийгис боюнча кала берет.
- Адамдар олуттуу көз караш менен калгылары бар, ошонун айынан көп кыйынчылыктарга кабылышат. Көбүрөк күлгөнгө аракет кылгыла, мен үчүн күлкү сыйынуу сыяктуу эле ыйык нерсе.
- Сен баарын билесиң. Сен ар дайым бардыгын билчүсүң. Бирок сен дүйнөнүн жарымын кыдырасың. Жүздөгөн китептерди окуйсуң. Ондогон устаттарды алмаштырасың. Ошондо гана эч жакка баруунун кереги жогун, бардык китептер бир эле нерсе жөнүндө экенин, устат да бирөө эле экенин жана ал өзүңдүн ички дүйнөңдө экенин түшүнөсүң.
- Сен жөнүндө эч ким, эч качан айтып бере албайт, алар эмне дебесин өздөрү тууралуу гана айтышкан болот.
- Сүйүү белгисиздиктерге барууга жөндөмдүү. Сүйүү бардык кепилдиктерди ыргытып салат. Сүйүү тааныбаган жана изилденбеген жерлерге боюн таштаганга кудуреттүү. Сүйүү – бул эрдик. Сүйүүгө ишенгиле.
- Башыңардан чыгып, жүрөгүңөргө киргиле, аз ойлонуп, көбүрөк сезгиле. Ойлоруңа жабышпай, сезимдерге чөмүлгүлө... Ошондо жүрөгүңө жан кирет.
- Сүйүү – бул дүйнөдөгү эң кубаттуу жана дарылык касиети бар күч. Сүйүү сыяктуу терең эч нерсе жок, анткени сүйүү – денеңди гана дарылабайт, ал акылыңды, жан-дүйнөңдү да айыктырат. Сүйүүгө жөндөмдүү адам өзүнүн бардык жаракаттарынан арылат... Жан-дүйнөңдүн эң эле ыйык деген жерлерин да Сүйүү гана калыбына келтирет. Сүйүү сырын түшүнгөн адам, Жашоонун улуу купуялуу сырына ээ болот.
- Абийрбек АБЫКАЕВ
Көп окулгандар
Кыргыз Эл Жомогу: Камкор Бала Жана Анын Достору
- 26.03.2024
- 17928
РОЗА АЙТМАТОВА: ОН ТОМГО БАТПАГАН ЧЫНДЫК
- 29.03.2024
- 11969
РЕАЛИЗМ АЛКАГЫН БУЗУП ЧЫККАН КЫРГЫЗ СҮРӨТЧҮСҮ
- 28.03.2024
- 11538
Түрк акыны Ахмет Ялчинкаянын поэзиясы
- 04.03.2024
- 6234
Конкурстук чыгармалар
Биздин Архив
- Апрель 2024 69
- Март 2024 99
- Февраль 2024 73
- Январь 2024 70
- Декабрь 2023 62
- Ноябрь 2023 63
- Октябрь 2023 60
- Сентябрь 2023 34
- Август 2023 50
- Июль 2023 41
- Июнь 2023 38
- Май 2023 50
- Апрель 2023 57
- Март 2023 54
- Февраль 2023 41
- Январь 2023 48
- Декабрь 2022 37
- Ноябрь 2022 25
- Октябрь 2022 32
- Сентябрь 2022 29
- Август 2022 29
- Июль 2022 45
- Июнь 2022 41
- Май 2022 37
- Апрель 2022 42
- Март 2022 49
- Февраль 2022 51
- Январь 2022 50
- Декабрь 2021 59
- Ноябрь 2021 41
- Октябрь 2021 72
- Сентябрь 2021 63
- Август 2021 69
- Июль 2021 83
- Июнь 2021 85
- Май 2021 63
- Апрель 2021 66
- Март 2021 85
- Февраль 2021 74
- Январь 2021 82
- Декабрь 2020 96
- Ноябрь 2020 63
- Октябрь 2020 51
- Сентябрь 2020 67
- Август 2020 56
- Июль 2020 77
- Июнь 2020 66
- Май 2020 43
- Апрель 2020 86
- Март 2020 24
- Февраль 2020 4
- Январь 2020 1
- Декабрь 2019 8
- Ноябрь 2019 2