Азыркылардын акыл-эсин аңтарар Гиппократтын айткандары

  • 09.06.2021
  • 3780

Гиппократ – байыркы грек дарыгери жана философ. Тарыхта «медицинанын атасы» деген атак менен  кирген.

Акча болсо болду, дарыгерлер айыктырат. Көпчүлүк адамдар ушинтип ойлойт.

А Гиппократ башкача айтыптыр. Ден-соолук – адамдын эң чоң байлыгы. Аны сатып да, узартып да ала албайсың. Тамакты чактап жеп, активдүү кыймыл-аракеттерди жасоо менен гана жакшы абалда сактоого болот”.

Дүкөндөрдө текчелер кул жебес түркүн азык-заттарга толуп, автомобил өнөр жайы болсо көчүгүңү жылытып турган жумшак отургучтарды ойлоп таап атса, кайдагы кыймыл-аракет?..

Гиппократ медицина менен гана чектелбеген, анын жашоо тууралуу айткандары да арбын:

Бардык кырсыктардын булагы жөнүндө минтет: “Бул дүйнөдө себепсиз эч нерсе болбойт. Эгер бир окуя болсо, анын сөзсүз бир себебинен күмөн санаба”.

Кеп бул жерде өздөрүнүн ити чөп жебей, өз кылгандарын жана көйгөйлөрүн тагдырына шылтоолоп актангандарды көзгө сайып жатпайбы. Акыл-эстүү эле адамдар айласы кеткенде “Эми ушундай болуп калды...” деп ийин куушурат эмеспи. Бирок жасаган иштерибиз – биздин ойлорубуз менен чечимдерибиздин жыйынтыгы. Эркинен тышкары иштерди акылынан айныгандар жана келечекте эмне болорун ойлонгусу келбегендер гана жасайт.

Убакытты ишке да, оюн-тамашага да бөл. Гиппократ айтыптыр:Акылмандар оюн-тамашага азгырылбай, иш кылганды жакшы билет. Башкача айтканда, жана ал мыкты ишкер, татыктуу адамдардын арасында – токтоо...”

Бизге миллиардерлер өздөрү экологиясы укмуштуудай таза аралдарда, анда-мында маанилүү телефон чалууларга гана жооп берип жашап жүргөндөй сезилет. Мээбизге күндө 8 саат иштеп убара тартпай, башты иштетип, жатып алып акча табуу керек деген ойду “куюп” жүрүшөт. Эгерде сен “кулдай” иштесең, анда жер жүзүндөгү бактысыз адамсың. Сүргүндө жүргөн бир бечарасың.

Көпчүлүк адамдар капысынан эле мураска чоң байлык алып, кылып жүргөн ишимден кутулсам деп кыялданат. Эч ким өзүнө кубаныч тартуулаган иш тапсам деп тилек кылбайт. Өзүнө ыңгайсыз жумушта иштеп жүргөн адам күн сайын стресс алып, жашоонун кубанычын сезбей, эрте карыйт.

Акылдуу адамга эс алуу үчүн мухит жээгине баруунун кереги жок. Ага бир саат жайбаракат тынч жатып, кызыктуу китеп окуган эле жетиштүү.

Сүйүү тууралуу

“Баш кошуу бул – от жалындай ысык башталып, муздап калуу менен бүткөн оору”.

О, эгерде биздин эркектер менен аялдар жаңы үйлөнгөн биринчи жылкыдай күчтүү сүйүшкөндө эмне! Анда жашоо жомоктогудай болмок. Бирок бул жашоодо түбөлүктүү эч нерсе жок. Сезимдер да мокойт, өчөт. Андан ары эмоциянын жаңы булагын издеш керекпи же бири-бирине кайдигер мамиледе жашоо улантыш керекпи: бул ар кимдин өз тандоосу.

Жашоо тууралуу

“Жашоо кыска, искусство жолу узак, ыңгайлуу учур тез кетет, тажрыйба алдамчы, ой жүгүртүү оор”.

Көрсө, жашоо оор экен. Бирок көзүңдү шор басып, кулактарың бүтөлүп калган учурда гана. Болбогон бир ишке чыдабай, адам баш көтөрө албай белинен бүгүлүп калганда. Эгер жашоону жашоодой толук кабыл алып, анын кубанычына жана азап-тозогуна чыдай билсең, мурдуңду дердейтип, айланаңдагыларга кыйынсынбасаң, эгерде уятың болуп улууларды сыйласаң, билим алууга умтулсаң, бирок ошол учурда калыптанып калган адаттардан арылып, жакшы менен жаманды ажырата билсең – ошондо бактылуу болосуң.

Ден-соолук жана оорулар жөнүндө

Эртең мененки тамагыңды өзүң же түшкү тамакты досуң менен бөлүш, кечки тамагыңды душманыңа бер”.

“Жаштарга караганда кары адамдардын оорусу аз, бирок ал оорулар өлгөнчө жетет”.

“Дары айыктыра албаганды темир дарылайт; темир дарылай албаганды от айыктырат; от айыктыра албаганды ажал дарылайт”.

“Эгерде ажалың жетпесе – сени дарыгер да өлтүрө албайт” – дейт байыркы макал. Бирок Гиппократ коңгуроо кагуусун кийинки убакыттарга жылдырса болот деп эсептеген.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз