Касым Тыныстанов: Мариям менен көл боюнда

  • 10.06.2021
  • 11478

20 - 30-жылдардагы Кыргыз Совет адабиятынын тарыхын терең изилдеген белгилүү адабиятчылардын бири Искендер Жумабаевдин ырастоосу боюнча Касым Тыныстановдун "Мариям менен көл боюнда" аттуу бул эмгеги ошол мезгилде жарык көргөн эң алгачкы аңгеме жанрындагы чыгарма болгон экен...

АҢГЕМЕ

Жаздын күнү жаратылыштын түрлөнгөн кези. Жан-жаныбар кубанычка өнүүдө, өсүүдө. Жок-бар болгон бир жан эки болгон. Кой козусу менен, уй музоосу менен, төө ботосу менен өз-өзү сүйүнүчтө. Кез жаз чарбагы. Чарбачыл кыргыз бир сыйрасы көл жакалай конгон.

Күн бешим. Мен дөңдө... бет. Алдыда көл. Көл тунук, тынч. Бетиндеги чыбыр-чыбыр майда толкун. Ал жаздын түрдүү күнү менен алек, кубанат, ойнойт, күлөт. Билинер-билинбес ай дөшүлөп көтөрүлгөн, көл бети бешиктеги күнөөсүз дүйнөдөн капарсыз жаштын (элесин) карашын берет.

Көл тынч, тунук...

Кыркалай тигилген ак үйлөр көлдүн көркү. Эшиктин баары түрүлгөн, көлгө караган. Кечкурунку чөп башын кыймылдатпаган жумшак жел, көл бетин эркинче кучактап жатып кайра тартарында түрлүү эшиктен кирип, тартылуу түндүктөн чыгат. Көл бетинен алган ылазаты менен үй заттарын сыйлайт, көшүтөт.

Берекелүү короо аңкыган койго толтура. Катындар колуна көнөгүн көтөрүп эртеңки айранына камынат. Бир кой кошокко кошулса көгөндөн бирөөнүн козусу бош жүрөт, кечке баласы көзүнөн учкан токтулар көнөктөн калган сүтүн элден кызганып, короодон обочолоп барып козусуна берет. Мекренип козусунун куйругунан жыттап ылазаттанат.

Короодон оогун жерге барып көк чөптүн үстүнө шап ийет (ийийт), салп үлөндө оюңда чийиндин тышындагылары ичтегилерин сабайт. Ичтеги өнөгүн алуу үчүн кайраттуу буту менен серпкенде тыштагы он бүктөлүп жата калып ичтегинин этин оорутат, өнөгүн алдырбайт. Жыйналган жаш биринен бири өнөрүн ашырат. Өсүп келе жаткан жаш денени сорагы тарчын ичинде үйрөнөт. Келечекке маш кылууга тырышат. Абышкалар бир бөлөк. Көл четинде кумда-кай бирлери тогуз коргоол менен алек. Бири көчүп жеп, бири жедирет. Көчүү, жешүү ортосунда өздөрү бир солай өткөн күндү эске ала отурушат. Оюнда жоктору мүйүз чакчаны кончтан алып наспай тартышат да, жортуулга түшүп кетишет. Бири эрдигин сүйлөп, бири атын мактап, кай бири өткөн заманды чексиз эркин сагынып солкулдап аяп коёт.

Мариям да капалуу, көңүлүн көтөргөнү тышка чыккан, башында кундуз тебетей. Үстүндө көк шайы көйнөк. Абышкалардан айбыгып, өзүнүн чоң үйүнүн арт жагына бурулду. Мариямдын ал эмне үчүн тышка чыкканын мен билем.

Ал жүдөгөн көңүлүн кечтин салкын абасына сергитмек. Кечке үйдө отуруп тизгинсиз кыял дарыясында чертткен өмүрүнө жарыкчылык көрсөтмөк. Мариям түрдүү гана ойду ойлонуп көлгө барды. Көл жээгине отуруп колун, бетин жууду. Шарт-шурт этип кепичке умтулган майда толкун Мариямдын көңүлүн бир аз өзүнө тартып, мурунку бийлеген кыял кучагынан бошонду. Мариям өзүнө карай умтулган толкунду кайра серпип ойноп отурду да, өз ичинен бир аз ыр ырдады. Бирок ордунан туруп, кол жоолугуна колун сүртөрдө, Мариям кайтадан терең кыялга кетти. Колунан жоолук түштү. Көл бетин кыял ойнотту. Мариямдын эки көзү көлдө турду да калды...

Мариям не ойлонот? Мариям көлдүн көз жеткис четин ойлойт да, тереңдигине көз салат. «Мен тилеген эркиндик көз жеткис көл чети менен качып кутулгус туюк турмуш сырсыз тунарган көл түбү го?...» дейт. Мына ушул ойлор Мариямды талдырат. Көлдөн кургакка карап соккон шамал бирден-бирге көтөрүлөт да, Мариямдын саамай чачын бириндетип учурат. Этек-жеңин желпилдетет. Көл бети удургуп коёт. Бар күчүн жыйнап чымырканган толкун жардан кагуу жеп кубатын жоготот да, шарп-шарп этип кайдагы эски жомокту сүйлөйт. Мариям бийлеген кыялдан ойсуз башын жулуп алды да, жеңеси Карачачтын үнү менен үйүнө карап жөнөдү...

Бул күнкү көрүнүш көл кыркалай тигилген аппак үйлөр, тебилген шабиет, жайнаган мал, ойнолгон тогуз коршол — булардын бардыгы «ой, дүйнө, ой!» кезегинде күтпөй турган турмушпу...? дегизип, өткөн бабам күндөрүн эстетти. Кам ушуну менен канар байкуш Мариямдын турмушу менин башымды чулгады... Кеч болду. Эл жатты. Мен да жаттым. Бирок уйкум келбеди. Башымды бийлеген Мариям кайгысы мени кыял дарыясында кай убакта калаксыз кайык менек жүрөмүн. Кай убакта караңгы жолсуз караңгылык арасында жүргөндөй боломун. Жан-жагым шуулдайт. Эч нерсе көрүнбөйт, калың караңгы, кай убакта күңгүрөнүп кычырайт, солкулдайт.

Мен жүрөм... жүрөм... байкуш Мариямга орун издейм. Бирок эч жерден орун таба албайм. Өзүмдү калың түнт чер ичинен көрөмүн, уйкум келбей жаттым, түн ортосу болгондур билбейм, айтор кулагыма бир үн араңдан-араң угулды, арманы калың ойдон бошотту. Мен ырга кулак коюп тыңшап жаттым. Бир аздан соң аргын айылга жакындап келип ашкере үн менен;

Карарып көзүң моймолжуп,
Калыпка тартып койгонсуп,
Кайгыны башка саласың
Караңгы түндө ойготуп,

— деп аягын созуп калганда «карма кагынчык ой... карышкырдын канчыгы ой»... деп бекбекейлеген Карачачтын үнүн уктум. Карачачтын мурункулардын аягын созуп калганына караганда, бул ырдаган Курман болсо керек. Карачач менен сүйлөшүп, ыгы келсе Мариямга жолугууга болбосо Курман менен аңгемелешип кайтууга ойлоп мен да ордумдан туруп тышка чыктым. Чыксам ай жарык. Көл абдан мемиреп тынчтыкта экен. Мен короого жакындаганда (мени таанышпады белем), Курман жашынгандай болду. Карачач кайпактап менин астымдан чыкты да:

- Бетим... сен белең? Мени кара басып унутуп калган турбаймбы, кыз сени ойготуп кой деп мага тапшырып кетпеди беле, — деди.

– Кой, ачууланбай эле кой. Жашынган ким? – деп сурадым.

– Жашырмак белем сенден, ал Курман. Эртең көчөбүз, ошон үчүн кыз сени менен сүйлөшүп калайын, таарынат ко деген. Мен адам, калп айтмак белем.

– Кайда көчөсүңөр?

– Элиңергеби?...

– Элибизге баралы эми, кыз зарыгып калды. Биздин үйдө аркы булуңда.

Элибизге деген сөз таманымдан дүркүрөгөн төбөмдөн чыкты. Көзүм тунарып, башым айланып, жан-жагымды караңгылык каптады.

Мариямдардын элине көчөрү да бышык. Мурун эли менен партия болгондуктан, биздин элге көчүп келишкен. Кийинки күндө аралары таттуулашкан соң, көчөбүз-көчөбүз деген сөз нечен болгон. Бирок биздин элге үйрөнүшкөндөн кийин таштап кетишкен болуп жүргөн. Көчөбүз дешсе көчкөнү.

Мен көл бойлоп жүрүп барам, калың кум бүт таштан жүргүзбөйт жолума, жолдо калып жан-жайымдан жан сүйлөшкөндөй дабыр-дүбүр угулгандай болот. Кумга жаба кагылып шарпылдаган көл толкуну мени кээ бир жерлерде чочутуп жиберет. Карыш жер маган чакырым жерден келем. Жалгыз гана көл бетине түшкөн этектей айдын нуру менден калбай да, озбой да бирге келет. Мен Мариям күтө турган булуңга жеткен кезде, Мариямдан да ырдаган үн чыкты. Тура калып тыңшадым.

Ай жарыгы чачкан түн,
Дүйнөнү түрдөп баскан түн.
Белгилүү жерден жар күтүп,
Кайгылуу көңүл ташкан түн.

Жар үчүн жаштар сүйгөн түн,
Жүрөккө сырды түйгөн түн,
Болжолдуу мезгил кечиксе,
Бир жактан көңүл күйгөн түн.

Жаркыраган жарык ай,
Жарашкан сулуу саймадай,
Жаш жүрөгү уялчак
Жашынан бекен келе албай. -

деп муңдуу үн менен аягын созуп аптыкканда, мен жүгүрүп жанына жеттим. Бул түн асретибизди айтыштыра турган түн. Асыл таштай ардактап сактаган сырларыбызды ортого салдыра турган түн. Бул түн эки жаштын келечектеги, өмүр жолун белгилей турган түн. Биздер көл жанындагы кумга олтурдук. Жаратылыш түн кучагында. Айлана тынчтыкта. Эч чуу жок. Күзгүдей бети мелмиреп ачык, көл көшүлгөн. Бул да жаздын таттуу уйкусунун кучагына берилген кыймылсыз тынчтык.

Кай убакта көл бети көпкөлөң тартып көтөрүлгөндөй болот. Бирок ай түтү аны терметет, чайкайт. Көл бети кайтадан көшүлөт. Айлана тынч. Жалгыз гана асмандагы ай тынчсызда. Эки жаш тынчсыз, Ай токтоосуз сүзөт. Ашкан белгилүү убакта кезегин күнгө берүү керек. Ошон үчүн ай белгилүү мезгилде белгилүү өзөнгө жетүүгө тырышат. Мезгил өтсө, күн алдында кадырын жоймок, түрүн жоготмок. Ай ашкан мезгил кыска. Эки жаш ашыгат. Өмүрү, жолу кыска. Тагдырдын жомогу жакын.

Мариям бир аз тамаша сөздөн соң, көзүн айландырып, муңдуу дабышы менен биздер азыр сыр айтышабыз, дүйнөдө биз шордуу сүйгөнгө бара албайбыз. Азыр сени менен түн күзөтүп, сыр айтышып олтурам. Эртең элибизге көчкөндө менин жайым не болот?! дейт да, мойнумдан кучактап туруп, тыңшачы жаным, жүрөгүм дүпүлдөйт. Эртең сенден айрылганда мен кантем? Мен чындап эле ошонун колуна барамбы? Тыңшачы жаным, жүрөгүм дүпүлдөйт, мен кантем? деп үшкүрүп, карагаттай көзүнөн жаш тамчылатат. Анын келбетине бүткүл жаратылыштын сулуулугу, байлыгына байланышкан, жибектей созулган беш саамай, чийилген кара каш, карагаттай кара көз, айдай бети, кылдай бели, укуруктай мойну жигиттин жигитин эсинен талдырарлык. Ар бир кавхар арзандык менен табылбас. Ал куштун булбулу. Асрети мол... Сенин «элибизге» деген сөзүң Мариям менин жүрөгүмө тикенекче саят. Көрөрбүз Мариям, сен коркпо. Өлсөк бирге өлөбүз. Ушунчалык эл бизди өлүмгө кыйып жибербес, биз качалык деймин мен.

— Кечиргин жаным, мен айткан убадада тура албадым. Курган ата-энемди жер каратып таштай албайм. Ал күнөө менде деп ыйлайт. Мариямды канчалык кыстаганымда айткан сөзү жогоркудай, энемдин сөзүн кантип актайм, атамды кантип жерге каратамын. Эл бетине кантип караймын деген сөздөр кучагынан бошонуп чыга албайт. Мен дагы түрлүү жагынан кысмактап карап, болбогондон кийин туюктандым. Акырында бул бир күндүк конокко келер-кетер сырын билип калайын деп, көңүлүн көтөрүп башка сөздөргө салдым.

Мурунку дүйнөдө кабарсыз ойноп-күлүп жүргөн кездерди андан кийинки кол астынан антташкан шерттерди айттым. Мариям мунун бардыгына сөз табат, сөз кайтарат, качан сөздү бурмалап көңүл сүйбөгөн күйөөсү жакка алып барганда Мариям үнү кан уюгандай токтолот. Өзүнүн азыркы турмушун жоготуп, алда кайдагы кыял дарыясына чөмүлөт. Менин тизем үстүнө чыканактап жатат да, көл үстүндө дирилдеп ойноп турган ай жарыгына көңүлүн бөлөт. Мариямдын күнөөсүз жүрөгү кай убакта көл үстүндөгү ай менен сырдашып кетет. Кай убакта Мариям кыял дарыясынан өзүн тартып алат да, көкүрөгүн керип улутунуп-улутунуп бир ырдап жиберет.

Алтын нурун арттырып,
Ай асманда күлгөн чак,
Ак бешикке жаткырып,
Апа алдейлеп сүйгөн чак.

Өнүмү жок өзү бош,
Өптү беттен шамалдай,
Өткөн өмүр өңсүз түш,
Өкүнөмүн табалбай.

Аттиң дүйнө куш болсом,
Азат үчүн сайраган,
Асыл көлгө туш болсом,
Атыр жыты жайнаган.

Жок, жок, а да карексиз
Жугуму жок бош кыял,
Жолум туман дарексиз,
Жөнүм кайда согулар.

Махаббат шамын күйдүрсөм,
Муздуу жүрөк жангандай,
Муңга толо жар сүйсөм,
Муңдуу көңүл бул кандай?

— деп Мариям бир ойдон бир ойго секирип түшөт. Жашыл көлдөй жаш өмүрү эсине келет. Ал Өмөрдүн кызыктары уйкуда көргөн өңсүз түш сыяктуу болуп жоголгонуна өкүнөт. Мариям кай убакта азат учкан куш болуп, атыр жыттуу гүлдөр арасында эркин сайрап жүргүсү келет. Бирок келечек жолу караңгы керексиз болгондугунан ал кыялдан аша кечип керексиз болот. Бирок мында да ачык эч нерсе айта албай, муздуу жүрөк менен муңдуу көңүлгө сүрө кылып калтырат. Же анда, же мында жок шордуу Мариям ырайымсыз турмуш чеңгелинде эрксиз чайпалат.

Таң белгиси билинди. Күн чыгыш кулан-эктен агарды. Таң жели көлдү уйкудан ойготту. Толкундар тармалданып кыймылга түштү. Таңдын атып келе жатканын журтка жарыялап, көк чаңкай өткүр үнү менен күүгө салды.

Токойдун бир акыны көк шалкы, а дагы сызылган күүгө үнүн кошту. Биздер да кайрылып келе жаттык. Айрылуу минута жеткен кезде Мариям чөнтөгүнөн шайы жоолугун чыгарып таң желине желбиретип кармап турду да, жашыган үн менен:

Таң атаарда салкын жел,
Убакыт деди муну бил,
Белегим мына берилчү
Сүйгөнүм секет колуң бер.

Ушул жерде жок кылгын,
Жүрөктө калган чер.
Өбүшөлүк коштошуп,
Кадырман секет бери кел.

– деди да шайы жоолукту белек кылды. Биздер айрылуу саламын айтыштык. Таң аппак атты. Күндүн мурду жайылды.

Көл бети көркөм от менен кооздонду. Узак да болгон жок. Салын байбиче үйүн сыйырды. Мариям көчүн күтүп туруп, өз көзүм менен узаттым.

Жана айтабыз:

(Келгин).

«ЖАШ КАЙРАТ» 3,4-сан.

1924-жыл, март, апрель. Ташкент.

II

Мариямдардын биздин элден кеткендерине жыл ашты. Мариямдар элине былтыр жазда кетсе, мына быйыл бир жыл которулуп, жай кап ортосу болуп, биздин айыл Талды-Булакка келип конушкан. Айыл Талды-Булактан бир которулса, үйгө түшкөнү мына Мариямдын кеткени эки жылга аяк басканы мейли. Эки жыл эмес андан көп болсун, махаббат таасири кайдан унутулсун: өткөн күндүн кадырлуу мүнөттөрү, махаббат чогуна күйгөн жүрөк жалгыз гана махаббат суусу менен басылсын да... дегендерден жогорурак кез эле. Кечке желеде көзү акыйган кулундар тыбырчылап токтобогондуктан, жылкыны эртелеп агытып жаттык. Ачыккан кулундар жайлоонун жел аргысына чыйрыгып туйлап алекке салып жатты. Жылкыга минүүгө деп, мен азоо кербыштыны зорго жүгөндөп жатканымда, короонун четинде энем менен бир атчан кишинин сүйлөшүп турганын көрдүм...

Мен үйгө келип керди токунуп жатканымда, энем келип, сен бүгүн жылкыга барба, ордуңа башканы жибер, мында жумуш чыкты. Бул кабар канчалык мени сонуркатса да, ошо замат мунун кандай кабар экенин билүүгө чамам келген жок. Энем кабарыңкы түрдө эле.

Бирок узабастан эле, кайгылуу сырлар мении кулагыма келип тийди.

Бул кабар байкуш Мариям туурасында. Мариямды узатар кезинде Сылан байбиченин илик-жилигине жиберткен кабар болуп чыкты. Биз Мариямдар менен кыз алышып, кыз беришпесек дагы 3-4 жыл айылдаш-конушташ жүргөнгө ошончолук кадыр-көңүл өтүшкөндөй болгон.

Жылдыз толду. Короодо бала-бакыра чуулдашып козу байлоо менен алек. Жайлоонун бышкан чөбүнө тойгон семиз кой ысылап короодон обочологон (м) га «ай-чай!» көбөйгөн. Мен аны-муну иреттеп үйгө киреримде чымчыгым деп жер соргулар түбүгө жете турган болду го деген энемдин ачуулу үнүн уктум. Атам илгертен берки эскирип болгон аюу талпактын үстүндө жанбаштап жаткан экен. Энем жакасында көрпө ийлеп олтурган, бирок кабагы салыңкы капа көрүндү. Мен келип тийиштүү ордума отурар менен эле энем: «Балам, эртең сен барып Мариямга көз көрсөтүп кайт. Куру кол абышка-кемпир кантип барабыз. Кечеки старчын алган тору байтал ушундайга ылайыктуу мал эле, анын көзүн жер жуткурлар тазалады. Же кой-козу саткыла, кийим-кечек кошконго базар жакын эмес. Сен барып жай-мааниңди айтып кайтарсың. Сылан байбиче таарынат, таарынса да кантейин» деди.

Атам: «Биздин жай-жойду көрбөй турушабы. Аны-муну издегенде же мурунтан кабар кылышкан жок. Антпей эле өзүң барып жай айтып кайтсаң болбойбу» деп энемдин сөзүнө каршылык айтса да «куру кол саксайып кантип барайын» деген жооп менен атам канагаттангандай болду.

Оттон казан түшүрүлүп, ала күүгүм тартканда энем үшкүрүнүп «кайран теңсиз жер, күнү үстүнө кетип бара жатканын карачы. Сылан байбиче канчалык тырмаса да элине ээ боло албады белем... Ургаачынын малча сатылып кеткенинен да күнү үстүнө барганы кыйын кеп го.

Ата деген кыз балага таш боор турбайбы, болбосо Кочкорбай жалгыз кызын күнү үстүнө бере турган эмне жөнү бар эле деген сөздөрдү айтып Мариямга өзүнүн ичи ачышканык билдирди. Буган каршы: «О кудай урган! Эл кыстаса күнү үстү деп сен кызыңды бербей коёр белең? Ургачынын чачы узун, акылы кыска» деген ушу... «Кыз менен мал эл ортосунда данакер да» деген атамдын ачуулу жообу Мариям туурасында башталган аңгемени аяктады.

Чынын текшергенде Мариям туурасында Кочкорбай да жазалуу эмес эле. Анын элинен чыга албай калганы да ырас болучу. Мариям тарыхы мындай болгон: Кочкорбайдын жакын агалары Бейшенби деген атактуу зулум болгон. Ал бир шайлоодо болуштук талашып өзүнө жаат кураган. Кочкорбай атактуу байдын бири болгонго, аны уулу Молдобайды бий кыламын деп Бейшекең колтугуна (б) кыса жүргөн. Бейшемби шайлоодон жеңилгенде эрегиш менен эки ортодон чатак чыгып, сол партиядан эр өлтүрүлгөн. Ошонун кастыгынан жеңген партия келип Мариямды тогуз жашында башын чатыган. Жамандын кою союлду, башы да жарады деген ушу эмеспи!!!

Аңгеме аяктаган кезде, мен төшөнчүмдү көтөрүп чыгып короо четиндеги көк шиберге жайландым.

Ай жарыгы болбосо да, жайдын ачык түнү сансыз жылдыздары менен асманга көрк берип турат. Мен чексиз кыял дарыясына чөмүлдүм. Мени кыял дарыясында агызган Мариям. Мариям менен сырдашып жүргөн күндөрдө баары менин көз алдымдан тизилишип өтүп жатты. Мариям менен ажырашаар түнкү таң желине кошулуп сайраган көк шаңкай үнү, азыр да менин кулагымда сайрап тургандай угулду. Бирок мен канчалык түпсүз кыялдар менен алек болуп жатсам да, таң жели эзелки жөө жомогун сүйлөгөн кезде, жайдын таттуу түнү мени уйку дүйнөсүнө терметти...

Эртеси улуу шашке ченде мен жолго түштүм. Алдымдан мингеним жылкычынын кери эле. Таң аткыча каңтарылуу жүргөн чалпоо шордуу анын да шалпысы бошоп келе жатты. Барар жол бир катар болгонго менин да мазам болбой келе жаттым эле, жолум болуп, жолумдан Курман кошулду. Курмандын да илик-жилик иретинде Мариям тоюна барарлык жөнү бар эле. Бирок ал ата-энесинин жөн шилтегенинен эмес, өзүнүн башы ооп гана жолго чыгып калгандай көрүндү. Алдындагы чандырлаган сур баятан шойтоктоп менин алдыма түшүп жол баштап барды.

Биздерди жайлоонун кымызы талыкшытты белем, биз аздан соң эле бирибиз артта калып чубаша бастырдык. Карагайлуу булакты өрдөгөндө гана Курман кайрылып күтүп туруп, жаңыртып сөзгө салды. Менин унчукпай келе жатканымды Мариямдын кайгысына жооп кайтарып келе жаттым. Курман бир аздан соң сөздү дагы башка жакка көчүрүп, Мариям менен менин башымдан өткөн тарыхты сурай баштады. Бул маселеге эринчекти шылтоо кылып отуруп, акыры Курман жеңди. Мен болгон окуяларды тегиз сүйлөп өттүм. Курман абдан угуп канган соң «Ар ким билген заманынын кулу турбайбы, кай кыз ата-энесин таштап, сүйгөнү менен кете алды. Кай жигит ата-энесиз, малсыз сүйгөнүн ала алды» деп турмушта өзү көргөн акыйкатты сүйгөн сөздү өзүнө көчүрдү.

Кочкорбайдын айлындагы Айша деген бөлөсү менен сүйлөшкөндүгүн, аны алып кача турган болгондугун, чын-чынга келгенде ал кыздын ата-энесинен чыга албай, убададан тангандыгын айтты. Бирок бул жерде айыптын баары кедейликтен болгондугун сүйлөп,- өзүнүн жардылыгына өкүнүп, сөзүнүн аягын кайгылуу үшкүрүк менен бүтүрдү.

Күн бешим мезгили болуп калганда биздер көк кыяны ашып, Сүттү-Булакка кирип келдик. Кочкорбайдын айлы «тээ-тетиги көп айыл болсо керек» деп камчысы менен түртө-түртө Курман жүрүп отурды. Узак да болгон жок, койчу-колоңдун жөн шилтеми менен биздер дем арада кирип келдик.

Айыл үстү опур-топур экен. Биздер түз эле Кочкорбайдын өз үйүнө түштүк. Үй ичи кым-куут, катын-калачка толтура экен. Сылан байбиче менен амандашып отурдук. Сылан байбиченин өңү катуу кайгылуу кишиникиндей. Бирок күйпөлөңдөп жүргөнүнө караганда, не болсо да тойду адал ниет, ак жүрөк менен өткөзөйүн деген багытта калса керек. Төрдө отурган эки катындын бири Мариямдын күнүсү экенин айтып Курман отурарыбыз менен эле шыбырады. Жашы отуздарга барып калган карасур; мелтиреген киши экен. Өңүнө карап сын бергенде «ичимден тап, мистейменин бири көрүндү. Байын күйөөлөтө келип, өзүн кудагый ордуна кармагандыгына караганда, өмүрүндө согончогу канабаган, эрин бир колу менен айландырган адистердин бирисиң го деген кыял менин көкүрөгүмө тык эте калды. (Мындай кудагый ордуна жүргөн күнүлөрдү эл ичинен учуратууга болот. Мындай катындар көбүнчө байын өзү билгендер).

Күнүсүнүн түрүн көрүү менен Мариямдын өмүрүн караңгы туман ичинде өтө турганын болжодум. Аңгыча болгон жок, катындар арасынан чатак чыгып кетти. Катындар арасынан бир жылма келинчек кудагыйга карап: (кудагыйга деп Мариямдын күнүсү жандаган катынга айтабыз ) «биздер мурун кыз алышып, кыз беришпей койдук беле кудагый? Тойду эмне жакшылап түшүрбөйбүз? Менин жер-жемишим кана, ушу сыяктуу кудалар кана? Теңсинбедиңиздер белем, союшка алып келген малыңыз жиликсиз, кызыбызды басынтканыңарбы?» дегендей кыргыз арасындагы боло турган сөздөрдү кекээр менен кудагыйдын алдына туура тартты (Бул келинчек Бейшембинин токолу экен, Курман дагы шыбырап өттү). Атайлаган кудагыйы сөз кайтарганча, Мариямдын күнүсү жолдон илип алып, «Кер какшык жүргүзбөй эле кой келинчек, кимдин дүнүйөсү түгөл болгон экен? Барыбызга эле тор түшкөн, анын эмнесин бул жерде бетке басасың? Ар нерсе алына карай эмеспи?» дегендей жоопторду каршы койду. Эти ачынып калган келинчек тартынсынбы, буйдала түшүп каршы сөздөрдү дагы чуурултту: «Эмне үчүн бетке баспаймын, өз кубанычым, өз тоюм, күнүлүгүңдү эмитен эле көрсөтө баштаба; айыл бөлөк, мен сөз боюнча кудагыйга кылдым, сен эмне ортого кыпчыласың? Сенин сөзүң ак болсо да, бул жерде күнүлүккө жатат. Адыраңдабай эле кой!» дегендей жалындуу сөздөр биринин артынан бири тизилишип түшүп жатты. Катындар майданы чоңоё турган түргө айланса да, Кочкорбайдын капыстан кирип келиши тартыш маселени чечүүсүз калтырды.

Кочкорбай кирери менен эле катын бүткөндүн баарысы эшикти көздөй копшолушту. Катындар чыгары менен Сылаң байбиче «Макишимдин көргөн күнү не болот?» деп алдыңкы болгон талашты айтып өксүп-өксүп ыйлап жиберди. «Убалы аттатпасын, билип эле кургур эсти оодарды го...» деп Кочкорбай да көзүнө жаш алып кетти. Үй ичи көңүлсүз болгон соң, бир аз олтурган болуп биздер да талаага чыгып кеттик.

Биздер талаада кайгылуу аңгемелер менен баш чатышып турганда, Карачач келин үйүнө чай ичүүгө чакырды. Үйгө жеткенде Карачач: Тойдун көңүлдөгүдөй болуп жатпагандыгын, адетте боло турган түрлүү таң-тамашанын болбогондугун, түрлүү себептер менен Мариямдын бүгүн түн аттанып кете тургандыгын сүйлөп берди. Кирип барсак, күйөө Толтой ошондо болуп чыкты, тегерек сары сакал семиз, сары чийкил багалчак келген киши экен. Биздин олтурарыбыз менен эле жанындагы күйөө жолдош жөн сураша баштады. Жөнүбүздү айтыша отурдук. Качан өзүнүн мубарак үнүн угузар экен деп күйөөгө кумарланып мен олтурдум. Бирок тилегим тез орундала койгон жок. Күйөө Толтой букчуйду да олтурду. Чай ичип болгондон кийин гана: «Четтен адамдар келип калды, бу күн түн да оюн кылалы күйөө» деген Карачачтын сөзүн, чоң күйөөнү ошондо гана араң козголтту. «Оюн алчак болуп өтпөдү беле жеңе, бу күн түн биздерди узатпайсыздарбы?» деген күйөөнүн мубарак үндөрүн ошондо араң уктум. Отуз күн ойнотконго не жетсин, күйөө, дос-душман алдында биз кызыбызды кантип жесирдей эле учкаштыра берели деген Карачачтын кекээрлүү жообу күйөөгө оозун жымтып алгыча тийди. Күйөө кайта дагы сөз кылмакчы болуп онтолоду эле, бирок күйөө жолдош Карачачтын игине көчүп, сөзүн кубаттады.

Чырак жагылды. Кыз-келиндер чубашып кире баштады. Кыздар алдында келе жаткан Мариям, көзү-көзүнө учурай түшкөндө, буту чалышып мүдүрүлүп кетти. Бирок сыр бербеген кишидей болду.

Оюн башталды, үй ичи жык толгон кыз-келинчек төрдөн тартып үйдүн бир жак капшытын, боз балдар, бир капшытын алып олтурушту. Жаштык мезгилинин өтүп кеткендигин мойнуна алып үйгө кирүүдөн батпай шыкаалап жүргөндөр да аз болгон жок. Оюн баштык келин, токмогун эшип, оюндун башталганын жарыялады. Расми боюнча күйөө жолдош алардан эң мурун күйөө-кызды жар көрүштүрдү. Андан кийин токмок кыздар колунда болду. Сүйгөн-сүйгөнүнө токмок салып, кыздар токмокту биринен бирине көчүрүшө берди.

Бир аздан соң кезек Курманга келди. Кыздар менен аралаш отурган бир жаш келинчек Курманга токмок салды. Бул келинчек жолдогу Курман айтып келген Айша деген эле. Айшанын мындан эки жыл мурун байга чыгып кеткендигин, бул кезде төркүлөп келип Мариямдын тоюна аралашып жүргөндүгүн Курман мурун эле сүйлөп өткөн. Колуна токмок тиери менен эле Курман муңдуу күү менен жибере берди. Эзелки махаббат түйүндөрүн Курман чече ырдады. Курмандын муңдуу күү менен салган зардуу ыры журттун баарын таңыркатты. Чынында да Курман эл таңыркагыдай ырдачу эле:

Элибиз жүрдү бир жайлап,
Артында жүрдүк биз зарлап,
Акылдаш болсок экен деп,
Азапка чыдап бел байлап.

Кылчайып карап бир күлбөй,
Кыйналган жанды бир билбей,
Кыздырып өттүң жүрөктү,
Кыйлага жүрдүң сыр бербей.

Артыңдан түшүп талыкпай,
Азабын тартып жалкыбай,
Араңдан жүрүп жеткенде,
Айырды «жоктук» кабылтпай.

Көпчүлүк түрлүү күү менен ырдап жатышты. Барлыгынан кортундусун жыйынтыктап келгенде, заманга ыраазы болбогондук, турмуштан көңүл калгандык, алышкан кол, айтышкан шерт ордунан чыкпагандык болду. Баштан өткөн махаббат тарыхтарын айтып-айтып келип «токсон беш берип ала албай, тозокто малдын жоктугу!» деп, барлык күнөөнү малга оодарган жаштар көп чыкты. Жетишкендикти ырдаган жаштар кем, барлыгынын да арманы чиркин малга байланышкан. Жаш эрки менен махаббатты малга байланыштырган чиркин теңсиздик заман ай!... десеңчи!...

Түн кыска болгонго оюн узак созулган жок. Ырдашка барлык журтка бирдей кезек тийген жок. Жаштар тийиштүү тамактарын жешип, оюндан тарашты.

Кошок угууга жыйналган боз балдар бирин-бирин жөөлөп Кочкорбайдын өзөгүн алда качан желпилдеткен, каны кызуу жаштар кошок качан башталат деп сабырсыздык менен күтүп турушту.

Бир аздан соң тартипсиз ыйлар башталды, бат эле бул ыйлар кемпир-кесектики экени аныкталды. Тыштагы жаштардын толкуну мурункудан да күчөдү, бирок кемпирлер тез эле токтой койгон жок.

Бир оокумдан кийин «тургула карылар, расми боюнча жаштар кошокторун айтышсын» деген бир ургаачынын үнү чыкты. Аңгыча болбой эле шаңшыган Карачачтын үнү угулды. Бири менен бири тирешип, толкунданган жаштар тып-тынч болду. Карачач аптыга түшүп, барып тыңшаган Мариямдын үнүнөн бат эле бөлүнүп чыкты. Карачач муңдуу үн менен «ынагымдын» күүсүнө салып, бир аз ау убакыт айтты:

Жамандык ишим жашырган,
Жардагы тунук булагым.
Жакшылык ишим ашырган
Жароокер бийкеч ынагым.

Жакында таштап жет журтка,
Жашыңда кетип барасың.
Жаткырып көнбөй турмушка,
Жалынга жаның саларсың.

Экинчи кезек Айшага тийди. Айша өткөн өмүрдүн бир убактындагы кызыкчылыгын айтып, анын өткөндүгүнө өкүнүп, азыркы күндө кайгы, чер, кара туман менен салыштырып келип, жүрөгүндөгү тилегин мындай деп көрсөттү:

Каптаган туман кайгы, чер,
Канткенде баштан суюлар.
Карарган көздөн аккан сел,
Кай заман, кай күн тыйылар!?

Кошокчулар көп эле болду. Барлык кошоктун мазмунун айтканда Мариямдын келечегинин кыйындыгын айтып, аны менен кандайча күрөшүү керек экендигин айткан үгүт эле. Көпчүлүктүн кошогу Мариямдын жүрөгүн майтарганы болбосо, берер пайдасы чамалуу болсо керек. Көпчүлүктүн ичинде не жок, «атаңдан калган жок ушубу» деп Мариямды кайраттанткан эл да болду. Булардын көбү орто жашаган турмуштун кыйындыктарынан өткөн катындар эле.

Кошок аяктады. Мариямды узатар убакыт болду, үй ичи уулаган-чуулаган тартипсиз ыйга кайрадан толду. “Болгула, аткаргыла болгула, аткаргыла” деген сөздөр угула баштады. Сырттагы эл толкундап кагылышып, биринин үстүнөн бири кекиртектерин созуп, үйдү жөөлөй баштады. Көп чуу ичинен Сылан байбиченин каргылданган үнү бөлүнүп чыкты. Аңгыча болбой эле: «кыз кылыгын кылбай коёбу: бир, эки жигит көтөрүп атка салгыла» дегендей эркектердин үнү чыгып калды. Бул коркунучтуу үндү угары менен, Мариям кургур керегени медер туткандай эки колдоп кучактады. Дароо эле эки жигит келип Мариямдын колуна жармашты. Үй кычырады, майышып. Мариямдын мурунку назик колдору, бул жерде бир аз кайрат көрсөттү. Бирок да не чара, жумшап турган зулум күч акыйкатка караган жок; Мариямдын колун керегеден ажыратты. Жигиттер Мариямды чыңыртып атка көтөрүп салышты... Чындык менен санашпаган ырайымсыз колдор ай!...

Мариям кетти... бир жолу кетти... өмүрдүн эркинирээк сагаты менен Мариямдын эң акыркы коштошкону ушу... Келечек жаш өмүрү не болмок? Ал белгилүү... Жалгыз кара туман, жалгыз муң... жалгыз гана азирет...

Аттарды отко жибердик. Курман экөөбүз тердик токум салып айыл четинде көк шиберге жанбаштаган болдук. Таң атып келе жатты. Айылдагы көпчүлүктүн али уу-чуусу басылган жок. Менин башыма сансыз түйүндүү табышмактар уялады... бир аздан соң коктулай жел сого баштады. Таң жели дүнүйөдөн көргөн акыйкатты мактады. Дүнүйөдөгү зулумдукту айтып ыйлады. Таң жели менен башымдагы сансыз табышмактарга бир чечүү менен гана жооп берди. Таң жели эмне деди?... «Жел... ар ким алган тарбиясынын, бийлеп турган заманынын кулу» деди.

Келгин.

КОЙЧУМАН МЕНЕН БАКАЧЫ

Койчуман өлгөн-талганда айыл башы аксакал Күйөкбайдан отоосун (өргөөсүн) бөлүп, түндүгүн башка тигип, түтүнүн бөлүп чыгарды.

Койчуманды бөлөк чыгарганда, Күйөкбай өз эрки, өз пейли менен жаркырап-жайнап олтуруп чыгара койгон жок. Койчуман арбай-талбай айыл кошчу, батрак секциясына барып таманы тынбай, ыйлап-сыктап, арзы-муңун айтып, текилдеп жүрүп, ошондо да Койчумандын жардылыгына, кичи атанын баласы болуп, теңинче жетпей, теменеси тескери сайылып жүргөндүгүн эске алып, жогорку кедей-жалчылар уюму боору ооруп, өкмөттүн күчү Күйөкбайдан бөлүп, бошотуп жиберди.

Койчуман: «өңүмбү, түшүмбү?!» деп, Күйөкбайдан бөлүнгөнүнө өзү абдан ишене албай, кылтылдап Күйөкбайдан энчи-менчи дегендей эмгек акы дооласамбы... деп да көңүлүнө кетти. Отоону бөлгөнүмө тогуз токоч баабедин кылып эле тим жатамбы? ... деп ойлоп, аа дагы, боо дагы ою токтоно албай, сабыр кылып көрүүгө токтоп калды.

Койчумандын иниси Бакачы:

«Сен Койчуман, Күйөкбайдан бөлүнүп чыктың. Эми кандай оокат кылабыз, кандайча чара кылсак жан сактайбыз?» деп бөлүнүшкө азыраак ыраазы болбогон өңдөнүп, Койчумандан жооп күтүп калды.

Койчуман илгерки Күйөкбайда жүргөн күндөрүн, андагы өткөргөн өмүрүн оюна келтирип, азыркы азаттыгын, алдыңкы күндө боло турган турмушун көз алдына келтирип, жымыйып ичинен күлүп, жооп күтүп турган инисине:

«Ээ Бакачы, намыс үчүн кара киет» дейт. Тирүү койгон кудай куру коймок беле. «Өлбөгөнгө — өлүү балык» дептир, эптеп-септеп оокат кыларбыз. Элдин чынында жүрсөк өлмөк белек. Үйүм бөлөк конуп, түтүнүм башка чыкканга эле, катыным эркек туугандай сүйүнүп, чечекейим чеч болуп, жаман тонума батпай элеп-желеп болуп жүрөм» дейт.

Бакачы: «Кечээ эле күнү Калмырза байдын Бокчу деген уулу бир жерде олтуруп, көөдөнүн көтөрүп, көкүрөгүн керип: «Атаң көрү Койчуман, Күйөкбайдан бөлүнүп чыгып, өзүмчө оокат кыламын деп, ар кайсы жерге барып жүрүп, үй жасатып алып, бөлөк конуптур». «Кой соёрун сойдук, тогуз катын кантип артабы? дегендей, ал байкуш кантип оокат кылганы жүрөт? Аскан казан-тулгасы, же болбосо бир минер аты, же саарга ую жок деп мойнун буруп, шылдың кылып, бир топ кишиге кеп салып отурат» дейт.

Ээ Бакачы, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген. Сен шагыңды сындырба! Душман көрө албаганынан мүлтүлдөй берет. Сен барсың, Жылкыбай, мен бар. Үчөөлөп жумуш кылсак, бирөөбүз кетмен чаап, бирөөбүз чөп чалсак, ошентип аракет кылсак, «тамчы тама-тама көл болот» дегендей, оокат кылып кетербиз. Белди бек байлап кайрат кылыш керек. Дагы аркабызда бирин-серин жаш чөбүрөлөрүбүз бар эмеспи, канат-куйругубуз жетилип кетер”, — дейт Койчуман.

Бакачы азыраак арсарсынып. «Ой, сен Койчуман, бизди жыргатат десе, рас эле кууратканы жүргөн турбайсыңбы? Аштык айдап, чөп чаап» деп аштык айдаганда, чөп чапканда кимдикин чабабыз? Өлүп баратканда оозуңа суу тамызбай, бир жалам арпа талканын аяп, уруп-сабап жүргөн мына бул Темирбайдын жумушун кылдырганы жүргөн экенсиң го? Керек-мереги жок, баатыр! Темирбайды жакынсынбай элекой. Андан көрөкчө Күйөкбай баатыр эле жакшы ысык-суугубузга карашкан. «Үйрөнгөн жоо атышарга ийги» дептир дейт.

Койчуман: Ээ Бака! «Өз өлтүрбөйт, жат - жарытпайт» деген, канча кылган менен «ар кимдин өз көйнөгү өз этине жакын» «Туугандын урушу-торконун жыртышы», сен былжырайсың. «Кеңешип кескен кол оорубайт» дегендей, кеңештеш, ынтымакташ болсок эле байпагыбыз макмал болот деди.

Туугандын атасынын көрү. Темирбайдын кордугунан эле Күйөкбай баатырга баш калкалап көчүп барбадык беле. Жаздын күнү бир эчкинин сүтүн бербей, жадап кетсе, өзүбүздү тынч койбой, «кой кайтар, уй кайтар» деп, күн-түн тыным бербей жумушун кылдырчу эле. Кыштын кырчылдаган суугунда ач-жылаңач отун-сууга айдачу эле. Короодогу Байдөбөтүнө теңебеген карамүртөс, таш боор каапыр эмес беле. Койчу, ошо кылганын эстесем, көңүлүм айныйт. Кылган зордук-зомбулугу түк санаамдан кетпейт. Мен ага тууган-мууган болбой эле койдум...” дейт.

Койчуман: Ээй иним! «Ишиң оңолгончо итиңе кош тарт» дейт. Өлгөндөн калган өз айылыбыз. Доско күлкү, душманга таба болбой, өз алдыбызча оокат кылып, биз дагы журт болуп, адам катарына кошулалы. Баягынын тукуму ар кай жерде тентип жүрөт деген жаман ат болот.

Ынтымак-ырашкер менен эле чогуу болсок, бизге ким кордук, ким чоңдук кылат дейсиң”, - деп жаны ак ортосуна карап, кем-кетиктерин санай баштады.

Бакачы ойлоп, ойлоп туруп: «Ай ким билет? Карап туралыкчы теги» деп башын кашып, басып кетти.

Ошентип Койчуман менен Бакачы макулдашып да, макулдашпай да турушат.

Дагы аңгемеси болсо керек.

«Тагай». Каракол «Эркин-Тоо» 3-ноябръ, 25-жыл, N 4

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз