Ургаачынын жылдызы маңдайында болгон менен, бак-таалайы этегинде

  • 11.06.2021
  • 7195

Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов жөнүндөгү “Чагылгандын көз жашы” китебиндеги нускалуу сөздөрдөн...

*     *     *

Тагдыр корооңо таш ыргытса, гүлзарыңа да түшөт.

*     *     *

Сүйүү адамдын жүрөгүн эле эмес, көзүн да алат.

*     *     *

Көңүлүнө сөз түйгөндүн көкүрөгүн сыр чырмайт.

*     *     *

Сүйүүнү сүйдүм, күйдүм дебей билгизген, көкүрөк жалыны менен жылыткан адам гана өз бактысын жаратат, махабатына жетет.

*     *     *

Сүйүүгө сырттандык керек. Сүйүү жаштыктын иши болгону менен, ал эрдикти сүйөт.

*     *     *

Сүйүшкөндөрдүн бири сүйүүгө өжөр, артына чегинбей көк жал болбосо сыйлашкандын, бир-биринен тартынышкандын ортосунда айыбы жок ак сүйүү азап тартып өлөт.

*     *     *

Адамды ата-энесинен ажыратсаң да, асты – кийин Ата журтунан айырба, тагдыр!

*     *     *

Тирешкендер тилге келбейт.

*     *     *

Ургаачыны өң-келбет акылдуу, сулуу кыларын кылар, а бирок аны сактап, ата наркын баалаган ар кимдин эле акылынан жаралбас?

*     *     *

Маңдайы жарык, жүзү ачык, аза боюн акылы бийлеген адамды мамиле менен киреше ээрчийт, башка баш кошулат.

*     *     *

Ургаачынын жылдызы маңдайында болгон менен, бак-таалайы этегинде.

*     *     *

Адам капага кабылганда мээримдүүлүк жөнүндө ойлонот экен, ойлонот экен да анын эмне экенин эсинен эчен өткөрүп түшүнө баштайт тура? Анткени ар кандай кайгы-капа, канткен менен түпкүлүгүндө адамдын көөнүн тазартат, адамды адамгерчилик менен аруулуукка алып барат.

*     *     *

Боорукер адам сүйүүгө көз жумду эрдик жасай албайт, ак сүйүүнү алдыртадан тааныган менен, ага жан отун чачып жакындаган менен, кайратына салып тобокелге салбайт, ал башка сүйүүдөн кызганат, “уяңдыкты аяйм” деп жатып чын сүйүүдөн кур калат.

*     *     *

Саясат тарбиядан башталат. Үгүт-насаат ишинен, ушак-айыңдан башталат.

*     *     *

Караңгылыктын да кубанычы болот, адам кээде ошону эңсейт. Караңгылык менен жалгыздыктын кучагын самайт.

*     *     *

Алсыз адам дайыма айыптуу, айыптуу адам чынжыр менен байланат.

*     *     *

Армандуу жанды аял менен арак гана алагды кылат.

*     *     *

Дил агартуу азабын анын кайгысын тарткан адам, арманын армандай  баалай билген пенде гана түшүнөт. Ким дил азабын билсе, аны барктап көтөрсө, тагдырым деп бир көрсө, ал жан жыргалдын  кадырын да күтө алат.

*     *     *

Капастагы куш таранчы алганга да жарабайт.

*     *     *

Баатыр чыккан ургаачы бактысын көрбөйт, жүрөгү таш, мээрими жок болот.

*     *     *

Жазган адамдын сүйлөмүнө эмес, жүрөгүнө жетмейин чагып окудум дешке болбойт.

*     *     *

Атасы өлгөн уктайт, ач калган уктабайт.

*     *     *

Устат болом деген баарына тең карайт, шакирт болом дегендер өзүнө карайт.

*     *     *

Сынды айткан адам аны уга да, көтөрө да билиши керек. Көктүгүнө, тубаса өжөрлүгүнө салган адам өз оюн Кудай кылып кучактап алат. Өзүнө өзү ишенүү, өзүнүкүн туура көрүү оорусу менен ооруйт. Аны эч кандай жаза оңдой албайт. Бул оорунун бир гана дабасы болот, ал – өлүм.

*     *     *

“Жазыксызга шилтенген таяк кези келсе өзүнө тиет” (Балка акын).

*     *     *

Өткөн өмүр – баскан жол, ал – тарых. Тарыхка таарынып болбойт.

*     *     *

Жаралуу – жандын шыбагасы, өлүү – пенденин актык иши.

*     *     *

“Ок өтпөгөн кара ташты тил жарат” (эл сөзү).

*     *     *

Баатыр киши бир төрөлүп, бир өлөт. Кайра-кайра төрөлүп, кайра-кайра каза боло берчү баатыр дагы баатырбы? Ак көңүл, ээрчиме адам ошондой болот, өлгөнү менен төрөлгөнүн жан билбейт. Баатырдын бир жолку ээрчимелиги элин жоого чаптырат, өзүнүн башын душманына алдырат.

*     *     *

“Мен атак-даңк түгөнгөн кезде төрөлөм”. (Касым Тыныстанов)

*     *     *

Муң-кайгысы жок сүйүү тагдыры жок адамдай болот.

*     *     *

Арман арстан болуп келгенде адам жакынына каар чачат.

*     *     *

Адамды жерден ажыратса да, элден ажыратпасын!

*     *     *

Адамдын адамга душмандыгы – адам менен атак-даңк кез келгенде башталат.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Комментарий калтырыңыз