Жакшы тизме

  • 11.06.2021
  • 2899

Миннесот штатындагы Сент-Мэри мектебинде сабак берип жүргөнүмдө, ал менин алгачкы үчүнчү классымдын окуучусу эле. 34 окуучумдун баарын кымбат көрчүмүн, бирок бир Марк Эклунд миңине татып коё турган. Өзү классты эриктирбеген шумпай болсо да, сырткы көрүнүшүн абдан тыкан алып жүрчү. Дегеле жаагы тынчу эмес. Уруксатсыз сүйлөөгө болбостугун ага улам-улам эскертүүгө туура келчү. Айламды алты кетирер эле.

Баарынан да, ар бир жолу туура эмес кылыгын оңдогонумда «Мени тууралаганыңыз үчүн рахмат!» деген чын дилинен чыккан жообу таңдандырчу. Күндө бир нече жолу угуп атып, анын бул сөздөрүнө бат эле көнүп калдым. Бир жолу эртең менен чыдамым жетер жерине жетти, ал кой дегенге болбой сүйлөй бергендиктен жаңы мугалимге мүнөздүү ката кетирдим. Маркты карадым да: «Дагы бир жолу үнүңдү уксам, оозуңду скотчтоп коём!» дедим. Он секунда өтпөй эле Чак арызданды: «Марк дагы сүйлөдү!»

Окуучулардын эч кимисинен айтып коюшун суранган жок элем, бирок жазалаарымды баарынын көзүнчө айткандан кийин, айтканымды аткарышым керек болду. Ошол окуя бүгүн эртең менен болгон сымал эсимде. Столума келип, алдындагы тартманы ачтым да, скотчту алып чыктым. Эч нерсе дебестен Марктын жанына барып, скотчтун эки үзүмүн Марктын оозуна кайчылаштырып чаптап салдым. Кайра ордума келип, эмне кылар экен деп Маркты карасам, мага көз кысып коёт! Мен күлүп жибердим. Марктын жанына келип, оозунан скотчту алдым да, ийинден кыстым.

Окуядан көзүн албай отурган класс кол чаап жиберди. Анын биринчи эле сөзү баягы: «Рахмат, мени тууралаганыңызга» дегени болду. Жылдар өтүп, жогорку класстарга сабак бере баштадым. Бир нече жылдан кийин Марк жана анын классташтары кайрадан менин классымда болуп калышты.

Марк мурдагыдан да сымбаттуу чоңоюп, баштагысындай эле сылык болуп өстү. Менин «Жаңы математика» боюнча нускамды кунт коюп укчу. Тогузунчу класста ал үчүнчү классындагыдай көп сүйлөбөй калган. Бир жолу жума күнү сабак негедир мурдагыдай болбой атты. Биз апта бою жаңы концепциянын үстүнөн иштегенбиз, окуучулар чарчап калышканын сездим. Бири-бирине кыжырданышып, ошондон улам тез-тез келишпестик, талаштар чыга калып атты. Бир нерсе кылышым керек болуп калды.

Актай баракка атыңарды жазып, столуңарга койгула деп сурандым. Андан кийин ал кагаздарга бири-бириңер тууралуу жакшы эпитет жазгыла дедим. Сабактын калганы бүт ушул иш менен өттү. Акырында окуучулар барактарды мага чогултуп беришти да, чыгып кетишти. Тим эле баары курсант. Чарли жылмайган бойдон кетти. Марк болсо: «Мени окутканыңыз үчүн рахмат, дем алыш күндөрүңүз көңүлдүү өтсүн!» деди.

Ишемби күнү ар биринин атын өзүнчө баракка жазып, бири бирине жазгандарынын баарын көчүрүп жаздым да, дүйшөмбү күнү таратып бердим. Класс уу-дуу болуп, балдардын жүздөрүнөн нур балкып турду. «Чын элеби?» Алар шыбыр-күбүр болуп атышты: «Мага башкалар ушунчалык маани берет деп такыр ойлогон эмесмин!», «Мени бирөөлөр ушу турушум менен жактырарын билбептирмин!» Андан кийин бул барактар тууралуу класста эч ким эч нерсе айткан жок.

Сабактан кийин өздөрүнчө же ата-энелери менен бул тууралуу да сүйлөшүштүбү, жокпу эч билбедим, ал маанилүү деле эмес эле. Башкысы, көнүгүү максатына жетти. Окуучулар өздөрүнө, бири бирине ыраазы болушту. Ал окуучулар андан жогору көчүп, окууларын улантып кетишти. Бир нече жылдан кийин, бир жолу эмгек өргүүдөн кайтканымда аэропорттон ата-энем тосуп алышты. Жол бою апам адаттагыдай аркы-беркини сурап келатты – жолум кандай болгонун, аба ырайын, дегеле ой-санааларым тууралуу. Саамга жымжырт боло түштү. Апам атама кандайдыр ишарат кылды. Атам маанилүү бир нерсе айтарда тамагын кырып алып, анан киришет.

Ошол адаты менен үнүн оңдоп сөзүн баштады: «Кечээ кечинде Эклунддар чалышты» деди ал. «Чынбы? Канчадан бери кабар ала элек элем. Кантип атышыптыр? Марк кандай жүрдү экен?» Атам калыбынан жазбай жооп берди: «Марк согушта каза болуптур. Эртең сөөк узатуу болот, ата-энеси сени мүмкүнчүлүгү болсо, келсе жакшы болмок» дешти. Атам мага Марктын көз жумганы тууралуу айткан жерди азыркыга чейин так көрсөтө алам.  

Аскер табытында жаткан аскер адамын мурда эч качан көргөн эмес элем. Марк абдан сулуу болуп, баралына келип тургандай көрүндү. Ошол учурда Марк мени менен сүйлөшүү үчүн дүйнөдөгү бардык скотчту бергенге даяр элем, оюмдун баарын ушул ээлеп турду. Чиркөө толо Марктын достору эле. Чактын эжеси «Республиканын жоокер гимнин» ырдады. Сөөк узатуу болгон күнү негедир жамгыр жаап турду...

Мүрзөнүн жанында туруу бир топ кыйын болду. Пастор адаттагыдай сыйынды, андан кийин үйлөмө аспап ойнолду. Табыттын жанына мен акыркы болуп келдим. Жаныма бир жоокер басып келип: «Сиз Марктын математика мугалимисизби» деп сурады. Мен табыттан көз албай баш ийкедим. «Марк сиз тууралуу көп айтчу» деди ал. Тажиядан кийин Марктын классташтарынын көбү Чактыкына тамактанууга жөнөштү. Марктын ата-энеси да ошол жакта эле, арийне, алар мени күтүшмөк.

«Биз сизге бир нерсе көрсөтөлү дедик эле, – деди атасы чөнтөгүнөн бумажнигин алып чыгып жатып, – Маркты өлтүрүшкөндө чөнтөгүндө экен. Сиз муну билесиз го деп ойлодук». Бумажнигин ачып, саргарган эски кагаздын бөлүктөрүн этияттап алып чыкты. Ал эмне кагаз экенин карабай туруп билдим: баягы мен Марктын классташтары жазган жакшы мүнөздөрүн тизмектеген барак болчу. «Ушул үчүн сизге чоң рахмат, – деди Марктын апасы, – өзүңүз көрүп тургандай, Марк аны аздектеп жүргөн экен».

Марктын классташтары айланабызга чогула баштады. «Мындай тизме менде да бар. Үйдөгү столумдун тартмасында сакталуу» деди уялыңкы жылмайган Чарли. Чактын жубайы: «Чак да биздин үйлөнүү той альбомубузга ушул тизмени сактап кой деген» деди. «Меники күндөлүгүмдүн ичинде сакталуу» деп Мэрилин да сөзгө кошулду. Вика сумкасын аңтарып, капчыгын алып чыкты да, андан саргарып, уйпаланган кагазды алып көрсөтүп: «Дайыма жанымда жүрөт. Ал тизмени баарыбыз эле сактап жүрсөк керек» деди.

Ошондо гана отуруп алып, буркурап ыйлап жибердим. Марк үчүн жана аны менен эми эч качан көрүшө албай турган достору үчүн ыйладым.

Англис тилинен которгон Дүйшөн ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз