Элмирбек Иманалиев: Дин дин эмес – жаратканды талашкан

  • 15.06.2021
  • 4967

*     *     *

Жашоонун көндүмүнөн алыс маган...
Жан азык таттуу кыял, алсыз арман.
Сүйүнүн атасы өлсө үчөө калат:
1. Ит - турмуш.
2. Жесир - жашоо.
3. Жетим - жалган.

КОШ!

Билбейм ызгаарыңбы?...
Аптабыңбы?...
Өчүрдүк сүйүү тамган ак жалынды.
Бир кезде жерге түшүп келген элем
Сагындым жалгыз учкан асманымды...

Булагым таза калсын шыңгыр каккан.
Турагым сага калсын жылдыз жаткан...
Сагындым
Күн, Айымды таңда, кечте
Мен менен жалгыз чыгып жалгыз баткан...

  •  

Сабырымды сар санаа кыйганда  мен:
"Бизге чейин дүйнөдө ыр бар" дегем.
Ыр-барак  пери сунган жүз арчымдай,
Ызалансам соорондум ырлар менен.

Билбеймин кайда алпарат мезгил азоо,
Кимде жок келген жашоо, кеткен жашоо!?
Акындар таңды тоскон күндөр - өмүр,
Акындар ыр окуган кечтер - жашоо!

Өмүрдүн тизмесине кирбей калган -
Өтүүдө бош күндөр да бирдей жалган.
Акындар күнөөсү жок ыйык жандар
Арасында бармынбы билбейм, арман...

БИР АЗ МИСАЛ

Өзүн эмес өзгөлөрдү шат кылар
Өнөрлүүдө - өзү билбес бакты бар.
Байкаганга Алдаркөсө дүнүйө -
Балын бүгүн, эртең уусун таттырар.

Тунук кезиң бул өмүрдө балалык,
Турмуш жолу аста-аста сак кылар.
Күкүк мисал өз уяңды калтырып
Күндөрүңдүн улам арты шаштырар.

Жок бактысын издеп көптөр күймөлөт,
Жолго келип арты туман, асты жар.
Көсөм көргөн акыйкатты көрө албай,
Көкүрөгү көр немелер каткырар...

Анткен менен ар күнүңдө мисал көп,
Акыреттин коңгуроосун кактырар.
Түкүрүүдө - жамандарга жамандар,
Түшүнүүдө - жакшыларды жакшылар.

Бала тапсаң - өстүрөсүң, багасың,
Бата берип алаканың жаясың.
Бала дагы баласында эң ширин,
Бал тилине, кылыгына канасың.

Башын салып калбасын деп тар жерде,
Бар тапканың ошолорго саласың.
Эң кымбатын, эң жакшысын, эң көбүн
Эне-ата андан кантип аясын?!

Эл ичинде ээ болсун деп жакшы атка,
Эртеңине бүт күчүңдү саясың.
Өзөгүңдү шишке тепчип бала үчүн
Өмүрүңдү отко-сууга чабасың.

Күндөр өтөт көздөрүңдөн чок учуп,
Күткөнүңдү таппайсың же табасың...
Жакшы чыкса жашооң өтөт жайдары,
Жаман чыкса өгөй болуп каласың.

Көп адамдар аңга түртүп бир-бирин,
Көрсөтө албайт айбандарча бирдигин.
Көмөчүңө күл тартаарда өзүңдүн
Көргөн жакшы башкалардын тирлигин.

Сыйлашалы жер жүзүндө адамдар,
Сыздатпайлы Жер Эненин киндигин!
Алсыздарга азуу кайрап алдуулар
Адисинен ашып жаткан күн бүгүн.

Кырк ууктай көтөрө алсак канакей,
Кыйла элдер ынтымактын түндүгүн.
Жакшылыкты элге элден кааласаң,
Жаңылык ач, илим изде, бил билим!

Айла-амалдын арбын түрү табылды,
Андай болсо кордоп жатат кимди ким?
Түмөндөгөн согуш көрдү карт тарых,
Түбөлүккө түшпөс таажы кийди ким?!

Дилиң билет жалгыз гана Жараткан.
Дин дин эмес - жаратканды талашкан.
Илгеридей акылдары тим эле
Исус, Будда, Мухамбеттен, Манастан,
"Башка жалган", баары өзүн "туура" дейт,
Баш адашат баштан эмес, жамааттан.

Андайлардан артык мага көрүнөт:
Ар убакта көрөм элет тараптан -
Бир бирине түздөп берип гөлөчүн
Эки кемпир бири-бирин аяшкан.
Көргө кетип баратпайлы караңгы
Көз караштын көптүгүнөн тажаткан!...

Мээлүүлөргө бир аз мисал ырдадым,
Мен акылды айтмак элем каяктан.
Бул да болсо тынч жашайлы дегеним,
Бутуң соодо жүргөн жаман таякчан!

  •  

Э-эң биринчи булбул таңшыйт таң жарып,
Менин бир кез кыялымдай биринчи.
Тагдырымдын көчөлөрүн сандалып
Өтсөм мейли, күтөт күндөр кийинки...

О анткени менде ички жалгыздык,
Качаан эле буйрук болгон таянчым.
Эркектердин өзү сезген алсыздык:
Тилегени - болсо экен деп “балам тың”.

Бирок ошол түшүнгөнгө чоң күйүт,
Болгон менен андайлар көп арада.
Алсыздыгың мойнуңа алып үңкүйүп,
Кандай үлгү боло алмаксың балаңа?!

Кызык эмес сезбей жашоо эркиңди,
Таштабасын жалгыз ички кайратың.
Канча бийик бааласаң да сен кимди
Эркиндигиң ээч ким тартып албасын!

ЫРЛАРЫМ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮМ

1-бөлүм

Бизге кызык бул күндөрдүн эртеңи.
Биз издейбиз бирөө таппас нерсени.
Көөхар менен бир танабын шөкөттөп,
Көөдөй кара көр болсо да жер теңи.
О жакшы ырлар!... Мени Элмирбек  кылдыңар,
О жакшы ырлар!... Жараттымбы мен сени?!

Оо сен өмүр... аралашкан ак караң,
Аралашкан жыргал, азап, маскараң.
Бир жалынып, бир таарынып мен сага
Бирок бир акараат сага айтпагам.
Шуру тагып берсем дедим ыр менен,
Шум дүйнөгө атам-энем батпаган.

*     *     *

Кырчын өмүр кыялдарга термеген,
Бакыт издеп бала кезде дегдегем.
Опсуз дүйнө оодарылды, чайпалды
Обон дүйнө!... Кетип калдым сен менен!

Биз өмүрдө издөө менен өтөбүз,
Издегенге жетпейбиз же жетебиз.
Оту күйбөй жаткан жерде көп турбай
Обон дүйнө!... Кетип калдык экөөбүз!

*     *     *

Өттү күндөр көчөлөрдө көшөрүп...
Өттү түндөр палатада өзөрүп...
Караңгылык таркайт! Күлүп күн чыгат!
Калбаш керек обон өлүп, сөз өлүп!
Атак жүгү ийинимден басканда,
Ак комузум сени кеттим көтөрүп.

Мен кыз сүйдүм сезимдерди ызаттап,
Бирде күлүп, бирде ыйлап бышактап.
Оодарылып ушул аалам кетмейин
Обон жолун ким тозо алат тузактап?!
Акча-дүйнө менден оолак калышты,
Ак комузум сени кеттим кучактап.

*     *     *

Кыя жолдо арты туман, асты жар
Кыйынчылык тартып келсе жакшылар,
"Темселеген байкуш кантер экен" деп,
Тээ алыстан сынай карап жатчу бар.

Келүү үчүн бул дүйнөгө ыр менен -
Керек экен жакшы чөйрө, жакшы жар...
Кыраңдардан кызгалдакты көп тердим...
Кырчын жаштык уу да жутту, татты бал...

Ич жылытып "акын" десе бирөөсү,
"Ичкиликке жакын" деди бирөөсү.
Башкаларга сын айтаардын алдында
Байкашса ээ, а дегенде ким өзү?!

Адам эмес бул дүйнөнүн тирөөчү.
Ар кимде бар турмуш менен күрөшүү.
Айбан деле жоошуйт экен үйрөтсө,
Азап-азап адамдардын мүнөзү...

*     *     *

Түртүп салып жыргал менен азабын,
Мен тек гана ырлар менен жашадым.
Жалаң тоолор курчап турат жанымда,
Улуу дагы, сулуу дагы катарым.
Аттиң мындай көркөм болсо бул дүйнө
Анда неге октой учуп шашамын..?!

Бул суроого жооп болдум катылуу...
О зор тагдыр, не кылса да акылуу.
Көөдөнүмө аалам тунуп, ай уктап,
Көп сыр калды жүрөгүмдө басылуу...
Биз кетебиз жалгыз-жалгыз бир-бирден
Бирок дайым махабаттын аты улуу!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз