Элмирбек Иманалиев: «Көрүп тур» менен «угуп ал»

  • 17.01.2021
  • 7472

АҢГЕМЕ  

Көрүп келейин дегени эле эсимде. "Ушул жерден алыс кетпе, мен көрүп келейин" дейт. Ичимен "эмнени көрүп келгени калды?" дейм. Аялдар базарга келгенде эле көргөндөн көрө элеги көп болуп чыгат. Жөн кетпей мени дагы "көрүп тур" деп коюп, өзү базардын көрөн-шөрөн саткан бир катарына сойлоп жок болду.

Алган менен бергендин, жалган менен чындын, арзан менен кымбаттын тузуна чыланган базар кайнап турду. Кээ бирөөлөр жерге малып алган башын өйдө көтөрүп, бир көзүн ыкшыйта жумуп, базардын как чокусуна келип алган күндү шыкаалайт. Күн көрүп деген ушул окшойт!? Жана аялымдын "көрүп келейин" дегени мага "көрүп тур" дегени да ушул күн экен да көрсө...

Көпчүлүк аарыдай ызылдап, бир эле сөздү сүйлөп жаткандай. Ансыз да азыр дүйнөдө бир эле сөз калдыбы деп ойлойсуң...

Бир убакта күндүн бетиндеги калдай болуп араба сүйрөгөн тестиер бала көрүндү. Задиси чоюнданбы, темирденби же калайданбы, белгисиз, айтор бул зылдай арабага он сомдон төлөп коюп, ушул базардагы элдин бардыгы олтуруп алса да сүйрөп кете берчүдөй. Төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланган бечара дөңгөлөктөрдүн кыйчылдагына кошулуп, тигил дөңгөлөктөй болгон баланын ачуу үнү кулагыма сайылды.

Саргыч тарткан эски жоолукту оозу-мурду, кулак-башына чейин ороп алган аялга бала какшап түшүндүрүп келатты. "Угуп ал!" дейт, "ол менин атам эмес, угуп ал!" дейт. Ашата сөгүп келатат. "Ол, жинди" дейт.

Аял бул баланын кимиси болду экен, ушул баланын "угуп ал!" деп какшаганынан укпаш үчүн жоолукту тигинтип салынып алган окшойт.

Үчөө менин так жаныман өтүштү. Жүрөк тушуман аял-бала-араба өтүп кетти, тилип өтүштү. "Ол жинди менин атам эмес, угуп ал!" дейт. Кокус бою жетсе эле бир колун арабадан бошотуп, аялдын кулагын жапкан сары жоолукту жулуп ыргытып "угуп ал!" деп кыйкырмак. Сөзү эле кыяматтай узун экен, базарды тешип чыгып, тигил чокубузда турган күнгө тийип жатты. Сөзү го узун, өзүчү? Өзү сүйрөп бараткан арабанын көлөкөсүнөн көрүнбөгөн же арабанын көлөкөсүндө күн көргөн бул бечара баланын бою жерди карай өскөнбү деп ойлойсуң.

Сөзүн уккан киши карып кетет. "Угуп ал!". Тигил саргайган санааны башына чулгаган аял уктубу, укпадыбы, билбейм, мен уктум. Кулагыма кыттай катты. Эми кантип алаксыйм? Аялым "көрүп тур!" дебей эле "угуп тур" десе жарашмак экен…

"Эми кантип алаксыйм" деп атып эл үйөрдөй агып кирип аткан базардын ажыдардай оозуна карадым. Майлаган кайыштай жылтыраган кара тору киши азирети Өмөр Шайыктан бешбетер келберсип, колундагы теспени айландыра, кыңылдап ырдаган болуп, буйлаланган төөлөрдөй авто-унааларына, тирелген жүктөрүнө тигиле карап, пайгамбардан калган улуу сооданы жалгыз мурастап алгансыган, кейпи заманга куп жарашып, базардын алкымына тыгылып турганын көрүп бираз алаксыган болдум…

Аялым базардын көрөн-шөрөн саткан бир катарынан сойлоп чыгып келатты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз