Аскаралы Ражабалиев: Сагыныч кушу

  • 18.06.2021
  • 3281

АҢГЕМЕ

«Сүйүү — адам жашоосунун маңызы»
(Уольт Уитмен)

Балалык жомоктуу дүйнөм, анан кичик Зарташ айылында башталган ууз сүйүүм өмүр шеригимдей жүрөгүмдүн бир четинен түнөк таап, жашап кала берди түбөлүк. Сегизинчи класста окучумун. Айылдын орто ченинде болчу менин эркектана пенде экенимди өзүмө сездирген кыздын үйү.

Бир жолу апам атама минтти:

- Атасы, биякка караңыз..

- И, карадым?...

- Кыздуу үйдү аңдымайы эрте башталды го, уулуңуздун, - деген апам күлүп.

- О-го, шундайбы? - деген атам да жылмая берип, кызыл буудай өңү нурдана...

Апам менин Гүлүнү ыктап жүргөнүмдү бирөөлөрдөн укса керек. Азыр ойлосом менин эрезеге жете баштаганыма жетине албай сүйүнгөн жерлери экен экөөнүн.

Эрте жаз. Улан-кыздар мандалак, жоогазын казып жүргөнбүз адырда. Жер ным тартып, адыр бети борпоң маал. Мен мандалак, жоогазындын көп чыккан жерин издеп, жанаша сайга өттүм. Ана! Көз алдымда оттой алоолоно гүл ачкан жоогазын. Аярлай үзүп, чакан дөңгө чыга кыйкырдым:

- Э-й, бал-да-а-ар! Мына-а-а, жоогазын гүлүн тап- ты-ы-ым!

Жете келишти кыздардын баары заматта.

- Аскар, мага бер!

- Мага берчи!

- Мага!

Колдорун созушат баары. А мен жоогазын кармаган оң колумду өйдө көтөрөм улам. Колдору жетпей жатты кыздардын. Арыраакта Гүлү турат, менден көздөрүн албай: «Мага берчи, Аскар, жоогазыныңды!.. » Жалооруган өтүнүчтү көрдүм анын көз карашынан.

- Качкыла!

Кыздар сунулган колдорун тартыша, мостоё карап калышты мени. «Жоогазынды кимибизге бересиң?» - дешкендей. Аларды жиреп өттүм да, Гүлүгө узаттым.

- Гүлү, ме!

- Ырахмат! - деген Гүлү парпырап турган гүлдү эрдине тийгизди. Кыздын күлүп турган уурту да жоогазын гүлүнө окшоду...

Мектебибиз кошуна Ак-Турпак айылында. Эки айылдын аралыгы жети-сегиз чакырымдай. Чынын айтуу керек, жол азабын кыйла эле тартканбыз. Бөтөнчө кыздар. Аларга боору ооруган уландар бирден минген эшектерибизге учкаштырып алаар элек. Кай бир балдар минтчү эмес. Тогуз ай ушинтип жол каттап окуп, балалык өмүрүбүздүн жарымы жолдо өтчү. Дагы биздин жолубузду кыскарткан узундан узун өрүкзар болбособу! О, анда кандай болорун билбеймин. Өрүкзар гүлдөгөндөн тартып, кеч күзгө чейин бир чети алыс жол бизге жыргал эле.

Сабактан чыккандан жол ката узундан узун чубалган өрүкзарды аралап, желим жыйып, корону тузга малып жеп, эрте бышар өрүктөрдүн кылда учуна чыгып, сарала болгондорун жерде колдорун узатышкан кыздарга ыргытабыз. Кеч калсак өрүктүн куу шактарын чатырата жагып, алоо оттун тегерегинде ойночубуз. Өрүк отундун табы кандай ысык. Көөдөй кара түн каптаган бакты алоо от жарытып, шатыра-шатман, ызы-чууга батканыбызды айтпа. Асман жылдызга толуп, адыр чокудан тептегерек Ай кылак эткенде эшектерибизди жарыштыра Зарташка кирип келчүбүз. Жол басып чарчагандыктан, тырп этпей уктап, эртеси таң азанда дагы жолго чыгабыз...

Кийинчерээк балдар четтен велосипеддүү болдук. Эми мурдагыдай эшек минип, көп кечикпей калганбыз сабактарга. Дале кыздарды бирден учкаштырып алмай. Балдар кыздарды бирден «ээлеп» алышкан. Менин «энчиме» Гүлү тийген...

Мен сегизинчи, Гүлү жетинчи класста. Апрель. Өрүктөр ак тумандай гүлдөгөн убак. Өрүкзар - гүл деңиз. Аппак булуттар өрүкзарга бөгүп, мекендеп алгандай. Мектепке жеткенче гүл аралап, гүл кечип барабыз. Кыздар бөтөнчө сулуу болуп кетишет мындайда! Он беш велосипед гүл туманда каалгый учуп, кыздардын көйнөктөрү желектей желбиреп, күлкүлөрү жаңырат.

Бир жолу мен класска нөөмөтчү болуп, велосипедчендердин «үйүрүнөн» калып кеттим. Гүлүнү кимдир бирөөгө учкашып кетип калса керек деп ойлодум. Минтип ойлогонум, мектептин короосунда көрүнбөдү ал. Гүлүнү башкалардан кызганып кеттим ошондо. Тынчтык бербеди «Кимге учкашып кетти экен?» деген түпөйүл ой. Шашыла классты иретке келтирип, велосипедимди зымырата жөнөдүм. Гүлү мени күтүп туруптур айылдан чыга бериште. Эч кимге учкашпаптыр! Учкашып алды экөөбүздүн «күлүгүбүзгө». Белимден кармап алды, ээрден кармоонун ордуна. Мурда минтчу эмес. Үнү эркелеп чыгат.

- Аска-ар, секинирээк айдасаң, чарчап каласың!

- Балдар кетип калышат, ойной албай калабыз!

- Мейлиге, шашпачы, Аска-ар.

Ылдамдыгын азайттым «күлүгүбүздүн». Жете келдик күндө балдар-кыздар ойноп жүргөн чоң өрүктүн түбүнө. Балдар азыр эле кетишкендиги сезилип турат. Алардын ызы-чуулары, шаттуу күлкүлөрү бакка сиңип кетелектей. Велосипедимди өрүккө сүйрөп, көк майсанга жата кеттим. Алка-шалка тер баскан бүт денемди.

- Ой и-ий, Аскар, мынчалык күйүгүп айдайсың. Карачы тердегениңди!

Унчукпай туруп калдык бир азга. Ээндей түштү өрүкзар. Бак ичи Күн батаар алдында сырдуу. Негедир кечки салкында безелене сайраган куштар да бу сапар тынчып калгандай. Батып бараткан Күндүн кыпкызыл нурлары анчалык алыс эмес асканын жарымын кызыл ыраңга боёду, ылдый жагы капкара.

- Пай-пай Аскар! Ушундай да керемет кеч болобу өрүкзарда, турсаң!

Ал мага жакындады. Уруп турду ыпысык табы. Анан башынан жоолугун алып, тер баскан жүзүмдү арчыды. Маңдайыма койду ыпысык алаканын.

- Күйүгүп кетипсиң! Минтип айдасаң, экинчи велосипедиңе учкашпаймын, угуп койгун! - деди наздана.

Карап турдум тигиле, мээрим чачкан көздөрүнө. Чачымды сылады секи-ин. Көкүрөгүмө басты колдорун. Күнүгө учкаштырып жүрүп, анчейин байкабаптырмын мынчалык келишимдүү болуп, чырайына чыкканын. Мен үчүн ошол кечте экинчи жолу төрөлдү Гүлүм. Ордумдан туруп, шакты силктим. Сансыз ак гүлдөр жаады башына. Көпөлөктөй каалгыйт ак гүлдөр. Гүлгө чулгана, ууртуна напназик жылмаюу уялады.

Кол кармаша чуркадык. Аппагымдын күлкүсү бак ичине сиңип кетип атты. Кызгылтым кечтин пардасы секи-ин түрүлө, коюу түн жылып келатты. Асман толо жылдыз. Толгон Ай. Сүттөй жарык түн. Көкүрөгүмө башын жөлөп, кыймылсыз турабыз. Назик көлөкөсү да, менин көлөкөмө башын жөлөйт (Ошондо мен аны түбөлүк өзүмдүкү, колумдан учпас бакыт кушум деп ойлогом! Аттиң!..)

- Гүлү! Гүлү дейм!

- Унчукпачы... Жүрөгүңдүн сокконун тыңшап жатам. Жүрөгүң: «Гүлүм-Гүлүм! Жаным-жаным!» деп согуп атат!

Өөп койдум бакырайган көздөрүнөн . Үшүгөн бөбөгүмдөй көкүрөгүмө катты башын.

Бу кечте экөөбүздөн эч ким талашкан жок бакты. Бир гана өрүкзардын түнкү кожоюну сүтак муңкана сайрап кирди:

«Сүт-ак! Сүт-ак! Сүт-ак...»

Деги ушундай толгон айлуу, тыптынч, бактылуу кечте да арман-муңу бүтпөгөн кандай куш десең сүтак?

- Гүлү

- Ов?

- Сүтактын сайраганы жүрөк өйүп!

- Түнкү бакта сүтак сайраса тынчым кетет.

- Азырчы?

- Жок, сен барсың да.

Уясына жайлана отургусу келген балапан сыңары кыз көкүрөгүмө башын жайлуу жаздап алды.

«Сүт-ак! Сүт-ак! Сүт-ак!...»

Сайраганы муңдуу. Кайрыгы армандуу.

- Мүмкүн сүтактын зарлана сайраганы, түнкү бакты экөөбүздөн кызганып атканы бекен? Күйүнгөнү бекен? Же Гүлү экөөбүздүн бири-бирибизге жеткире албай жаткан ички кайрыктарыбызды сайрап, ааламга даңазалап жатты бекен? Жүрөк өйүтөт муңдуу сайран.

«Сүт-ак! Сүт-ак! Сүт-ак!..”

- Тим кой, сайрай берсин.

- Көрдүңбү, Аскар. Жалгыздык, айрылуу кандай азап, муңдуу.

- Айтмакчы, сүтак тууралуу эл айтып жүргөн аңызды билесиңби, Гүлү?

- Билем, бирок чала, кана айтчы.

- Сүтак илгери-илгери бир мал-дүйнөсү жер бетине батпаган байдын жалгыз уулу экен. Ал ушунчалык эрке-талтаң бала болуптур. Жарды-жалчылардын балдар-кыздарына күн көрсөтпөптүр. Кызганчаактыгында да чек жок.

Баарынан жаман жоругу, жалгыз уйлуу кедейлердин сүтүн илип койгон чамберектеринин жибин күн сайын кесип алып, кумарларындагы сүтүн төгө берчү экен. Ошондон безер болуп, тажаган эл «ылайым, сүткө зар болгун, куш болуп таң атканча сайрагын, таң алдында асмандан тамагыңа бир тамчы сүт тамсын» деп каргаптыр. Элдин зары Кудайга жетип, байдын жалгыз уулу кушка айланып, ээн, түнкү бакта таң атканча ушинтип сайрап чыгат имиш. Таң алдында кургаган тамагына асмандан бир тамчы сүт тамып, чарчаган куш күнү бою шакка жармаша уктап, кеч киргенде дагы сайраганын улантат. Ушундай Гүлү, сүтактын баяны.

- Бечарага кыйын эле болгон экен. Элдин каргышы жаман да.

Түнкү айдарым жел жүрүп, үстүбүзгө жаады жамырап, апапак гүлдөр. Сүтактын тынчы кетип, бирде бактын тереңинде, бирде биздин үстүбүздө сайрап атты.

- Аскар!

- Не?

- Кеттик!

Экөөбүздүн велосипедибиз кайрадан зымырады айлуу, ак туман гүл каптаган, ак түндө каалгый... Анан өрүкзар артта калып, түнкү айылдын сансыз от күйгөн терезелери...

Ошол бактылуу кечтен баштап мага жаңы бир дүйнө ачылды. Ал Гүлү деген купуя, кумарлуу дүйнө эле. Анын көз алдымда, эртели-кеч велосипедиме учкашып жүрүп бой тартканын ошол айлуу кечте, өрүкзарда билдим.

Эртеси сабактан кайтышта балдар-кыздар алиги чоң өрүктүн түбүндө кечке «Ак терек-көк теректи» ойнодук. Өрүкзар ичин ызы-чууга толтурган балдар-кыздар шатыра-шатман.

- Ак терек-көк терек! Бизден силерге ким керек?!

- Гүлү керек!

- Ак терек-көк терек! Бизден силерге ким керек?!

- Седеп керек!

- Майрам керек!

- Айша керек!

- Керек!

- Керек!

Кыздар карлыгачтай кайкып бир катар, балдар турнадай тизилип бир катар. Кыздар бир тарап, балдар бир тарап. Балдар кезек менен чуркап барып, күч менен кыздардын катарын жарып өтүшүп, бирден кызды «энчиге» ээрчите келишет. Кыздар балдардын катарын жарып өтө албай калышса, «туткун» болушат. Кокус балдардын бири кыздардын катарын жарып өтө албай калса, ошол баланы «Келин болду! Келин болду!» дешип, бакты көтөрө кыйкырышат. Акырында балдар-кыздар бир катар болуп калышат. Анан кайрадан башынан баштамай. Менин эки көзүм Гүлүмдө. Уурдана тиктеймин аны. Сыр алдырбай, эч кимге сездирбей бири-бирибизге жакындоо аракетиндебиз... Же оң, же сол колун кармап калам. Колдору чоктой ысык. Ысык деми уруп турат, ширинимдин!

Кеч кирет, он беш велосипедге он беш кыз учкашып, гүл ааламында каалгый айылга жөнөйт. Мен ошондо ак булутту аралай, ак куу минип бараткандай сезип кетчүмүн өзүмдү.

Өрүкзар гүлүн төгүп, коро байлады. Мектеп жабылып, каникулга чыктык. Ошол жайда Гүлүлөр Ысык-Көлгө, өз кичик мекендерине көчүп кетишти. Мен Баткенге келип, тогузунчу класста окуумду уланттым.

Канаты жетилип, күзүндө алыс-алыс бир өлкөгө учуп кеткен ак куу сымал Көл кылаасына учуп кетти, Гүлүм! Уясын сыйпалап кала бердим, ак кушумдун! Качан да болсо айылыма барып калсам, ыйык бакка кайрылмайын артыма кайтпаймын.

Институтту бүтөр жылы көпкө аралап жүрдүм өрүкзарды. Баары мурдагысындай туюлат. Бак аралай кеткен жол да, бак четиндеги аскалар да, чоң арыктын ар-ар жериндеги солкулдак, ийилчээк тал көпүрөөлөр да. Биз бир кезде түбүндө ойноочу чоң өрүк ак туман болуп гүлдөгөн экен. Түбүндө окуучулар чуру-чуу түшө ойноп атышат.

- Ак терек-көк терек! Бизден силерге ким керек?!

- Нурлан керек!

Ак терек-көк терек! Бизден силерге ким керек?

- Улук керек!

- Каныкей керек!

- Бегайым керек!

- Дилбар керек!

- Дастан керек!

- Эрлан керек!

- Султан керек!

- Мээрим керек!

- Ислам керек!

- Керек! Керек!

- Ким керек?

Балдар-кыздар ызы-чуу, кыраан-каткырык. Эч ким менен иштери жок. Бакты түп көтөрө, баштарына кийип алышкан. Көз албай кыйлага карап турдум алардын оюнун. Тунара түштү көздөрүм. Ана! Бактын тереңинен эки караан каалгый келатышты, тобунан калып кеткен көпөлөктөрчө! Бири бала, экинчиси — кыз. Кол кармашып алышкан. Чоң-чоң ачып-ачып алдым көздөрүмдү, көрүп турганыма ишене бербей. Эки караан балдар-кыздарга жакын келише, аларга кошула албай туруп калышты. Тааныдым аларды. Гүлү экөөбүздүн өрүкзарда калган жаштыгыбыз экен! Экөө кылчакташа, ойноп аткандарга кошула албай жалтактап, четте турушту. Балдар-кыздар чуркашса чуркашып, тегеренсе тегерене беришти. Гүлүнүн апасы чыйбаркыттан күрмөп берген китеп баштыгы менин колумда. А өзү чоктой кыпкызыл жоолугун оң колуна кармап алган. Чуркаса жоолугу жер чийип, өрүк гүлүн шыпырып жүрөт. Саамайы саксайып, балдар-кыздарды жалтаңдап карайт.

Күн батып, балдар-кыздар велосипеддерине минип-минип зымырай жөнөштү айылга Өрүкзарда үчөөбүз калдык. Экөөн балдар-кыздардын эч кимиси карашкан да, велосипеддерине учкаштырган да жок. Узап кеткендердин артынан ооздорун ача, мустая узатып кала беришти.

Анан Гүлүнүн балалыгы мени көрө койду. Тааныбады, негедир ээн бакта менин кайдан-жайдан пайда боло калганыма чочуду окшойт, бактын тереңине чуркашты, кол кармашкан бойдон. Жоолугу гүл шыпырып, ак көйнөгү желпилдеп, менин балалыгым менен жанаша бактын тереңине чуркап баратты Гүлүнүн балалыгы. Бир аздан соң кечки бактын тереңине сөнүп көрүнбөй калышты. Ээн калды бак. Дагы баягы-баягы экөөбүз өткөргөн кечтегидей өрүкзар асманында каалгый толгон Ай турду. Ылдам басып айылга кайттым. Кез-кез артыма кылчайып коём, экөөбүздүн жаштыгыбыз артымдан карап турабы деген ой менен. Эч ким көрүнбөйт. Муңдана сайрай баштады түнкү бактын кожоюну — сүтак.

«Сүт-ак! Сүт-ак! Сүт-ак!..»

Ээн бакта жалгыз болсоң, сүтак сайраса кооптуу болот экен. Денем белгисиз нерседен үркө, сүтактын муңдуу сайраны сиңип аткан бактын туш тарабын чочуркай карап барам.

«Сүт-ак! Сүт-ак! Сүт-ак!»

Сүтактын сайраны мынчалык муңдуу, армандуу экенин ошондо бир сездим. Бечара куш жалгыздыктын кушу экен. Анан баягы окуп жүргөн күндөрүбүздөгү чоң өрүктүн түбүндө менин көкүрөгүмө башын жөлөп турган Гүлүмө сүтак тууралуу аңызды айтып бергеним кылт түштү эсиме: «Ошентип байдын эрке баласы элдин чамбереке илип койгон сүтүн күн сайын төгө берген... Анан эл каргап...» Түнкү айлуу, жымжырт бакта сүтак муңкана, зарыга сайрап калыптыр...

«Сүт-ак! Сүт-ак! Сүт-ак! ..»

Бечара таң заарга чейин, оозуна асмандан бир тамчы сүт тамганга дейре сайраганы сайраган! Элдин каргышына калуунун кандай азап экенин ошондо бир билгем.

...Кийин-кийин өрүкзардын ээси бар экен деп эл сөз чыгарышты. Өрүк гүлдөгөн маалда, сүтак муңкана сайраган кезде бак ичинде бир бала менен бир кыз кол кармаша чапкылап ойнойт имиш. Кыз жоолугу өрүк гүлүн шыпырып, чачтары саксайып, баланы ээрчип жүрөт экен. Адамдарга жакын келбей качат имиш. Ага ишенгендер да, ишенбегендер да болушту. А мен имиш-имишке толук ишендим. Бак ичин түбөлүк мекен кылып алышкан Гүлү экөөбүздүн балалыгыбыз эле. Экөөбүздүн ууз сүйүүбүздөн калган элес болчу.

Азыр деле кез-кез недендир кыжалат тартып, көңүлү эч нерсе сыйбай калган күндөрдө, бөтөнчө өрүкзар чаңдап гүлдөгөн кездерде аерге барып жүрөм. Сүтактын түнкү арман ырын угуудан тажабаймын. Гүлү экөөбүздүн балалыгыбыз кол кармаша, бак ичинде баягы бойдон чуркап жүрүшөт. Бирок гүл тумандын арасында ак көйнөгү менен, ак жоолугу көзүмө бир илээшип, бир илээшпейт. Менин балалыгым да ак көйнөк, ак ыштанчан.

Бакыраң көз, ак жуумал, арыкчырай секелек эле менин балалык көкүрөгүмдү алгач кытыгылаган кыз. Шол саамайы сапсайган секелек кыз менин балалыктын ширин уйкусуна көөшүлө уктап жаткан сезимимди чымчый ойготуп коюп, Көл тарапка кайкып учуп кеткен эле...

Ууз сүйүүмдүн ээси жүрөгүмдүн бир бурчуна кипкичинекей, ыпысык уясын салууга үлгүргөн экен. Ошол уя алиге бузулбай, жылуулук берип келет жүрөгүмө. Ошол кенедей уяча атам сымал кубат, жашоомо эргүү берип келет түбөлүк. Кыздын кичинекей жүрөгүнүн бир четине мен дагы балалык кипкичине уямды салууга үлгүрсөм керек? Кез-кез түшүмө кирет Гүлүм. «Мени унуттуң. Артымдан келбедиң!..» дегендей таарыныч сезимин билдирип калат, түшүмө кирген түндөрү.

«Сурмасыз суктандырчу каректери,
Эндиксиз эритчү эле эриндери...
Каштары кырлуу кырды кыялаган.
Көкүрөктө кош көгүчкөн уялаган...

Ак кайыксың ыргалган белестеги...
Жазгы кечтин жаш Айы эмес белең.
Тумандагы жылдызым... элестедиң...
О, каухарым, эми эстедим:
Сен - жаштыктын жаңырыгы...
Жаңырттың жан дүйнөмдү, акылым азгырылды,
Угузуп авазыңды,
Узарттың азабымды...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз