Асылбек Жоодонбеков: Күкүк ата, күкүк энелер – улуттун коркунучу

  • 21.06.2021
  • 3734

Кайнимдин сунушу менен бул жолу Жалал-Абаддан Ошко маршрутка менен кете турган болдук. Ал бизди автовокзалга жеткирип, маршрутканын  коопсуз жана ыңгайлуу экендигин баса белгиледи. Чындыгында эле токтоп турган он чакты бусиктин көбү  жаңы моделдеги, мыкты авто-унаалар экен. 120 сомду кассага төлөп, чек кыркып бергендиги да кубандырды. Шофер байке биздин таң калганыбызды, кызыкканыбызды байкап, маршруткасын ийне-жибине чейин мактады. Анысы мактагандай эле бар.  Менин боюмдун узун экенин көрүп:

– Кел, кир, үкөм отур, бутуң алдыңкы отургучка тийип калса акчаңды кайра берем, – деп ишенимдүү бакылдап,  стандарттын сакталгандыгын кайра-кайра тастыктап жатты.

Бул көрүнүш жүрөктү жылытып, мындан кийин Ош-Жалал-Абад каттамында ушундай бусиктер менен гана каттайбыз деп, жубайым экөөбүз кубанып турдук.

Маршруттар ар 30 мүнөт сайын кетет экен. Элдин чогулушун, орунтуктардын толушун күтүп калган маалда он беш-жыйырма метр нары жакта эки жаш келиндин каткырган шайыр үндөрү көңүлдү бурду. Эмнеси болсо да жаштардын көңүлдөрү ачык болгону кандай сонун нерсе. Алардын жанында 6-7 жаштардагы  кыз жана 3-4 жашар бала бар эле. Бир маалда 6 жашар кыз бөтөлкөдөн суу ичип аткан экен, талаша кетишти окшойт, тишин басып, ыйлап калды. Бала кыздын оозунан жулуп алган бөтөлкөсүн кармап, элейип туруп калды. Баягы каткыргандардын үнү тып басылып, башына шарф оронгону экөөнү тең баш талаштыра коюп-коюп жиберди. Эки бала дагы бирден чаңырык салышты эле, экөөнү тең нукуп-нукуп, каардана караганда – балдардын үнү басаңдай түштү, бир топко дейре ызалана ыйлагандары кулакка угулуп, жан дүйнөнү майыштырып турду.

Көрсө,башка чапкан  алардын энеси экен. Ал ортодо келин менен узатуучусунун каткырганы кайрадан кулак жарды. Бирок бир аз мурун эле балдарына кылган суук мамилесинен кийинки каткырыктары тескерисинче, кыжырдануу жаратты. Өз баласына мындай орой мамилеси, күтүүсүз жана кыска убакытта болгондугу үчүн шыр эле реакция кыла албайт эмессиңби. Жубайым да колуман тартып, жүрөгү омкорулуп турса да мени алаксытканга аракет кылды.

Ошентип Ошко аттана турган убакыт келип, бусик ордунан жылаарда баягы келин биздин артыбыздагы орунтукка отуруп калбаспы. Ыгын келтирип, ага балдарга кантип туура мамиле кылуу керектигин сөзсүз айтамын деп, өзүмө сөз берип бараттым. Беш мүнөт өтпөстөн баягы эки бала орун талаштыбы, айтор, дагы бир жолу кыңкысташып, чырлаша башташты. Бала ыйлай баштады. Кудай жалгап, капталымдагы орун бош экен, кызга кайрылып, бул жакка отура гой дедим. Кыздын атын, канчанчы класста окуй тургандыгын сурап, сөзгө тарта баштадым. Ал биринчи класста окугандыгын айтканы менен, мезгилинен эрте чоңойгондой, курч көз карашы бар экен. Ошол эле мезгилде чоңдорго ишенбегендей, кайдыгердей сезилди...

Кыздын кийими таза да, тыкан, кадыресе кымбат. Андан кийин балага кайрылып, сөзгө тартууга аракет кылдым. Бала көзүмө эрке көрүнгөнү менен, көзүнүн тереңинде сагыныч, кусалык, капанын изи бар. Мага бир тигиле карады да, башка суроо сураба дегендей кылды. Учурдан пайдаланып, келинге кайрылып, балдарга мээрим менен мамиле кылуу маанилүү экендигин, шар эле аларды токмокко албастан; түшүндүрүүгө аракет кылуу зарыл экендигин саймедиредим. Кудай жалгап, келин түшүнүктүү экен, кагып салбастан, унчукпай угуп отурду. Бул жагдай ичимди жылытып, балдардын энесине болгон ишенимди жандандырды.

Жол уланып отуруп, эки саатка чукул убакытта Ошко кирип келдик. Жүргүнчүлөр Отуз-Адырдан тарта улам бир жерден токтотуп, түшө башташты.  Жалал-Абад, Өзгөн тараптан келатканда Ошко жетпей Т образдуу жолдон Нариман тарапка бурулуп, тамтыгы чыккан жол менен ХБК тарапка кирип келгенде бала апасына: “Атама чалып бер”, – дей баштады. Баягы бала заматта чоңойо түшкөндөй, атасы менен абдан салабаттуу сүйлөштү.  Атасы менен сүйлөшүп жаткан баланын тили ушунчалык таттуу да, жагымдуу да угулду, ошол эле мезгилде абдан аяр мамиле жасап жаткандай. Бала Ошко келгенин, апасы, эжеси үчөө келаткандыгын саймедиреп келатты. Баланын атасы менен сүйлөшүп жатканы – уккан кишиге абдан аяр, салмактуу туюларлык...

Бир маалда бала:

– Ата, сен жумушка кетпе... мен сенин үйүңө баргым келип атат... Ата кетпечи... – деп суранып кирди.

Ары жактан атасы жумушка барам, келбегиле деди көрүнөт. Бала шыр өзгөрүлдү да боздоп, кыйкырып ыйлай баштады... “Ата, кетпечи... сеникине баргым келип атат... Ата сеникине тез эле барабыз.... баргым келип атат...” Байланыштын үзүлгөнүн билдирген үн угулду. Бала боздогон бойдон энесинин телефонун таштап, мукактана токтоно албай ыйлап баратты.

Баланын сөзүнөн атасынын алардан бөлөк жашай тургандыгы билинди. Ал күн 23-февраль эле.  Атасы балким ошол маалда достору менен шеринедедир... же мекенди коргоочулардын майрамын белгилеп, мүмкүн жалындуу досторун таңдаткан тост айтып жаткандыр... Же кийинки жубайы менен сүйүү отуна батып... же жамаат менен өлкөнүн бүтүндүгү, балдардын бактысы үчүн дуба кылып, мечитте да болушу ыктымал... А балким майрамга карата досторун куттуктап, ватсап, фейсбук аркылуу куттук айтышып жаткандыр...

Беш мүнөткө жетпеген убакыт ичинде болуп өткөн бул жагдайдан улам, эч ким аялдын, баланын көзүнө карай алган жок. Келин маршрутканы токтотууну өтүндү да, баласын жетелеген  бойдон түшүп кетти. Кыз чоң пакетти колго алып, алардын артынан жөнөдү. Бала энесинин колун кармаган бойдон боздоп, муздап, көңүлү сууп, кетип барат... Жан дүйнөсү куурулуп барат... Атасынан, апасынан, бул дүйнөнүн таш боордугунан көңүлү калып барат...

Ким күнөөлүү? Узун каш чаптаганы менен жеке нааразылыгын балдардан чыгарган энеби?! Эс алуу күнүндө жумуш деп балдарынан жашынган күкүк атабы? Татыктуу ата болууну үйрөтпөгөн чоң ата, чоң апабы? Коомбу? Коррупцияга баткан өлкөбүзбү? Ким күнөлүү?!.

24.02.2019

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз