Акылман ойлор

  • 22.06.2021
  • 4713
  • Эгерде адамдын ким экенин билгиң келсе, башкалардын ал жөнүндө эмне деп айткандарын укпа, андан көрө ал башкалар тууралуу эмне айткандарын ук.
    Вудди Ален
  • Тырышчаак жинди бир күнү акылман болуп чыга келет.
    Аль Пачино
  • Өзүңө төмөн баа бериштен мурда, тегерегиңдеги адамдар көк мээлер эместигине көзүң жетсин.
    Зигмунд Фрейд
  • Аял канчалык күчтүү болбосун, ал өзүнөн күчтүү эркекти эңсейт... ал аны өз эркиндигин чектөө үчүн эмес, а алсыз болуу укугуна ээ болуу үчүн каалайт.
    Марк Твен
  • Бүткүл дүйнөнү бактылуу кылгың келсе, бар да өз үй-бүлөңдү бакытка бөлө.
    Тереза апа
  • Башыма кыйынчылык түшкөндө, эгерде жеңилип берсем – андан мага оңой болуп кетпесин ар дайым эсимден чыгарбайм.
    Майк Тайсон
  • Таптакыр жыгылбаган адам кыйын эмес, жыгылган соң, кайра турган адам кыйын.
    Конфуций
  • Эгерде адам бир нерсени чындап кааласа, бүткүл аалам биригип, анын кыялдарынын ишке ашуусуна жардам берет.
    Пауло Коэльо
  • Чыныгы дос – бул сен жөнүндө эмне деп ойлогондорун көзгө айтып, ал эми башкаларга – сени мыкты деп айткан адам.
    Омар Хаям
  • Мен 5 жашка чыккандан баштап апам жашоодогу эң маанилүү нерсе БАКТЫЛУУ болуу деп кулагыма куя берчү. Мен мектепке барганда сен чоңойгондо ким болгуң келет деп сурашты. Мен “БАКТЫЛУУ” болгум келет деп жаздым. Алар: “Тапшырманы түшүнбөй калыптырсың” дешти. Мен: “Силер ЖАШООНУ түшүнбөйт экенсиңер” деп жооп бердим.
    Жон Леннон

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз