Далай-лама: Бой көтөрүү – утурумдук жалган ийгиликтен келип чыгат

  • 25.06.2021
  • 4193

Эсиңерде болсун, айрым учурларда унчукпай коюунун өзү эң мыкты жооп.

♦ ♦ ♦

Эгерде көйгөй чечиле турганына көзүң жетсе, анда ал жөнүндө ойлоп тынчсызданба. Эгерде ал такыр эле чечилбесин билсең, тынсыздануудан да пайда жок.

♦ ♦ ♦

Адам өз жашоосунда бардык нерсе теңирден тескери болуп жаткандай учурду сезсе, анда анын турмушуна бир укмуштуу нерсе кирүүгө далалат кылып жатканы.

♦ ♦ ♦

Душмандарыбыз бизге чыдамкайлык, туруктуулук жана боорукерликке үйрөнүүгө эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү берет.

♦ ♦ ♦

Эсиңерде болсун, ар дайым эле силер каалаган нерсе, өзүңөргө пайдалуу эмес.

♦ ♦ ♦

Мүмкүн болсо ар дайым кайрымдуу болгула. А бул дайыма мүмкүн.

♦ ♦ ♦

Бой көтөрүү эч качан жакшы сапат болуп саналган эмес. Ал өзүнө туура баа бере албагандыктан жана утурумдук жалган ийгиликтен келип чыгат.

♦ ♦ ♦

Эгерде Кудай бактылуу кылгысы келсе, ал сени эң оор жолго салат, анткени бакытка алып баруучу оңой жол жок.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз